АҢГЕМЕ

(Айылдык мугалимдин күндөлүгүнөн…)

Станциядан шаардын борборуна бара турган жүк ташуучу авто-унаа  эки саат жол жүргөндөн кийин мен бара турган   айылдын айрылыш жолуна  келип токтоду. Мен авто-унаадан түштүм. Эки кадам аттоого алым жок эле.

Сумкамды жерге коюп, чар тарабын чөп каптаган ташка көчүк бастым. Мээмдеги ызы-чууну угууга аракет жасадым.

Ичи чаңга толуп, адамдын тери  жыттанган жүк ташуучу авто-унаа дүйнөдөгү эң чалдыбар  жолдо жүргүнчүлөрүн — бизди  бири-бирибизге жөөлөштүрүп  чала жан кылды. Унаанын бат-баттан токтогону,  чуңкурга тоголонуп кетчүдөй болгон абалы, менин кайда экенимди унуттуруп, караңгы түш ааламына жетелеп кеткен эле. А  азыр таштын үстүндө олтуруп түшүмдөн ойгонууга аракет жасоодомун.

Бара турган кыштакты айдоочу көрсөткөн.  Бул жер жашаган жеримден жарым саат алыс, күл өңүнө окшош, колго ылайдан жасалган  кыштар менен курулган үйлөр,  бир бурчунда өтө эле ичке өскөн  күл өңүнө окшош  теректер бар, ал теректер  кичинекей болсо да суу топтому бар экенинен кабар берчү.

Бир саат олтургандан кийин акырын салпаңдап, кичинекей кол сумкамды алып жөнөдүм. Өзүм кыштакта чоңойгондуктан, кыштактыктардын мүнөзүн жакшы билемин, өгөйлөшкөн   жок.  Алгачкы туюмумда ийгиликке жетериме ишенимим чоң болгон.

Күн уясына батууга аз калды. Айлананы кыпкызыл шоола каптады. Кыпкызыл деңиз сыяктуу жаркыраган,  бир карыш узундуктагы чөптөрдүн үстүндө узундан-узун көлөкөм жана көлөкөмдүн башы, араларында анда-санда сайраган, секирген чегирткелер чөптөрдүн арасында көзгө илешпей калышты.

Кыштак четиндеги бир канча үйдүн маңдайына келгенде тезектин жыты бур этти. Көзүмө, кыялыма  каттама бышырылган очок, жыпжылаңач чечинген жаш балдар элестеди.

Көчөдө үйлөрүнөн адашып калган бир нече  уй куйруктарын сандарына чапкылап, мөөрөп баратышты. Бул абдан улутунган   мөөрө болду, терең-терең ойлонгондон кийин маанилүү сөздөр айтылчудай…

Уламдан-улам мурундун каңылжарын жарчудай ачуу  жыт мени өзүнө тартты.   Кыштак, иштеген мээнеткеч макулуктардын мекени жана бул жыт алардын ак эмгегинен жаралган тер жыты. Дүйнөдөгү бир да жыт мени мынчалык бакытка балкыткан,   башымдан кумдай төгүлүп өткөн эскерүүлөрүмдү эстеткен эмес.

Кофекананын алдында бир нече карыядан башка эч ким жок экен… Мени көрүшөрү менен ордуларынан кыймылдабай тиктешти. Жандарына барып олтурдум. Кимдигимди айттым. Араларындагы бирөө айыл башчысы экен. Менден мурунку мугалимдин кеткенине алты ай болгонун жана ошол убактан бери мектеп жабык турганын айтып:

— Самандар  жыйналган эмес, окуучулар азыр келишпейт. Беш-он күн эс алып анан кел,- деди.

