“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Саламатсыздарбы? Мен Сейитмин. Албетте, Кайсы Сейит дешиңиздер мүмкүн. Мен Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги Жамийланын кайниси Сейитмин. Анда сѳз башынан болсун.

12-декабрь күнү мектепте адабият мугалимибиз Дүйшөева Марзия эжеке “Жамила” повести боюнча жалаң балдар арасында конкурс ѳткѳрдү. Эмнеге дегенде азыр балдар китеп окубай койбодубу, ошого балдарды кызыктыруу максатында, ушул чыгарманы окутуп, кайра текшерди. Байге фонду 2500 сом экен. Конкурска катышайын деп, чыгарманы окудум.

Чыгарманы окуп отуруп, не деген кыялдарга баттым дейсиң… акыры Сейит болдум да калдым. Үй-бүлѳм да окшош экен. Менин да карыган энем бар. Байкем бар. Чыгармада Сейиттин агасы Садык согушка кеткен болсо, менин бир тууган агам Курбанбек учурда Щвецияда иштеп жүрөт. Үйлөнө элек. Жамиладай сүйгөн кызы бар. Ал бизге айткан эмес, келечектеги жеңем жөнүндө. Мен аны “Одноклассники” сайтынан кѳрүп алдым. Сулуу, келишкен кыз экен. Сейит сыяктуу мен алардын сүрөтүн тартайын дейм, бирок сүрөт тарталбайм.

Сүрөт сабагынан беш деген бааларды алып жүргѳм, бирок адамдын сүрѳтүн тарталбайм. Ошондуктан мен байкем менен жеңемдин сүрѳтүн тартпай эле, сүрѳттѳрүнѳн слайд даярдадым. Азыр заманга жараша технология ѳнүккѳн. Жакында 7-апрелде агамдын туулган күнү болду, даярдаган слайдымды агама WhatsApp тиркемеси аркылуу жибердим. Агам Садык сыяктуу мени урушпады, кайра мага “жакты“ белгисин жѳнѳттү. Ошондо мен: “Мен аларга дагы слайд жасайм” дедим кубанып. Анан да менин жеңем башкача сулуу. Мен да аны жеңе катары жакшы көрөм. Анын биздин үйгѳ келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрѳм.

Мен чыгарманы окуп бүтүп, аягында Жамийланын Данияр менен кеткенин туура деп ойлосом да, Садык акемди аядым… Анын ордуна ѳзүмдүн байкемди коюп кѳрдүм. Кѳпкѳ ойлондум. Бирок менин жеңем антип башка бирѳѳнү ээрчип кетпесе керек. Анткени агам жеңем менен 2 жылдан бери сүйлѳшүп жүрѳт эмеспи.

А Садык болсо Жамийланы кыз куумайдан жетпей калып, ызасына чыдабай алган экен да. Азыр андай эмес. Жаштар каалаганына үйлѳнѳт.

Мен сүйгѳн каарман Сейитти бир кѳрсѳм, ага жолуксам деген оюм бар. Ал оюм ишке ашабы, жокпу, ким билет? Балким мен жазган кат аркылуу кабарлашып каларбыз. Дилбаянды кат түрүндө жазган себебим да ошондон улам болду.

Эжекем уюштурган конкурска катышып жатып, “РухЭш” сайты жарыялаган конкурска да даярданып калдым. Чыгарманын жалпы мазмунун түшүнүп, окуп чыгып, мектептик конкурстан 3-орунду алып, 500 сом акчалай сыйлык алдым.

Чыгармага кайрылсам: улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармада айтайын деген ою махабат тууралуу эң сонун баян экендиги талашсыз чындык. Француз жазуучусу Луи Арагон өз убагында таамай баа берген экен. ”Жамила, сенин жолуң таалай жолу, андан күмөн санаба!” деген ураан чыгарма жаралары менен жаштар арасында жаңырып баштаган. Жашоо өзү ак менен карадан, жакшы менен жамандан, ѳйдѳ менен ылдыйдан турат эмеспи. Ошонун сыңарындай, Жамиланын Даниярды ээрчип кетүүсүн туура эмес дегендер да четтен чыгат. Ар кимдин өз ою баалуу. Ушундай баалуу мурасты бизге ташка тамга баскандай калтырып кеткен залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин биздин мектепте да жогорку деңгээлде белгилешти. Адамдын өзү ѳлсѳ да, сѳзү ѳлбѳйт дегендей, кылымдарга ѳчпѳс из калтырган жазуучу кыргыздын жазуучусу экенине сыймыктануу менен кѳкүрѳк кагып айтып жүрѳм. Анткени мен кыргыздын мекенчил жигитимин. Кыргыздан чыккан чыгаандарды биз колдобосок, ким колдойт! Биз барктабасак ким барктайт! Кыргыз элине опол тоодой орду бар залкардын чыгармалары биз сыяктуу жаштарга руханий азык тартуулап, кылымдарга ѳчпѳс жылдыз сыяктуу нурун чача бермекчи. Жер бетинде кыргыз жашап турганда, Чыңгыздын ыры да, сыры да бүтпѳйт.

Алга Кыргыз! Алга Чыңгыз! Алга жаштар! Келечек биз сыяктуу жаш окурман жаштардын колунда!

Бакытбек уулу Кутманбек, 8-А класс

Баткен областы, Баткен шаары, Кызыл-Жол орто мектеби.  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.