(Адабий ажар)

Жусубалиев жөнүндө «жүргөнү кызык, жазганы андан кызык» деп жүрүшөт окурмандары… Ал мага мындай элестейт (көп укканыман эмес, көп көргөнүмөн…).

…Таң сүрүлүп, жер жээгине жакындаган агыш шоолага чайынып, терезе түбүндө түпкүчтөй ийилген Кубат аке кечээтен берки термелеген табылгасын дептерине (эки тыйындык дептерди тең белинен бөлүп, жартысына жазат) сөөмөйдөй кембагал калеми менен күн чыкканча кажынганы кажынган… Оо, арбыганда да кандай арбыйт!.. Желбегейленген бейкасам чапаны шыргыйдай боюнан паска качып, бир жактан түн оодарган бактектер терезе кашегин чокуп, бечара «ашынасынан» сүйүнчү сурайт. «Кутман таңды чогуу тостук, жазуучум!» Терезе шарт ачылат. «Карга пок чокуй электе соргок жемсөөңөр өзөрүп кеттиби, о жарамазан айткан кошоматчылар!» Шилбидей ничке, упузун манжаларынан бадырап дан чачылат. «Оо, какой чудесный день!» деп коёт дагы аркасынан. Али күндүн көзү көрүнө элек…

Ал мага ушундай элестейт. Көп укканымдан эмес, көп көргөнүмдөн…

Кубат Жусубалиевдин үйүндө таштан көп неме жок. Ишенбесеңиз, өзүңүз билиңиз. Уюм туудуга кылданган сакадайынан тартып, кош колдоп көтөрчү таштарга чейин табасыз. Сурадык: «Сүйлөшпөймүнбү…» дейт. «Буларда сыр катта…» дейт. «Алайдан келгени, Енисейден табылганы, дагы бир көргөн термелеп, эптеп чөнтөк үйгө куру келбейт, старик…» дейт. Залалы тийбесе тура берсин, сүйлөшсө сүйлөшөр… Кооз таштарга кардар түшкөн мындай кишинин көрө элек элем. Муну карагыла, акебай, бир кулач дүмүр бу үйгө каяктан келген?! «Ээ үка, жер-сууну кыдырып келатсам бул жаны жок, какшыган сайдын таманында жатыптыр. Арчанын дүмүрү экен. Көтөрүп алдым. Элди өзүң билесиң да, сатып аткан окшойт дештиби, оропара чыккандын баары сурайт. «Тапкан тапалактыкы» деп коём аларга. Мындай дүмүр ар кимге эле учурай бербесин түшүнүштүбү, «жолдуулугума» баш чайкап коюшат бечаралар».

Окурмандарынан бирин-серин кат алат. «Аңгеме, повесттериңизди ным окубай калдык. Жазгандарыңыз каякта?» десе, «Толубай сынчыдан» бөлөгү колуңуздан келбей калдыбы?!» деп какшыктагандары да бар. Туура түшүнөлү алар тыбырчылап таланттуу жазуучунун өнөрканасынан кабар алгысы келишет. «Не иштеп, не бүтүрүп жатат?», «Оюнда жүргөн не санаасы бар?..»

Алыс барбайлы, «али-пали» дешип, кол алышып учурашып жүргөн биз дагы сөздүн чыны, жазуучунун колу жетип, жетпей жаткан иштеринен бейкабарбыз. Кезинде Бакай жазуучубуз Т.Сыдыкбеков анын «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген повестине жазган баш сөзүндө «таланттуу» деп атаган Жусубалиев кайра куруу күрдөөлүндө калемгерлик милдетин кандай өтөп жатты экен, окумал журтчулукту кызыктырган чыгармачылыгындагы оош-кыйыш учурларынан кеп салып берер бекен деген үмүттө кайрылганбыз:

