«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

Ак кагаздын  бетин  тиктеп  ойлуу  турат.
Жүрөктөгү  сүйүүнү  айта  албай,
Калемин  каршы  алып  камдап  турат.
Терезени  ойлуу  тиктеп  улам  карай.

Ушул  убак  Исабековдун  жаны  жер  тартып, жашоосунун   боёгун  таппай, дүйнөгө  эмнеге  жаралгандыгын  билбей  турган  учур.  Жүрөгүнүн  үнүн  уга  албай, башканын  акылын  ээрчип  кеткен  убак.  Көңүлүн  укканда мынчалык  түйшүккө  кабылбас  беле.  Канатыңды  карап  туруп  кыркып,  туңгуюкка  өзүн сүйрөгөн  адат  адам  баласына  гана  тиешелүү  болсо  керек.

Аялга  сый  бер! Ааламды  алдыңа алып  төшөп  берет.  Чайды  белендеп  куйган  кеп  бекен.  Жылуулук  эле  берип  көр  аялга! Мээрими  менен  жазга  айландырат  го  ызгаар  кышты! Анын  жубайы  андан  дал  ушундай  мамилени  каалап  турду.   Бирок  Исабеков  өзүнүн  муздак  сезимдери  менен  алпуруша  албай, анын  арты  ажырашуу  менен  аяктады.  Ошондон  улам  ал  өз  кызын  шаардын  четине  алып  барып, апасы  менен  ажырашкандыгын , ал  Москвага  жалаң  диссертациясынын  гана  айынан  эмес, бөлөк  жашагысы  келгени  үчүн  кеткенин, эми  кимдин  колуна  барарын  Анара  өзү  чечсин  деп  жатканын  айтмак.  Балага  катуу  тиер  бул  сөздү  Исабеков  үйүндө  айта  албады.  Ага  ата-эне  канча  ишеним  көргөзсө, ошончо  канат  байлайт  болчу.  Ал  ишенимди  акташ  үчүн  бийик  учкусу  келет.

Бала  менен  эненин  ортосунда  киндик  байланыш  бар.  Ошол  байланыш  аркылуу  эне  балага  дем, күч  бере  алат.  Бала  сенин  менчигиң  эмес.  Бала  бул  дүйнөгө  сен  аркылуу  келди.  Өзүнүн  каалоосу  менен  эмес, сенин каалооң  менен  келди.  Ошол  себептүү  аны  көз  каранды кылып, милдеттендирип, оордугун  таштап  кыйнабоосу  кажет.  Ата  менен  эне  сүйүүсүн  берип, мээримин  төккөнгө, жөлөк  болгонго  бар  болуусу  абзел.

Ушул  сыяктуу  ойлор  Исабековду  ичинен  жеп  жатты.  Ойлогон  оюн  айтууга  эрки  жетпей, башын  жерге  салып  көпкө  отурду.  Аңгыча  алма  бакты  аралап  кеткен Анаранын  үнү  чыкты.  Көрсө  ал  фонардай  күйүп  турган, бүт  бак  ичинде  эң  акыркы  эң  даамдуу  алманы  таап  алып  кубанычы  койнуна  батпай  чуркап  келиптир.  Ал  кызыл  алманы  бир  саамга  карап  турду  да, бир  кездерде  болуп  өткөн  армандуу  окуя  эсине  түштү

Исабеков  да  бир  кездерде  дал  ушул  алма  бактан  күндөй  болгон  тоголок  кызыл, салмактуу,  буруксуган  жыты  мурдун  өрдөгөндө  башты  айланткан, жука, кызыл  терисинин  астынан  ширелүү, күн  нуру  сиңген  даамдуу  эти  көрүнүп  турган  алманы  таап  алат.  Мына ,  ажайып! Алиги  кызга  бербейби! Ушул  учурда кыз  кайдан  эсине  түшө  калды.   Ал  кыздын  аты-жөнүн  али   билбейт, бирок  күндүр-түндүр  элеси  көз  алдынан  кетпейт, анан  кантип  аны  ушул  азыр  унутуп  койсун.  Кантип  эстебей  коймок.  Сүйүү — ыйык  сезим.  Көргөнгө  көзүң  да, көңүлүң  толуп, жүрөгүң ыгы  жок  согуп, жытына  тойбой, башың  айлан  көчөк  тегеренип, демиң  кысылып, дендароо  болгон  сезим.  Сүйүү  десе  көзүн  же  сөзүн   сүйбөйсүң, сүйүү  дегенде  бүтүндөй  өзүн  сүйбөйсүң.  Кемчилиги, артыкчылыгы  биригип  бир  бүтүндүктө .  Анын  карашы, басышы, кулүшү, жүрүшү  баары көзүңө  сонун көрүнөт.

