ЧЫН СҮЙҮҮНҮН КАСИЕТИ

Сүйүүнүн улуулугун,
Сүйүүнүн бийиктигин,
Сүйүүнүн тереңдигин,
Сүйүүнүн ыйыктыгын,
Мен билбей жүрүптүрмүн!

Жарк эткен жүзүн көрүп аялдардын,
Шаңк эткен үнүн угуп аялдардын,
Шыңк эткен назын сезип аялдардын,
Зыңкыйган боюн көрүп аялдардын,
Сүйүү деп билиптирмин!

Колума колум болуп ар күнүмдө,
Төшөлүп жолум болуп өмүрүмдө,
Эки кыз, бир уул берип, күлүп-жайнап
Гүл ачып келатканың көңүлүмдө,
Улуулугуң эмеспи!

Чалынсам жөлөп-таяп кадамымды,
Билгизбей жашырып-жаап жаманымды,
«Чыныбай, Чыныбайым» деп чуркасаң,
Чыгарып элге жакшы тарабымды,
Бийиктигиң эмеспи!

Түшүнүп дайым менин абалымдан,
Досту да, тууганды да мага бурган,
Бек сактап келатканың карегиңдей,
Кетирбей ырыскыны аягымдан,
Тереңдигиң эмеспи!

Намысын үй-бүлөнүн бекем коргоп,
Адамдык, аруулукту туура болжоп,
Уянын жылуулугун, жайлуулугун
Жүргөнүң өз жаныңан бетер ойлоп,
Ыйыктыгың эмеспи!

Башынан жолго салсаң турмушуму —
Жашыман түшүнбөпмүн мен ушуну.
Үй-бүлө жетип жаткан ийгиликтин
Мен билген эң негизги уңгусу бу,
Чын сүйүүнүн касиети, Нуржаным,
Чоң сүйүүнүн күчү бу!!!

ЧАКТҮШТӨ ТАШ-БАШАТТЫН ЖЭЭГИНДЕ

Кой жайып келип четине
Булагынын олтурдум.
Туптунук мөлтүр бетине
Кочушташ үчүн кол сундум.

Чагылып нурга жалтылдап,
Чалкадан Күндү салыптыр.
Түбүндө суунун калтылдап,
Туткуну болуп калыптыр.

Ысыгы Күндүн сезилбей,
Муздак суу колду какшатат.
Чумкумак элем чечинбей,
Чоңураак болсо Таш-Башат.

Койлорум жуушап төмөндө,
Аптаптан улам акактайт.
Таш-Башатсыз өрөөнгө
Бул ысык бир күн жашатпайт!

Чалкаман жатсам көк асман,
Чарчаган өңдүү тунжурайт.
Жанымда гана көк атчан—
Чаалыкпас булак чулдурайт.

«Ырахат ушул» дедим мен,
Чак түштө булак четинде.
Нан малып сууга жедим мен,
Курсагым ачкан кезинде.

ЭРЖАНГА

Кымча белдүү, буура сан,
Кумурсканы туурасаң,
Кызга балким суусаң да,
Ишке, балам, суубасаң —

Жашарганым ошо да!

Көзүң күйгөн чырактай,
Сөзүң агып булактай,
Көңүлүмдү агартып,
Жууп койсоң суратпай —

Тазарганым ошо да!

«Чарт-чурт» этет чагылган,
Чагылгандай жагылган —
Балалыгың чалынып,
От кемитсе жанымдан —

Алынганым ошо да!

Бөдөнөнүн сүтүндөй,
Бөтөн оозго ичирбей,
Бөпөлөгөн ой-тилек
Бөгүп турса бүтүндөй —

Тарылганым ошо да!

Уктап кайра ойгонуп.
Жатып-туруп ойлонуп,
Жакшы ишиңе тырнактай
Жан дүйнөмдө той болуп –
Мактанганым бар болсун!

Калдалактап жүгүрүп,
Барбалактап сүйүнүп,
Баласаактык мүнөзүм
Бар экени билинип —

Актанганым бар болсун!

Ак ниетиңен дем келип,
Бар оорудан эмделип,
Апаң кошо жанымда
Ар нерсеңи тең көрүп —

Кубандырсын Кудайым!

Алтын балам, жан балам,
Күлүп Күндү кармаган,
Жерге эңкейип иш кылып,
Элге эмгегин арнаган —

Адам кылсын Кудайым!