— Асман менен жердей унчукпаган, аты жакшы бир куш бар, сөздү ошондон баштайлы. Сураштырсам көп жерде билишпейт экен. Алайда Ак Журтчу деген куш болот (атыңдан айланайын). Бүркүттөн айырмасы жок. Канатынын жартысы ак, жартысы кара. Унчукпаган момун куш. Бала болуп, үнүн уга элекмин. Жаз менен кошо учуп келет да, күздө кайтып бир көргө учуп кетет. Учушунда жер менен асмандын бейкуттугу, беймаралдыгы бар. Ак Журтчунун уясы биздин үйдүн аркасындагы Кызыл Аскада. Темир канат балапандарын жылан, накаанда бир учуроочу чөп-чардын тамыры менен багат. Төбөбүздөн өтүп калса, бутуна чырмалган, жанталашып, тыбырчылаган жыланды көрүп калчубуз. Бир сапар үйдө китеп тиктеп отурсам, инимдин баласы Улан жүгүрүп кирди. «Аба, Үч-Чаттан эки-үч киши Ак Журтчунун уясын аңдып, атып алабыз деп жүрүшөт» деди. Ишенгеним жок, Ак Журтчунун имнесине кызыгат? Күүгүм талаш чып этменин үнүн уктум. Жүгүрүп чыксам, төбөмдөн шуу этип, Ак Журтчу учуп өттү. Мен караңгы баскан Кызыл аскага карап кыйкырып, кыйкырып наалып кала бердим. Элдин айтымында, эки-үч адам кыйладан бери Ак Журтчуну аңдып жүрүшүптүр. Ак Журтчу аларды эч жанына жолотпой, аттырбайт экен. Муну караңыз, чымчыктар, майда куштар баягы ниети бузуктар келатканда эле Ак Журтчуга кабар берип, качырышат имиш. Көрбөйсүзбү, периштелүү кушту парандалар өзү да билет турбайбы… Чынбы-жалганбы, Ак Журтчунун өтү, эти рак оорусуна миңдин бири — дары имиш. Дагы бир күнү баягы Улан (ананайын өмүрү узун болсун, жанда жок боорукер) тердеп-тепчип чуркап келди. «Аба, Ак Журтчунун уясына адам түшүрүп, балапанын алганы атышат!» Жыңайлак, жылаңбаш түз эле Кызыл аскага жүгүрдүм. Карасам, арканды белине байлап, бир бала үңкүрдөгү уяга түшүп келатыптыр. Асканын башында экөө арканды чиренип тартып турушат. «Эй адамдар, о куштун убалына каласыңар, койгула!» десем болушпайт. Бири «Э үйүңдө отура берсеңчи» дейт. Жаман жиним келди. «Эй, силер билбейсиңер, бу куш кызыл китепке кирген, законду бузуп атасыңар, кушка катылдың дегиче ар бириң миң сомдон штраф төлөп, эки жылдан түрмөгө кетесиңер!» десем дагы тоотушпагандан кийин, жүгүрүп баратып эле оозуман ак ит кирип, кара ит чыгып сөгүнүп кирипмин.

Мен түшүндүм. Менин айтканым аларга мастын айтканындай, апендинин айтканындай угулду. Буга чейин койгула деп аларга эч ким айтпаса, жолун бирөө тоспосо… Алынып-жулунуп жүгүргөнүмдө күйгөнүмдү билип-сезиштиби, арканын сүйрөп, сызып ийишти. Ак Журтчунун уясын кайтарып күүгүмгө чейин отурдум. Ошондон кийин уйкум бузулду. Баягы аркан сүйрөгөн бакылдар түшүмө да кирди… Бул бир жөнөкөй эле факт. Чынында асманда учкан бир куштун бары жогу менен кимдин иши бар. Бирок, ошол кушту коргоп калуу эл-жердин, дүйнөнүн проблемасы экенин түшүндүм. Элге жакынсынып, Кызыл Асканы баш паана кылган момун кушта не айып? Айып ачкөздүктө, кара өзгөйлүктө! Табияттын сулуулугун тоноп, жүрүп-жүрүп ушерге келдик. Ушинтип жүрүп, Кожожаш да аскада калбады беле?! Бизге эч нерсе сабак болбойт экен…

— Кубатбек Жусубалиевич, жазуучуну кайра куруунун жарчысы деп аташууда. Жаңылануу желаргысы экономикабыздан маданиятыбызга чейинки айдыңды текши кучагына алган күнү жазуучулар кантип кол куушуруп отурат. Антүүгө моралдык акысы жок. Мына, көп калемгерлерди көкөлөтө мактап, бир беткей баалап келгендик ушул жоопкерчиликтүү күндөрдө байкалууда. Ал ошондой эле чыгаан экен, жумурай-журтка кашкөй калемгер экен, оозуна талкан куюп алгансып эмнеге унчукпайт? Таң азандан туруп, киоска оозун аңдыган эл газета-журнал бетин ачып, жазуучунун учурдагы өзгөрүүгө үн кошкон, ачык-айтып, ак сүйлөгөн сөзүн окубаса, кечирип коюңуз, ал жазуучунун калк арасындагы кадырдуулугу кайсы?

