VI кылымда Орто Азияда жаңы көчмөн империя пайда болгон. Жаңы баскынчылар, Алтайдан чыккан түрктөр, кыска мезгилдин ичинде Улуу океандан Кара-Деңизге чейинки бардык элдерди өзүнө баш ийдирген. Империянын негиздөөчүсү Илихан Тумынь 553-ж. өлгөн; Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин империя эки мамлекетке — чыгыш жана батышка ажыраган; акыркысынын борбору Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү кийинки көпчүлүк көчмөн мамлекеттер сыяктуу эле, усундардын баштагы жерлеринде, б. а. Жети-Сууда болгон.

Жети-Суунун тарыхында түрктөр бийлеген мезгил өзгөчө зор мааниге ээ. Көчмөн империянын борбору дайыма ар түрдүү өлкөлөрдүн көпөстөрүн өзүнө тартып турган чоң күч болгон, бул жерде өз товарларын, өзгөчө кездемелерди пайдалуу сатышкан, ал көчмөндөргө Кытай тараптан дагы, ошондой эле Батыш Азиядан дагы алып келинген негизги буюм болгон. VII кылымда Ферганада ондогон жылдарга созулган коогалаңдар менен бирге, бул кырдаал Батыш Азиядан Кытайга кеткен негизги соода жолунун түндүктү көздөй жылышына түрткү болгон.

Фергана жана Кашкарга кирбестен, саякатчылар Самаркандан түндүк-чыгышка, Ташкен жана Олуя-Ата[2] аркылуу Жети-Сууга, Чүйдүн жээктерине, андан Ысык-Көлдүн түштүк жээги жана Бедел ашуусу аркылуу Ак-Сууга жөнөп турушкан. Менин билишимче, бул жол биринчи ирет VII кылымда буддалык табынуучу Сюань Цзанда жана кытайлык «Тан сулалесинин тарыхында» эскерилет; акыркы жыйнак XI кылымда жазылган, бирок анда баяндалган батыш аймактарга тиешелүү маалыматтардын бардыгы VII же VIII кылымдарга таандык. Биз кытайлык маршруттардан Жети-Суу аркылуу өткөн жолдордун кеңири баяндамаларын таба албайбыз; ошентсе дагы бул маалыматтар VII кылымда эле жок дегенде Чүй өрөөнүндө жер иштетүү маданияты болгондугу шексиз жана ал маданият бул жакка Мавераннахрдан (б. а. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортосундагы маданий аймактан) келгендер тараткан деп ишенимдүү айтууга мүмкүнчүлүк берет, соңку жаңы мезгилде буга окшогон колониялар Кокон хандыгынын тургундары тарабынан негизделген.

Сюань Цзандын тушунда Аму-Дарыя менен Чүйдүн аралыгындагы бүткүл өлкө маданий жагынан бир бүтүндүктү түзгөн; жашоочулардын кийими, жазуусу жана тили бардык жерде бирдей болгон. Алфавити, кыязы, түпкү башаты Сириядан чыккан, 32 белгиден турат; жогортодон төмөн жазышкан; ал учурда тарыхый чыгармалары болгон. Кеңири тараган дин, болжолу, манихейчилик болгон3. Жашоочулардын сырткы кешпири тууралуу, алар чачтарын түйүп алышкан жана төбөсүн ачык калтырышкан деп айтылат; айрымдары чачын таза кырдырып салышкан жана чекелерин жибек чүпүрөк менен байлап алышкан. Тургундардын жарымы жер иштетүү, экинчи жарымы соода менен кесиптенишкен; соода борбору «Суй-е (Чүй) дарыясындагы шаар» болуп, кыйла кийинки мусулман даректеринде Суяб деген атты алып жүргөнүн жана Кастек ашуусунан түштүк жакта жайгашкандыгын биз төмөндө көрөбүз.

VII кылымда эле Суябда ар түрдүү өлкөлөрдүн көпөстөрү жашаган. Анын батыш тарабында ондогон шаарлар болуп, анын ар биринде бири-бирине көз карандысыз башкаруучулары болгон, бирок бардык башкаруучулар түрктөргө баш ийген.

