«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

Айтматовдун мен окуган чыгармаларынын бири «Саманчынын жолу» повестин бүгүн кеңири талкуулагым келип турат. Чыңгыз Айтматовдун бул повестинде «Адам менен жаратылыштын ортосундагы байланыш», «Эне жүрөгү», «Аялзатынын орду», «Согуштун каардуулугу», «Адам баласынын напсисине жараша кетирген катасы», «Патриоттуулук менен ал түшүнүктүн каршы мааниси эли-жерин саткан маңкурт чыккынчылар», «Адамдардын бирин-бири түшүнүүсү», «Ата-эненин берген тарбиясы», «Сабырдуулук» аттуу темалар чыгарманын мазмунун камтып турат.

Башкы каарман Толгонай Жер эненин көз алдында чоңоюп, ага өзүнүн ичиндеги сырларын айтып, ар дайым зыярат кылып турат. Жер эне деп айтканда, адам баласы басып жүргөн, адам баласы жаралган жердин баарын айтабыз. Толгонайдын зыярат кылган жери бул кичинекей кезинен ойноп-күлүп, үрөн сээп, буудай оргон жери болот. Анткени Толгонайдын ал жерде жашоосунун жарымы өткөн. Бирок ага карабастан Толгонай кайда жүрбөсүн аны менен бирге. Анткени Толгонай Жер Эненин кызы жана ошол эле жердин кучагында жашоосун кечирип келет.

Толгонай бой жетип Таластан келген Субанкул аттуу жигитке турмушка чыгат. Субанкул да Толгонайга окшогон чыдамкай, сабырдуу, албеттүү жигит болот. Экөө жакшы турмуш куруп Касым, Майсалбек, Жайнак аттуу үч уулдуу болушат. Балдары эс тартып калганда заман алмашып, элдин баары сабаттуулугун жоё башташат. Алардын ичинен Субанкул да комбайн, трактор айдап үйрөнөт. Ортодон жылдар зымырап өтөт. Субанкул мененТолгонай балдарына татыктуу тарбия беришет. Алардын тарбиясы кийин балдары мекен үчүн чыныгы патриот катары кызмат өтөшкөндө билинет.

Ортоңку уулу Майсалбек мугалимдин окуусуна окуп жүрүп, ошол жактан түз эле согушка кетет. Улуу уулу Касым атасынын жолун жолдоп айылда калып, Алиман аттуу кызга үйлөнүп, үй-бүлөсүн сүйүнткөндөн көп өтпөй суук кабар угуп, атасы Субанкул болуп согушка аттанышат. Ал эми кичүү уулу Жайнак элдин кыйналганын көрүп, өз эрки менен фронтко кетет. Ал эми Толгонай күйөөсүнүн ордуна бригадир болуп, эл башкарып калат. Бул жерде аял затынын оорду жөнүндө кеңири ойлорду айтса болот. Мисалы, Толгонай аял болгону менен элди калыс башкарат. Ушул жерден мен Толгонайды Алай ханышасы Курманжан Даткага окшоштурам. Анткени Толгонай кээ бир эркектерге караганда жүз эсе мыкты кызмат өтөйт.

Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Субанкул менен Касымдын өлгөндүгү жөнүндө кара кагаз келет. Кызындай көргөн келининин сыздаганын көрүп Толгонайдын жүрөгү канжалайт. Мындай кара кагаз тек гана Толгонайдын үйүнө эмес, ар бир үйгө келип тургандыктан Толгонай аза күтүп, кайра белин бекем бууйт да элге кызмат өтөгөнүн улантат.

Андан кийин ортоңку уулу Майсалбектен акыркы кат келет. Мугалим бала эли-жери, энеси менен коштошуп, согуш бүтсө жакшы жашоо келерин жазып, чыныгы патриот катары курман болот. Ал эми кийинчерээк Жайнак кабарсыз кеткен бойдон кайтпайт.