— Аккат сөз. Эгерим жазуучу бечаранын жонуна уштаптагыдай жүк түшпөс. Бу революциячыл өзгөрүүлөр өнүгүүбүздүн бышып, шагында как болгон маселелери. Мындай шартта жазуучулар туурачылдык позициядан кылчалык тайбай, адамдардын мүдөө, муктаждыктарын илгертпей туюп, ыймандык жактан аруулануусуна үн кошуудан тартып, саясий салмагы төө көтөргүс публистикасы менен кызмат өтөөсү керек. Алыс барбайлы, сөз тизгинин жакшы китеп менен начар китептин мамлекетке (адамдарга) тийгизген залакасына бурсак. Акыйкатчылыкка умтулган таланттуу китеп чала бышкан, жарым жан, шордуу китепке канчалаган жылдар бою жеңилип келди. Алып келген кирешесин кеп кылбай эле коёлу, жакшы китепти окуган адам көз жашын агызып арууланып отурбайбы, көкүрөгүн күлкү кытыгылап, куштарланып отурбайбы. Башындагы тагдырын, кечирген жашоо-турмушун күзгүдөн сыңары көрүп турбайбы… Мындан өткөн коомдук кенчти, байлыкты табабызбы, акебай?! Жазуучу Юрий Казаковдун айтымында: «Ар кимибиздин калемибиз, жазуу столубуз, жазуу ыгыбыз бөлөк-бөлөк. Бирок, бир нерседен, турмуш сүрөтүн чындык менен сүйлөтүүдөн жаңылбашыбыз керек…».

Насип экен, түштүктө жүрүп бир чарбаны аралап калдык. Бир карап эле раистин тамаркасын тааныдык. Кенең-кесири, окчун жерде бак-шакка чүмкөлүп, көздү күйгүзөт, түгөнгүр. Шаар жеринде андай тамды болду-болбоду дегенде отуз миңден кем сурабайт. Короосунан жеңил машинанын тумшугу чыгып, дарбазасы кайкалайт. Угуп жүрдүк, курорттон калбайт экен. Чарбанын иши күйсө да, путёвкам күйбөсүн деген жетекчи турбайбы. Эми ошол жетекчи өзүнүн таламын элдикинен өйдө коюп, кирпич үйдө пенсияга чыккычакты жылуу-жумшак жашай берет. А чарба «карызга» белчесинен баткан. Ким жабыр тартып жатат? Албетте, карапайым эл. Айлыгы колдоруна маалында тийбесе. Ушуну социалдык адилеттүүлүк деп айтууга болобу? Дүкөндөн айлык алгыча деп, насыяга «атаң жакшы, энең жакшы» менен майда-чүйдө алып оокат кылышат. Жетекчилерди азыр шайлоо жолу менен эл өздөрү кылдап калды. Мына, журтчулук менен алака, масилеттешүүнүн турмушта акталган жолу. Илгери көктөм жуук тээ түштүк тарапта өйүз-бүйүз конгон айыл өзүнүн аксакал башчысын дайындашчу экен. Кыйын делип кылданган адамды алма түбүнө жетелеп келишип, жабылып бата беришчү дешет.

Ишенимге татыган адам жер сырын билсе, ошол алма гүлдөп, башын жегендей түшүм берчү экен, а башчы эл оозуна алынчу деп айтылат аңызда. Кызыгы мында, акебай, ал көпчүлүккө калыс адам болбосб, баягы алма бечара кашайып гүл ачпай коёт имиш. Жаңылганын билген эл кийинки көктөмдө алма түбүнө бөлөк адамды алып келишчү экен. Карабайсызбы, эл оозундагы ошол кепти бүгүнкү күн менен салыштырсак, жердин сырын эмес, элдин сырын билбеген нечендеген ноктоосуз жетекчинин айынан канча алмабыз гүл ачпай, мөмө байлабай калды…

«Уккан кулакта жазык жок» дейт. Сиздин чыгармачылыгыңыз туурасында ар кыл пикир угуп жүрөбүз. Мисалы, «чыгармасын чактап жазат, сары майдай сактап жазат», «жазгандарынын тагдыры тайкы, пешенеси кууш, ыкыбалсыз…», «эзели жазган нерсесинин танабын талашып, келеге түшпөгөн», «жоок, о натуру кеп, кыл чайнашып жүрүп ушуга чейин, өз стилин, Жусубалиевдин прозасын сактап келатпайбы… Андай туурачыл жазуучу бу чөлкөмдө беш манжа менен саналат…» деген. Кыскасы, ар кимдин оозунда ар кыл кеп. «Жетинин бири кыдыр» кайсы бирине ишенебиз?

— Эл оозунда элек жок. Ошого ишен! Анан көрөк, сөзгө кулак сал. Чындыкты моюнга албаска чара жок, окурмандарыбыз жакшы чыгармага али туйтунуша элек. Жакшы идея, жакшы ой калемге оңой илинбейт. Сары изине түшүп, жыл коротуш керек, өмүр коротуш керек, ашына. Ал пайлап жүрүп, жамбы атып алгандай иш эмес. Өзүнүн кара башы үчүн эмес, окурмандын дарди деп табылга издеп, ошонун көңүл кушу деп өмүр короткон калемгерлерибиз аз эле. Бир басма табакка жетпеген «Айгүл тоо» деген аңгемесин жазыш үчүн М.Гапаров бир-эки айын коротуп, быягы Баткен, тажиктердин Сок, Исфара шаарларын, аягы Ысык-Көлдөн бери айланып, табылгасын бечара бир чымчымдан термелеп жүрдү го. Кариет, чыгарма түштүктүн аптабына бышкан экен, көлдүн салкын желине тотуккан экен, жазуучу дагы окурманым дегенде кара башын садага чаап жибере турган кемде-кем учуроочу сапатын далилдеди. Жумурай-журттун көңүлүн кушубак кылган, кыргыз прозасына жаңылык алып келген аңгеме ушинтип жаралган.