Адатта Суябдын айланасында батыш түрктөрдүн каганынын[3] ордосу турган; ушул эле жерде Сюань Цзандын кагандардын бири менен жолугушуусу болгон. Каган жашыл жибек чапан кийип келген; анын чачы коё берилип, отурукташкан жергиликтүү элдердики сыяктуу 10 фут узундуктагы жибек менен башы бир нече ирет айланта чалынып, маңдайы жабылып турган. Кагандан айырмаланып анын бардык жан-жөкөрлөрүнүн чачтары өрүлүп коюлган. Каган чоң чатырда жашаган, анда көптөгөн алтын буюмдар болгон. Чатырдагы кийиздерде жалаң жибек кийимчен төрөлөр эки катар тизилип отурушкан; алардын аркаларында кагандын жан сакчылары турушкан.

«Кийиз чатырда жашаган, түркөйү элдин падышасы болсо да, аны тандануусуз жана урматтоосуз кароого мүмкүн эмес эле». Жер кезген кудай адамы чатырга 30 кадамча калганда каган аны тосуп чыккан, ага таазим кылган, котормочусу аркылуу ага бир нече суроо берген жана ал үчүн темир орундук алып келүүнү буюрган. Түрктөр жыгач отургучтарды колдонушкан эмес, Сюан Цзань муну отко сыйынгандыгы менен түшүндүрөт, от жыгачта катылган имиш. Чатырда ошондой эле Кытай жана Гаочань элчилери (б. а. Уйгурия, азыр Үрүмчү, Турпан жана Хами шаарлары турган чөлкөм) олтурушкан.

Музыканын добуштары менен үлпөт башталды; авазынын жапайылыгына карабастан алар «кулактын моокумун кандырды жана жүрөк менен жан дүйнөнү суктандырды». Меймандар эт жешти жана шарап ичишти; жер кезген кудай адамына сүт жана өсүмдүктөн даярдалган тамак сунуш кылынды. Үлпөттөн кийин кагандын чакыруусу боюнча кудай адамы будда окуусунун духундагы үгүт-дубасын окуду; ал бүткөндөн кийин каган колун көтөрүп, жерге ийиле таазим кылды жана үгүт-насыятты ишеним менен кабыл аларын жарыялады. Качан окутуучу бир нече күндөн кийин кетүүгө камынганда, бир нече жыл Чанъань (Сианьфу) шаарында жашагандыктан кытайча эң жакшы сүйлөгөн жаш жигитти ага узатуучу кылып беришкен.

Шаболо Хилиши (634—638) кагандын тушунда батыш-түрк эли он муунга бөлүнүп, Чүйдүн батышында беши, чыгышында беши жайгашкан; биринчилери Нушиби, экинчилери Дулу деп аталышкан. Көп өтпөй батыш-түрктөрдүн бул империясы ортосу Иле дарыясы менен бөлүнгөн эки мамлекетке ажыраган.

Падышалык кылган тукумдун мүчөлөрүнүн ичинде өз ара тынымсыз чыр-чатактар болуп, ага кытайлар кийлигишип турган. Айрым кагандар кыска убакытка жеке бийлөөнү калыбына келтирүүгө жетишишкен; 651-ж. каган Аши-на Хэлу ошенте алган. 657-ж. кытайлар мындан чейрек кылым мурда чыгыш-түрк мамлекетин багындырып алган сыяктуу батыш-түрктөрдү да багынууга алып келген, азыр алардын төрөлөрү кытай титулдарын алышкан жана кытайдын жергиликтүү башкаруучулары деп эсептелишкен. Айрым учурларда түрк төбөлдөрү кытайларга каршы көтөрүлүшкөн жана аларга каршы бул мезгилде Чыгыш Түркстандын бир бөлүгүн ээлеп алган тибеттиктер менен союз түзүшкөн.

