Эсен кызы Алтынай: Дүйшөндүн эмгеги жерде калган жок (№45 дилбаян)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна «Биринчи мугалим» повести 1963-жылы өзүнчө китеп болуп жарыкка чыккан. Чыгармада кыргыз элинин сабатсыздыктан билимге болгон умтулуусу,   ал жолдогу тоскоолдуктарды,   карама-каршылыктарды көрсөтөт. Чыгармадагы башкы каарман — мугалим Дүйшөн.  Мугалимдин милдети өлкөнүн көсөм жол башчысыныкындай эле жооптуу. Ошол көсөм өңдүү эле мугалим да көргөн,  укканын унутпоого тийиш. Акылы тунук,  сөзү даана,  элестүү,  так болуп,  мугалим аларды окуучуларына көркөмдөп жеткирүү жөндөмүнө ээ болуусу ылаазым,  илимди үйрөнүүгө да дилгир,  бул иште арып чарчоону билбеген,  чындыкты жана чынчыл адамды сүйгөн,  […]

Жекшенбай кызы Эльвира: Толгонайдын энелик айкөлдүгү (№44 дилбаян)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна Айтматовдун мен окуган чыгармаларынын бири «Саманчынын жолу» повестин бүгүн кеңири талкуулагым келип турат. Чыңгыз Айтматовдун бул повестинде «Адам менен жаратылыштын ортосундагы байланыш», «Эне жүрөгү», «Аялзатынын орду», «Согуштун каардуулугу», «Адам баласынын напсисине жараша кетирген катасы», «Патриоттуулук менен ал түшүнүктүн каршы мааниси эли-жерин саткан маңкурт чыккынчылар», «Адамдардын бирин-бири түшүнүүсү», «Ата-эненин берген тарбиясы», «Сабырдуулук» аттуу темалар чыгарманын мазмунун камтып турат. Башкы каарман Толгонай Жер эненин көз алдында чоңоюп, ага өзүнүн ичиндеги сырларын айтып, ар дайым зыярат кылып турат. […]

Шамшиева Аида: Кызыл  алма – сүйүүнүн символу (№43 дилбаян)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна Ак кагаздын  бетин  тиктеп  ойлуу  турат. Жүрөктөгү  сүйүүнү  айта  албай, Калемин  каршы  алып  камдап  турат. Терезени  ойлуу  тиктеп  улам  карай. Ушул  убак  Исабековдун  жаны  жер  тартып, жашоосунун   боёгун  таппай, дүйнөгө  эмнеге  жаралгандыгын  билбей  турган  учур.  Жүрөгүнүн  үнүн  уга  албай, башканын  акылын  ээрчип  кеткен  убак.  Көңүлүн  укканда мынчалык  түйшүккө  кабылбас  беле.  Канатыңды  карап  туруп  кыркып,  туңгуюкка  өзүн сүйрөгөн  адат  адам  баласына  гана  тиешелүү  болсо  керек. Аялга  сый  бер! Ааламды  алдыңа алып  төшөп  берет.  Чайды  белендеп  куйган  […]

Кубатбек кызы Уулжан: Эне мээрими жана санаасы (№42 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна «Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу» – деген акыл-насаат, мени ар дайым, ар бир күнү оңолууга, башкача айтканда адам болууга тарбиялап турат. Мен тандаган чыгармасын көпчүлүк адамдар окуган менен чакан чыгарма катары терең маани бербесе керек деп ойлоймун….. Кыргыз элинин тарыхы кылымдан кылымга бир кыйла доорлорду басып өткөн. Канча согуш, кыйынчылыктарды көрүп, акыры 1918-жылы кыргыздар жаңы кеңеш өкмөтүнө кошулуп, тең укуктуулук, жыргалчылыктын даамын тата баштадык. Ошондон улам «савхоз, бригадир, колхоз, комбинат, завод» деген жаңы сөздөрдү […]