Чыныбай Турсунбековдун котормосундагы түрк тилдүү акындардын поэзиясы

АТА АТАЖАНОВ

ЭСТЕ КАЛГАН ТҮН

Алды жакта төөлөр сүйрү өркөчтүү
Чарчап келип чөгүп жаткан өңдөнөт,
Туман баскан тоолор чиркин бул кечки
Караңгыга кайгылуу бир өң берет.

Жакын болду бизге бул түн жагымдуу,
Жанат шаардын жарыгы тээ төмөндө.
Чачыратып ак шоолалуу агымды
Жаңы чыкты жылдыздары төбөмдө…

Жакын болду бизге бул түн жагымдуу,
Ыр ырдады келип кечтин шамалы.
Көрө калып сени абдан уялды,
Жерге жарык чачкан айдын жамалы.

Булут таазим кылды айга мээримдүү,
Кары тоолор болсо жатат кебелбей.
Бири жерип өтүп кеткен өмүрдү,
Башка бири мыкчыйт өлбөйм дегендей.

Мындай учур өмүрдө аз, тура тур,
Эх сүйгөнүм, жүрөк учуп шаттанат.
Алаканда турган өңдүү шу азыр,
Бүт жарыгы менен тигил Ашхабат.

Кандай укмуш шаарыбыздын жарыгы!
Түнү көрсөң чай чыныдай чайпалып,
Айга окшоп көркүндө жок айыбы
Азыр көктөн карап турган чалкайып.

Эч бир үн жок. Биз экөөбүз турабыз,
Ачкөз мүнөт бузуп барат ортону…
Ынсап кылчы, мезгил, сенден сураныч,
Ал сүйүктүү, жүрөктөрдүн солтону!

Ал сүйүктүү жүрөктөрдүн солтону!
Бул дүйнөгө эки жолу келишпейт…
Мүнөттөр да жиреп барат ортону,
Алар сенин максатыңды билишпейт.

♦ ♦ ♦

КЕРИМ КУРБАННЕПЕСОВ

УУЛУМА НАСААТ

Атам мага айтуучу,
Мен да сага айтайын.
Сабак болгон мага да,
Сабак болсун сага да:
Жибек болуп кийгениң,
Намысың бөз болбосун,
Кийген киймиң бөз болуп,
Жибекке намыс орносун.

♦ ♦ ♦

МЕХМЕТ АКИФ ЭРСОЙ

КҮФЕ[1]

Мындан беш-он күн мурун, көнгөн адат менен мен
Таң куланөөк салганда үйдөн чыгып жөнөгөм.
Биз жашаган жер болсо Стамбулдун чети эле,
Билбеген жан сүзгөндү болбойт жүрүп көчөдө.
Ар таштаган кадамың чачыратып балчыкты,
Караңыга калгандан кадимкидей жан чыкчу!
Чырак болсо бир колдо, таяк алгын бирөөнө,
Андан кийин жолду эмес, сен өзүңдү күнөөлө!
Таяк менен колдогу басар жолду таптаймын,
Кургак тапсам кубанып, көбү сууга аттаймын.
Жыгылбашка бир-бирин таягандай көрүнгөн,
Эски, саман үйлөрдүн өтүп барам түбүнөн,
Колумдагы таякка чоң бир нерсе урунду…
Карай салсам эскирген, жүк ташычу буюм бу,
Жүкчүнүкү… Кимдин? деп айткычакты болбоду,
Келген бала аржактан, он үчтөрдө болжолу,
Тээп калды керилип, аны жаткан жеринен,
Учту ары ал байкуш капшырылып теңинен:

— Жүрүп сенин алдыңда атам өлдү. Сен болсо
Дале амансың дардайып, жатканын көр жөн койсо!
Ошол кезде маңдайкы үйдөн орто жаштагы
Аял чыкты негедир эрте агарган чачтары?