— …

Балдарды чогултуу, сабактарды баштоо оорчулук жараткан  жок. Кыштактыктар өз тилдеринде сүйлөгөндөрдү жактырышат. Азырынча эч нерсеге муктаж эмесмин. Бирок орчундуу  жол көйгөйү бар. Аны да өз мойнума иш катары жүктөп алдым жана бир канча айдан бери алектенүүдөмүн. Алгач келгенимде жүк ташуучу авто-унаанын ичинде  кыжырымды келтирген ошол  жол, бардык айылдын чечилбес көйгөйүнө айланыптыр. Баарысы жыйым-теримин ушул жол аркылуу ташыганга мажбур. Башка жол жок. Кызыгы, шаардын борборун алтымыш километр аралыкта темир жол менен байланыштырган жол да дал ушул!.. Мүмкүн дагы да маанилүү иштер, бул жолдун жасалышына бөгөт болгондур.

Мен биздин кыштактан жана башка кыштакчалардан борбордук комитетке кат жолдоттум. Жолдун  жасалышы канчалык деңгээлде маанилүү экендигин тилимдин күчү жетеринче түшүндүрдүм.  Узун — көп жазылган сунуштарды өкмөт адамдары окубайт деп, ар бир пикиримди өз-өзүнчө жазып, ар башка кыштактын атынан жөнөттүрдүм. Мындай жол менен баары окушат. Кыштактыктардын да жолдун жасалышына кандай жардам бере ала тургандарын да өзүнчө жазып жөнөттүм.

Мурунку жумада шаарга барганымда билим берүү мүдүрү мага кызыктай мамиле жасады. Жинденип, бирок жинин билгизбегенге аракеттенди, шылдыңдаган  көздөр менен караганын сезип, эмнеге деп таңдандым. Бираздан кийин сөз ортосунда:

— Сиз мектептен сырткаркы иштерге да аралашууга убакыт таап   жатасыз, талабыңыз, ишиңиз азбы? — деди.

— Аз эмес, бирок ал дагы адамдык вазыйпам эмеспи,- дедим.

Шылдыңчыл көздөрү менен үстүмдөн тегерете карады. Сүйлөгөн жок. Анан сыртта кофе ичип жатканда курдаштардан уктум, билим берүү мүдүрү мага кыжырданганын… Мен кыштактыктарга материалдык-укуктук эрежелерди үйрөтүп, окутуп жатыпмын. Кадастро тартуу учурунда бир  киши пикирлерин сунуштап, дароо жооп берүүлөрүн талап кылган экен. Алар: «Кандай жооп беришибиз керек?,- деп сурашса: «Так, даана жооп бересиңер! Мажбурсуңар! Закон бар!»- дептир. Сурашыптыр, изилдешиптир, мыйзамды менден үйрөнгөнүн угаары менен билим берүү директоруна жеткизишиптир.

Бул жол көйгөйүнө  көңүл бурганым үчүн мага жинденгендер көп. Алар тиешеси бар экендигинен  эмес, иш жасайбыз деп жаман көрүшүүдө. Мен мугалим болуп келген кыштакта чириген бай Рустам деген ага бар. Шаардагы машина сатуучу магазини, алып-келип сатуу иштери менен алектенет, оңдойт. Мен жолду оңдоо боюнча сунуш, пикир жаздырган кыштактарга барып мен жөнүндө ушак таратыптыр.

Таң калганым жок. Бардык аракетимден эс нерсе чыкпай жатты.  Кээде бул ишти таштачудай абалга кептелдим. Анткени, өкмөттөгү кызматкерлердин баары ачыктан-ачык шылдыңдоого өтүштү. Бирок, кечкисин станциядан келген авто-унаалардын, кол арабалардын, байкуш жаныбарлардын кыштактан өткөнүн көргөнүмдө боорум ооруп жатат. Өзүмө-өзүм: «Баштаган ишиңди жарым таштасаң, эки көзүң сага жарашпайт!» деймин.

Жазган сунуштарыма абдан карашты окшойт. Ар бир чоңдун эшигине конок болуп чыкты, сунуш жазылган барагым. Кыштактыктар менин бул аракетиме таңыркашууда. Алар бул иш натыйжалуу болоруна ишенишпейт.