Чыгарма жаратуудагы чеберчилик деген — калем учтап коюу эмес го. Элестүү айтсак, бирибиз калбай ысык көөрүктөн өтүү. Көөрүк боюбуздагы акыр-чикирдин баарын күйгүзүп, күл кылат, азабын-тозогун көрсөтөт, аягында таптаза алтын кылып, элге сунат. Көөрүктөн өтүү — чыныгы эрдик. Көбүнүн колунан келбейт. Айрымдарыбыз, катуу тийсе кечирип коюшсун, адам болбой туруп эле жазуучу, акын болуп алганбыз. Муну аздыр-көптүр адабият турмушуна аралашып калганымдан айтып отурам. Көрүп эле жүрөбүз, айрым колунда калеми бар адамдар кичине эле турмуш кыйынчылыгында сынынан ыдырап, жөнөкөй адамдан төмөн туруп калат. Садагасы кетейин, адабият базардагы соодагер эмес да. Суктанып жүргөн классик жазуучулар өлбөс ой, өчпөс идеясын, тирүүлүктүн ой-мүдөөсүн тамырында жүргөн каны менен жазышкан. Албетте, ким болсо да, казанына жараша чөмүч тандайт. Шүгүрчүлүк, кыргыз прозасынын наркын бийиктеткен Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков өңдүү соңунан азбы-сазбы көч ээрчиткен балбылдаган жылдыздарыбыз бар, бактылуу экенбиз.

Бирок, ийгиликтерибизге илик жүргүзгөндөн көрө, турмушубуздун али калем учу тие элек тараптарын сөз кылуу артык. Китептердеги «оң каарман» проблемасы ойдогудай эмес. Илгерки «табылгабызды» саан уйдай саап жүрүп, кунун учуруп ийдик. Жаңыча өңүт издеп, идеянын сулуулугу, поэзиясы жөнүндө ойлогон адам жок. Ой артында ой катылчу эле, сөздүн көркөм улуу касиети болчу эле… Мындан келди, «оң каарман» калемгер «көтөрүп жүргөн» эле ыймандык категориялардан ашып түшпөй, өзүнө «окшоп» калып жатпайбы. Көбүбүз жазсак эле кара башыбыздын кыяпатын ойлойбузбу, билбейм, баягы көндүм коомайлануу көлөкөсүнөн корккондук кала элек. Терең психология, адамдагы ыймандыкты, асылдыкты издөөнүн басмайылы бошоп, кургак дидактикага азгырылып кеткен жагдайлар көп жолугат.

Туура сөздү козгодуңуз. Бүгүнкү учкул турмушту чала бышкан чыгармаларда чагылдыруу адабиятыбыздын максатына кирбейт. Ошентсе да, жазуучулардын жаңылануу учурундагы үн кошууларында (ал кана, каякка чыгып жатат?!) бизди, жалпы элди камтама кылган нерселер көбүрөк айтылышы керек эле…

