Бакытбек уулу Кутманбек: Садык акемди аядым… (№30 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Саламатсыздарбы? Мен Сейитмин. Албетте, Кайсы Сейит дешиңиздер мүмкүн. Мен Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги Жамийланын кайниси Сейитмин. Анда сѳз башынан болсун. 12-декабрь күнү мектепте адабият мугалимибиз Дүйшөева Марзия эжеке “Жамила” повести боюнча жалаң балдар арасында конкурс ѳткѳрдү. Эмнеге дегенде азыр балдар китеп окубай койбодубу, ошого балдарды кызыктыруу максатында, ушул чыгарманы окутуп, кайра текшерди. Байге фонду 2500 сом экен. Конкурска катышайын деп, чыгарманы окудум. Чыгарманы окуп отуруп, не деген кыялдарга баттым дейсиң… акыры Сейит болдум да калдым. […]

Араб эл жомогу: Жиха жана үч жолоочу

Жиха коон-дарбыз өстүрмөк болду. Жайы бою жакшылап багып мол түшүм алды. Коондорунун салмагы жыйырма, дарбыздары элүү килого жетти. Бир күнү качыр минген үч жолоочу бакчаны аралап өтүп, дарбыз-коондорун тебелетип кетишиптир. Түшүмүнө далай зыян келтиришкен экен. Жиха ким тебелеткенин да билди. Булар казы, шериф жана шаардагы көптөгөн дүкөндөрдүн ээси, семиз соодагер экен. Алардан келген зыянды кантип өндүрөсүң? Алар үчөө, Жиха жалгыз. Жөнөкөй кишилер да эмес. Буларды бузуш керек деп ойлонду. Эң биринчи алардын ичиндеги эң кадыр-барктуу казыга кайрылды. Анын качырынын төшүнөн […]

Орозалиева Алия: Ар адамдын өз Ак кемеси бар (№29 дилбаян)

“Ч.Айтматовдун мен окуган чыгармасы” сынагына Адам баласы менен жаратылыш тыгыз байланышта эмеспи. Бөтөнчө кыргыз эли табиятка жакын келишет. Илгертеден эле ата-бабаларыбыз табиятты ыйык көрүп, тазалап, багып келишкен. А биз, улам кийинки муундар жаратылыштын баркын билбей, талкалап, жоготуп, кыйратуудабыз. “Келечек жаштардын колунда” – дегендей эле, өзүбуздү көзөмөлдөй билсек, жаратылышты өзүбүздү карагандай карап, ага өзүбүзгө кам көргөндөй, этияттап, аяр мамиле кылсак, биздин өлкө ойго келгис кооздукка бөлөнмөк деген ойдомун. Карагай, бак-дарактарды кыйгандын ордуна, тескерисинче бир бак болсо да отургузсак, бул кичине болсо […]

Абдиламит Матисаков: «Ак журтчу аман — журт аман»

(Адабий ажар) Жусубалиев жөнүндө «жүргөнү кызык, жазганы андан кызык» деп жүрүшөт окурмандары… Ал мага мындай элестейт (көп укканыман эмес, көп көргөнүмөн…). …Таң сүрүлүп, жер жээгине жакындаган агыш шоолага чайынып, терезе түбүндө түпкүчтөй ийилген Кубат аке кечээтен берки термелеген табылгасын дептерине (эки тыйындык дептерди тең белинен бөлүп, жартысына жазат) сөөмөйдөй кембагал калеми менен күн чыкканча кажынганы кажынган… Оо, арбыганда да кандай арбыйт!.. Желбегейленген бейкасам чапаны шыргыйдай боюнан паска качып, бир жактан түн оодарган бактектер терезе кашегин чокуп, бечара «ашынасынан» сүйүнчү сурайт. […]

