Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Немец элинин философу Людвиг Фейербахтын «Жазуучу жана акындар өзүлөрү жашаган доорлордун абийир жана ар-намысы» деп айтканы бар. Өз элинин турмушун сөз менен чагылдыруу кадимки жазуучунун иши. А бирок элинин кыйынчылыгын, кубанычын, ой-мүдөөсүн жан дүйнөсү менен сезип, тунук көкүрөгү менен туюп, акыл тегирменинен өткөрүп, элестүү сүрөттөө ар бир эле калемгердин колунан келе бербес.

«Чыныгы чыгармачыл инсан бүт ааламды бир өзүнө сыйдыра алат» деген сөздү Ч. Айтматов өмүр бою унутпай, кол жеткистей көрүнгөн бийиктикке умтулуудан талбай келген. Улуу ойчул эбак эле бүткүл планета адамдарынын ой-максат, акыл-эсинин чагылдыруучусу болуп калганын белгилей кетүү керек. Далайларды ойго салган чыгармаларынын бири «Кыямат» романы.

«Кыямат» деген эмне? Бул кандайдыр бир нерсенин бүлгүнгө учурашы, кыйрап жок болушу. Чыгарманын аты эле айтып тургандай, анда кооптуу кыйын кысталыштар чекке жетип калган коомдук көйгөйлөр көркөм берилет. Роман үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк Акбара мнен Ташчайнардын аянычтуу тагдыры. Эгер айбандар башынан өткөндөрүн айтып бере алгыдай, же эстей алгыдай болгондо, анда Акбара эртегисин кайра жашагандай болор эле. Ким билет, балким башынан өткөндөрүн эстеп, эне бөрүнүн көзүнөн жаш кылгырып, алкымынан кыңкыс онтоо чыгып жүргөндүр. Моюнкум талаасында күн көргөн Акбара жана анын таянычы Ташчайнар, мейкин талааны мекендеген карышкырлар бөкөндөргө аңчылык кылып, насибин тапчу. Бирине-бири жем, бирине-бири азык болгон – бул табияттын табигый көрүнүшү. Эзели адам буту баспаган кумдуу чөлдү кырсык басып, темир канаттуулардын курманы болушту. Бул адам баласынын тынч жашоону бузуп, чөлгө келишининин бир себеби – эттин планын толтуруу. Бекер бөкөндөрдү кызыл жаян кылып ок жаадырышты. Бул баш аламандыкта Акбара үч бөлтүрүгүнөн ажырады, жер которууга аргасыз болушту.

Балдарынан ажыраган карышкырлардын кийинки төрөлгөн бөлтүрүктөрү камыш өрттөлгөндө, жалын ичинде калат. Буга да адам баласы себепчи болот. Желини сүткө толгон боюнча, айнектей көзүнөн мончок жаш агызып Акбара менен Ташчайнар тоо боруна көчүп келет. Убакыттын өтүшү менен бөлтүрүктөр туулат. Курсак камы үчүн үңкүрдөн алыстаган бөрүлөр азык таап кайтса, кичинекей бөлтүрүктөр ордунда жок. Балдарынын жытын тааныган бөрүлөр алып качкан адамдын артынан кууп, мына-мына жетерде Бостондун короосуна кирип кутулат. Акбараны балдарынан айрыган Базарбайдын кылганына ак ниет Бостон жооп берет. Ырасында балдарынан ажыраш оңой бекен? Жаңы төрөлгөн бөлтүрүктөрүнөн көз алдында айрылган Акбара адам баласына өч эле. Ошентип бөлтүрүктөрүн алып качкан жексурдун кирген үйүнө түн жамынып койлордун кардын жарып, балдарымды бер дегенсип, жакындан тынчтык бербей улучу.

Бир күнү Бостондун эки жаштагы баласын Акбара алып качканда, байкуш ата аткан огу жаза тайып наристесине тиет. Мына ошентип адам дүйнөсүндөгү коркунучту өз колу менен жасап алат. Бостондун дүйнөсү кыямат болот. Бөлтүрүк уурдаганы үчүн Базарбай Бостондун колунан өлүм табат. Окуя кыямат менен аяктайт.

Өз өмүрүнүн коркунучта экенине карабай, өзгөлөрдү тагыраагы нашага берилген жаштардын туура жолго түшүүсү үчүн кара жанын карч урган каарман – Авдий Калистратов. Алгач чиркөө кызматкери болуп жүрүп, айткандары попторго жакпай, чиркөөдөн куулат. Гезит беттеринде байма-бай куру үгүттөөлөр менен чыгып, кийин ал жумушунан да кол жууйт. Наша терүү жылдан-жылга күчөп, жаштардын көбү агылып, бул ишти кесип кылып алышат. Наша терүүгө боз уландардын аралашканы Авдийдин санаасын санга, оюн онго болот. Комчулукка ачыкташ үчүн алгач толук кандуу так маалыматка ээ болуш керек. Ошондуктан нашакечтерге кошулууга аргасыз болот. Ошентип жүрүп Моюнкум талаасында адам кейпин кийген айбандардын айынан даракка керилип, мейкин талаада өзү калат. Өзүнөн да биринчи башканы ойлогон Авдий Калистратов да акыры кыяматка учурайт.

Авдий жана Бостон тили, дини, кесиби боюнча бири-биринен өтө айырмалуу болгону менен ички ой-жүгүртүүлөрү жагынан алганда алар боордош каармандар. Ар нерсенин карама-каршысы болот эмеспи. Ушул сыңар чыгармадагы оң каармандын каршысындагы образдарды Гришан, Базарбай, Кочкарбаев сыяктуу карамүртөздөрдүн кылган-эткенинен байкоого болот.

Биз романдагы каармандар аркылуу ак-караны айырмалайбыз. Табияттын ар бир мүчөсүнө аяр мамиле кылышыбыз зарыл. Себеби алар да тирүү жан, аларда да сезим бар. Кандай гана абал болбосун, эң биринчи акылды иштетип, анын эртеңин ойлоп адамдык асыл сапаттан ажырабаш керек. Базарбайга окшогондор башкага зыян келтиргенден башкага жарабайт, түз жолдо жүргөндөргө да тынчтык бербейт.

Келечек бардык жаштардын эмес, ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда. Анда билим алуунун ордуна ар жерде шимшилеп жан баккан, жаш өмүрүн наша терүүгө, кылмыш кылууга арнаган Ленкага окшогондорго ким көңүл бөлөт? Балким, бул жашоону өзү тандап алды деп ойлойттурсуз. А эгер ошондой балдардын туура эмес топко кошулуусун алдын алганда, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдар калган өмүрүн темир тордун артында өткөрмөк эмес. Бул бир эле адамдын колунан келчү иш эмес экенин Авдий далилдеди го.Чыгармадагы каармандар аркылуу «айтматовдук» асыл ойлор төгөрөктүн төрт бурчуна, улутуна, динине карабай баарына бирдей жуурулушуп, жан дүйнөсүнө сиңип кетти.

Бостондун чынчылдыгын, эмгекчилдигин, Авдийдин ак ниеттүүлүгүн боюбузга сиңире алганыбызда окуган нерсебизден жыйынтык чыгара алган болор элек.

Улуу адамдардын өмүрү караңгы түндө үнсүз жымыңдаган жылдыз сымал. Алардын өмүрү өрнөк алгысы келгендерди өзүнө тартып, кыйшайып баратса түз жолго нускайт, жашоонун маңызын күзгүдөй чагылдырып адамды өргө жетелейт.

Жогорудагы жылдыздардан өрнөк алалы!

Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы, Арыкбай Осмонов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Умар кызы Айзирек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.