ТАМСИЛ

Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип жүрүп, уктап жаткан бөрүнүн үстүнө кулап түштү. Карышкыр ыргып тура калып, аны жемек болду. Тыйын чычкан жалына баштады:

— Мени коё берчи…

Карышкыр:

— Макул, сени бошотоюн, бирок сен мага муну айт: эмнеге силер, тыйын чычкандар ушунчалык шайырсыңар? Мен үчүн убакыт дайыма көңүлсүз. Силерди карасам, өйдө жакта ар убакта ойноп-күлүп, секиргениңер секирген.

Тыйын чычкан:

— Адегенде мени даракка коё бер, ошондо айтам. Болбосо, сенден корком.

Карышкыр аны коё берди. Тыйын чычкан бутакка чыкты да, мындай деди:

— Сен ачуулуу  болгонуң үчүн күн көрүү сага көңүлсүз. Ачуу – жүрөгүңдү күйгүзөт. А биздин шайыр-шатман жүргөнүбүздүн себеби – биз кең пейилбиз, эч кимге жамандыгыбыз жок.

Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.