Дагы деле кыймыл жок… Бул жолду жасашпайт  сыңары… Кыштак тургундары да мага жардам бербей коюшту. Жөн гана өлгөн макулуктардай… Мүмкүн абдан акылдуу макулуктар, бекер убакыт короткулары келбей жатышкандыр… Ичимде бир дагы ишеним калбады. Адамга бир эле жолу «ооба же жок!» десе жетиштүү го.  Бул сунушту терең деңизге, үн чыгарбас үңкүргө ыргыткандай дайынсыз…

Кечкисин кыштактын башындагы дөңсөөго чыгып, чаңга оролгон жолду караймын. Кээде чаңдан аппак болгон, үстү себеттерге толгон жүк ташуучу авто-унаа көрүнөт. Баткакка малынып калган тизелерин чыгарып араңдан-араң оңго-солго жыгылчудай теңселип адам басып келе жаткандай көрүнөт.  Бул абдан кайгылуу көрүнүш, техниканын эң акыркы үлгүсү болгон машинанын бул өтө начар жолдо жүрүшү адам баласынын уялуу сезимин арттырат. Кээде чуркап барып, алаканым менен жолду оңдоп, эч болбосо аз да болсо өз милдетимди аткаргым келет.

Биздин иш  жандана түштү. Мурунку жумада шаарга чоңдордон бирөө келиптир. Машинасы канчалык ыңгайлуу — акыркы үлгүдөгү болсо да, жол кыйнаган өңдүү, сөзүнүн ортосунда жол маселесин айтыптыр. Анда биздикилер: «Биринчи оюбуз, ишибиз. Проектибиз даяр. Бул жылы бүтөт. Асфальттуу жол салабыз. Ошондо бизге бат-баттан келип турасызбы?» дешиптир.

Ал да: «Албетте»деген экен.

Мындан улам жол маселеси  чечиле баштады. Мен уктап жүргөндөймүн, башчы проекти туралуу кеп кылууда… Демек, ойлогонумдай эмес экен, бул ишке кайдыгер карашпаптыр, ызы-чуусуз, тынч эле элге кызмат кылгылары келген тура…

Бирок бул  тунжуроо каршысы   иш абдан жарнамалуу болду.  Шаардык кеңештин жумалык газетасынын  жарымынан көбүнө жол салуу туралуу жазышыптыр. Кыштакта абройум артат окшойт. Аткени,  биздин кыштактыктардын адамга мамилеси барометр сыяктуу.

Менин көз карашымда азыр жолду асфальттоонун  кереги жок. Үч-төрт эсе көп акча коротуунун ордуна, ал акчаны дагы да маанилүү жакка жумшап, бизге таза жол, кумдан  салса болмок. Мүмкүн баардыгы эң жогорку деңгээлде мыкты болушун каалап жатышкандыр. Мынчалык чоң иштерге мээм жетпейт. Бир жол салынсын, акчабыз болсо, мага демектен килем жайышсын!..

Губернатор Анкарага кеткен имиш. Эсеп-кысабын чыгарган эсепчилер жолго жарым миллион сарпталарын жазышыптыр. Шаардын бюджети 350 миң лира[1].

Бул көлөмдүү акчаны табуу үчүн банктарга кат жолдошуптур, бирок алар да Финансы башчысынан жолдомо болбогондуктан беришпептир. Финансы башчысы да өкмөттөн уруксат жок, кепилдик бере албайт экен. Иши кылса иштер баш аламан. Губернатор ушуларды сүйлөшкөнгө кеткен имиш… Байкуш адам жол көйгөйүн өзүнө иш катары кабыл алды.

Межлис коомдук байланыштан уруксат алуу үчүн кат жолдоптур, борбордук гезиттен окудум. Бул үлгү кагазы. Өзүн бул жолдун салынышына түрткү кылган жана жол жасалгандан кийин дайыма келе турган ошол чоң бийлик башындагы адам  туралуу эстетип турган кагаз. Чынында чоңдорубуз баарын көрүп турат жана бир шекилде уктагандарды ойготушат. Губернатор  жолдун жасалышы айылдыктардын да каалоосу экендигин, аларда мурда  кат жолдошконун эч айткан жок,  кыштак үчүн да жол жасалса жакшы иш болору тууралуу сөздөрүнө кошкон жок.  Мүмкүн ал, бул  иштерди баары билет деп ойлогондур. Эмне болсо ошол болсун, негизгиси бул жолдун жасалышында  эң аз пайдам, таасирим болсо бактылуумун…

