«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

Мен Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын окудум. Бирок мен өзүмө бирөөсүн гана,  башкача айтканда,  жүрөккө жакын көрүп сүйүп окуган чыгармамды гана тандап алдым. Улуу жазуучунун шедевр чыгармалары көп дечи,  бирок көңүлдүн шедеври,  кыялдын шедеври башкача болот тура. Мен үчүн ал шедевр — «Биринчи мугалим».

Чыгармада билим,  адамгерчилик,  салт темалары козголгонун аны,  айтор,  повесттери ойлорго кайдыгер караган жокмун. Повесттеги ар бир курч окуяда жүрөгүм алып учуп,  Алтынай окуса,  окуп жада калса,  муздак суудан кечсе кадимкидей үшүп,  чыныгы окурмандын түйшүгүн тарттым десем жаңылышпайм. А Дүйшөн болсо,  мен үчүн чыныгы мугалимдин үлгүсү катары таасир калтырды. “Мугалим күндөй тийсе чачырап,  окуучусу гүл сыяктуу ачылат»,  — деп Б. Сарногоев айткандай,   Дүйшөн бар билгенин күн сыяктуу эч аянбастан берип,  тайманбастык менен Алтынайдын тагдыры үчүн күрөшүп,  анын гүл сыяктуу ачылып,  билимин улантуусуна өбөлгө түздү.

Дал ушул Дүйшөндүн образы мени шыктандырып,  чоң-чоң бийиктиктерди багындырууга жетеледи. Ушул Айтматовдун чыгармасынын арты менен мен ары түйшүктүү,  ары сыймыктуу мугалимдик кесипти тандадым. Мен дагы мотурайган бөбөктөрдүн билимге болгон чаңкоосун кандырып,  Дүйшөндөй ары чечкиндүү,  ары адамгерчиликтүү мугалим болгум келет.

Азыркы учурда Дүйшөн сыяктуу мугалим болуу менен гана чектелүү жетишсиз. Анткени,  азыркы учурда илим-техникада да,  билимде да жаңы технологиялар колдонулууда. Менин оюмча,  идеалдуу мугалим Дүйшөндүн мугалимдик сапаттары менен жаңы технологияларды айкалыштырып,  учурдун талабын канааттандырган мугалим.

Айтматовдун мен окуган чыгармасы мени Дүйшөн сыяктуу чыдамкайлыкка,  эр жүрөктүккө,  Алтынай өңдүү өз максатынан баш тартпаган туруктуулукка,  эң башкысы адамгерчиликтүү болууга үйрөндүм. Мен бул сапаттарды өз турмушумда колдонгонго аракет кылам. Мына!Чыгарма деп ушуну айт!Кайсы гана повесть,  роман болбосун анын окурманга таасир калтырып,  чыгармада көрсөтүлгөн көйгөйлөр аркылуу окурманга чоң сабак берүү эмеспи. Анда Айтматовдун мен окуган «Биринчи мугалими» өз максатына жете алды. Анткени мен көк ирим көлдөй сабак алып,  ушул чыгарманы окуу менен өзүмдүн бул жашоодогу багытымды аныктай алдым.

Эгерде коомубузда Дүйшөндөйдөй мугалимдер,  Алтынайдай дилгир окуучулар эмгектенип,  билим-тарбия алышса анда,   сөзсүз,  кыргыз элинин келечеги кең болот деген ишенимдемин. Элибизде Айтматовдун жолун улаган кара сөз чеберлери,  дүйнөгө кыргыз атын дагы да даңазалаган жазуучулар чыксын  демекчимин. Ал эми,  “Биринчи мугалим» повестинин сапары мындан ары келечекке жол салып,  эл ичинен Алтынай Сулаймановаларды тарбиялай берсин.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Н. Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын окуучусу Абдигапарова Канайым

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.