— Менин оюмча, кайра куруу — жазуучу үчүн адамзаттын ички дүйнөсүн терең аңдап-билүү. Биз көпкө чейин кайпып жазып жүрдүк. «Үркүнчөөк» адаттын айынан чымындай нерседен пил жасап, «бул тааныш эмес тема, билдирүү керек», «кеңешип-таңашуу керек» деп айрым көлөкөсүнөн корккон жетекчилердин тайыздыгынан андай китептерибизден «айып» табылды. Ошол биз колго алсак эле «колуң күйөт» деген маселелер, мисалы, борбордук газета-журналдардын беттеринде нечактан бери эле түшпөй келатат, саясатчылар, публицисттер теле берүүлөрдө тынбай эле кеп кылышат. Тааныш эле тема бизге жеткенде «жат» болуп чыга келет. Же болбосо «Жусубалиев жазса эле ал «жөн жазбайт», «Жусубалиев айтса эле ал жөн айтпайт…» имиш. Мисалдатайын, «Амбар китеп» аттуу повестимдин («КМга» үзүндүсү жарыяланды) жазылганына он жети жыл болуптур. Окурмандардын колуна тиймеги тозок болду. Атынан «өөн» табышты. «Манаста» «Амбар толо алтын бар» деген жакшынакай сап бар. Майда-чүйдөгө эле социалдык маани берип, көбүрүп-жабыртуу кимге пайда алып келди, акебайлар?!. Мезгил жетип, повесть үстүбүздөгү жылдын январь айында «Ала-Тоо» журналына чыкмак. Дагы «кемтик» табылып, 7-8-сандарга сүрүлдү. Журналдын редколлегиясынын он эки мүчөсү түгөл окуп чыгып, чыгарманы жактырды. Ал журналдын 8-санына «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен чыкты. «Муздак дубалдар» аттуу романым да курулай шектенүүлөрдүн курмандыгы… Өз мезгилинде курулай шектенүүлөрдүн айынан Б.Пастернак, А.Платонов, А.Рыбаков, А.Бек, В.Дудинцев, Ю.Трифонов, А.Твардовский, А.Приставкин өңдүү советтик белгилүү жазуучулардын жакуттай чыгармалары саргайып, ондогон жылдар бою басмалардын сейфинде камалган. Азыр бири калбай жарык көрдү. Жакында «Ала-Тоо» журналынын окуучулары менен болгон жолугушууда (телеге тартышкан) жаш жазуучуларга айткан кеп-кеңештерим бар эле, бул да белгисиз себептер менен кесилип калыптыр. Кийин телевизордон өзүмдү көрдүм, отурамын. Сөзүм жок… Көпчүлүктүн «эсин чыгарайын» деп деле эч нерсе айткан эмес элем. Өкүндүм, жалпы окурмандарга багыштаган, чын дилимден багыштаган сөзүмдүн жерде калганына жазуучу, гражданин катары өкүндүм…

Биринчи интервью беришиңизби?..

— Э, аны дагы бирөө кызыкса берет экенсиң… Муну жакшы айттың. Буга менин бир оюм бар. Күн алыс саарлап коңшу-колоң менен узун кезекке туруп, бир кемпирдин колунан сүт алабыз. Менин он литрдик челегим бар. Ага кемпирлердин баары кызыгат. Бир жолу кезегим (канча өмүрүбүз ушул кезекке короду!..) жетип калган. Чыканагымдан бирөө эле түртөт. Карасам, бир абышка он литрлик челегиме көз ымдап, «о, сиз бизге сүт калтырбайсыз го» деди. Көпчүлүк челегимди тиктеп калыптыр. Ыңгайсыз абалда калдым. «Ичиңизди кең салсаңыз, баарыбызга жетет» дегичемди, баягы сүт саткан тааныш кемпир бурулуп, имне дейт десеңиз. «Это хороший мужик. Эгер сүт аз экенин билсе, челегин толтурбай дайыма жарымынан алат. Это

хороший мужик» дейт мени. Адамдар ишенип калышты. Менин эсим ооп калыптыр. Мындай факт болгон эмес, старик! Болбосо да ошентип айтканы таң калтырды. Сүт түгөнмөктөн какшып калган күндө да, челегим бир жолу да бөксө кеткен эмес. Кемпир ошентип койду эле садагасы кетейин көпчүлүк ишенип калды… Биздин бул маегибиз да ошондой кемпирдин мактаганындай болуп калбасын…

Сөздүн нугун чыгармачылыкка бурсак…

— Таң ата электе туруп иштейм. Адам баарына көнсө болот. Керели-кечке окуйм. Жөө жүргөнгө бала кезден машмын. Колум саал-паал бошоду, «Кубат жок, Кубат көчө кыдырып кетти». Бул безерилик эмес. Басып жүрүп ойлонгон кыйла жакшы. Фрунзенин мен баспаган көчөсү калбаса да керек. Бир сапар темир жолдун үстү менен көчөгө кирип алып, айланып чыга албайм. Көрсө, көчөнүн аты «Круглая» экен. Бак-шактуу, чудесная улица! Азыр ошо көчөгө атайлап барып, атайлап «адашам»…

Жазганымды үч-төрт сапар көчүрүп иштейм. Бир мисал, «Толубай сынчы» аттуу аңгемемди сегиз вариант менен жаздым. Бири да жакпады. Чыгарманын сиздер окуган варианты бир отурганда 5—6 сааттын ичинде жазылды. Эрнест Хемингуэй «Кош түбөлүк, куралым» романынын биринчи бөлүгүн элүү сыйра көчүрүп иштептир. Ана, мээнет деп ошонукун айт! Биздики анын алдында шоона эшпейт. «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» аттуу романым жазылып бүтүп калды. Чыгарма «пешенеси катуу» жазуучунун катаал тагдыры жөнүндө. Анын жарык дүйнөдө бар экени, жок экени менен эч кимдин иши жок. Бар кылган иши — жазат. Бирок, эч жерде басышлайт. Мукураган жазуучу сөөмөйү менен асманга жазат. Кагаз коротпоюн дейт. Чыгармачылыгынан баары үмүт үзүшөт, аялы да кетет. Жалгыз гана жети жашар кызы кыйбайт. «Я люблю его! Я всегда буду слушать его. Пусть пишет свои романы! Ичер суусу түгөнгөнчө жанынан карыш жылбайм!» дейт. Тырнактай кызы жакшылыктан күдөр үзбөйт. Атасынын мыкты романдары али алдыда экендигине ишенет…

