“Айтматовдун мен окуган чыгармасы”

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна

Мен Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын окуп, жан дүйнөмө азык алам. Алардын ичинен “Ак кеме” повести мага өзгөчө таасир калтырды.

Бул баланын эки жомогу боло турган. Бири – жан билбеген өз жомогу, экинчисин — таятасынан уккан. Акырында эки жомогунун бири да калбады. Кеп оролу ушунда деп башталат чыгарма.

Биринчи жомогунда бала өзү ойлоп тапкан “Ак кеме жана андагы матрос атасы” жөнүндө кыялданат. Экинчи жомогун таятасы айтып берген “Мүйүздүү Бугу-Эне” жомогу – чыгарманын өзөгү.

Башка чыгармалардан айырмаланып, автор негизги каармандын атын атабай “бала” деп коёт. Токой кардонунда бала менен тең курдуу ойной турган теңтушу жоктугунан таштарга, чөптөргө  ат коюп, алар менен күндө учурашып, сырдашып, тамашалашып ойнойт. Ошондой күндөрдүн биринде токойчуларга атайын көчмө-дүкөн келет. Машине-дүкөндү көрүп шашкан бала: “Сага анан келем”,- деп өттү чөгүп жаткан “Төө-Ташка”. Башка учурда анын өркөчүнөн таптап койбой кыя өтпөгөн бала чуркаган бойдон: “Машине-дүкөн келди!”- деп кыйкырып баратты. Жонун эңилчек басып, белчесинен жерге батып, чөккөн төөгө окшош  ташты “Төө-Таш” деп атап алган. Андан башка да “Ээр-Таш”, “Танке-Таш”, “Бөрү-Таш” аттуу таштары да бар.

Машине-дүкөндү өзү ээрчитип келгендей сүйүнүп, кубанычы койнуна батпайт. Таенеси, Гүлжамал, Бекей таежеси — үчөө тең башында машине-дүкөндөгү буюмдардын баарын кармалап сугалактанышканы менен жарытылуу деле нерсе алышпады. Дүкөнчү да нааразы боло жөнөй баштаганда бал челектерди көргөнү кеткен таятасы келип калды.

Момун чал – атына заты жарашкан кой оозунан чөп албаган жоош, момун адам. Өзү теңдүү аксакалдардай болуп сөөлөт күтпөй, качан болсо эл кызматында жүрөт. Жадакалса, айылдагы келиндер да, Момун карыя турганда чай ташуудан эс алышат. Эч качан оозунан “жок” деген сөз чыкпаган карыя айылдагы ысык-суук маарекелерде союш союп, отун алып, от жагып, келген коноктордун атын алып кызмат кылат.  Кокус алыстан келген чоочун бирөө таң калып: “Э, кокуй, аксакал, келиндердин кол баласы сизби, бул айылдын жаштарынан жаман чыкмасы жок беле?”- деп калса, Момун терикпейт: “Өлгөн өз агам болсо, кызматына мен турбаганда ким турат,- дейт.

Ушул диалогдон эле абышканын жөнөкөй, элпек, жароокер экендигин көрсөк болот. Небересине китеп кап сатып берди. Баланын көктөн издегени жерден табылгандай болду. Бала китеп кабын баарына мактанып, кубанычын бөлүшкүсү келип, учкан куштай сызып жөнөдү. Эң биринчи таенесине, андан соң Бекей таежесине, Гүлжамалга, Сейдакматка, акырында Орозкулга  сүйүнчүлөдү. Ар бири өз көйгөйү менен убараланып, баланын кубанычына жарытылуу көңүл бура алышпады.

Бекей таежеси тырнакка зар болуп, “согончогу канабаган куу шыйрак” аталып, Орозкулдун запкысынан азап чексе, Гүлжамал жалкоо күйөөсүнүн кесепетинен  чөп отоодон башы чыкпайт.

Күндө майрам, күндө той болуп, шапар тээп жүргөн бир гана Орозкул. Өзүн токойдун ээси катары сезет. Анын да жөнү бар. Чабандар менен жылкычыларга Орозкул көзгө сүртүүгө дарыдай керек. Күндө бири чакырып сыйлашат. Аларга кыштоого үй салуу үчүн жыгач зарыл. Орозкулду ыраазы кылса, үйү тез бүтөт.

Кишини өзүнө теңебей, Алабаш жоргосунун үзөңгүсүн  чирене тээп жүргөнүнүн себеби да ошондон. Бирок Орозкулдун арманы аттын башындай. Артында тукумун улар туягы жок. Күйүтүн аялын көгала кылып сабоодон жана “жинди суудан” чыгарат.