704-ж каган Ашина Хуайдао кайрадан бардык он муунду өзүнө баш ийдирген; бирок анын уулу жана мураскору Ашинь Синдин Кулан[4] шаарында өлтүрүлүшү менен батыш-түрктөрдүн падышалык кылган тукуму үзүлгөн (740-жчен). Мунун алдында эле Чүй менен Иленин аралыгында көчүп жүргөн Дулунун муундарынын бири, атап айтканда түргөштөр күчтөнө баштаган; алардын төрөсүнүн башкы ордосу Суябда, кичи ордосу Иленин жээгинде жайгашкан. Түргөш төрөлөрүнүн эң кубаттуусу Сулу (738-ж. өлгөн) болгон; анын кубаттуулугу ал түгүл ошол мезгилде батыш-түрк тактысын ээлеп турган, кызын Сулуга аялдыкка берген Ашина Хуайдаону да көмүскөдө калтырган; андан сырткары Сулу чыгыш түрк кагандары жана Тибет башкаруучулары менен туугандашкан. Ал 738-ж. Мохе-дагань титулун алып жүргөн түргөш төрөлөрүнүн бири тарабынан өлтүрүлгөн. Тактыга Сулунун уулу олтургузулган; бирок Мохэ-дагань ферганалык жана ташкендик башкаруучулар менен биригип, аны Суябдын жанында талкалашкан жана туткунга алышкан. 740-ж. Мохэ-дагань түргөштөрдүн башкаруучусу болуп калган жана акыркы батыш-түрк каганын өлтүрүүнү буюрган; бирок анын өзүнүн башкаруусу да узакка созулган эмес. Коогалаңдуу мезгил келген; 748-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай башкаруучусу Ван Чжэнсянь Суябды алган жана аягына чейин талкалаган. Кийинки он жылдыкта түргөштөр бардык кубаттуулугунан алсырашкан.

Эми Жети-Суунун батыш бөлүгү Талас шаарына, ал эми Талас ташкендик башкаруучуга көз каранды болуп калган. Ич ара тынымсыз кагылышуулардан бардык жерде канчалык азап чегишкендиги кытай жылнаамачысынын төмөнкү сөздөрүнөн көрүнүп турат: «жер айдоочулар мында соот кийип жүрүшөт жана бири-бирин туткундап кетишет».

Батыш-түрк империясынын кыйрашы арабдардын Мавераннахрда ийгиликке жетүүсүнө көп түрткү болгон; андыктан араб жылнаамачылары бул фактыга көңүл буруулары керек эле, алар аны хижранын 119-жылына (б.з. 737-ж.) алып келишет. Арабдардын сөздөрү боюнча акыркы түрк каганы Невакетте жашаган (Чүй өрөөнүндө, Токмоктон чыгышта); бул жерде анын тыюу салынган шалбаасы жана тыюу салынган тоосу болгон, ага жакындоого эч ким батынган эмес; шалбаада жайылган мал жана тоолордогу айбанаттар аскер жортуулдары учурунда азык-түлүк катары пайдаланылышы керек болгон. Каган арабдарга көп зыян алып келген жана бул үчүн алардан Абу Музахим (мааниси түртүүчү, сүзгүлөөчү, б. а. пил же бука) деген ылакап атты алган. Бирок Тохарстандагы (Аму-Дарыядан түштүк, Балхтан чыгыш тараптагы чөлкөм) бир салгылашта арабдар түрктөрдү талкалаган; мекенине кайтып келген каганды түргөш төбөлү Курсул жеке таарынычы үчүн өч алып, өлтүрүп койгон. Мындан кийин түрктөр ар тарапка чачырап кетишкен. Улгайып калган Курсулдун өзү 739-ж. Сыр-Дарыянын жээгинде арабдар тарабынан туткундалган; ал өзүн бошотуу акысы катары 1000 жылкы жана 1000 төө сунуш кылган, бирок арабдардын башкаруучусу Наср баары бир аны өлтүрүүгө буйрук берген. Түрктөр сөөгүн мекенине алып кетпеси үчүн өлүк өрттөлүп жиберилген; араб тарыхчысынын сөздөрү боюнча, Курсулдун өзүнүн өлүмүнө караганда, бул иш аларды көбүрөк кайгырткан. Биз араб жана кытай маалыматтары үзүл-кесил жана тууралыгы күмөндүү болгондуктан, аларды жакындаштыруудан карманып турууну ылайык көрдүк.

