Канат кызы Мээримгүл: Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала (№34 дилбаян)

“Чыңгыз Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Чыңгызды, Чыңгыз кылган кыргыз дейбиз, Кыргызды, кыргыз кылган Чыңгыз дейбиз. Ааламга данкы чыгып бир жаралган, Чыңгызда сейрек талант, шумдук дейбиз.   Ал ырас сейрек талант бүткөн жалгыз, Кылымда улуу күчү майтарылгыс. Дүйнөдө таланттар көп, жазуучу мол, А бирок, биздин Чыңгыз кайталангыс – демекчи, улуу жазуучубуз бүткүл адамзаттык көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, окурмандар арасында талаш-тартыш жаратып, толгонуп-түйшөлүүгө мажбурлап, турмуштун ачуу чындыгын, анын эртенкисин, келечегин көрүп, элдин турмушун, көйгөйүн, мүдөө талабын жазып, элдин тагдыры үчүн күйүп бышкан […]

Лев Толстой: Тыйын чычкан менен карышкыр

ТАМСИЛ Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип жүрүп, уктап жаткан бөрүнүн үстүнө кулап түштү. Карышкыр ыргып тура калып, аны жемек болду. Тыйын чычкан жалына баштады: — Мени коё берчи… Карышкыр: — Макул, сени бошотоюн, бирок сен мага муну айт: эмнеге силер, тыйын чычкандар ушунчалык шайырсыңар? Мен үчүн убакыт дайыма көңүлсүз. Силерди карасам, өйдө жакта ар убакта ойноп-күлүп, секиргениңер секирген. Тыйын чычкан: — Адегенде мени даракка коё бер, ошондо айтам. Болбосо, сенден корком. Карышкыр аны коё берди. Тыйын чычкан бутакка чыкты да, […]

Еврей эл макалдары

Эгерде көйгөй акча менен чечилсе, ал көйгөй эмес — чыгаша. ♦ ♦ ♦ Кудай жинди катындан сактасын, жакшысынан өзүң сактан! ♦ ♦ ♦ Вино ичиңе киргенде – купуя сыр сыртка чыгат. ♦ ♦ ♦ Текенин астынан чыкпа, аттын артына барба, жиндиден айланып кач. ♦ ♦ ♦ Конок менен балык үч күндөн кийин сасый баштайт. ♦ ♦ ♦ Билим көп орун ээлебейт. ♦ ♦ ♦ Кудай кедейлерди жок дегенде кымбат күнөөлөрдөн коргойт. ♦ ♦ ♦ Кара далы кыз эрге тийсе, жаш […]

Али Сабахаттин: Чайнек (конкурска №44)

АҢГЕМЕ Оорукананын жер төлө жагында кичинекей, терезеси темир торчолуу бөлмөдө бешөөбүз жатабыз. Түрмөнүн жеке  доктору жана  медайымы  болбогондуктан оорулуулар оор абалга келгенче бөлмөлөрүндө болушат,  авто-унаага жол кире акчасын табышса, муниципалитеттин  докторун  алып келишет. Агарган чачтарын кылдаттык менен ортосунан экиге  бөлгөн  карыган  арык  адам жүзүндөгү жийиркенген түрү менен колдорун аарчыбастан оорулууларды карай баштайт, жетишерлик жоопкерчиликтен качып түрмөдөгү ооруларды карагысы жок, убактысын  мамлекеттик ооруканага арнайт. Бирок, ал  ооруканага  түрмөдөгү  камалган- жоопкерлер  бештен ашык адамды алышпайт. Кесиптик адис тарабынан эч качан жазылбашы керек […]

