(Үр кызы)

Булут каптап ар тараптан, жаткан учур жаан да жаап,
Эрте жаздын алгачкы айы, жаткан жерим муздак, сыз.
Эки көзүм көктү тиктейт, эмне болуп кетээр деп
Мен жаан менен ыйлап кирдим эки карек тушаксыз.

Асман бетин чарк-чурк этип бир убакта чагылган
Жарып өттү, асман кетти экиге да бөлүнүп.
Үр кыздары сырдашууда олтурганын байкадым,
Ал асмандын тилигинен аркы дүйнө көрүнүп…

Ошол секунд, ошол ирмем, ошол кыздар ичинен
Ошол асман тилигинен бир Үр кызы кулады.
Ар жактагы көп адамдар кармаганга жетишпей,
Асман бети ошол замат бүтөлүүгө жетишти.

Баягы кыз кулап барып булуттарга жетээрде,
Көр пенделер кор кылат деп буйруган го Жараткан.
Үр сулууну улуу нурга айландырды кармашып,
Учуп жетип кадимки эле периштелер канатчан.

Баягы нур учуп келип жерге катуу күч менен,
Мергенчинин мээлеп атса түптүз тийген огундай,
Аң таң болуп жаткан мага Жараткандын ал нуру
Түптүз тийди, көкүрөктү көзөп өттү, чиркин ай.

Ал нур мага сиңип кетти, бир нече ирмем кыйнады,
Анан жаанды коштоп көзүм кайра баштан ыйлады.
Бүтүн денем козгоп чыкты Жараткандын ал нуру
Кумарландым, бирок билбейм денем неге туйлады.

Туйлап жаттым, ыйлап жаттым, төрөттөгү энедей,
Бирок жаным азап тартып кыйналган жок кенедей.
Баягы нур каным менен бүт тамырды айланып
Жүрөгүмө келип жетти көпкө жанды көсөбөй.

Жүрөгүмдүн асты жагы, сол жактагы кабыргам,
Улуу нурду сиңирди да колун үзүп тамырдан,
Мага таандык пенде болуп наристедей таптаза
Сыртка чыкты нур жан болуп а денеси кабыргам.

Кучагыма алдым аны, боор этиме бек кысып,
Сен мендиксиң Үр кызы деп ыйлагансыйм бышактап,
Ошол замат чочуп кетсем кызык түштөн ойгонуп,
Эх ханышам, Жыпар сени жатыптырмын кучактап.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.