“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде согуш мезгилиндеги кыргыз жергесиндеги кыйынчылыктар, оор жоготуулар менен Ата Журт башына түшкөн мүшкүлдү ким кандайча көтөргөнү, нечен курмандык менен келген жеңишке ким кандай салым кошкону таасын көрсөтүлөт. Чыгармадагы бүткүл окуя башкы каарман Султанмураттын башынан өткөргөндөрү, аны кайрадан элестетүүсү, таттуу үмүт-кыялдары аркылуу берилет.

Султанмурат, Анатайлар кимдер? Көрсө, алар жазуучунун классташтары экен. Согуш жаңы башталган кезде Айтматов он үчтөгү бала эле. Ал алааматтын адам башына алып келген бүткүл азап-тозогун өз көзү менен көрүп, ошол турмушту өз башынан өткөргөн. Улуу жеңишти жакындатууга кошкон балдардын ченемсиз эрдигин ушул «Эрте келген турналар» повестинде бөтөнчө бир эргүү, бөтөнчө бир кайталангыс сезим менен берген.

Ошол жылы турналар эрте учуп келишти, алардын эрте келгенин карылар «жаз менен жайга жакшы жышаан, түшүм мол болот» деп жоорушту. Ошондо Султамурат, Анатай, Эркинбек кээде жабыла, кээде жалгыздап үн салып; канаттарынын учтарын каккылап, каалгып сүзүп бараткан турналарды карай чуркашкан. Бул алтын балалыктын көз ирмемге согуш мезгилин унутуп койгон учуру болчу. Демек, жазуучу жаш өспүрүмдөр менен символикалык мааниге ээ эрте келген турналарды катарлаш коюп сүрөттөө менен ага белгилүү идеялык милдет жүктөгөн.

… Иңкамал апай окутуп жаткан география сабагы, суук класс, эшикте бороон-чапкын. Саман жагылган класс чеке жылытпайт. Иңкамал апай Цейлон аралы жөнүндө, анда жашаган түрлүү жаныбарлар жана өсүмдүктөр тууралуу окуучуларга узун сабак, кызыктуу аңгеме айтып, түшүндүрүп жатты. Эгер Таластын жери да Иңкамал апай айткан Цейлон менен Индиядагыдай өмүр бою кышы жок болсо, анда балдар тигинтип кышылдабас эле. Баары белен, тим эле жомоктогудай жаңгагы төгүлүп, алмасы чирип көң болгон жерлер. Бирок апайдын жаналакетке түшүп айтып жаткандары Султанмураттын кулагынын сыртынан кетип жатты. Ал качанкы бир көргөн-билгендери тууралуу кайрадан ой жүгүртүп, кыялданып отурду.

Анын ою алда кайда, бирде өмүр бою кышы жок өлкөлөрдө болсо, бирде кечээ жакында эле атасы экөө барган Жамбыл шаарында. Базарга жакын ажайыпканага кирип, андан пил, тоту куш, тоодак сыяктуу не бир түркүн жан-жаныбарларды колун сунса жеткидей жерден көргөн. Лапылдатып жаап жаткан карды терезеден карап отурган Султанмурат таптакыр кыш болбос өлкөлөрдү укканда ошол жерде туулбай калганына өкүнөт. «Кап десең, Таластын аба ырайы деле тиги ысык жактагыдай болсо кана» – деп өзүнчө кыялданат. Анда азыр адырда пилдер оттоп жүрмөк. Бирин Султанмурат өгүздөй чүлүктөп минип, айыл аралата бастырмак. Эл жарданып : «Карасаңар, — эй, Султанмурат го, тиги Бекбайдын уулучу, пил менен келатат ой!» – дешип чуулдап ээрчип жүрмөк…

Султанмураттын тилегени – баягы атасы Чүй каналынан кайткан окуя дагы бир жолу кайталанса кандай зор кубаныч болор эле дегендей таттуу ойго келет. Анда атасын иниси Ажымурат экөө чогуу тосуп алышкан. Эми болсо атасы тээ кан күйгөн согушта, аны аман-эсен көрсө, Султанмураттын бактысы ошол. Атасы барда үй-жай, огород, бак-шак, мал-мүлк өз жайында болуп, алардын үй турмушу көркүнө чыгып турчу. Султамураттын атасы уулуна элдин нарк-нускасын, жигиттин эл алдындагы, сүйгөн жары алдындагы милдетин, ар-намысын, абийирин айгинелеген акыл насаатын айтат. Аны аткаруу парзым деп эсептейт ал.