Муратова Назика: Балдарыңарды аягыла (№33 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестин окуганымда ата-энеме, бир туугандарыма болгон аёо сезим дагы бекемделди. Үй-бүлөмдүн ыйыктыгын ушул чыгарма тастыктады. Себеби, Нургазынын дагы үй-бүлөсү толук болгондо ал тирүү калат беле?.. Аттиң, кырчын өмүр. Ата-эненин ажырашуусунан, таененин өгөйлүгүнөн бактылуу балалык өткөрө алган жок. Эх, таттуу балалык!.. Таттуу кыялдар менен жашап, келечекке умтулабыз. Анткени ата-эненин кашында болуп, опур-топур турмуш тиричиликти чогуу кылып, үй-бүлө менен дасторкондо чогуу олтуруп даам татуу өзүнчө эле ырахат […]

Алтынбекова Бегайым: Көл Энеге көз жаш төккөн Акбара (№32 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Дүйнөгө белгилүү кыргыз элинин сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ичинен “Кыямат” романы менин жан дүйнөмө өзгөчө таасир калтырды. Чыгарманы барактай баштаганда эң алгач көз алдыбызга Ысык-Көл менен шордуу Акбара келет эмеспи. Кеп оролу ошолордон болсун. Көл жээги. Анда-санда гана шарпылдап көл өзүнө керексиз нерселерди жээкке чыгарып, өз боюн жамандыктан тазалап жатканы болбосо айлана тынч. Кечээтен бери булкунуп, шарпылдаган толкун эч басылбай жаткан. Таң эртеден Көл Эне өзүнө ашыга желип келе жаткан Акбаранын жолун утурлай тынчып […]

Анарбеков Бекбосун: Өспүрүмдөр тагдырына “эрте келген” кесепет (№31дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Аалам алпы, улуу ойчул, көркөм сөз чебери, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары 178 тилге которулуп, жалпы нускасы 80 миллиондой даанада басылып чыгып, дүйнө эли тамшанып окуп турган кези. Ааламды багындырган улуу инсандын кыргыз болуп жаралышы биз үчүн чоң сыймык эмеспи. “Эрте келген турналар” повестинде согуш темасына кайрадан кайрылып, бул жолкусунда ал согуштун каардуу окуяларын жаш өспүрүмдөрдүн тагдырлары аркылуу сүрөттөйт. Кандуу согуш алардын балалык доорун уурдап, бул курактан алар эртелеп эле кол үзүшүп, айылдын белдүү адамдарына […]

Касым Каимов: Жайлоо кечи

АҢГЕМЕ Жол боюндагы боз үйдөн эки адам чыкканда күн батып калган. Алар желедеги кулундардын агытылганын, күтүрөгөн көп жылкы айылдан жогорулап чубашып баратканын, коңшу чабандардын койлору үйлөрүн көздөй жайылып келип калышканын көрүштү. Кыйлага чейин отуруп калганын эми гана билишкенсиди. Бирок убакыттын билинбей өткөнүнө кейишкен жок. Бул эки аксакал адамдын беттери нурланып, ынак кымызга кызыгандыктары жана мудалуу сөзгө мооку канбаганы сезилип турду. Кечке жуук ар кимди тиричиликке кайрый турган малчылык кесип гана аларды бөлүнүшүүгө аргасыз кылгандай. Аксакалдын бири атына минди. Экинчиси аны […]

Артур Конан Дойл: Ватсон машыккан фокустар

АВТОПАРОДИЯ Холмс эртең мененки тамагын алдына койгондон баштап эле Ватсон андан көзүн албай тигиле карай баштады. Тигил анын көз карашын сезип, башын өйдө көтөрдү. — Кана, Ватсон, эмне жөнүндө ойлонуп жатасың?— деп сурады ал. — Эмне жөнүндө эмес, ким жөнүндө деңиз… сиз жөнүндө. — Мен жөнүндөбү? — Ооба. Мен сиздин эң жөнөкөй фокустарыңыз алигиче элдин кызыгуусун жаратып жатканына таң калам. — Мен сизге кошулам, — деп койду Холмс. — Чындыгында, эсиңизде болсо, бул жөнүндө өзүм айтсам керек эле. — Сиздин […]