Таятасы Балага “Мүйүздүү Бугу-Эне” жөнүндөгү уламышты баяндады: “Кыргыз тукумун душмандар кырып, катуудан тулга, жумшактан күл калат. Ошондо токойго ойноп кеткен ойноок бала менен секелек кыз гана аман калат.

Экөө  эч кимди таппай, жоонун артынан чуркашат. Курсактары ачка, ыйлап, корккондорунан кучакташып жатып укташат. Таң атканда кайрадан жоонун артынан кууп жетишет. Кыргызды тукум курут кылдык деп тойлоп жатышкандар сестенишип, экөөнү ханга алып барышат. Эл топурап келгенин көргөн хандын каары келип: “Кыргыз уруусун тукум курут кылып, Энесайды тартып бергеним жалганбы? Коркконуңар ушул чыпалактай эки балабы? Эй Майрык-Чаар-Жезкемпир!”- деп кыйкырат. Эки баланы Тайга токойлоруна алып барып тындым кылуусун буюрат.

Ошентип, Майрык-Чаар-Жезкемпир эки баланы Энесайдын суусуна чөктүрмөк болот. Аны көргөн Бугу-Эне балдарды асырап алууну суранат. Жезкемпир Бугу-Энеге эскертет: “Булар адамзаттын тукуму, чоңойгондо өзүңдүн бугучаларыңды кырышат”,- дейт. Бугу-Эне баарына кайыл болуп, эки баланы алып Ысык-Көлгө келип байырлап, балдарды бапестеп багып өстүрөт.

Бугу уруусу улам көбөйүп. Ысык-Көлдү жердеп калышат.Баары Мүйүздүү Бугу-Энени сыйлашат.  Бугу-Эненин балдарына эч ким тийбейт. Маралды көргөндө жол жүрүп бараткан бугулук киши атынан түшүп, жол берет. Бугулук жигиттер сүйгөн кыздарын «ак маралдай маңкайып» деп, сулуулугун Бугу-Эненин балдарынын көркүнө салыштырып ырдашат. Бирок Майрык – Чаар-Жезкемпир жаңылбаптыр. Бугудан тараган эл Бугу-Эненин балдарын кырып, башындагы шактарын бейитке эстелик катары колдонуп башташат. Бугу-Эне адамдардын арамдыгына нааразы болуп, аман калган маралдарын ээрчитип, Ысык-Көлдөн безип, Теңир-Тоого кетет”,- деп жомокту аяктады Момун чал.

Баланын жан дүйнөсүндө Мүйүздүү Бугу-Энеге болгон мээрим, кусалык орун алды. Эгер ага жолукса, Бекей таежесине бала алып келүүсүн суранышын элестетип жүрдү.

Күндөрдүн биринде таятасы экөө оттоп жүргөн бугуларды көрүштү. Таятасы абдан сүйүнүп, жакшылыкка жоруду. Арадан көп убакыт өтпөй  Баланын сезимине бүлүк салган окуя болду. Болгондо да бул кыянатчылыкты таятасы жасады.

Тумоолоп ооруп жаткан Бала таенеси менен Бекей таежесинин кобураганы үнүнөн ойгонду. Ысык шорпо бышса ичирип коёрун өгөй таенеси саймендиреп жатты. Экөө идиш-аяктарды көтөрүп чыгып кетишти. Аңгыча Бала ордунан туруп, таятасын издеп жөнөдү. Барып көргөн көзүнө ишенбеди. Таятасы, Орозкул, Сейдакмат — баары мас. Орозкул балага эт карматты. Өзү кадимки Мүйүздүү Бугу-Эненин мүйүзүн чаап жатып: “Ушул мүйүздү таятаңдын бейитинин башына коёбуз”,- деди каткыра күлүп. Баланын көзү караңгылап, кускусу келди. Кантип колдору барды Мүйүздүү Бугу-Энени атканы…

Баланын аруу, булактай таза сезими бул дүйнөдөгү адилетсиздикти, карөзгөйлүктү, кыянатчылыкты,  арамдыкты кабыл ала албай балык болуп сүзүп кетти. Автор Баланы “жарык дүйнө менен коштошту” дегиси келбегендей чыгарманын аягын сырдуу аяктады. Бала — акактай тазалыктын, аруулуктун символу.

Эл аралык “Сапат” билим берүү  мекемеси

Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад  лицейинин 9-Ж классынын окуучусу Турдалиев Нурэлес

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.