КАРЛУКТАР[5]

Кытай, араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийинки түрк урууларынын топтору жөнүндө кыйла так элести түзүүгө бизге мүмкүнчүлүк берет. Империяны негиздеген уруулар түрк деген аталыштан сырткары, батыш-түрктөрдү он муунга бөлгөн кытайлык кабарга карабастан, чыгыштагы сыяктуу эле, батышта да огуздар же токуз-огуздар (тагы – “тогуз огуздар”) деп аталышкан. Чыгыш Түркстандын эң чет бөлүгүндө мамлекет түптөгөн шато (мааниси – “талаанын”) түрктөрүн кытайлар батыш-түрк мамлекетинен чыгарышат, арабдарда болсо бул түрктөр тугузгуздар б. а. токуз-огуздар деген ат менен белгилүү. Огуздардын башка бир бутагы батышка кетип калган жана борбору Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында болгон мамлекет негиздешкен.

Огуздардын уламышында алардын Жети-Сууда болгондугу тууралуу эстелик сакталып калган, ал боюнча Яфеттин уулу мифтик Түрк Ысык-Көлдүн жээктерин жердеген[6]. Жети-Сууда эки муунга— тохсийлер жана азийлерге (бул аталыштын окулушу ынанымсыз; орхон жазууларында эскерилген аз элдери менен азийлер окшош болушу мүмкүн) бөлүнүшкөн түргөштөр гана калган; VIII кылымдын экинчи жарымында Жети-Суудагы үстөмдүк карлук элине өткөн, бул учурда алардын негизги массасы Алтайдан кетишкен (карлуктардын алдыңкы бутагы жүз жылдыктын башында эле Аму-Дарыянын жээктерине жеткен). 766-ж. карлуктар Суябды ээлешкен жана борборун ушул жерге көчүрүшкөн; алардын падышасы джабгу титулун алып жүргөн, ал орхон жазууларында көп кездешкен ябгу[7] титулу менен бир экендиги талашсыз. Ошентип, түрк империясы кулагандан кийин да Жети-Суу түрк элдеринин колунда калган жана арабдар да, кытайлар да басып алышкан эмес. Кытайлардын Батыш Түркстандын иштерине кийлигишүүсү 751-ж. араб кол башчысы Зияд б. Салихтен жеңилгенден кийин токтогон. Арабдар VIII кылымдын аягында карлуктарды Ферганадан сүрүп чыгуу менен чектелген; түндүк-чыгышта мусулман баскынчылары, биздин билишибизче, эч качан Таластан ары барышкан эмес.

Мусулмандардын куралдуу күчтөрүнүн ийгиликтерине караганда, соода жүргүзүүлөрдүн натыйжасында мусулман маданиятынын тынчтык жолу менен таралышы түрктөрдүн тагдырына алда канча зор таасир тийгизген. Мавераннахрдын калкы ар дайым соодага шыктуулугу менен айырмаланышкан жана ислам пайда болгонго чейин эле Орто Азиянын ар кайсы жерлеринде соода колонияларын негиздешкен; согдулардын колониялары ал гана эмес Чыгыш Түркстандын эң алыс жактарында, токуз-огуздардын аймагында болгон. Жети-Сууда согдулар белгилүү роль ойногондугу X кылымдагы персиялык географтын сөзү боюнча Кастек ашуусунун түндүгүндө жайгашкан Беклиг, же (башкача окулушу) Беклилигкыштагы согд тилинде Семекна аталышын алып жүргөндүгүнөн көрүнүп турат.

Көпөстөрдүн артынан адатта Мавераннахрда таралган ар түрдүү диндердин жайылтуучулары жөнөшкөн, алардын арасында несториан багытындагы христиандар да болгон. Мусулман жазмакерлеринин далилдерине караганда Түркстандын көпчүлүк шаарларында христиан чиркөөлөрү болгон; Жети-Суудагы көчмөн элдердин бири, атап айтканда Ысык-Көлдүн жанында жашашкан жикилдер жөнүндө алардын арасында христиандар да болгондугу айтышат[8].

