Жиха коон-дарбыз өстүрмөк болду. Жайы бою жакшылап багып мол түшүм алды. Коондорунун салмагы жыйырма, дарбыздары элүү килого жетти.

Бир күнү качыр минген үч жолоочу бакчаны аралап өтүп, дарбыз-коондорун тебелетип кетишиптир. Түшүмүнө далай зыян келтиришкен экен. Жиха ким тебелеткенин да билди. Булар казы, шериф жана шаардагы көптөгөн дүкөндөрдүн ээси, семиз соодагер экен. Алардан келген зыянды кантип өндүрөсүң? Алар үчөө, Жиха жалгыз. Жөнөкөй кишилер да эмес.

Буларды бузуш керек деп ойлонду. Эң биринчи алардын ичиндеги эң кадыр-барктуу казыга кайрылды. Анын качырынын төшүнөн өөп жиберип, бал тилге салды:

– Сага салам айтамын, о, пайгамбарымдын өкүлү, Аллахтын сүйгөн пендеси! Сен бакча эмес биздин төбөбүз менен тебелесең да жарашат, сен кудайдын буйругун акыйкат менен аткаргандардын башчысы эмессиңби! Куранда жазылгандай биз өзүбүздөн жогору тургандарга баш ийип, таазим кылабыз да.

Анан Жиха шерифке кайрылды:

– О, Жаратканымдын жерге тийген көлөкөсү, сага салам беремин, ыйыктардын тукуму! Сен менин жеримди тебелеп кеткениңди өзүм үчүн сыймык катары көрөм. Бир түшүнбөгөнүм, урматтуум! – Жиха соодагерге көрсөттү, – эмне үчүн бул кара таман өзүн бизге теңейт. Акчасы көп болсо эле өзүн кыйын көрөт ко. Ал балким силердей касиеттүүлөр менен өзүн тең ата сезип жатса керек. Же бечераларды кыйнап, сатуучуларды алдап, акча таап байыганын бизди билбейт деп ойлойбу? Мен азыр ага көрсөтөйүн, ага жакшылап сабак болсун, пайгамбарым айткан сөздөрдү унутуп койбосун: «Ар ким өз даражасы менен ордун билип жүрсө, ал туура жашайт», – деген.

Муну айтып туруп Жиха болгон күчү менен соодагерди союл менен берип калды эле, ал эс-учун жоготуп жерге кулап түштү. Казы менен шериф Жиханын мактоосуна эрип, тигиге жардам бергиси да келбеди, ансыз да акчасы көп  бай болуп, аларга тең ата экенин жактырбай жүргөндө Жиханын сөздөрү майдай жаккан.

Алар качырларын теминип жөнөй баштаганда,  токтотту:

– Токто, коё тур, казы! Сен кудайдын атынан жер үстүндө сот жүргүзө аласың. Сен адамды бай кылып же жардылыкка жеткизе аласың. Үй-бүлөнү ажыратып же бириктиресиң, бей-бечера менен жетим-жесирди колдочу дап, коргоочусуң. Сенин жанындагы шериф чын эле пайгамбардын тукумунан дейсиңби? Пайгамбарым айткан жок беле: «Мага ишенгендердин бардыгы – менин урпактарым?» Же Куранда айтылгандай: «Жаратканга эң жаккандар – Ага чындап ишенгендер? Ал дагы ордун биле жүрсүн деп мээсин оңдоп коюу керек… – Жиха шерифти да жыга чаап салды.

Казы такыр эле көкөлөп калды, өзүнө окшогон пайгамбарымдын өкүлүнө ким тең келет? Шериф менен соодагер ким болуп калыптыр?! Жөнөй бергенде Жиха тизгинден алды:

– Эми сенин кезегиң, казы. Мына азыр жалгыз калдың, сага түшүндүрүп деле кереги жок, – таягын көтөрө калганда, казы жалынып жиберди:

– О Жиха! Ура көрбө мени! Мен сенден кечирим сурайм. Бизди укмуш бөлө салдың! Бизге эмне ойлогонуңду дароо билиш керек эле. Урбагын мени! Жакшы эле сабак алдым.

Эсиңерде болсун. «Бөлүнгөндү бөрү жейт»,  – деген. Муну билбегендин баарынын башына келет.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.