Нургазы Мусаев: Экөө

АҢГЕМЕ — Ой, бо-ой, укмуш панорама ачылат турбайбы сиздин терезеден. — Ооба! Дал ушул панорама үчүн эле канча тыйындын көзүн карабай, сатып алдык да. — Жакшы, жакшы! Кут кылсын! Үйүңүзгө куру кол кирип калганымды караңызчы. — Жок, агай! Кийинки сапар. Мен үчүн биздин үйгө келип калганыңыздын өзү — чоң окуя. — Да-а-а! Мобу кыргыз Ала-Тоосунун керемет көрүнүшү үчүн канча тыйын болсо да садага чабууга болот. Албетте, капчык мүмкүнчүлүк берсе… Баарына ошондой мүмкүнчүлүк берсин жогору жактагы Жараткан. — Айтканыңыз келсин. Мен […]

Людмила Молдалиева, театровед: И вновь его величество театр…

«Мы есть то, что мы помним и ждем» Ч.Айтматов Об итогах одиннадцатого Республиканского театрального фестиваля, посвященного 100-летнему юбилею Народной артистки Союза Советских Социалистических Республик  Даркуль Куйуковой С 30 апреля по 3 мая 2019 года в Бишкеке прошел ХI Республиканский театральный фестиваль, посвященный памяти великой актрисы нашего многонационального  искусства Даркуль Куйуковой. Обладателем Гран-при фестиваля, лучшей постановкой  ушедшего года  стал спектакль Кыргызского национального академического театра драмы им. Т.Абдымомунова  «И дольше века длится день» по произведению Ч.Айтматова. Инсценировал роман и поставил  режиссер Н.Мендебаиров. […]

Убакыт баркын билбей жүргөндөргө Луций Анней Сенекадан улуу сабак

Луцилийге жазган каттарынан Биринчи кат Сенека Луцилийге салам айтат! Дал ушундай кыл! Өзүң үчүн мурда тарттырып жиберген же бекерге кетип жүргөн убактыңды кайра утуп ал, аны сакта жана өзүңө арна. Мага ишенбесең өзүң байкап көр: биздин убактыбыздын бир бөлүгүн күч менен тартып алышат, бир бөлүгүн уурдап кетишет, ал эми дагы бир бөлүгүн өзүбүз пайдаланбай коё берип жиберебиз. Бирок бардыгынан жаманы – бул өзүбүздүн кенебестигибизден кетирген жоготууларыбыз. Жакшылап карап көрчү: өмүрүбүздүн көпчүлүгүн болбогон иштерге коротобуз, бир далайын бекерчилик менен өткөзөбүз, калган […]

Абдигапарова Канайым: Мен да Дүйшөндөй мугалим болгум келет (№49 дилбаян)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна Мен Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын окудум. Бирок мен өзүмө бирөөсүн гана,  башкача айтканда,  жүрөккө жакын көрүп сүйүп окуган чыгармамды гана тандап алдым. Улуу жазуучунун шедевр чыгармалары көп дечи,  бирок көңүлдүн шедеври,  кыялдын шедеври башкача болот тура. Мен үчүн ал шедевр — «Биринчи мугалим». Чыгармада билим,  адамгерчилик,  салт темалары козголгонун аны,  айтор,  повесттери ойлорго кайдыгер караган жокмун. Повесттеги ар бир курч окуяда жүрөгүм алып учуп,  Алтынай окуса,  окуп жада калса,  муздак суудан кечсе кадимкидей үшүп,  чыныгы окурмандын […]

Жыргалбаева Айдай: Бакыт алып келген турналар (№48 дилбаян)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна Мен 15 жаштамын. Ооба, мен тээ Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында ойноп оюнга тойбогон, жаш сөөгү дурустап ката элек Мырзагүл, Султанмурат, Анатай, Кубаткулдар менен жашташ кезим. Өмүрүмдүн ак гүлгө оронуп, мектепте эң таттуу балалык курактын доорун сүрүп жаткан убагым. Тоё уктап эс алып, каалаганча китеп окуп жашоодон ырахаттана жашап жатам. Бир апта мурун окуп бүткөн бул чыгарма жөнүндө өз ой толгоолорум менен бөлүшөйүн деп чечтим. Бул чыгарма менин теңтуштарым жөнүндө болгондуктан менин жашоого болгон көз караштарымды өзгөрттү. […]

Турдалиев Нурэлес: Бала — акактай тазалыктын, аруулуктун символу (№47 дилбаян)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна Мен Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын окуп, жан дүйнөмө азык алам. Алардын ичинен “Ак кеме” повести мага өзгөчө таасир калтырды. Бул баланын эки жомогу боло турган. Бири – жан билбеген өз жомогу, экинчисин — таятасынан уккан. Акырында эки жомогунун бири да калбады. Кеп оролу ушунда деп башталат чыгарма. Биринчи жомогунда бала өзү ойлоп тапкан “Ак кеме жана андагы матрос атасы” жөнүндө кыялданат. Экинчи жомогун таятасы айтып берген “Мүйүздүү Бугу-Эне” жомогу – чыгарманын […]

Рахманкулова Алина: Толгонай — бүткүл адамзаттын энеси (№46 дилбаян)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» Кылым карыткан күндөрдүн биринде, кечке маал тамактанып бүткөн соң сабак даярдап, анан келме кайтарып, жылуу төшөккө жаттым. Жылан чакпай, жылкы теппей — эмнегедир ойдолоп уктай албадым. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. Ошол түнү  Саманчынын жолу каптаган жылдыздуу түн ортосунда түш көрдүм. Түшүмдө кыргыз адабиятынан берилген тапшырманы аткаруу үчүн калем кармап, Айтматов дүйнөсүнө саякаттап жүрөм. Танабайча Гүлсарыны минип, Чыңгызхандын ак булутуна жакындап, эрте жаздагы турналардай катар учуп, Даниярдын обону кулагыма угулгансып келе жаттым. Көл жээгинде адам карышкырлар […]