Ичиңен элжиреп, эркелетип  бүтпөйсүң.  Айрым  учурда  унчукпайсың, көздөр  менен  гана  сүйлөшөсүң.  Тажабайсың!Анын ыпыссык  колу  колуңду  кармаганда,  өткүр  көзү  көзүңө  тигилгенде,  ысык  токочтун  үстүндөгү  сары  майдай  эрийсиң! Эрини-эриниңе  тийип  кетсе  жүрөгүң  алгач  токтойт.  Анан  баш  аламан  ритмден  чыгып  сого  баштайт.  Ал  учурда  аны  башкара  албай  убарасың.  Акылыңдын  сөзү  өтпөй, кыйкыра  берип үнүң  өчөт.  Эмне  үчүн бул  окуяны  армандуу  деп  атаганымды  билбей  турсаңыздар  керек.  Себеби  бул  Исабековдун  жоопсуз  сүйүүсү  болчу.  Анын  ушундай  бийик  аска  зоолордон, күндүн  аптаптуу  ысыгынан  жаңы  ээрип  түшкөн  туптунук, мөңгү  суусундай  таза  сезимдерин чанып, башкача  айтканда, кыз өзүнүн  кызыл  алмасын  чанып  кетип  калды.

Ошондой  болсо  да, андан  кызыл  алма  каалап, күтүп, жүрөгүң  менен  кошо  тартуула  деп  талап  кылган  бир  аял  бар  тура.  Ал  өзүнүн  аялы – Сабира  экен.   Күзгү  бактын  ичинде  олтуруп  Исабеков  азыр  ушуну  ойлоду.  Эртеси  Анара  атасынан  мурда ойгонуп, Москвага  жөнөтүлө  элек  телеграмманы  окуду: “Сабира, биз  сага  барабыз”.  Кыз  ручканы  алды  да, тамгаларды  дааналап  улантып  жазып  койду: “Тосуп  ал, мама.  Биз  сага  кызыл  алма  алпаратабыз”.

Мына  калеми  курч  улуу  жазуучу  Чыңгыз  Айтматовдун  дагы  бир  чыгармасына саресеп  салып  окуп  чыгып, не  деген  талант, не  деген  жазуучу, не  деген  психолог экенине  дагы  бир  жолу  ынандым.  Бул  чыгарманы  окуп  жатып  не  бир  түркүн  кыялдарга, сезимдерге  кабылып,  андагы  каармандар  менен  бирге  толкунданып, ойлонсо  ойго  батып, өз  жашообузда  болуп  жаткандай  дүрбөлөңгө  түшүп турганым  ар  бир  окурмандын  жүрөгүнүн  түпкүрүнөн  орун берет.

Күнүмдүк  турмушубузда  жеп  жаткан  жөнөкөй  кызыл  алма  кээ  бир  учурларда ушунчалык  чоң  ролду  ойной  турганын  ким  билиптир? Дал  ушул  кызыл  алма  жашообуздагы  жолдун  нугун  таап, анын  ичинен  өз ордубузду  орноштурганга  себепкер болуп  турат.  Жазуучунун  чеберчилиги  анын  бир  эле  мөмө  аркылуу,  бүткүл адамзатка тарбия-таалимди  берүүсү, бул  чыгарманын  негизги  бүтүн идеясы  деп  эсептейм.

Саргайган  дарактын  башындагы  жалгыз  кызыл алма кайда? Кайдадыр  шамал  учуруп күбүп  салганбы, айтор  көрүнбөйт.  А мен  болсо  ошол  жакты  карап  акмалайм.

Келерки  жылы ошол  дарак  мөмө  байлайт  болду  бекен?

Кызыл  алма — сүйүүнүн, жакшы  көрүүнүн  символу?

Төлөйкөн айылы, №32 Ж.  Мамытов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Шамшиева Аида

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.