АҢГЕМЕ

— Ой, бо-ой, укмуш панорама ачылат турбайбы сиздин терезеден.

— Ооба! Дал ушул панорама үчүн эле канча тыйындын көзүн карабай, сатып алдык да.

— Жакшы, жакшы! Кут кылсын! Үйүңүзгө куру кол кирип калганымды караңызчы.

— Жок, агай! Кийинки сапар. Мен үчүн биздин үйгө келип калганыңыздын өзү — чоң окуя.

— Да-а-а! Мобу кыргыз Ала-Тоосунун керемет көрүнүшү үчүн канча тыйын болсо да садага чабууга болот. Албетте, капчык мүмкүнчүлүк берсе… Баарына ошондой мүмкүнчүлүк берсин жогору жактагы Жараткан.

— Айтканыңыз келсин. Мен да ошондой ойлойм.

— Бирок, тоо көрүнбөгөн жакта да кимдир-бирөөлөр жашашы керек да.

— Аныңыз чын. Бул жалганда алтүгүл баш калкалаар үйү жок канча жандар жүрөт.

— Эми аны сиз жакшы билесиз да. Дүйнөдө сиз барбаган деги бир чекит жок. Арктикадагы Ак Аюулар менен Антарктидадагы пингвиндер гана калды окшойт сиз көрбөгөн. Пешенеңиз ачылып, эл аралык абройлуу уюмда иштеген кишиге турмушка чыгып калганыңызды карасаңыз.

— Между бир гана прочим, ал кишинин багы мага тийгенден кийин ачылган. Мага үйлөнүп жатканда катардагы бир волонтер болчу. Анан карьерасы “семимильными шагами” кетти го.

— Ооба, ооба. “Аял жакшы – хан жакшы”. Күйөөңүз үчүн эргүүнүн булагы болгонсуз да. Үйдө жакшы атмосфера түзүп, тайм-менеджентти кынтыксыз уюштуруп бергенсиз да.

— Күйөө балаңыз өзү аракетчил неме. Программаланган робот сыяктуу эле иштейт. Уктай турган убагы болдубу, ааламды сел алса да уктайт. Тура турган убагы болдубу, байлап койсоң да туруп кетет.

— Чылк темир робот эмес, анча-мынча адамдык сезимдер деле бардыр…

— Албетте, албетте. Болбосо кантип. Кыз кезимде университеттин Таттыбүсү элек да. Канча жигит чуркады артыман дегендей. Ошол Таттыбүбүнү бир чет өлкөлүк волонтердун багынтып алганын көрбөйсүзбү?

— Кээде бир аз мактанып койгонуңузду өзүңүз деле байкабай каласыз го. Казакстан силерден бир кыр эле ары турат да ээ.

— Боорду эзесиз да. Чынында артыман чуркагандар көп болгон. Бирок Джон маңдайыма буйруптур…

— Ошол да. Бирок дүйнөдө эркек менен аялдар тили эле бөлөк болбосо баары эле окшош…

— Негизинен туура. Бирок туулган жер, аба, суу, жашаган жердин заң-мыйзамдары өтө айырмалуу адам менен турмуш кечирүү кыйын экен.

— Тема минордук нотага өтүп баратат окшойт. Аттын оозун башка жакка буралы. 7-кабатта ачылган панорама фондо, жаңы бүтүп сырдын жыты кете элек үй, тоону тиктеген сыны кете элек сулуу! Не деген керемет картина. Леанардо до Винчи тирүү болсо, укмуш шедевр жаратмак экен сизди тартып!

— Кыргыздын деле сүрөтчүлөрү бар го. Ошолорум эле кут кылсын.

— Рамис Рыскуловду алып келгенге кудуретим жетет. Сизди беш мүнөттө чиймелеп берет.

— Апеей! “Кызыл көйнөк сен кийсең, кызыл жинди мен болом” деп турса Ракеңиз буулугуп. Бир нерселерди чалды-куйду чиймелеп. Жок, болбойт ал кишинин стили.

— Шыгаев болобу, ал кишиге да тишим өтөт.

— Буттары узун, адам эмес же айбан эмес бир нерсени тартып койсо ушул сен деп. Элестетиңиз.

— Аттиң ай! Жоомарт Кыдыралиевдин өлүп калганын карабайсызбы. Укмуш аял кылып тартмак да сизди. Баса, Тургунбай Садыков тирүү. Биротоло эле ошол кишиге сиздин айкелиңизди жасатып берсем кантет? Мына үйүңүздүн жанында айкелге ылайык жер да бар экен.

— Ой, агай. Тим эле жыргатпадыңызбы?

— Мен да Сиз менен сүйлөшсөм, жыргап ачыла берем. Тээ жаш кездерде ушундай болор эле. Кыздар менен сүйлөшсөң таң атканча сөз түгөнбөй. Сиз менен таанышканы жаштыкка кайткандай болуп баратам….

*     *     *

Гүлүм ал түнү уйгу-туйгу ойлордун кучагында уктай албай жатты. Көз илинип, кайра терең уйкуга кире албай… Ошол көз илинип кеткен саналуу секунддар бир түн сымал созулуп кетип жатты. Бала чагы, таптаза сезимдер, сербеңдеп чуркап бараткан өзү…

Бир убакта подъезд жактан бирөөнүн күңкүлдөгөнү, күрсө-күрсө жөтөлгөнү угулду. Кычыраган суукта жети түндө ким жүрөт? Кытайдан өзү сатып келген жылуу, жеңил халатын денесине арта салып, акырын эшикти ачты.

Подъездден кирген сасык жыт эсин оодара койгонсуду. Самсаалап селсаяк турат. Орто жаш киши. Селсаяк озоңдоп ыйлап жиберди. Бир түнгө жатаар жери жоктугун, ушул подъездге жаңы эле киргенин айтып, сулуу кыз, кубалай көрбө деп жалынып жиберди.

Үйдүн короосунда эски сарайлар бар. Эски-уску керексиз буюмдар тоодой үйүлүп жатат. Бирок дубалы калың болгондуктан ичи жылуу. Булардын короосу жакында толук тегизделип жаңы үй түшмөгү чечилгенден кийин, короодогу эски сарайлар менен эч кимдин иши деле болбой калган.

Гүлүм селсаякка боор ооруду. Эртең кетип калар. Уурдай турган деле нерсе жок ал жерде. Ошол жакка киргизип койоюн деп селсаякты ээрчитип жөнөдү.

Сарайдын эшигин мобилдик телефондун жарыгы менен эптеп ачып, ичине селсаякты киргизип жиберди.

Ушу бүгүн Гүлүмдүн турмушунда дагы бир барак ачыларын сезбей, бир чоң иш бүтүргөндөй, уйкуга кетти.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.