Жол жасала баштады… Банктан карыз акча алышты, канча жылда төлөп беришерин билбейм. Карыз взносторуна каршылык катары оорукана дайындоолорунан кыскартылыптыр жана алдыбыздагы жыл билим берүү бөлүмүндө акчадан кесишет  экен. Иш ушундай болорун ойлогон эмесмин. Бирок, ортодо дагы деле эч нерсе жок. Туура эмес учурда тартышпайын. Акча табуу маселесине келгенде билим берүүдөн башка жолдорду карашса да болмок. Мисалы, губернатор абдан алектенген жол оңдоо маселеси турганда, чоңдорго — бийликтегилерге  конок үйүн салдыруудан баш тартса да болмок.

Жол жасалууда, биздин кыштакка кеткен жолдо да жылыштар бар. Цилиндрлер келип кетишүүдө. Ак-кара, боз бир топ кыштактыктар тынымсыз иштеп жатышат. Иш убактысы эртеден кечке чейин, андан соң четтеги чатырга барып жатышат. Көпчүлүк ишчилер ачык жерде жатышат. Уюштуруучулар чатыр жетиштире алышпаптыр. Таң атаары менен кайрадан кыймыл башталат. Биздин кыштактан да ишчилер бар. Беш-он тыйын табышып, салык төлөшөт. Алар түнкүсүн үйлөрүнө кетишет, бирок абдан чарчаган абалда. Башчылыкка бөлүнгөн бригадири бир кесим нан  жегенге он минута убакытты араң берет.

Биздин кыштактыктар  абдан маңыроо калк,  асфальт иши башталганы ишке  кызыгуулары артты. Чоң казандарга кайнатылып жерге төгүлгөн кара нерсенин үстүндө басууга болоруна, авто-унаалардын, жүк ташуучу унаалардын асфальт жолдо жүрүшүнө ишене алышпайт. Айдоо жерлери бул жакта болгондор, күүгүмдө үйүнө кайтып баратышканда, үйүлгөн чөптүн артына жашынып, тамеки чеккенче цилиндрлердин өйдө-ылдый кыймылына таңыркап карашат жана тааныган ишчилер менен алган маянасы жөнүндө сүйлөшүшөт.

Жол бүттү. Бир канча күндөн кийин ачылыш аземи болот. Кыштактын жанындагы төбөгө чыгып караганда, жалтылдаган кара жыландай көрүнөт. Эки капталына дарактарды отургузушат экен. Чынында өтө керемет  иш. Баардык шаар тургундарынын бул жолдон өтөрүн, сыйгалчак тепкендей сызган боюнча дароо станцияга жетишерин ойлогонумда ичимде сүйүнүч сезимдери ойноп кетти. Жолдун сапаты тууралуу ушак тарады. Жол башчысы жеп алды дешүүдө. Кызык, ушакка да ишенишет. Бул суктанарлык көрүнүштү көрүп жатып кантип адамдар жаман ойлонгондоруна түшүнбөйм.

Бүгүн өмүрүмдүн эң бактылуу күнү. Шаар четине парк курулду, бардык  башчылар кызматтык кийимдерин кийип келишти. Эсеп башчысы дагы классикалык үлгүдөгү кийим үстүнө цилиндр шекилиндеги шапкасын кийип, 1,55 бою менен оң жактан орун алыптыр.

Мен дагы жалгыз көйнөгүмдү жууп, үтүктөп кийип келдим. Билим берүү мүдүрү терс-терс карады, мейли бир күн шаардан айрылсам кыямат кайым болбостур. Бул жолдун жасалышына  менин да эмгегим бар. Кыштак тургундары алыстан карап турушат, жандарына барып учураштым, кубанычтан баарын кучактагым келди.

