АҢГЕМЕ

Улуттук госпиталдын короосунда кары-картаңдар жаткан бөлүмдүн жанындагы отургучта күн чубактап тизилип отурган аксакалдар кызуу маек куруп жатышты. Алардын кебин кызыткан бирине бири берген жалгыз суроо: «Сен канча аял алдың? Сенчи?»

Алар акча эсептегенсип, аялдарын биринен бири көп айтууга аракет кылып, бармактары менен санап жатышты. Арасында баятан кызуу кепке көп аралашпай отурган жалгыз чал гана «Мен бир эле аял менен жашадым» деди. Ага баары ишенбей, шылдыңдоо менен кайра суроо узатышты: «Кантип? Анык көзү ачык калган сен турбайсыңбы? Эмне кемпириң ушундай эле керемет беле? Же өзүң чатак белең».

Чалды дуулдап келекелегенге өтүштү. Чал чын эле сөзгө сынды. Күңк-мыңк демиш болду, аны эч кимиси уккан жок.

Аялдарын саноо андан ары уланып жатты. Арасынан мойну койкойгон, сакалы эрбейген арык, кара чал «жети» деген санды айтты. Эрдик көрсөткөнсүп, кекирейе. Ага баары таңдануу менен карашты, айрымдары суктанып да карап жатты шекилди. Бирок эч кимиси келекелеген суроону беришкен жок.

Аны чыныгы эркек катары кабыл алышты.

27.07.2005

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.