— Каралдым ай, кел бери, бүлдүрбөгүн бүтүндү,
Эмне кылды ал сага? Тилсиз буюм үчүнбү?
Сегиз жылы көтөрдү атаң аны. Кеп кылчу:
«Акжолтоюм бир дагы бош калган жок» деп турчу.
Атаң өлүп, бул байкуш калды минтип бош жатып!
Апаң менен иниңди багасың сен жүк ташып.
Баласыңбы же али үйрөнөлек жумушун?
Мен да чыктым капталдан туура көрүп мунусун:
— Угуш керек, баатырым, айткан сөзүн эненин…
Үтүрөйүп ал мага уктум мындай дегенин:
— Ишиң жокпу, эй сакал? Кет, жоголгун бул жерден?
Таңаталек жатканда кайдан жетип келдиң сен?
Тоодой болгон атаман айрылганга күйөмүн.
— Атаңдайле кишиге, уулум эмне дегениң?
Адам бол деп жатпайбы, койгун андай дебегин…
— Бала эмеспи, байбиче, таарынганым жок менин…
Уулум, атың ким сенин?
— Хасан.
— Хасан, ук мени.
Кыйын болот өзүңө баспасаң бул өпкөңү.
Кайгыңарды укканда күйдү менин ичим да…
Үйдү бакмак а бирок эми сенин ишиң да.
Сени кандай чоңойтсо атаң терин агызып,
Сен да иниңди ошондой чекеден тер тамызып,
Өстүргүнүң, жетимдик муң-зарын эч көрбөсүн.
— Жүк ташыппы?
— Ай-ай-ай! Мунуң, балам, не дешиң?
Жумуш кылган айыппы? Жүк ташыган күнөөбү?
Айып — кайыр сураган! Бекер жүргөн — күнөө бу!
— Ак сөз, балам, абаңын айтып жаткан кеби бу…
— Унуттуңбу? Майрамда коңшубуздун келини:
«Хасан, жатак мектепте абдан жакшы окутат,
Жөндөмүң бар… Эгерде сен жөнүндө биз айтсак…
Алат сөзсүз мектепке…Айталы бир» дегенин?
Апа, кандай эмитен «жүкчү кылам» дегениң!

Түшүндүм мен бул сөздүн уланарын бир топко,
А күн чачтан көп эле кыла турган иш болсо.
Жокчулуктун жолунан калаа жакка бет алдым,
Билгеним жок андан соң не болгонун Хасандын.
Кызым тентек жан эле тынч отуруп бербеген,
Чыктык бир күн Фатихке жетелешип жол менен.
Көмүрчүлөр эшиги жактан чыксак төөлөрдү
Көрүп кызым кубанды, сүйөт дайым көргөндү:
Ийри-муйру өркөчү, узун мойну, шыйрагы,
Куйругунун аркада өрүм чачтай турганы.
«Укмуш экен ээ, кызым?» деп сөз баштап жаңыдан
Карай салсам аркама, беш-он кадам нарыдан:
Белге шалы байланган, башка оромол тагынган,
Орто бойлуу, нур жүздүү карып калган бир адам,
Өзүнөн чоң күфелүү жаш бала бар жанында
Келатышат кыбырап. Таң калыштуу чынында:
Кудай кайра туш кылды ошол жетим балага…
Мурдагыдан абалы кыйын өңдүү садага —
Шыйрактары куурайдай такыр эле жылаңач,
Калч-калч этет тоңчудай. Бу байкушту ким аяйт?
Жылаңаяк, жылаңбаш. Көр оокатың курусун!
Чекедеги бир байлам жоолуктан ким жылысын?
Энтиккени кулакка онтогондой угулат,
Көз карашы «жардам» деп жаткан өңдүү туюлат.
Түбүң түшкүр жокчулук, чала тоют, жылаңач,
Он үчтөгү баланы алган минтип кубалап!
Аңгычакты мектептен чыкты катар тизилген
Элүүдөн көп бала, кыз. Жаман болдум ичимден.
Чал, Хасандын жанына ылдам эле жанашты,
Элейишип экөөнү алмак-салмак карашты.
Ооба, баары алардын шаңдуу, шайыр ыр ырдап,
Келечекке бактылуу баратышат зыңылдап.
Кандай жакшы аздан соң кирет алар оюнга,
Байкуш Хасан — атадан калган күфе жонунда.
(Келген эле эзгиси анда аргасы түгөнүп).
Муктаждыктын айынан ташыйт эми түбөлүк.
Тагдыр берген балага — жаза, ал бир жүк эмес…
Күнөөсү не, а бирок бала өзү билелек!»

♦ ♦ ♦

ФАРУК НАФИЗ ЧАМЛЫБЕЛ

КОЙЧУНУН БУЛАГЫ

Тереңдин тереңин дайралар каптап,
Алыска узанат койчу булагы.
Эй, сууну үнүнөн тааныган бак-шак,
Эмне дейт бу тоого койчу булагы?

«Шириндин сүйүүсү өрттөп киргенде,
Жол алган жашоонун мейкиндерине,
Тешкен соң тоолорду Фархат тереңде,
Атыла баштаган койчу булагы…»

Ал кезде башынан арманы ашчу,
Мармарды оюучу, тешүүчү ташты.
Оо, канча адамдын суусунун басты,
Канча эрин тийген койчу булагы!