Оюмда дагы бир тема жүрөт. «Одинокие заметки» деген романды баштап койдум. Мага бир кол жазма тийди. Он эки кил чыгат ко. Авторунун аты-жөнү жок. Айыл жеринде жашаган аял башынан өткөргөнүн жазат экен. Эми окусаң, баш көтөрө албайсың. Оо, кандай турмуш, кандай гана тагдырлар жок анда! Тубаса талантпы деп калдым. Мейли, о романды басышабы, басышпайбы, ишим жок.

Кол жазманы Алайга алакетип, ошол жактан жазып бүтүрөм… Ара-чолодо шаар жөнүндө кыска аңгемелер жазылып жатат. А публицистика жөнүндө кеп башка. Колубузду көкүрөгүбүзгө коюп айталычы, ушу бүгүнкү күнгө чейин учурдун учтуу проблемаларын калайык-калкка жар салган, керек жерде күйүнгөн, бардар жерде сүйүнгөн публицисттерибиз (кээде Кеңеш Жусуповду ырымга атап жүрөбүз) таңкыс. Айрансың, бул күжүрмөн жанрдын тагдырын жазуучу, акын, драматургдар эмес, журналисттер чечет деген жеңил-желпи түшүнүк кайдан келип чыккан?!. Коом баштан кечирген калба-камтама калем көтөрүп жүргөн баарыбыздын «көкөй кестибиз». «Соң-Көл булактарынын ыры жана ыйы» деген публицистикалык очерк жаздым. Жакынкы күндөрү журналдардын биринде жарык көрөт. Бул көркөмү көз тайгылткан көлдүн атарабин, жайытты чегиртке каптап кетиптир. Чегиртке тийген жердин тозоңу чыгат экен. Шашкан бечара адистер «чегирткенин тукумун курут кылабыз» деп бит дары чачып киришет. Жаандын суусу менен дары көлгө куюлуп, керемет форель балыктарына зыяны тийди. Бул алаамат эмей эмне?!. Соң-Көлдүн тегерегин көрүп жүрсөк, бир кары алдыбыздан чыкты. Анын да көкүрөгү толуп жүргөн экен. Сүйлөшүп калдык. «Чегирткелердин адебин жылкычы чымчыктар берчү. Тумшугу менен барсылдатып, кырып жок кылышчу. Дары деген ойго келчү эмес. Кийин мөңгүлөр эрип кетип, тоо булактары тып токтоду. Ошондо чегирткелерге кудай берди. Үйүрү менен адамга айбат кылганычы, тобба. Бул песке чымчыктардын алы жетпей калды. Көрсө, чокуй берип тумшугу чегирткенин ширесине чапташа баштаганда бечара чымчыктар учуп барып, тумшугун утуру мөлтүр булакка малып алышчу экен. Көрдүңүзбү, табияттын бирин-бири кыйбастыгын. Бири-бирине көз карандылыгын! Жанынан корккон чымчыктар мурдагыдай чегирткелерге катылбай «багынып» берди. Арты эмне болду, көлдүн көркү бузулду, байлыгы кемип отурат. Очеркте көп пробламалар козголгон. Соң-Көл жөнүндө жазылган «Саламатсыңбы, жайлоо!», «Кымыз», «Койчу менен жөө туман» аттуу сценарийлерим боюнча өмүрлүк жарым Клара Юсупжанова фильм-трилогия тарткан. Ал эми «Дүйшөндүн көпүрөсү» деген сценарийим боюнча тартылган даректүү фильм Краков шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдын «Алтын ажыдаар» баш байгесин жеңип алган. Чынында көпчүлүк мени жазуучу эмес, киносценарист катары билишет.