Мусулман авторлору Батыш Азиядан Кытайга Жети-Суу аркылуу өткөн соода жолдорун кеңири сүрөттөшөт жана бул жолдогу бир нече шаарды эскеришет, бирок аталыштардын көпчүлүк бөлүгүнүн окулушу ынанымсыз[9]. Пишпектин жанында, болжолу Аламүдүн кыштагынын ордунда, Жуль шаары (балким түрк сөзү чуль — “талаа”) болгон; мында Тараздан (Галас, Олуя-Ата) чыккан жол Ахсикеттен чыккан жол (б.а. Наманган уездинен чыгып, Каракол ашуусу аркылуу) менен кошулат. Чүй өрөөнүндөгү ири соода шаары Невакет же Невикет болгон, андагы жол эки бутакка алсыраган; бири Жел-Арык[10] капчыгайы аркылуу Ысык-Көлдүн жээктерине, экинчиси түндүккө—Суябга кеткен. Жуль менен Невакеттин ортосундагы аралык 15 фарсах, б. а. 90 верстага жакын болгон; андыктан Невакетти Чүйдүн сол жээги менен өткөн жолдон Кара-Булакка жол ажыраган жерге жайгаштырууга болот[11].

Бул жердин бардыгы карлуктарга таандык болгон; Ысык-Көлдүн жээктеринин көп бөлүгү карлуктардан бөлүнүп кеткен жикил элинин ээлигин түзгөн. Невакет менен капчыгайдын аралыгында карлуктардын лабан муунуна таандык дагы чоңураак соода кыштагы Керминкет (башкача окулушунда— Кумберкет) болгон; башкаруучусу кутегин-лабан титулун алып жүргөн[12]. Капчыгай бул мезгилде эле Жуль аталган; тарыхчы Гардизи бул сөздүн мааниси “тар” дегенди билдирет деп эскерет. Капчыгайдан 12 фарсах түштүк тарапта Яр шаары жайгашкан, ал 3000 аскер чыгарууга жөндөмдүү болгон; мында тексин титулун алып жүргөн жикил башкаруучусунун борбору болгон; көрсөтүлгөн аралык боюнча шаар Ысык-Көлдүн жээгинде, атап айтканда түштүк жээгинде болушу керек, анткени көл жолдун сол тарабында калган. Ярдан 5 фарсах жерде Тоң шаары, кейпи ушул аталыштагы суунун өрөөнүндө бөлгөн, азыр да көптөгөн урандылар көрүнүп турат. Тоңдон үч күндүк жолдо Барскан турган; бул эки шаардын аралыгында жикилдердин гана чатырлары кездешет. Шаардын аталышы, кыязы, Барскоон суусунун аталышында сакталып калган.

Географ Кудаманын сөздөрү боюнча шаар бир топ — төрт чоң жана беш кичине кыштактан турган. Башкаруучу танак титулун, башка маалымат боюнча тебин-барсхан титулун алып жүргөн; шаар 6000 аскер чыгара алган. X кылымдагы персиялык географтын сөздөрү боюнча барскандык манак карлуктардан чыккан, бирок жашоочулар кийин токуз-огуздарга өтүп кеткен[13]. Шаар Чыгыш жана БатышТүркстандын аралыгындагы соода жүргүзүү борбору катары олуттуу мааниге ээ болгон; түрктөрдүн санжыра, уламыштарында Түрктүн балдарынын бири Барскан деген атты алып жүрөт.

Ферганадан Барсканга түз жол да алып барган, атап айтканда Өзгөндөн Ясы (Жазы) ашуусу аркылуу, Арпа өрөөнү менен Кара-Коюн, Ат-Башы жана Нарын дарыяларынын өрөөндөрү аркылуу өткөн. Кара-Коюн суусунун Ат-Башыга куйган жерине жакын дөбөдө Атбаш (азыр Кошой-Коргон урандылары) шаары турган, ал Ферганадан, Барскандан жана тибет ээликтеринен (Чыгыш Түркстанда) бирдей аралыкта (6 күндүк жол) болгон; тибет ээликтерине жол болжолу Торугарт ашуусу аркылуу өткөн. Атбаш менен Барскандын ортосунда бир да кыштак болгон эмес. Жети-Суунун түштүк бөлүгүн, аларга Кашкар да таандык болгон, ягма (токуз-огуздардын алдыңкы бутагы) эли ээлеп турган; карлуктар менен ягмалардын ортосундагы чек ара деп Нарын эсептелген.

