“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Эне – мээримдүүлүктүн уюткусун жараткан, жан дүйнөгө асыл сапаттардын үрөнүн сепкен өзгөчө инсан. Анын жаркырап албырган жүзү, жалбарып сүйлөгөн жагымдуу сөзү бозоруп түнөргөн алай-дүлөйдү жоготкон шамал сымал, бардык азапты унуттуруп, жагымдуу жагдай жаратат. Ичинде жан дүйнөсүн түйшөлткөн ойлор алсыратып турса да, өзүнө кайрат топтоп, сыртынан жаркылдап, баласына билдирбөөгө аракет кылган асыл инсан. Бул асыл зааданын адамдык касиеттерин ачып берүүгө биздин чамабыз жетпеген сыяктанат…

Кандай гана көркөм чыгарма болбосун, чиеленишкен тагдырлардын арасында эненин образы берилет. Бардык учурда эненин өз перзенти үчүн толгонуп, анын келечеги, бакыты үчүн жапа чегип, түйшөлгөн образын көрө алабыз.

Биздин мыкты сүрөткер, көркөм сөздүн чебери, дүйнөлүк көйгөйдү өз чыгармасына камтыган улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармаларында эне образы чоң масштабда берилип келет. Айрыкча, “Саманчынын жолу” повестиндеги Толгонай эненин образы ар бир окурманды ойго салып, байкуш аял затын эмнеге мынчалык оор сыноолорго туш кылат деген ойдо калтырат. Эл башына түшкөн оор коогалаң адам баласын гана эмес, жада калса, Жер энени кансыратып, кайгыга салды. Бойго жеткен эр азаматтардын биринин артынан экинчисинин майданга аттануусу, колуна курал кармап, душманга каршы туруусу эненин назик жүрөгүн кансыратып, алсыз жанын азапка салды. Бүтүндөй өмүрүн балдарына арнап жашаган эненин айланасын кара туман каптап, өмүрлүк жары Субанкулдан баштап үч уулун – Касымды, Майсалбекти, Жайнакты жана өз кызындай көргөн Алиманды адаштырып, энени жалгыз калтырып кете берди. Ички дүйнөсүн азапка салган дүрбөлөңдү эч кимге айта албай, өзүндөй болуп азаматтарын жоготкон Жер эне менен бөлүшүп, аны менен кеңешип, сырдашты. Бапырап турган үйүнүн дубалдары урап түшүп, бозоргон урандынын арасында өзү калды. Кудайдын буйругу менен ыңаалап келген наристенин өмүрү эненин андан ары өмүрүн улантуусуна түрткү болду. Кызыл чиедей бөбөктүн алсыз өмүрү Толгонайдын энелик сезимин ойготуп, болгон кайгыны ичке катып, жаш чырпыктын чынар болушуна кам көрдү. Анткени мекенин коргоочу инсанды жетилтүүгө өзүн милдеткер эсептеди. Ошол үчүн да кызыл эт баланы чоңойтууга болгон күчүн жумшады. Байкуш эне ошонун баарына чыдап, оор тоскоолдукту, катаал ашууну жеңе алды. Саманчынын жолу – ошол мээнеткеч, сабырдуу, мээримдүү эненин тагдыр жолу. Ошол жолдон өткөнгө чейин сүйүнүчтүү да, өкүнүчтүү да жашоону башынан кечирди. Опол тоосу урап, көзү караңгылап, тунгуюкка кабылганда, өзүнө күч-кайрат топтоп, татаал ашуудан кайраттуу өтө алды. Борошологон жаанда да, бороондогон аязда да этегин кагына күүп, алдыга кадам таштап келди. Акыры ошол кадамдары ачык, келечектүү жолго баштап келди. Жанын үрөп чоңойгон Жанболоту мыкты инсан болоруна көзү жеткен Толгонай эненин жүрөгү тынч алды…

Эне жүрөгү алсыз дегенибиз менен, анын керемет күчүнө эч бир нерсе тең келе албайт. Ал өмүр гана бербестен, элинин, жеринин керегине жараган инсан болуусуна кам көрөт, аны тарбиялайт. Эгерде уулу же кызы эл сыймыктанар инсан болуп тарбияланса, кудуңдап сүйүнүп, өзүнө өзү ыраазы болот. Биз эне сүтүн актоону кааласак, элибиздин татыктуу уулу болууга аракет жасайлы. Ошого умтулалы. Ар бир ийгилигибиз, пайдабыз энелер үчүн экендигин эч качан эсибизден чыгарбайлы.

Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи,  10-класстын окуучусу Муратов Илимбек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.