Кыргыз эл жомогу: Кимиси акылдуу?

Илгери өткөн заманда бир кемпир-чал болуптур. Алардын өлүм саркытынан калган жалгыз баласы, анан баласынын кара кер бээси бар экен. Жыл сайын кербенчилерге кошулуп, алыс-алыс жактарга жол жүрүү балага адат болуп калыптыр. Жазында кетсе, күзүндө кийим-кечек, кеңири тамак-аш жана койну толгон акча менен келүүчү экен. Ата-энеси буга аябай кубанчу дешет. Бир жолу бала кербендер менен жазында кетип, жайдын толугунда үйүнө келет. Мындай эрте келип калганына ата-энеси аябай таң калышат. Атасы: – Балам, сен эмне эрте келдиң? – дейт. – Мен өзүмө […]

Дилазык: Устаттын насааты

— Устатым, эгер мен өзүмдүн ким экенимди толук түшүнсөм, акылман болосуң дедиңиз эле, эми аны кантип билсем болот? — Эң башкысы, башкалардын сен үчүн чечим чыгарышына каршы бол. — Кантип, устатым? Бирөөсү айтат: сен жамансың деп, а сен ага ишенип, көңүлүң чөгөт. Экинчи дагы бирөө сени мактайт, анда сен кубанасың. Сени жамандашат, макташышат, сага ишенишет же сатып жиберишет. Сен жөнүндө айтылчу ушактарга же мактоолорго маани берип, эл эмне дейт деп жашап жүрө берсең, өзүңдүн ким экениңди таба албайсың. Элдин ою […]

Василий Бартольд: Түрктөр[1]

VI кылымда Орто Азияда жаңы көчмөн империя пайда болгон. Жаңы баскынчылар, Алтайдан чыккан түрктөр, кыска мезгилдин ичинде Улуу океандан Кара-Деңизге чейинки бардык элдерди өзүнө баш ийдирген. Империянын негиздөөчүсү Илихан Тумынь 553-ж. өлгөн; Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин империя эки мамлекетке — чыгыш жана батышка ажыраган; акыркысынын борбору Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү кийинки көпчүлүк көчмөн мамлекеттер сыяктуу эле, усундардын баштагы жерлеринде, б. а. Жети-Сууда болгон. Жети-Суунун тарыхында түрктөр бийлеген мезгил өзгөчө зор мааниге ээ. Көчмөн империянын борбору дайыма ар түрдүү өлкөлөрдүн […]

Нуралы Капаров: Элүүгө чыккан береним…

(Каныбек Иманалиевге) Сен мен үчүн майда эмессиң үлкөнсүң, “Асабанын” уясында туулуп, Акаевдин уясынан “чыйп!”, “чыйп!” этип көзүн жарган чүрпөмсүң. Чуу түшкөндө Акүй аттуу жайлуу жайга, “топ!”, “топ!” этип жерге кулап куштар майда, кокус келип саясатка буйругу жок, учат десе канаты жок, конот десе куйругу жок, оо Каныбек, ошондогу кулап түшкөн куштар кайда?! Сен гана “пы-ы-ыр!” деп учуп саясаттын айдыңына, түкүрүп салдың бардык жардыгына, түрүнүп чыктың анан темир канат айланып алп саясат алгырына! Сен азыр чабандессиң туйлатып тулпар атты минги кылган. […]

Райкан Шүкүрбеков: Мергенчинин аңгемеси

Дүйнөдөгү укмуштун көбүн эле мергендер көрөт. Ырас, булардын чоңу да, кичинеси да түтүнмө-түтүн жалганчы болот дешет. Бул сөздүн чын-тамашасын мен айта албаймын. Ээн тоодо, элсиз чөлдөрдө жеке жүргөн киши биз көрбөгөндү көрөрү да ырас, анысына анча-мынча кошумчаласа, андай эмес деп айта да албайсың. Ошондуктан амалсыз угууга туура келет, калп болсо турмуш өзү көрсөтөт, чын болсо мерген оюңда калат. Мергендин аты Талканбай, экөөбүз Балыкчыда бир үйдөбүз. Эшик бороон, аябаган суук. Кыштын узак түнү… Ал көл башына барат экен, мен болсом Нарынга […]

Михаил Зощенко: Байкуш Лиза

АҢГЕМЕ Кара торусунан келген, сулуу сымак, өзүн акылдуу санаган жаш келин ушул жылы сөзсүз бай болом деген  максат койду. Эми бай болгондо тиги капиталистик өлкөлөрдөгү миллионер кызыл кулактардын айрымдарында болгондой,  жомоктогудай деле байлык эмес. Жок, арийне, ал андай көп байлыкты каалабайт деле. Мындайча айтканда… эми… дегинкиси… так эле ошондой байлыктын ээси болсо кана, ата ганат! Бирок ага кантип жетүү керек, ага жакшы түшүнө албады. Ошондуктан мүмкүн болушунча аракет кылып,  болгондун баарын алууну чечти. Көздөгөн максаты деле анча көп эмес: шоопуру […]

Чыныбай Турсунбеков: Адам кылсын Кудайым!

ЧЫН СҮЙҮҮНҮН КАСИЕТИ Сүйүүнүн улуулугун, Сүйүүнүн бийиктигин, Сүйүүнүн тереңдигин, Сүйүүнүн ыйыктыгын, Мен билбей жүрүптүрмүн! Жарк эткен жүзүн көрүп аялдардын, Шаңк эткен үнүн угуп аялдардын, Шыңк эткен назын сезип аялдардын, Зыңкыйган боюн көрүп аялдардын, Сүйүү деп билиптирмин! Колума колум болуп ар күнүмдө, Төшөлүп жолум болуп өмүрүмдө, Эки кыз, бир уул берип, күлүп-жайнап Гүл ачып келатканың көңүлүмдө, Улуулугуң эмеспи! Чалынсам жөлөп-таяп кадамымды, Билгизбей жашырып-жаап жаманымды, «Чыныбай, Чыныбайым» деп чуркасаң, Чыгарып элге жакшы тарабымды, Бийиктигиң эмеспи! Түшүнүп дайым менин абалымдан, Досту да, тууганды […]