«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

Мен 15 жаштамын. Ооба, мен тээ Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында ойноп оюнга тойбогон, жаш сөөгү дурустап ката элек Мырзагүл, Султанмурат, Анатай, Кубаткулдар менен жашташ кезим.

Өмүрүмдүн ак гүлгө оронуп, мектепте эң таттуу балалык курактын доорун сүрүп жаткан убагым. Тоё уктап эс алып, каалаганча китеп окуп жашоодон ырахаттана жашап жатам. Бир апта мурун окуп бүткөн бул чыгарма жөнүндө өз ой толгоолорум менен бөлүшөйүн деп чечтим.

Бул чыгарма менин теңтуштарым жөнүндө болгондуктан менин жашоого болгон көз караштарымды өзгөрттү. Бул чыгарманы окуп, ойлорумдун өзгөргөнүнө, жашоомдун мазмундуу боло баштаганына  аябай ыраазымын. Балким, бул чыгарманы окубаганымда мен дагы да чоңоюуга аракет кылбаган, азыркы замандын эрке кызы болуп кала бермекмин.

*     *     *

Көпкөк жана ачык асманда бир топ турналар эки катар болуп тобун бузбай, канатын кенен жайып учуп баратышат.  Адамга канат болуп учуп баратышкан бул турналар канча бир өспүрүмдүн жашоосундагы жүрөк өйүткөн оорчулуктарды алып, кичине бакыт учкунун чачып бараткансышат. Антпесе бул буттары узун, канаттары кең канаттуунун аркасынан Султанмурат, Анатайлар чуркабайт болчу. Кубанычты, тынчтыкты сансыз чачып бараткансып, балдар турналарды жоготуп алганча жан далбастап чуркай беришти, чуркай беришти. Чынында эмне алып келээрин билбесем да, боз уландарга чымчым үмүт учкундары, алдыда жакшы жашоо бар деген ишенимдердин учкундарын таштап кетти. Аларды эч нерсе жылмайта албай жаткан убакта, аларды кубанычка бөлөдү.

“Эхее, турналар. Турналар. Канатыңдын бирин таштай кет”- деп талаанын ары башынан бери башына чейин өрөпкүп чуркап келген кубануу согуш учурундагы эң сонун сезимдердин бири болгон болушу керек. Кайсы бир сен билбеген малекетте бирок, сенин жашооңо туура тиешеси бар согуш болуп жатса жылмаюу да сага жарашпагандай болот. Жылмайып койсоң жеңишти алдырып коёрдой болуп, сулуу жылмаюуларды катып жүргөн бир кезде асмандан аппак канаттарын жайып турналар өтүп баратты.

Ак-Сайда жер айдоодо жүрүп, кичинекей бөбөктөрүнүн, согуштагы атасынын кабарын билбеген бул балдарга учуп бараткан топ турналар аз убакытка болсо да бакыт тартуулады жана бираз убакытка ата-энеси жанында болгондой кубаттана түшүштү. Учуп бараткан турналар согуштун аягы, бейпил жашоонун башаты болгондой аларды кармап калууга шашып, карааны өчкөнчө чуркап барышты. Эмнеси болсо да, буга чейин көргөн ачуу азаптарын, көргөн суук күндөрүн аз да болсо унуттуруп, өспүрүмдүк курактын таттуу, болгондо да эч ким, башка эч ким сезе алгыс даамын тартуулады. Ооба, андай сезимди эми эч ким сезе албайт. Асмандагы эки катар канаттууну көрүп эч ким өспүрүм курагымдын эстен кеткис элеси деп айта албайт. Себеби ошол учурдагы сагыныч, сүйүү, тынчтык, бейпилдиктин баарын өзүнө алып бараткан бул турналар эми артка кайтып учушпайт. Бир учурда мындай көп, жакшы сезимдерди сезүү эми чанда гана болбосо, көп кездеше берчү көрүнүш эмес.

Аппакай канаттарын учуп өтүп бараткан ошол күнкү турналар Султанмуратка, үйдө калган апасы, бир туугандарын жана сол чөнтөгүнө катып жүргөн жүз аарчынын ээсин эске салды. Ошон үчүн да турналардын аркасынана чуркап баратып, жүз аарчынын колуна жайып алып чуркабагандыр. Турналардын аппак канаттары апасынын ак жуумал элеси, кайра-кайра сепиген катуу бирок назик көрүнгөн канаттары Мырзагүлдү элестеткендир. Кантсе да, ушул бир учурга бардык жан дүйнөсүнө жакын адамдарга болгон санычтарын, аларга арнаган аруу сезимдеринин баарын турналарга кошуп, дарегине узаткандай болду. Жаны жай алды, алыстан көпкө күтүп жүргөн караандай болуп жагымдуу көз ирмемди тартуулады.

Ал күнү асманда белгисиз пайда болгон турналар бакыттын турналары эле. өспүрүмдөргө бакыт, кубаныч таштап кетүү үчүн пайда болгон, өспүрүмдүк курак катары жылмаюу тартуулоо үчүн келген сыйкырдуу канаттуулар болчу.

*     *     *

Алар сыйкырдуу турналар менин курдаштарым үчүн эң мыкты табылга болчу. Кыйналып туруп эч нерсе таппай турганда, алардын жараатынын дабасы болду. Үшүп турганда кучагына алган жылуу түнөк болду. Ошон үчүн, бир гана алар үчүн учуп өткөн турналар бакыттын турналары болгон. Аларды канча кубантты, канча санаадан аз да болсо куткарды.

Боз талаанын үстүнөн учуп өткөн турналардын саны канча экенин билбесем да, ошол турналарга өздөрүнүн жаштык кубанычын, болгон үмүтүн, каалоолорун кошо асманга учурган 5 боз уланды билем. Алар өз курагынан эрте чоңдордун түйшүктүү жашоосуна аралашып, жашоонун сыноолоруна эрте жашта кабылган өспүрүмдөр. 15 жашка таяган ошол балдар өздөрүнүн да ким экенин жакшы биле бербей, жөн гана элдин жашоосун бирааз жеңилдеткени мекендин бир чекесинде эмгектеништи. Алар ошол убакта да, азыркы убактагы курдаштарынан даражасы жогору инсандар.

Аксы району, Кум айылы. №32 Орозбай Көчкөнов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Жыргалбаева Айдай

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.