Аманкелди кызы Асел: Абийир өлгөндөн артык өлүм барбы? (№36 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Эр карыйт, эрдик карыбайт дегендей бул бир келип кеткен кербенчилик жашоодо басып ѳткѳн узак жолдорду, мейли кыска болсун, ѳкγнбѳстѳн унутулгус же тирγγ бойдон сактап калыш ар бир адамдын ѳз колунда экен. Ар бир инсанга ар кандай талант, шык, жѳндѳм берилген. Кээ бир адамдардын берилген таланты кол жеткис бийиктикте туруп, андай инсандардын таланты ѳз мекенинин байрагын бийик кармап желбирете да алат тура. Биздин мекен кандай гана таланттуу инсандарга бай! Болгондо да зор дγйнѳлγк масштабдагы ѳзгѳчѳ шыктуу […]

Алимбекова Акбермет: “Адам өнөрдү бапестеп өстүрүүсү абзел” (№35 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Айтматовдун “Аскада калган аңчынын ыйы” көркөм-философиялык чыгармасы боюнча Жалпы адамзат тарыхында өчпөс из калтырган миңдеген алп инсандар өттү. Андай инсандардын ар кимиси ар кандай жааттагы өзгөчөлүктөрү жана адам баласы үчүн кылган кызматтары менен көзгө урунуп, оозго алынып, айрымдары кылымдар бою жоон топ адамды өзүнө магниттей тартып турбайбы! Кыргызстандын бактына бир жаралган залкар жазуучу жөнүндө канча айтсам да аз болоор. Анын ар бир жазган чыгармасы адамды ойлонтпой койбос. Жашоонун оош-кыйышын дааналап көрсөтүп гана тим болбостон, сүйүүнүн […]

Көчкөн Сактанов: Турмуш чырагы

АҢГЕМЕ Кеч күздүн үтүрөйгөн сопол куу чөптөрү, мен ар бир кадамымды алдыга шилтеген сайын шуудураган кургак добушу менен эски керзовой өтүгүмө ороло калып жатты. Жеңи кырылган күрмөмдү ийниме сала чоң белестен аша бергенимде тоо койнунан, үстүн көк түтүн каптаган, дүпүйгөн бак-дарактуу шаар даана көрүндү. — Мына, кыш да келди,—дедим өзүмчө күбүрөп,— Карачы? Тоо этеги саргарып, тал-теректердин жалбырактары күбүлүп, кыш мезгилин айгинелегенсип чөкө таандар ачуу үндөрү менен чаңкылдашып шаар үстү менен ары-бери учуп өтүшөт. Мен үн-сөзсүз бул шаарды көпкө карап турдум. […]

Артур Конан Дойл: Кайрымдуулук марафону

АВТОПАРОДИЯ — Сөзсүз макул болуңуз, — деди Шерлок Холмс. Мен чочуп кеттим, анткени бул убакта эртең мененки тамагын ыракаттанып жеп аткан шериктешимдин назары кофе куйган чайнектин шуулдаган коштоосу менен окуган гезитинде эле. Мен башымды көтөрүп караганымда, ал “мээсин сергиткиси” келген учурларда жүзүндө пайда болчу жарым-жартылай шылдың, жарым-жартылай суроо аралашкан кытмыр көз карашы менен карап турган экен. — Эмнеге макул боло берейин? — деп сурадым. Ал жылмайып койду да, күнүгө эртең мененки тамактан кийин жасай жүрчү ишин кыла баштады, шашылбай каминдин […]

Топчугүл Шайдуллаева: «Статистика»

АҢГЕМЕ Улуттук госпиталдын короосунда кары-картаңдар жаткан бөлүмдүн жанындагы отургучта күн чубактап тизилип отурган аксакалдар кызуу маек куруп жатышты. Алардын кебин кызыткан бирине бири берген жалгыз суроо: «Сен канча аял алдың? Сенчи?» Алар акча эсептегенсип, аялдарын биринен бири көп айтууга аракет кылып, бармактары менен санап жатышты. Арасында баятан кызуу кепке көп аралашпай отурган жалгыз чал гана «Мен бир эле аял менен жашадым» деди. Ага баары ишенбей, шылдыңдоо менен кайра суроо узатышты: «Кантип? Анык көзү ачык калган сен турбайсыңбы? Эмне кемпириң ушундай […]