Түбөлүк жашоого жол көргөзгөнү,
Керемдин[2] чооруна жооп — өрнөктөрү,
Кургаган көздөрдөн жаш көлдөткөнү…
Житип жок болбогон койчу булагы.

Лайли келин болгон. Межнуну өлгөн,
Жолоочулар да жок суусу жок жүргөн.
Кызыл роза издеп жалындап күйгөн…
Бакты аралаган койчу булагы.

Кайсы акын жашып, кай ашык ыйлайт,
Анткени сүйүүгө азыр баш урбайт:
Бекерге үн салып, бекерге туйлайт
Оң-солго урунуп койчу булагы!..

♦ ♦ ♦

МИРЗА АЛЕКБАР САБЫР

ИШИМ ЭМНЕ?!

Эл таланса талансын, менин кандай ишим бар?!
Душмандарга кор болсо, менин кандай ишим бар?!
Жалгыз мен ток болоюн, башкада не ишим бар?!
Дүйнө ачка отурсун, менин кандай ишим бар?!

Үн чыгарып ойготпо, жатышкандар жатышсын,
Магдырашып уйкуга баары тегиз батышсын,
Бирин-экин ойгонсо менден башка билбесин,
Менден башка бирөөнө жаркырап Күн тийбесин.
Эл таланса талансын, менин кандай ишим бар?!
Душмандарга кор болсо, менин кандай ишим бар?

Салба менин эсиме тарых, аалам жөнүндө,
Кереги жок кайрылып эчак өткөн өмүргө,
Жайнат тамак-ашыңды, жагат кайран көңүлгө,
Жашоо жалган, көөнүм жок — келечекти көрүүгө.
Эл таланса талансын, менин кандай ишим бар?!
Душмандарга кор болсо, менин кандай ишим бар?!

Мекендешти жөн койгун, бекер жатып безерсин,
Жокчулуктун айынан ачка болуп кезерсин.
Кайыр сурап тул катын, арылбасын армандан,
Жалгыз бир мен жашайын жаратылган жалгандан.
Эл таланса талансын, менин кандай ишим бар?!
Душмандарга кор болсо, менин кандай ишим бар?!

Жолу болот ар элдин алга карай кетүүчү,
Доору болот ар журттун бир бийикке жетүүчү,
Уктап жаткан бизге да «алга» деген ой келсе,
Уктап жатып жылабыз, түшүбүздө жол берсе.
Эл таланса талансын, менин кандай ишим бар?!
Душмандарга кор болсо, менин кандай ишим бар?!

♦ ♦ ♦

АБДУЛХАМИД СУЛАЙМАНОГЛЫ ЧОЛПОН

КОЗГОЛУШ

Эй! Сен мени байкуш көргөн, кулсуң деген эфенди!
Эй! Үстүмөн өмүр бою түшпөгөндү каалаган,
Эй! Мойнума кишен салып, балакетке айдаган,
Көздөрүңөн заар чачпа, жетет, жондон түш эми!..

Кишениңди дат басыптыр, үзүлөт ал тытырап,
Тамырымда козголуштун жапай каны кайнады.
Эски ойлор, салт-санаалар эми бүгүн жайрады,
Мен өлөмүн, же болбосо сенин ырың бузулат!

Эй! Сен мени кул ордуна иштеттирген эфенди!
Калтыра, корк, кулуң сенин баш көтөргөн күч эми!..

МЕН ЖАНА БАШКАЛАР

Өзбек кызынын оозунан
Күлгөн башка жандар, ыйлаган менмин,
Ойногон башка жандар, сыздаган менмин,
Эркиндик ырын эшиткендер башка,
Кулдуктун кошогун тыңшаган менмин…

Башкада канат бар, көккө учушат,
Шактарга конушат, бакка жайлашат.
Сөздөрү седептей, добушу найдай,
Күүлөрүн ар жерде элге сайрашат.

Менде да канат бар, бирок байланган….
Багым жок, шагым жок, калың дубал бар.
Сөздөрү седептей, добушу найдай,
Күүм бар…аны да дубалдар угушат.

Эркин башка жандар, камалган менмин,
Айбан катарында саналган менмин.

[1] Күфе — жонго салып ташыла турган жүк корзинасы

[2] Керем — түрктөрдүн жомок каарманы

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.