— Кубатбек Жусубалиевич, сынга болгон мамилеңиз кандай? Сөздүн чыны, чыгармачылыгыңыз жөнүндө сын аз жазылды…

— Силер окубай калдыңар го, «Күн автопортретин тартып бүтө элек» аттуу повестим жөнүндө сынчылар жылуу пикирлерин айтышкан. Өзүм жөнүндө жазылган сынды калтырбай, издештирип болсо да окуп жүрдүм. Бара-бара аты-жөнүбүз тигил же бул катардан аталганы болбосо, чыгармачылык жөнүндө а-бу деген сынчы чыкпай калды. Менин прозамды туура түшүнүүгө аракеттенген эки сынчы бар. Аман Токтогулов менен Алым Токтомушев. Сын аз жазылды деген дооматыбызга жараша өзүбүз да арбытып же «кыйратып» жазсак экен. Андай дейин десең, В.Распутиндин үч басма табак көлөмүндөгү «Өрт» аттуу повестинин тегерегинде борбордук газета-журналдар бири калбай кеңири сөз кылды го… Кыскасы, жазганың жакшы болсо, сын сени оңой эле табат. Сынчыларыбызда да айып жок эмес. Көбү сөзгө чоркок. Жазганын ташыркап, өзүңдү зордоп жатып окуйсуң. Кээде элдир-селдир ойду кубалап, чыгарманын сюжетин кайта башынан «жоруп» кирсе, көлөм дегенге кудай берет. Мындай жалпылама сындын жазуучунун чыгармачылыгына тийгизген пайдасы барбы? Өзүнө багытталган сынды «чымын чакканчалык» көрбөгөн ардем кыял айрым жазуучуларыбыз бар. Сынга ишенишпейт. Калыс, көңүлү түз айтылса да кара өзгөйлүк менен кабыл алгандар жок эмес. «Эгерде бүгүн жеңил-желпи жемелесең, эртең эле мактайсың» деп ичине котур ташын катып, антип «өзгөчөлөнгөн» сындын душманы. Сынчы жазуучу менен эмес, анын чыгармасы, анда чагылдырылган турмуш чындыгы менен сүйлөшүүсү керек.

Аксакал жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков менен ата-баладай ээрчишип жүргөнүңүздү серап көрөбүз…

— Ээ, Түкөмдүн жакшылыгын көп көрдүм. Жакшылыкты жашырат белек. Бир сапар калемиме эч нерсе илинбей, илинсе да «ана чыгат, мына чыгат» дешкен убадакөй кызматкерлер тил эмизип, чөнтөк жукарып, калаада эптеп оокат өткөрүмүш болуп жүрсөм, Түкөм оро-пара чыкты. Жүдөңкү бою-башымды байкап, «аркаман жүр» деп азыркы цирктин күн батыш тарабында маңдайында латын тамгасы менен жазылган сактык кассасы болор эле, ошол жакка баштап келди. Мен солдоюп касса оозунда калдым, ичкери кирген Түкөм о кыйлада аткулактын жалбырагындай жүз сомдук кагазды көтөрүп чыкты. «Кубат, үстү-башыңды оңо, түзүктөп оокат ич» деди… О кезде жүз сому бар адам жер менен баспай калчу. Түкөмдүн кайрымдуулугун көбүбүз көрдүк ко. Болбосо, бешенемден сылагандай мен ошондо ким элем. Аңизгече ошо жүз сомун кайтара албайм… Аны кыргыздын залкар романчысы, карапайым адамы, акылманы катары терең урматтайбыз. Маал-маал Мурза, Кеңеш үчөөбүз Түкөмдүн алдына барып, алтын чөгөргөн кебине кумар таркатып келмейибиз бар.

— Сиздин оюңузча, жаш прозачыларга эмне жетишпейт?..

— Прозабыздын эртеңи үчүн кыл чайнашкан жаштарга санак жүргүзсөк, чакана эмес экен. Алыс-жуукка аты угулган жаш калемдер М.Эшимканов, А.Ражабалиев, Т.Субанбеков, Б.Усубалиев, А.Муратов, Н.Сайдуллаев, С.Раев, С.Жумагулов, кыздардан азырынча үмүттөндүргөн Б.Сутенованын «тырмак алды» аңгемелери менен таанышмын (көбү өздөрү келип, окутуп жүрүшөт). Өмүр баяндары коёндой окшош. Айыл жеринде чоңоюшкан. Элет прозасын жаңы өңүткө алып чыгышат ко деп үмүттөнөм. Бул сапар аларга менин дооматтарым бар. Азга эле токсунуп калышат. Жаңы менен өзүн азыктандырып туруу маданияты пас. Айрымдары жаш туруп, табышмактантып айтканды, көңүлгө конбогон, «кармалбаган» ойлорго жамынганды, каруу-күчү жетпесе да тырбалаңдап, глобал темаларга кол сермеп ашепке чыйраксынышат. Кээсинде сабырдуулук, карапайымдык жокпу деп да кетем. Бир аңгемесинин аягына чыкса, таң атпай редакциянын каалгасын түртөт. М.Гапаровду дагы мисалга тартайынчы. Газета-журналдардан үйүнө чейин телефон чалышат, жаңы чыгармасын сурашат. Өзүм күбөмүн. Бир жообу бар. «Даяры бар эле, бирок, үстүнөн иштешим керек» дейт. «Бар, азыр эле жетип барам» деген сөзүн уга албадым. Сараңдыкпы? Сатаңдыкпы!? Сараңдык, өзүнүн абийирдүү чыгармачылыгына, эл сүйгөн, калк урматтаган калемине сараңдык! Чыгармага дал ушундай мамиле керек, акебайлар! Чеховду алгылачы, убакытты үлөлөштүрүүдө мындан өткөн уста болбоптур. Күн сайын, саат сайын кажыныптыр. Болбосо, жарым-жан киши. Ичер суусу түгөнөөргө жакын, күндө, күн алыс бирден аңгеме жазып туруптур. Бирөөсүн беш килдик романга садага чаппай турган аңгемелер!