Акырында Невакеттен Суяб аркылуу айланма жол да Барскан менен кошулган. Суяб Чүйдүн түндүк жагында, Невакеттен 3 фарсах аралыктагы тоолордун этегиндеги түргөштөрдүн жеринде, кыязы, азыркы Кара-Булак айылынын ордунда болгон. Башкаруучусу түрк хандарынын бирөөсүнүн бир тууганы болгон, бирок ялан-шах, б.а. «баатырлардын падышасы» деген арий титулун алып жүргөн; шаар 20 000 жоокер чыгара алган. Суябдан кеткен жолдо, Невакеттен 1 фарсах аралыкта 8 000 жоокер чыгара алган Пенлсикет шаары да болгон; Суябдын жанында ар биринин өзгөчө башкаруучусу бар үч кыштак да болгон. Ашуу (Кастек) өткөн тоолор түрктөрдө ыйык деп эсептелген; алардын ишеними боюнча бул кудай токтоочу жер болгон.

Ашуунун түндүк тарабында Беклиг же Беклилиг шаары болгон, анын башкаруучусу бир маалымат боюнча Бадан-Сангу титулун, башкасы боюнча түрктөрдүн Йинал-тегин титулун алып жүргөн; анын 3 000 жоокери болгон; андан сырткары шаар 7000 жоокер чыгара алган. Кербендер Суябдан Барсканга чейинки жолду 15 күндө, а түрк почтасы — үч күндө өткөн. Болжолу, Кастек, Верный аркылуу Иле Ала-Тоосунун түндүк кырын бойлой Кызыл-Кыя ашуусу (Сан-Таш дөңсөөсүндөгү) аркылуу Караколго кеткен жол айтылса керек; арабдар көрсөткөн күндөр Токмоктон Караколго чейин Ысык-Көлдүн түндүк жээгин бойлоп барган аралык үчүн өтө эле көп. Бирок Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги жикилдердин ээлигинде, карлуктардын ээлиги менен чек арада чоң соода шаары Сикуль жайгашкан, болжолу, биз төмөндө көргөндөй, Тимурдун тушунда эле бар болгон Ысык-Көл шаары менен бир эле болсо керек.

Бардык түрк элдеринин ичинен, албетте, карлуктар мусулман маданиятынын таасирине көбүрөк кабылышы керек эле. Халиф Махдинин (775—785) тушунда эле карлук жабгу исламды кабыл алса керек деген маалымат ишенимсиз; бирок X кылымда жок дегенде эле Таластын чыгыш жагындагы бир нече шаарда чоң мечиттер болгон. Маданияттын таасири карлуктардын жашоо-турмушунан да көрүнүп турган, алардын арасында көчмөндөр менен аңчылардан сырткары жер иштетүүчүлөр да болгон. Бирок карлуктар башка түрк элдеринин, өзгөчө токуз-огуздардын кол салууларына көп кабылган, алар X кылымда бардык түрктөрдүн ичинде эң кубаттуусу деп эсептелинген; токуз-огуздардын көпчүлүгү ханы менен бирге манихей дининде болгон, бирок алардын арасында христиандар, буддисттер жана мусулмандар да болушкан.

X кылымда токуз-огуздардын колунда башта карлуктарга таандык Барскан шаары[14] тургандыгын көргөнбүз; андан сырткары Пенчул (окулушу күмөн) шаары, же азыркы Ак-Суу жөнүндө шаар карлуктардын карамагында болгондугу, бирок башкаруучусу токуз-огуздарга көз карандылыкта тургандыгы айтылат; кийин аны кыргыздар ээлеп алган. Ал мезгилде кыргыздар Енисейдин башталышында жашашкан, кытай маалыматтары боюнча ал жакка VIII кылымда эле ар бир үч жылда Кучадан жибек жүктөлгөн араб кербендери жөнөтүлүп турган. Соода алакасы кыргыздарды арабдар, карлуктар жана тибеттиктер менен жакындаштырган; балким, кыргыздар анда токуз-огуздарга каршы күрөштө карлуктардын союздашы катары чыгышкан жана өзүлөрүнүн азыркы мекени болгон Жети-Суунун бөлүгүн ээлешкен.

