«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

«Биринчи мугалим» повести 1963-жылы өзүнчө китеп болуп жарыкка чыккан. Чыгармада кыргыз элинин сабатсыздыктан билимге болгон умтулуусу,   ал жолдогу тоскоолдуктарды,   карама-каршылыктарды көрсөтөт. Чыгармадагы башкы каарман — мугалим Дүйшөн.  Мугалимдин милдети өлкөнүн көсөм жол башчысыныкындай эле жооптуу. Ошол көсөм өңдүү эле мугалим да көргөн,  укканын унутпоого тийиш. Акылы тунук,  сөзү даана,  элестүү,  так болуп,  мугалим аларды окуучуларына көркөмдөп жеткирүү жөндөмүнө ээ болуусу ылаазым,  илимди үйрөнүүгө да дилгир,  бул иште арып чарчоону билбеген,  чындыкты жана чынчыл адамды сүйгөн,  жалганды жана жалганчыны жек көргөн,  өз наркын баалап,  абийирин сактаган,  окуучуларына калыс мамиле кылган чечкиндүү адам болууга тийиш. Дүйшөн дал ушул талаптарга жооп берген агай.

Ошондуктан,   талыбаган өжөр аракети менен гана алгачкы мектеп иштей баштады.  Ар кимден уккан ачуу сөздөр,   шылдыңдоолор да анын өжөр эркин,   адамдык ыйык сапаттарын кулата алган жок.  Дүйшөндөгү мугалимдик башкы касиет — ал өзү окуткан окуучулардын ички сезимин билгендиги жана ошону билип,  кырдаалга жараша мамиле кылгандыгы.  Дүйшөн Алтынайды биринчи ирет көргөндө эле анын билимге болгон умтулуусун сезе алган.  Бул көрөгөчтүгүн турмуш өзү далилдеди.  Алтынай Дүйшөндүн жардамы менен билим кемесине түшүп,  илимдин терең агымынан сүзүп өтүп,   айылына «академик» деңгээлине чейин өсүп жетилди.

Ал эми Алтынайдын образына кайрылсак,   анын билимге болгон умтулуусу чоң мааниге ээ.  Анын окууга шарты жок болсо да,   билим алууга тоскоолдуктар болсо да окуудан баш тарткан жок.  Алтынай окууну,   билимди биринчи орунга койгон. Коомдук турмуштун ар кандай тармактары сыяктуу эле мектеп иши да көптөгөн тоскоолдуктар,   мүчүлүштүктөр менен жолго коюлган.  Өткөн Совет доорунун алгачкы телчигүү мезгилинде коомду өнүктүрүүчү зарылчылык элге кызмат кылчу атуулдарда гана болорун түшүнүп,  өз мезгилинин улуу көсөмү И. В. Сталин: «Бардыгын кадрлар чечет!» деген өлкөгө ураан таштаган. Ал кадр кайдан чыгат?

«Кадр» деген эмне? Кадр — белгилүү бир кесиптин адис ээси. Кийин кесибин мыкты өздөштүрүп тажрыйбасы артканда,  өз кесибинин чебери болот.  Адистикке кантип жетет? Окуп,  билим менен жетет. Мына ушул аталган маселелер чыгармада көркөм баяндоолор менен берилген.  Ошондуктан,   бул чыгарма аркылуу бүгүнкү мектеп окуучулары Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдарындагы окутуучунун,  окуучулардын окуу шарты,   окуу куралдары менен таанышып,   азыркы учурда окуучунун терең билим алууга толук шарты бар экендиги ынанат.  Мурда окуучулардын окуу шарты,   окуу куралдары жок болгон.  Мүмкүнчүлүктөрү жок болсо дагы кыйналып-кысталып окушкан.

Жада калса окуй турган мектеби да болгон эмес.  Мектептин орудуна атканада,   каралбай калган жерлерде жана башка жерлерде окушкан. Ошого карабастан Алтынай сыяктуу илимди ыйык,  бийик туткан билимдүү жаштар чыгып,   келечек үчүн ак кызмат кылган.  Чыгармада «келечек жаштардыкы» деген ой да берилген деп эсептейм.

Дегеле мамлекеттин өсүп-өнүгүшү,  мекенине кызмат кылган инсандардын аң-сезимдүү,  сабаттуу иш-аракеттерине байланыштуу болот. Мамлекет өзүнөн-өзү өркүндөбөйт. Анын өсүшү — ага ак ниет кызмат кылган атуулунан. А атуул кандай даярдыкта? Ал-көргөн тарбиясында,  алган билиминде.  Алтынайлардын,  Дүйшөндүн эмгеги жерде калган жок. Алардын багытын биз кармап,   билимдин даңгыр жолунда бара жатсак,   биздин билимди баалап жарыяланган сынактар уюштурулуп,  иш-чаралар өтүп,  мекендин билим боюнча алга жылуусун камсыздап келет.

«Давха » мектеп-комплексинин 8-классынын окуучусу Эсен кызы Алтынай

Дареги: Бишкек шаары. Э.Ибраев 67.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.