Чыгармачыл жаштарга көрүлгөн камкордук жылдан-жылга өсүүдө. Өткөндө союзга мүчө болуп кабыл алынган жаш акын-жазуучуларга күбөлүктү доордун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов тапшырбадыбы…

— СССР Жазуучулар союзуна мүчө болуу — жаштар үчүн улуу зыйнат. Союзга жаңы кабыл алынган жаштардын аты таанымал, жазгандары дадил эле. Көптү үмттөндүргөн ысымдар. Ошол эле учурда далай жаш таланттар союзга мүчө болуу быякта турсун, басмага тапшырчу кол жазмаларына ээ боло албай жүрүшөт. Эсибизде болсун, таланттуу адам жазарын жазат, бирок, «коюн-колтукка” шып кирип, ашпештегиче прозасын-прозадай, ырын-ырдай чыгарып алган айрым «жел тамандардай» напси агытпайт. Тилекке каршы, дал ошол нысаптуу авторлордун саябалуу багы жок, жазган китеби, журналга жарыялаган чыгармасы жок. Ошентип отурган бечаранын союзга өтүү түшүнө киреби?.. Биз, жазуучулар, колубузду көкүрөгүбүзгө коюп сүйлөйлүчү, кимибиз мүнүшкөрдүк милдетти мыктылап аткаруудабыз? Жаштар үчүн жаны күйүп, өзүнүн беш-он табак китебин кийинки жылга калтырып, ордуна жаштардын жыйнагы чыксын деп, ким жар салып чыкты?! Садагасы кетейин, илгерки чыгыштын философ-акылмандарынан айланса болот ко!

Көкүрөгүндөгү асылдыкты, дилинде көргөн өнөрдү, көөнөргүс кенчти келечектүү бирөөгө өткөрүп, о дүйнөгө сапар тартуу үчүн шакирт издеген, кайырчы болуп, чөл кезген, журт безген! Өнөрү түбөлүк жер үстүндө жашашы, адамзатка кызмат өтөшү үчүн шакирт издеген! Шакиртинен өзүнүн эртеңин — келечегин, өлбөс-өчпөс илимин көргөн.

Биз дагы адабиятыбыздын эртеңин, келечегин ойлой жүрүшүбүз керек. Өнөрүбүздү өткөрүп алаар таланттуү жаштар табылбайт бекен? Жүда табылат! Мүмкүн, аттуу-баштуу жазуучу-акындарыбыз көзөмөлүндө жүргөн жаш калемчилерди тартынбай эле союзга кабыл алууга сунуш кылышса. Кийин түлөгүнүн чыгармачылыгына өзү жооп берсе. Мисалы, Москванын жазуучулар Союзунда мындай иш-чара өзүн актап жатат. Биздин оюбузча, ушунда жаштар баштагыдай китеп чыгарууга анчалык жанталашпайт эле, кайра жазган чыгармасын шагында как кылып, анан окурмандарына сунуштаар эле.

Кубат Жусубалиевич, Ак Журтчу жөнүндөгү аңгемеңиздин аягын уксак да, маекти тамам кылалы…

— Жүда саз болот, Ак Журтчуну айта берсек эми узак сөз. Кечээ тушта Алайга бардым. Ак Журтчунун караанын көзүмө сүрткөнгө зар болуп, жолдун чети менен кетпаратсам, Сөпө сугатчы макага суу куюп жүрүптүр. Али-палиден кийин «Сөпө, Ак Журтчу жүрөбү?» деп сурадым. Десем, беймарал туруп, «Аа, Ак Журтчу айылчылап жүрөт…» деди. Анын мага ушинтип айтканы жакты. Жөнөкөй десең жөнөкөйлүк бар, терең десең тереңдик, поэзия десең поэзия бар… «Ак Журтчу айылчылап жүрөт…». Бу бечара айыл аралап, үймө-үй учуп, оокат кылат, балапан багат.

Бу журт аралаган ак жолтой куш. Кубат берсин ага, Ак Журтчу аман болсо, журтум да аман…

— Баш эсен, боор бүтүн, бардем туруңуз, чыгармачылыктан барака табыңыз!

Силерге да ырахмат.

А.Матисаковдун «Ак коргон» китебинен, 1989-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.