“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Устат, насаатчы, мугалим… Бул сөздөр таасирдүү угулуп, жүрөктүн түпкүрүндө кандайдыр бир жылуулукту пайда кылат. Ал жылуулук ичтеги музду эритип, туман каптаган көңүлгө жарыктын шооласын чачат.

Турмуштан татыктуу орун таба билген ар бир адам өзүнүн ийгилигинде насаатчы, устатынын салымы бар экендигин баса белгилеп, аны сыймыктануу менен сөз кылат. Ар бир кебинде асыл сапаттарын даңазалап, аны адамдарда калыптандырууга далалаттанат. Ал эми экинчилери болсо ыраазычылыгын билдирүү максатында чыгарма жаратып, анын иш-аракетин сөз берметтеринде чагылдырат. Чындыгында эле, ак менен караны ажыратып, жакшы менен жаманды таанып-билүүдө туңгуюктан жол көрсөтүп, турмуштун даңгыр жолуна сапар тартууга жардам берген инсандар жөнүндөгү ар бир эмгек баалуу жана өзгөчө.

“Мугалим”,“агай” деген түшүнүктөрдүн маанисин ачып, өзгөчөлүктү киргизген улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин кимдер билбейт. Чыгарманын башкы каарманы – Дүйшөн агай – өз жумушун сүйгөн, билим, тарбия үчүн жан үрөгөн мугалимдердин прототиби. Советтик идеологияны жүрөгүнө бекем туткан, элдин сабатсыздыгын жоюуга жан талаша аракеттенген мугалимдин максаты тоо арасында жашаган, карапайым кыргыз элин билимдүү, илимдүү кылуу эле. Ошол деңгээлге жеткирүү үчүн бардык кыйынчылыкка, тоскоолдуктарга даяр болчу. Дүйшөндүн болгону үч жылдык гана билими бар, окутуунун жолдорун да билбейт, негизгиси, билгенин окуучуларына үйрөтүп, билимдин баалуулугун таанытууга аракеттенет. Чыгарманы окуп отуруп, ага мынчалык эмне зарылдык келди деп ойлойсуң. Парта, китептин жоктугу, калем, кагаздын жетишсиздиги, жада калса, койканадагы каңырсыган кыктын жыты, анысы аз келгенсип, айыл адамдарынын аны ур-токмокко алуусу, каргаган сөздөрү – булардын баарына эч бир адам чыдап тура алмак эмес. Кыштын күнү өзөндүн суусун кечмек түгүл, караңгы эл арасынан кандай билимдүү чыкмак деп, кол шилтеп басып кетмек. Бирок ал өзүнүн чыдамкайлыгы, эрктүүлүгү менен гана бул тоскоолдуктарды жеңип, көздөгөн максатына жетти. Мына ушул сапаттары менен окуучуларынын гана эмес, бүтүндөй окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапты.

Бул чыгармага баа берип жатып, менде “Бүгүнкү күндө Дүйшөн агай барбы?” деген суроо жаралат. Буга, албетте, бар деп чечкиндүү жооп берер элем. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө туруштук берген, билимдүү, жөндөмдүү инсанды тарбиялоо зарылдыгы жаралууда. Анткени технология өсүп-өнүгүп, улам жаңы нерселер пайда болуп, коом дүйнөлүк цивилизациянын кучагында келе жатат. Жашоодогу мындай ийгиликтердин башаты Дүйшөн сыяктуу агайларга барып такалат эмеспи. Алардын талыкпас эмгеги, тынымсыз изденүүчүлүгү окуучусуна жаңычылдыкты жаратууга түрткү болууда. Маданияттуу, аң-сезимдүү жаштар тарбияланып, келечегибиздин пайдубалы түптөлүүдө. Ал гана эмес, элибизде мээримдүү, боорукер, намыстуу инсандар калыптанып, коомубуздагы жат көрүнүштөр менен күрөшүүдөгү чыныгы курал болууда. Демек, жашообуздагы ар бир ийгилик, жакшылык – “Дүйшөн агайлардын” эмгегинин үзүрү.

Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 10-класстын окуучусу Курманбеков Ырыскелди,

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.