Сүйүү сезиминин ыйык жана бийиктиги анын элден жашырынгандыгында жана уяттуулугунда. Султанмурат менен Мурзагүл, ата салтка жараша ал сезимин элден уялып жашырышат, ал турмак жалгыз экөө гана ээн жерде учурашканда да өз сезимдерин ачык айтышпайт. Тим эле тиктешип, демдери ичине түшүп кетет. Бири-бирине болгон ысык сүйүүсүн жоодураган көздөрү гана билдирет. Биздин элде жаштардын сүйүүсүнүн эң мыкты көрүнүшү деп так ушуну эсептешкен. Бул жагынан да жазуучу элдик салтты ушул эки жаштын мисалында далилдүү берет.

Султамураттын канаттуу кыялдарына тоскоол болуп мына ушул сабакта Тыналиев башкарма сылтай басып класска кирди. Анын аңгемеси кыска. Ал алыскы Аксайга баруу жөнүндө сүйлөдү. Анын мектепке келиши, олутту сөзү балдардын өмүр жолуна чоң өзгөртүүнү ала келди. Башкарма Тыналиев 14-15 жаштагы балдардын «Аксай десантын» түздү. Анан алыскы Аксайга кош айдоого барышка далай даярдыктар көрүлдү. Борошолуу жаан-чачынга, табигаттын ар кандай татаал кырсыгына карабастан, балдар Аксайдын дың жерин өздөштүрүүгө бүткүл аракетин жумшашты.

Аксайга барган балдардын жумушу кызып калган учурда, белгисиз каракчылар кошко чегилген аттарды уурдап, алардын артынан сая түшкөн Султанмураттын Чабдарына ок жаңылат. Баарынан өкүнүчтүүсү – Мырзагүл аны кубанып тосуп чыкпайт… Султанмурат да Чабдардын жүгөнүн шыпырып, салмоорлоп оңтойлото кармап ач карышкырга кол салууга даяр.

Бирок чыгармада адамды толгонтуп, ойго салчу не бир татаал тагдыр, татаал турмуштун элеси биринин артынан экинчиси көрүнө берет. Чыгармада тынч турмушту бузуп, адам канына кумар болгондорго үмүт менен жер оодарган, үмүт менен үрөн сепкен адамдар карама-каршы коюлган. Анткени бейпил турмуш үчүн, адамдардын бактылуу жашашы үчүн, адамдар улуу үмүт менен уламдан-улам жерге дан чачып, үрөн себет. Мына ошол жер тыткандар менен адам үмүтүнүн түбөлүк аткарылышы үчүн күрөшкөндөрдүн арасында Ч.Айтматовдун таластык балдары да бар.

Жазуучу башкарма Тыналиевди элдик баатыр көк жал Манастын өзүнө, ал эми Султанмурат баштаган балдарды анын баатыр, чоролоруна бекеринен салыштырган жок. Бүгүнкү күнү биз ,өспүрүм курактагылар, мына ушул «десанттардан» үлгү алуубуз зарыл. Эгерим согуш болуп балалык күндөн эч кимибизди эрте айрыбасын, мезгилинен эрте турнадай канат кагып калбайлы. Бирок бар тараптан турмушка даяр бололу демекчимин баянымдын аягында.

«Давха » мектеп-комплексинин окуучусу Ажимамат кызы Айтунук, 8-класс.

Дареги: Бишкек шаары. Э.Ибраев 67.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.