Бери кара, билгенден билелегиң көп: Кызыктуу фактылар

♦ ♦ ♦ Жираф тилинин учу менен кулагынын ичин жалай алат. ♦ ♦ ♦ Бегемоттун сүтү күлгүн түстө болот. ♦ ♦ ♦ Крокодил тилин сыртка суна албайт. ♦ ♦ ♦ Алкоголдун бир аз эле дозасы, чаянды жинди кылып, ал өзүн-өзү чагып өлөт. ♦ ♦ ♦ Мышык даамды анча сезе албайт, анын тилинде даамды ажырата турган 473 рецепторлор бар (адамдыкы 9000). ♦ ♦ ♦ Чымындар укпайт. ♦ ♦ ♦ Иттин алдыңкы буттарында бештен, ал эми арткы буттарында төрттөн тырмактары бар. ♦ […]

Нокаут «жеген» мушкердей үн катпады го ЖоКе

Сот бийликти соттогондо гана күчтүү боло алат Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы жогорку соттук органдан маалымат талап кылуусун Баш мыйзамга ылайык эмес деп чечти. Бул чечимге Жогорку Кеңештин бир депутаты реакция жасап, аны тиешелүү комитетте кароо зарыл экенин айтты. Калгандары нокаут “жеген” мушкердей үн каткан жок. Аталган чечим чындыгында эле парламентти нокаут кылбаса дагы катуу хук кылды. Жалгыз гана мамлекет башчысына каяша айта албай, Өкмөт башчысын баш кылып, катардагы мекеменин эсепчи кызматкерин төш кылып, “тепкиге” алып көнгөн эл өкүлдөрү ушул күнгө […]

Азамат Омош: Мигранттын ыры

АЛ МЕНИН АПАМ Кыш. Чилде. Аяз — суугу чыкылдаган. Төрөт үй. Акушерка тыпылдаган. Бир аял толгоо тартып жатат ана, Кара тер маңдайынан чыпылдаган. Ал менин апам эле. Бир аял толгоо тартат. Жер айланат. Үзүлүп омурткасы. Жан далбаса. «Ыңга-аа!» деп тирүүлүккө салам айтам. Ачылган жарыктыкка ак дарбаза — Ал менин апам эле. Жарк этип Күн көрүндү күлүп турган, Жаркырап жарык болуп күйүп турган. Жер, Ай, Күн, жылдыз, чексиз космос болуп, Элжиреп тиктеп мени сүйүп турган, Ал менин апам эле! Төрөлдүм. Уул […]

Али Сабахаттин: Асфальттуу жол (конкурска №43)

АҢГЕМЕ (Айылдык мугалимдин күндөлүгүнөн…) Станциядан шаардын борборуна бара турган жүк ташуучу авто-унаа  эки саат жол жүргөндөн кийин мен бара турган   айылдын айрылыш жолуна  келип токтоду. Мен авто-унаадан түштүм. Эки кадам аттоого алым жок эле. Сумкамды жерге коюп, чар тарабын чөп каптаган ташка көчүк бастым. Мээмдеги ызы-чууну угууга аракет жасадым. Ичи чаңга толуп, адамдын тери  жыттанган жүк ташуучу авто-унаа дүйнөдөгү эң чалдыбар  жолдо жүргүнчүлөрүн — бизди  бири-бирибизге жөөлөштүрүп  чала жан кылды. Унаанын бат-баттан токтогону,  чуңкурга тоголонуп кетчүдөй болгон абалы, менин кайда […]

Михаил Веллер: Нева проспектисинин уламыштары

Россия империясынын биринчи жана даңктуу көчөлөрүнүн бири, символго айланган хан көчө, борбор калаа ак сөөктөрүнүн белгиси, алардын мындай балант мартабасы куру көңдөй токтомдо гана айтылган эмес, тарыхтын духу менен даңкына терең жана өжөр тиешеси бар экенинде; — Нева проспектиси падышадан калган шаң көчө, мамлекеттин жүрөгүндөгү ийненин көзүндөй нур жана башка ушул сыяктуу кооз жана дымактуу сөздөр менен айта берсек түгөнбөс; — Нева проспектиси он жети жашка келгендер лондондук мырза дендидей сыланып-сыйпана жасана кийинип, алгачкы ирет эл көзүнө чыккан, эңсегенин ушул […]