Күндөр уланып Толгонай элден калган буудайдын баарын чогултуп алып үрөн сээп, күзүндө фронтко жибергени даярданып баштайт. Кошунасы Айшанын көз жашына карабай колундагы акыркы табак үрөндү да алып көпчүлүктүкүнө кошот. Чогултулган буудайды Жекшенкул баштаган согуштан качкан маңкурттар алып кетет. Анын артынан кууп барып жетпей калат. Ай талаада жалгыз калып, асманды караса убагында көзүнө жакшы көрүнгөн саманчынын жолу эми кошунасы Айшанын көз жашындай көрүнөт. Бирок «ак ийилет бирок сынбайт» дегендей эле уурулар колго түшүп, өздөрүнө жараша жазасын алышат.

Толгонай Айшага кылган мамилесине карабай, АйшаТолгонайды кечирет. Аны биз мындай жол менен билебиз: Алиман Чаткал тараптан келген койчуман жигиттен боюна бүтүп калат. Толгонайдын келинин Айша туура түшүнүп, ээрчитип алып Чаткал тарапка барса, ал жигит үй-бүлөлү болуп чыгат. Мына ушул учур азыркы биздин заманда болсо, Айша Чаткалга бармак тургай, тескерисинен, элге биринчи жаймак. Бул жерден биз чыныгы биртуугандай кошуначылык мамилени көрүп турабыз.

Ал эми Алиман ичи билине баштаганда уялып төркүнгө кетет. Бирок Толгонай менен Алимандын ажырашуусу көпкө созулбай, кайра бирин-бири көздөй бет алып бараткан жерден жолугушуп, Алиманды кайра үйгө алып келет. Бул жерде кайнененин келинге кылган мамилеси өзгөчө баяндалган. Толгонай Алиманды «гүл сүйгөн келиним Алиман» деп жакшы көргөн. Бирок бул жерде Толгонай Алиманга өзүнүн энесиндей эле. Анткени, эне баласына баардык күнөсүн кечирет. Ал эми биздин заманда кайнене менен келиндин мамилеси таптакыр башкача. Мындай болсо да, миллиондон бир болушу керек.

Убакыт өтүп Алиман өзүн Касымдын алдында күнөөлөп жүрүп, төрөттөн каза табат. Бул жерде биз ар бир адам жаңылышат экенин билебиз. Андан тышкары бул жерде өзүнүн түбөлүк жарына болгон сүйүүсүн билсек болот. Ар кандай ойлор кетиши мүмкүн. Бирок Алиман Касымды сүйбөсө анын алдында өзүн күнөөлөмөк эмес да. Алимандан Толгонайга Жанболот аттуу уул бала калат. Толгонай небересин өзү багып чоңойтот. Бала боорун жерден көтөрүп эс тартып калганда Айшанын баласы Бекташка жардам берип комбайн айдап иштеп калат. Биринчи түшүмдөн жасалган нан деп, Толгонайга Жанболот жаңы бышкан нанды сунганда Толгонай Касымды эстейт.

Нандын даамын татканда Толгонай жашоодо кээ бир нерселер өз ордуна каларын ойлонот. Жанболот Касымдын өз канынан жаралган бала болбогону менен, ал Касымдын жолун жолдоп, анын баласымын деп өзүн эстептейт. Бул чыгарманын акыры Толгонай Жер Эне менен маектешип, өткөн-кеткендин баарын талкуулашат. Акырында Толгонай Жанболоттун ким экендигин кантип айтаарын Жер Эне менен сүйлөшүп, үйүнө кайтканы менен аяктайт.

Чыгарманын аягында «Жанболот кантип кабыл алат?» деген маанилүү суроо калды. Менин оюмча акыл-эстүү бала болсо жакшы эле кабыл алышы керек. Бир чети Жанболоттун акыл-эстүүлүгүнө ишенем. Анткени кандай болбосун ал Толгонайдын тарбиясын көрүп, чоңойгон бала да. Демек, менин айтаарым жашоо бул ар кандай кырдаалдар менен курчалган түгөнгүс нерсе. Анын акырын көрүүгө мүмкүн эмес. Жашоонун акырын бизге бир гана теңир көрсөтөт.

Давха» мектеп-комплексинин 10-классфнфн окуучусу Жекшенбай кызы Эльвира

Дареги: Бишкек шаары. Э.Ибраев көчөсү 67.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.