“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

«Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу» – деген акыл-насаат, мени ар дайым, ар бир күнү оңолууга, башкача айтканда адам болууга тарбиялап турат.

Мен тандаган чыгармасын көпчүлүк адамдар окуган менен чакан чыгарма катары терең маани бербесе керек деп ойлоймун…..

Кыргыз элинин тарыхы кылымдан кылымга бир кыйла доорлорду басып өткөн. Канча согуш, кыйынчылыктарды көрүп, акыры 1918-жылы кыргыздар жаңы кеңеш өкмөтүнө кошулуп, тең укуктуулук, жыргалчылыктын даамын тата баштадык. Ошондон улам «савхоз, бригадир, колхоз, комбинат, завод» деген жаңы сөздөрдү өздөштүрө баштадык. Жазуучу башка чыгармаларындай эле адамдар кандай жашап жатат деген суроого жооп табууга көңүл бөлгөн.

Караңгы кирип алган. Кыштакка ылдый басышып эки адам келе жатат.

— Мына келип калдым, рахмат, – деп Сааадат үн чыгарды.

— Дагы кичине узатып коёюн, иттер талап койбосун, — дейт Касымжан.

Эки жаш коштошуп, эки жакка карай басып кетишти. Экөө бири-биринен ажырагысы келбей, бирок Саадаттын ою апасына кетти. Эмне учун апам мени эрте чакырды, же апама бир нерсе болдубу?- деген Саадаттын оюн жеп турду. Дарбазага жакындап калды. Бир кемпир бир нерсени сезгендей карап:

— Саадатсыңбы?

— Апа, эмне болду?

— Айланайын, каралдым. Караңгыда кантип келдиң? Жалгыз келдиңби?

— Жок апа, жолдогу араба мени жеткирип койду.

Апанын ызаланганын, сагынган кусалыгын көрүп, жүрөгүң эзилет. Эне байкуш… Эмне менен теңейсиң? Жалгыз кызы гана болсо, өзү жесир аял. Эч кимге кайгы муңун, кубанычын айта албайт. Бир гана жалгыз Саадат кыз болсо да, «Эненин ою балада, баланын ою талаада» дегендей, Саадат трактордук бригадада прицепщик болуп иштегендиктен, көпчүлүк убактысын талаада өткөрөт. Иш деп жүрө бериши апасын кусалантат. Кызы үйүнө келсе, Зейнеп апа үчүн чоң майрам. Кызын өзүнөн бир кадам ажыраткысы келбейт. Бул көрүнүштө апанын ушунчалык кызына жакындыгын, эне менен кыздын сүйүүсү чагылдырылган.

Бул чыгармада көтөрүлгөн тема — эненин мээрими. Эне бардык нерсени сезип, байкап турат. Кызынын жигитке ашык болгонун билсе да унчукпай турду. Акыры Саадат күйөөгө чыкты дегенди укканда, жүрөгү селт этип, же кубана албай, же ыйлай албай, ойлонуп туруп калды. Аңгыча Зейнеп апанын үйүнө Токой акенин келини Жийдегүл кирип келди. Зейнеп апа, Жийдегүлдү карай, бакыра баштады.

— Шорум кайнады, Жийдегүл, эмне кылайын эми? Эли жок, журту жок, азып келген немеге качып кетет деген эмне шумдук, эми менин кызымды каякка алып кетишет, кызымды көрбөй өлөмбү?- деп шору кайнап, ыйлай берди.

Жийдегүл Зейнеп апаны сооротуп, кыздын барар жери күйө, кызың кетип калбайт да, кайра келет.

Кийин Зейнеп Токой акенин үйүнө барат. Токой аке аны карап: “Мен баарын тушундум, билдим, эми мен сени сооротпойм, болор иш болду. Сенин кызың туура иш кылды. Ал жөн-жайдан эле кетип калган жок. Кызың эл үчүн иштеп, күчүн аябай иштеп жүрөт. Сен жаш кезиңде менин иним менен бирге болуп, бардык кыйынчылыкты өз мойнуңа алдың эле, ал эми сенин кызың эмне үчүн ушул заманда өзүнүн сүйгөнү менен бирге болуп, бирге иштеп жүрө албайт?”

Бул сөздөрдү укканда Зейнеп апа унчуга албай, Токой аке туура сүйлөйт да, ошондой туура го деп өзүн ынандырып турду. Акыры каада-салтты этибар кылбастан, кыз-күйөөсүн издеп, аларга өзү барышы менен окуя аяктайт.

Бул жерден белгилей кетчү нерсе, ошол мезгилдин жашоо тиричилиги. Адамдардын эмгекчил болушканы, эли үчүн жан аябаганын көрүп турабыз. Ал эми азыркы жашоочу? Ар ким өзү менен өзү, эл үчүн эмес, жалгыз жанын багуу учун чуркап калышкан. Бул чыгарманы дагы терен иликтеп айтып, жыйынтык чыгаруу өтө татаал.

«Давха » мектеп-комплексинин окуучусу Кубатбек кызы Уулжан 10-класс

Дареги : Бишкек шаары. Э.Ибраев 67.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.