Эмнеси болсо да кыргыздардын негизги массасы Жети-Сууга кыйла кеч көчүп келген. Эгерде кыргыздар Жети-Сууда Караханилер доорунда эле жашашса, анда алар сөзсүз түрдө исламды X же XI кылымда эле кабыл алышмак; бирок, биз кийинчерээк көргөнүбүздөй, алар XVI кылымда эле динсиздер деп эсептелишкен.

Акырында, карлуктардын ээликтеринин борбору Чүй өрөөнү да алардын душмандарынын колуна өткөн. 940-ж. айланасында кандайдыр бир «динсиз түрктөр» XI жана XII кылымдарда чоң роль ойногон Баласагун[15] шаарын ээлешкен; X кылымдагы географтардан ал жөнүндө Макдиси гана жазып, аны «чоң, эли көп жана бай шаар» деп атаган. Башка жерде мен Баласагун Чүй өрөөнүндө тургандыгын далилдөөгө аракеттенгем; бизде анын жайгашкан жери тууралуу так маалыматтар жок.

Бул мезгилде Чүй өрөөнүн ээлеген эл болжолдуу түрдө, ошол X кылымда эле Орто Азиянын батыш бөлүгүн бүт өз бийлигинин астына баш коштурган Караханилер сулалесинен чыккандарга окшошуп кетет.

[1] Биз бул түрктөр тууралуу маалыматтарды Иакинф ата чогулткан кытай тарыхый кабарларынан (кара: гл. I) сырткары Сюань Цзандын саякаты жөнүндөгү баяндан (пер. Жюльена, т. I—II), бул жер кезгичтин өмүр баянынан (Жизнеописание Сюанъ Цзана,пер. Жюльена) жана византиялык элчилердин аңгемелеринен табабыз. Акыркысына биз мында токтолбойбуз, анткени элчилер Жети-Суу аркылуу өтсө дагы ал тууралуу эч маалыматтарды билдиришпейт. Түрктөрдүн жашоо-турмушу жөнүндө византиялыктар айрым кызыктуу кабарларды билдиришет; алардын аңгемелери орус тилинде Д. И. Иловайскийдин Разыскания аттуу китебинде кеңири баяндалат. Ошондой эле кара: Кюнер, Китайские известия, 182—194; Chavnnes, documents: Liu Mau-tsai, Die chinesisen Nachrichten)»е сНтевгвскеп ЫасНпсМеп. Салыштыр: Очерки истории СССР. III—IX вв., стр. 378—396. — Б. С.>

[2] Азыр Казак Республикасындагы Жамбыл шаары

[3] Түрк титулу, андан кыскартуу аркылуу хан сөзү түзүлгөн. Орус жылнаамаларында кездешкен каган формасынын тууралыгы орхон жазуулары менен бекемделет; мусулман авторлору адатта хакан деп жазышат.

[4] Азыр Сыр-Дарыя областындагы Тарты (Луговое) станциясы. Салыштыр: Каллаур, Археологическая поездка, стр. 7.

[5] Кытай булактары VIII кылымдагы окуялар тууралуу бизге айрым гана маалыматтарды берет. IX жана X кылымдардагы Жети-Суунун абалы жөнүндөгү кабарларды биз негизинен араб географтарынын голландиялык ориенталист De Goeje (Bibliotecha geographorum arabicorum) 8 tt,. VI французча котормосу менен) жарыялаган чыгармаларынан табабыз. Орто Азия тууралуу алда канча кеңири маалыматтарды камтыган айрым географиялык чыгармалар, алсак Жейханинин эмгеги жана Ибн Хордадбектин чоң эмгеги жоголгон; бирок аларды А. Г. Туманский Бухарадан тапкан X кылымдагы белгисиз чыгарманын автору (Новооткрытый персидский географ) жана чыгармасынан үзүндү менин Орто-Азияга барганым тууралуу отчеттун тиркемесинде жарыяланган XI кылымдагы тарыхчы Гардизи өңдүү перс авторлору колдонушкан. <Худуд ал-аламдын факсимилесин Бартольд 1930-ж. кириш сөз жана көрсөткүчтөрү менен чыгарган; бул булактын англисче котормосун кеңири түшүндүрүүлөр менен 1937-ж. 3. Ф. Минорский жарыялаган. VIII—X кылымдагы Жети-Суунун жана Орто Азиянын тарыхы тууралуу маалыматтарды камтыган чыгыш жазма эстеликтеринин башка басылмаларын кара: Бартольддун чыгармаларынын I томуна берилген библиографияларды. Карлуктардын Орто Азияга жылышы жана жайгашышынын тарыхы тууралуу маалыматтарды макаладан кара: Шаниязов, Из истории. Өзбектердин этногенез проблемасына байланыштуу карлуктар жөнүндөгү этнографиялык маалыматтарды кара: Кармышева, О некоторых древних тюркских плетенах. — В. Р.>