Аманкелди кызы Асел: Адамдын абийир ѳлүмү (№41 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Чыңгыз Айтматов чыгармаларында XX кылымдын бурганактаган ѳзгѳчѳ кѳйгѳйлѳрγн ак баракка тγшγргѳн. Тактап айтканда, кандуу согуш азабынан жапа чегип, азап, кѳз жаш, ачкачылык жуурулушкан кγндѳрдγ баяндаган. Анын мен окуган чыгармаларынын арасынан ушунчалык терең ойго тγрткѳн, адамга чоң таасир алып келген чыгармасы «Бетме-бет» повести болду. «Бетме-бет» тууралуу баян сала турган болсок, аалам алпы Айтматов ѳзγ алгачкы дебюттук чыгармам деп санаган алгачкы чыгармасы болсо да, чоң таасир астында жазылган кγч бар чыгарманын бири. «Бетме-бетте» ѳз ѳлкѳсγнγн келечегин ойлоп […]

Ажимамат кызы Айтунук: Эгерим согуш болбосун (№ 40 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде согуш мезгилиндеги кыргыз жергесиндеги кыйынчылыктар, оор жоготуулар менен Ата Журт башына түшкөн мүшкүлдү ким кандайча көтөргөнү, нечен курмандык менен келген жеңишке ким кандай салым кошкону таасын көрсөтүлөт. Чыгармадагы бүткүл окуя башкы каарман Султанмураттын башынан өткөргөндөрү, аны кайрадан элестетүүсү, таттуу үмүт-кыялдары аркылуу берилет. Султанмурат, Анатайлар кимдер? Көрсө, алар жазуучунун классташтары экен. Согуш жаңы башталган кезде Айтматов он үчтөгү бала эле. Ал алааматтын адам башына алып келген бүткүл азап-тозогун […]

Курманбеков Ырыскелди: Дүйшөн агай бүгүнкү күндө барбы? (№39 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Устат, насаатчы, мугалим… Бул сөздөр таасирдүү угулуп, жүрөктүн түпкүрүндө кандайдыр бир жылуулукту пайда кылат. Ал жылуулук ичтеги музду эритип, туман каптаган көңүлгө жарыктын шооласын чачат. Турмуштан татыктуу орун таба билген ар бир адам өзүнүн ийгилигинде насаатчы, устатынын салымы бар экендигин баса белгилеп, аны сыймыктануу менен сөз кылат. Ар бир кебинде асыл сапаттарын даңазалап, аны адамдарда калыптандырууга далалаттанат. Ал эми экинчилери болсо ыраазычылыгын билдирүү максатында чыгарма жаратып, анын иш-аракетин сөз берметтеринде чагылдырат. Чындыгында эле, ак менен […]

Муратов Илимбек: “Саманчынын жолу” – кайратман, даанышман эненин тагдыры (№38 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Эне – мээримдүүлүктүн уюткусун жараткан, жан дүйнөгө асыл сапаттардын үрөнүн сепкен өзгөчө инсан. Анын жаркырап албырган жүзү, жалбарып сүйлөгөн жагымдуу сөзү бозоруп түнөргөн алай-дүлөйдү жоготкон шамал сымал, бардык азапты унуттуруп, жагымдуу жагдай жаратат. Ичинде жан дүйнөсүн түйшөлткөн ойлор алсыратып турса да, өзүнө кайрат топтоп, сыртынан жаркылдап, баласына билдирбөөгө аракет кылган асыл инсан. Бул асыл зааданын адамдык касиеттерин ачып берүүгө биздин чамабыз жетпеген сыяктанат… Кандай гана көркөм чыгарма болбосун, чиеленишкен тагдырлардын арасында эненин образы берилет. Бардык […]

Умар кызы Айзирек: Жылдыздардан өрнөк алалы (№37 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Немец элинин философу Людвиг Фейербахтын «Жазуучу жана акындар өзүлөрү жашаган доорлордун абийир жана ар-намысы» деп айтканы бар. Өз элинин турмушун сөз менен чагылдыруу кадимки жазуучунун иши. А бирок элинин кыйынчылыгын, кубанычын, ой-мүдөөсүн жан дүйнөсү менен сезип, тунук көкүрөгү менен туюп, акыл тегирменинен өткөрүп, элестүү сүрөттөө ар бир эле калемгердин колунан келе бербес. «Чыныгы чыгармачыл инсан бүт ааламды бир өзүнө сыйдыра алат» деген сөздү Ч. Айтматов өмүр бою унутпай, кол жеткистей көрүнгөн бийиктикке умтулуудан талбай келген. […]