«Айтматовдун мен окуган чыгармасы»

Кылым карыткан күндөрдүн биринде, кечке маал тамактанып бүткөн соң сабак даярдап, анан келме кайтарып, жылуу төшөккө жаттым. Жылан чакпай, жылкы теппей — эмнегедир ойдолоп уктай албадым. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. Ошол түнү  Саманчынын жолу каптаган жылдыздуу түн ортосунда түш көрдүм. Түшүмдө кыргыз адабиятынан берилген тапшырманы аткаруу үчүн калем кармап, Айтматов дүйнөсүнө саякаттап жүрөм. Танабайча Гүлсарыны минип, Чыңгызхандын ак булутуна жакындап, эрте жаздагы турналардай катар учуп, Даниярдын обону кулагыма угулгансып келе жаттым. Көл жээгинде адам карышкырлар менен айбан карышкырларынын кыяматын көрүп, деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөтчө аска сымал катып калдым.

Балким, кайыкта болгонумда Эмрайын жылдызы жарык чачып, орган шамалы жүрүп, туманды таратып, мылгун толкуну жээкке алып чыкмак. Тилекке каршы, андай болгон жок.

“Адамдар дүйнөсүнө аралашпа, алардын жан дүйнөсүндө адеп-ахлак, ыйман-ынсап калган эмес, карамүртөздүк, таш боордук каптап калган”- деп көл ичинен Бала кыйкыргандай туюлду. Бул учурда тоолор кулагандай кулагыма үндөр угулду. Түшүмө ишене албай маң болдум. Бир убакта кесиптердин падышасы Дүйшөн агай “Алина, жүрү мектепке оку. Сен да Алтынай сымал академик болосуң”- деп чакырды. Көктөн издегеним жерден табылып, агайдан Толгонай энеге жолуктурууну сурандым. Албетте, суранчым орундалды. Кең Таластын Жийде колхозунун жанында түн бир оокумда, Толгонай эненин жарпын жазып, “бетме-бет” олтуруп, чын ыкластан маектештим, сырдаштым. Элибизде бекеринен “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деген таамай сөз айтылбаптыр.

Пай-пай-пай! Дүйнөнүн тең жарымын кылычы менен Чыңгызхан башкарган болсо, биздин Чыңгыз курч калеми менен ааламды багынтты. Ооба, бул кандай гана кайталангыс көрүнүш. Тарыхта анын аты ташка тамга баскандай алтын тамгалар менен жазылып калды. Аалам алпы Айтматов чыгармачылык жолунда “эне” темасына өзгөчө көңүл буруп, кайталангыс образдарды жаратып, ынтызарлык менен абдан көп кайрылды. Ошол образдар арасында бүткүл адамзаттын энеси — Толгонайдын образы башкалардан өзгөчө. Эмесе, кеп ошол жөнүндө болсун.

— Арбаңыз, Толгонай эне. Колуңузда таяк, бирок арадан 74 жыл өтсө да кирпигиңизге карылыктын улпагы түшпөптүр. Бетиңизден кан тамат, кайратыңыз жүзүңүздөн билинет.

— Аның ырас, Алина. Ботосу өлгөн төөдөй үч уулуман, жан жолдошумдан, гүл сүйгөн келинимден айрылсам да, жашоо уланат тура. Жанболотко кабыргам кайышып турганы менен, ал мага жашоо үмүтүн берип турат. Ал ат току урум үчүн мен карылыкка моюн бербей, чыдамсыздык менен жашап келатам. Эртеден кечке орок оруп, белим бекчейип, көзүм чекчейип калган маалда да өзүмдү кармадым. Адам иштен, ачтан өлбөйт. Аттиң ай, жалгыздыктын азабын тартып, күтүү менен жашаган адам карылыкка өзүн алдырып, согуш тагын сиңиргендер гана ажалды каалайт тура.

— Жок, энеке, антпеңиз. Мен сыяктуу кийинки жаш муундар сиздин кайраттуулугуңузду, акылмандыгыңызды жана мээримге толгон сабырдуулугуңузду туу тутуп, ар качан өрнөк алабыз.

— Туура, согуш деген согуш. Аты суук, өңү өзгөрүлмө, тилегени — ажал. Бирок сиз тарбиялаган Касым, Майсалбек, Жайнактай патриот уулдарыңыздын эрдиги бизге ар дайым күчүбүзгө күч, демибизге дем, жашообузга шык берип турат. Сиздей эне менен сыймыктанабыз.

— Аның чын. Кантсе да, атылган ок, төгүлгөн кан — тарыхтын эсебинде, ал эми адамдардын бүлүнгөн өмүрүчү? Аны кайсы эсепке ыйгарып, тарыхтын кайсы бетине жазмакпыз. Ал үчүн ким жооп берет? Анткени жеңиш олжо алып, майрам болуп келген жок.

— Эх, Толгонай энекем! “Тү сенин бетиңе, дүйнө. Кечтим сенден, жашагым келбейт”,- деп турмуштан безип зар какшап келе жатканыңызда, ааламга жаңыдан үн салган кызыл эт бала эмчек сурап ыйлаганда “өмүр таптакыр түгөнүп калбаптыр го, аягында кичинекей тирүү жан калыптыр го. Турмуш менен дагы кармашып көрсөк кантет… Кудай-ай, эми ушул наристенин аманчылыгын бер”,- деп тагдырдын отун жандырган сиз элеңиз го. Эми арманыңыз аттын башындай.

— Кызым, Алина, мен заманыма кек сактабайм. Душманыбызды эзелде кечирбейм, согушта доом көп.

— Кийинки 6 миң жыл ичинде жер үстүндө 14513 согуш болгон. Ушул 6 миң жылдын 300 жылы гана согушсуз өткөн. Салыштырыңыз, энекем? 14513 жыл согуш, 300 жыл бейпилдик. Душмандарга бир гана жер керек, жер!

Толгонай энеке, Альберт Эйнштейн мындай деген: “Үчүнчү дүйнөлүк согуш кен байлыктардын айынан чыгат. Бул согушта кандай курал-жарактар колдонулат билбейм, бирок төртүнчү дүйнөлүк согушта таш жана таяк колдонулат”. Ошондуктан согушка доо койгондон көрөкчө, Жанболоттун, келечек жаштардын кийинкисин ойлогонубуз оң.

— Баракелде, кызым! Айткан сөзүң акыл болсо, уккан кулак макул болот. Өзүм да балдарымдын келечеги жөнүндө көп ойлочумун. Эми мындан ары элдин балдары — менин балдарым. Ылайым, жаштардын өркөнү өссүн.

Бүгүн менин сыйынуу күнүм, бүгүн менин Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды эстеген күнүм. Мен аларды өлөр-өлгөнчө унутпаймын. Кезеги келгенде Жанболотко түшүндүрүп айтып берем.

— Мен сизге ыраазымын, Толгонай эне. Ушул айкөлдүгүңүз үчүн Жайнак сымал кыяк тартып, обон салам. Майсалбектин катын өзүм курдуу жаштарга окуп жүрөм. А сиз, бүткүл адамзаттын энеси бойдон түбөлүк кала бересиз.

Кеттиңизби, энекем.

— Кеттим. Кош, аман бол. Өлбөсөм, дагы келермин.

Ошентип, жүрөгүм элеп-желеп болуп, түшүмдөгү окуя кагаз бетинен орун алды. Назым Хикметтин “мен күйүп, жанбасам, сен күйүп жанбасаң, түнгө ким шоола чачат”,- деп айтканындай, Саманчынын жолу ар дайым жарык чачсын.

Лейлек районуна караштуу Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Рахманкулова Алина

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.