Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Чыңгыз Айтматов чыгармаларында XX кылымдын бурганактаган ѳзгѳчѳ кѳйгѳйлѳрγн ак баракка тγшγргѳн. Тактап айтканда, кандуу согуш азабынан жапа чегип, азап, кѳз жаш, ачкачылык жуурулушкан кγндѳрдγ баяндаган.

Анын мен окуган чыгармаларынын арасынан ушунчалык терең ойго тγрткѳн, адамга чоң таасир алып келген чыгармасы «Бетме-бет» повести болду. «Бетме-бет» тууралуу баян сала турган болсок, аалам алпы Айтматов ѳзγ алгачкы дебюттук чыгармам деп санаган алгачкы чыгармасы болсо да, чоң таасир астында жазылган кγч бар чыгарманын бири.

«Бетме-бетте» ѳз ѳлкѳсγнγн келечегин ойлоп согушка аттанган жоокерлердин арасынан бир жоокердин качышы, ѳз ѳлкѳсγнγн тагдырынан да ѳз ѳмγрγ кымбат турган кыргыз баласы тууралуу баяндалган.

Кыргыз уулдары да кан майдандан, ѳлгѳндѳн корккон уулдары бар экенин жашырган эмес. Бул жерден бир гана чындыкты сγйлѳгѳнγн байкоого болот. Айымдардын ошол турмуштагы кылган кызматын эрлер чапкан кетмен, кγрѳктγ колдоруна алып маңдай ылдый саамайларын ага турган эмгек терлерин баса белгилеген. Алардын сыйынаар адамдары, жол баштаган мырзалары каргыш тийген фашист огунан жараланган жандар болсо жана дагы бели ката элек кичинекей жаш балдар-кыздар болгон.

Дагы да болсо айылдагы жетимдердин ачкачылыгы, тоодой болгон уулдарынын ордуна алакандай сары илбиреген кагаздардын келиши болду. Алиги укмуштуу кичинекей алсыз кагаз аскар тоону кулаткан эр азаматты чоңойткон энелердин жγрѳгγн жара тешип, уулум деп сγйлѳгѳн тил бγтγргѳндγгγн жан кейите чагылдырат. Элдин кулагы кара кагаз деген сѳздγ эч аргасыз угуп жаткандыгы тууралуу болот.

Сейденин зээнин кейиткен элесичи, байкуш аял качкындын аялы болгону γчγн кγнѳѳкѳр беле? Же ѳз ѳмγрγн жолдошу γчγн эч себепсиз жамандыкка кыят беле? Эки тараптын бирин тандай албай байкуш келин керээлден кечке талаа жумушунда, андан соң бешиктеги алсыз уулу, ооруп жаткан Бексаат байбиченин маселелери… Булар аздык кылгансып кγйѳѳсγ башына тγшкѳн мγшкγл иш болду. Аргасыз кѳз жумуп ѳз баласынын атасынын башын калкалап айласы кеткен убак.

Ысмайыл ѳзγнγн гана башын ойлогон адамга ѳзγ кантип айланганын билбей башын мыкчып, башы маң болот. Кошуна жетимдерге жасаган кыянаттыгын ѳзγ да тγшγнгѳн эмес эле. Адамдын жашаганы кара γнкγр болсо жан дγйнѳсγ да кара γнкγр болот беле?!  «Аталаштан айылдаш» деп бир туугандай жакын туткан кошунасына кастык кыла турган кылып γнкγрдѳгγ жалгыздык аны ѳзγмчγл кылып салды. Муну билген Сейде Ысмайылдан акыркы γмγтγн биротоло γзгѳнсγдγ.

Адатын дагы карматып башка жетимдерге залакасын тийгизбесин деп Сейде обологон чындыкты ѳз наристесинин атасынан да бийик кылды.

Чыгарманын акырында Ысмайыл ѳлγм жазасына тартылганын баяндаган эмес, бирок Ысмайылдын абийири ѳлгѳндγгγн ачык кѳрсѳтѳ алган. Адам баласынын абийири ѳлгѳндѳн артык ѳлγм барбы?! «Коёнду камыш, жигитти намыс ѳлтγрѳт» деген сѳз бекеринен айтылбаса керек.

Аманкелди кызы Асел 10-класс, Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектеби, Суусамыр  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.