Олтургучка  келип олтургандан  кийин эстедим,  кыштактыктарга жаныма келип отуруулары үчүн колумду булгалап чакырдым. Бул жол баарысынан да алардын жолу. Бул жакка келгиси келген кыштактыктарды  аскерлер өткөрүшкөн жок, мен да үнүмдү чыгара албадым, кубанычым толук акталбады.

Губернатор абдан көп сүйлөдү. Үнү да мукам болбогондуктан жакшы уга алган жокмун, бирок кулагыма: “Мамлекет, эл, катышуучулар… баарысы өлкөбүз үчүн…» деген сөздөр угулду. Бир канча адам кыска сүйлөштү. Кызыл лента кесилди, алдыда башчынын машинасы жүрдү, артынан беш-он айыл башчылары басышты, баарысы буттарын асфальттуу жолго көндүрүп жаткан сыяктуу… Кыштактыктар мүмкүн таң калууларынан, мүмкүн уялгандыктарынанбы — жолдун эки четиндеги топурактуу бөлүгү менен басып баратышат жана чоң көздөрү менен жолдун ортосунда жалтыраган дөңгөлөктүү машинанын жүрүп баратканына тиктешүүдө.

А мен баарысына көздү жумуп, жеңиштүү командир катары кыштакка кайттым…

Жолдун ачылышына он күн болгондон кийин жол куруунун инженерия бөлүмү борборго бир рапорт жөнөтүптүр. Ат, өгүз арабаларынын, ал эмес башка авто-унаалар да жолду бузуп жаткандыгын жазыптыр. Жолдун сапатсыз салынганын эч айтпаптыр. Бирок, жалгыз ат арабалардын өткөн жеринде гана эмес, жүк ташуучу унаалардын издеринде да чуңкурлар пайда болуп, ар-ар жер бузула баштаган эле.

Борбордогулар дүрбөлөңгө түшүп,  жолдон резиналуу машиналардан башкасы өтпөсүн деген чечим чыгарышыптыр.

Кыштакта бул буйрукка эч кимдин ишенгиси келген жок, бирок бир канча кишини милициялар токтотуп ат арабаларын жолдон чыгарып, ылайлуу талаадан өтүүлөрүн мажбурлаганда гана ишеништи.

Бул өтө оор тыюу салуу эле. Жол эки тоо ортосундагы өзөн аркылуу өткөндүктөн, станцияга бара тургандар бул тоону айланып толук алты саат зыянга учурашат. Бир жерге чогулушуп, чарасын табууну пландашты бирок милицияларга каршы чыгууга,   ат арабаларга резина дөңгөлөк такканга алдары жок эле.

Алты саат жол жүрүп, мурункудан да баткактуу жол менен тоонун арты аркылуу  катташа турган болушту.

Эч кимиси мени менен сүйлөшпөйт, мени душмандарындай көрө башташты. Бир күн кечкисин айыл башчы келди: «Уулум, биз сага нааразы эмес элек, бирок башыбызга келген бул жол маселесинен улам кыштактыктар сени күнөөлөп, сөз укпай жатышат. Бир канча жолу сени сабаганга, ал эмес андан оор абалга келтирүүгө аракет жасашты, мен араң токтоттум… Башка кыштактан да сенин душмандарың чогулуп жатышат. Бир күн башыңа бир балээ келет. Жакшысы — бул жактан кет. Таарынба, калууга аракет жасаба, кечир!..”

Мен деле бул нерселерди ойлонуп жүргөнмүн. Кыштактыктардын мага жасаган жоруктарынан жакшы нерсе чыгарууга мүмкүн эмес эле. Бир канча кийим-кечемди сумкама салдым, бул кыштакка келгеним сыяктуу кечкисин күн сары чөптөргө нур шооласын чачып батып бара жатканда,   шамал кыпкызыл деңиз сыяктуу толкуганда, тезектин түтүндүү туманынын жытын, ак эмгектен чыккан тердин жагымдуу жытын  таштап, жолумду уладым… кеттим!..

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова

[1] Лира – түрк акчасы.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.