[6] Абулгази, Родословная тюрок, изд. Демезона, II, 9; Абулгази, Родословная туркмен, пер. Туманского, 9; ошондой эле жаңы басылышын кара: Родословная туркмен, изд. А Н. Кононова, 39>. Бул уламыштын эң байыркы редакциясы ХII кылымдагы персиялык Муджмал ат-таварих чыгармасында берилген; жалгыз кол жазмасы Париждеги улуттук китепканада сакталып турат, <Азыр дагы эки кол жазмасы белгилүү — Стамбулда жана Гейдельбергде, Муджтал ат-таварйхтин текстин 1939-ж. Бехар жарыялаган. Библиографияны кара.—Ю. Б.>

[7] Кытайлар эки титулду тең бир эле сөз менен белгилейт (бул сөздүн туура окулушун кара: Thomsen, Inscriptions de L.Orhon, р. 59) <Жабгу жана ябгу титулдарынын сөзсүз окшоштугун айтууда Бартольд Худуд ал-аламдагы 17 б баракты түз көрсөтүүгө таянышы мүмкүн эле, анда «өткөн мезгилдерде халлухтардын падышасын жабгуй, ошондой эле ябгу деп айтышкан»,—деп жазылган.>

[8] Григорьев, Об арабском путешественнике, стр. 27—28. Жикилдердин турак-жайы тууралуу төмөндө кара.

[9] Бул жол жөнүндө кара: Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 30— 32, 114; ошондой эле Бартольд, О христианстве в Туркестане, стр. 15—17.

[10] Кийин (азыр да) — Боам капчыгайы (азыркы карталарда ушундай; туурасы Боом). Жиль (Жел-Арык) деген аталыш Чүй өрөөнү тараптан Боом капчыгайына кире бериштеги жердин атында сакталган—В. Р.>

[11] <Аралыгы боюнча Жулдан Невакетке (Навикат) чейин 90 км ге жакын деп, болжолу, Бернштам туура белгилеген, Орловка кыштагынын чөлкөмүндө, «басымдуу бөлүгү азыркы курулуштардын алдында калган чоң тургун жайдын калдыктары» табылган; кара: Чуйская долина, стр. 19, ошондой эле, стр. 21, 25. Буга Орловка кыштагында чоң дөбө болгондугун, ал болжолу, кандайдыр бир ири курулуштун калдыктары болушу мүмкүн экендигин кошумчалоо керек. Невакет (Навикат) аталышы эскерилген даректердин кеңири тизмесин Кара: Лившиц, Согдийские документы, стр. 27—28. прим. 48. — В. Р.>

[12] Муджтая ат-таварйх, л. 283. Худудуль аламдын автору бул муунду карлуктук дегенине карабастан Лабан сөзү түркчөдөн чыкпагандыгы талашсыз. <Балким *Alban — В. М.>

[13] <В. Ф. Минорский тексттин мындай интерпретациясын туура эмес деп эсептеп, төмөндөгүнү сунуш кылат: «дихкан карлук болсо да, жашоочулары токуз-огуздар менен толук ынтымакта (жашашат)». Салыштыр: Худуд ал-алам, пер. Минорского 98; с297. — В. Р.>

[14] <Минорскийдин пикири боюнча, Бартольддун бул далилдөөсү Худуд ал-аламдын текстин туура эмес интерпретациялоого негизделген; жогорудагы 15-эскертүүнү кара. —В. Р.>

[15] Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 35.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.