Африка эл жомогу: Капумбу жана айбандар

Балуба уруусунун жомогу Бир күнү капумбу бардык айбандардын ортосунда туруп алып: – Силердин араңарда мендей тамак жей алганыңар барбы? Тамак жегенден мага жеткениңер жок,  – деп мактанды. Анда арстан тура калды: – Мени менен мелдешип көрчү! Экөө жей башташты. Көпкө чейин жешти. Аягында арстан чыдабай четке чыга келди да жеңилгенин мойнуна алды, а калумбу болсо дагы эле жеп жатат.  Леопард тура калды: – Сени мен жеңем! Бирок леопард да ага теңеле алган жок. Ким калумбудан көп жейм дегендин баарынын жолу […]

Үчтүктөр туурасында учкай сөз

Багбан саякатта жүрүп, кайсы бир материктин, кайсы бир өлкөсүндө өсүп, мөмөлөп жаткан жемиш дарагын көрүп кызыгып калса, шартка жараша ошол дарактын уругунбу, көчөтүнбү — өз жерине алып келип өстүргүсү келээри бышык. Анын сыңарындай мен да бир топ жыл мурун жапон поэзиясына жолугуп, андагы танка, хайку (муну мурун  “ хокку” дешкен экен) ырларын көрүп, алгач анчейин  кызыкчылык үчүн гана окуп, бара-бара алардын ички дүйнөсүнө алымдын, билимдин жетишинче сүңгүп, тамшанып, таң калып, түшүнүүгө аракет кылган жайым бар. Албетте, биздин кыргыздын классик акындарынын, […]

Алесь Карлюкевич: Эң таттуу белек

Белорус жазуучусу Алесь Карлюкевичдин балдар үчүн жазган аңгемелери Абибилла Пазыловдун котормосунда. Тимофей төрт жашта. Тили буудай кууруп, тимеле  тынчыбас  бала. Кээде айлана-тегеректегилер   кичинекей эмени укканын унутпас  куйма кулак, ашепке  тапан деп эсептешет. Бирок, жакын бир туугандарына, айрыкча, Настя таежесине Тимофейдин бул жоругу жагат. Сүймөнчүк небересинин береги мүнөзү чоң ата, чоң энесинин көңүлүнө да төп. Бирде  ата-энеси  уулун эки  жумадан ашуун  мезгилге  чоң ата-чоң энесиникине калтырып кетишти. Батирде  чоң атасынын апасы – чоң чоң энеси жашайт эле. Тимофейди таңдан  кечке баягы […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Айта албай жатасыңбы? Анда жазгын!

Чындыктан алынган көркөм ой-толгоо — Муфтийдин жардамчысы коомдук ашканадан аш (тамак) жеп алып, акчасын төлөбөй кетип калыптыр. Гезитибизге жазабыз! —  деп сырттан шаңдуу үн менен мурутун сылаган редактор кирип келди. — Кызык ко? Кантип эле? Кайдан билесиз? Сиз ошол жерде бирге болбогондон кийин… — деп таң калуу менен суроо бердим. — Ооба, ал жерде эмес болчумун. Эмне кыласың? Ким бирөө айтып берди да! Мен жакшы билген адам айтып берди! Чып-чын! Газетага чыгыш керек анын окуясы! Жалаң жаратылышты чагылдырган – “Жашыл […]

Абдил Шерматов: Үмүт

Көк деңизде, туманданган көк жайык Агарат бир аппак жалгыз жел кайык. М.Лермонтовдон И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун III курсунун студенти,  ат-башылык  Элмирбек кызы  Айдинанын «Жарыгым» аттуу алгачкы жыйнагын («Жарыгым». Ырлар.-Б.:2018-ж) окуп, бул акын кыз жөнүндө жазам деп оозуман чыгып кетти эле. Көк желкелеген көр тириликтин айынан кол бошобой, бир топ убакыт өтүп кетти. Убакыттын өткөнүнөн деле зыян болбоптур. Бул аралыкта анын ырларын кайталап окуп, айрым бир ойлорумду тактап алдым, айрымдарынан баш тарттым. Кандай деген күндө […]

Касым Каимов: Ат

АҢГЕМЕ Кадимки кыргыз аты. Аны минтип атоо шарттуу. Биздин түшүнүгүбүздөгү турпаты тукур, ой-тоого, ысык-суукка жана ач-токко муңбаган нукура кыргыз жылкысынын тукуму азыр аз же жокко эсе. Ал эми биз сөз кылган күрөң ат кайсы жылкынын тукумуна таандык экенин ким билсин. Күрөң — аргымак чалыш, же тукур эмес, чулусунан келген, кулжа моюн, ар түрдүү тукумдардын аралашмасынан пайда болуп, чыдамкайлыгы жагынан гана кыргыз жылкысынын касиетин сактап калган мал. Дайыма этинен түшпөй, жүндөрү жалтылдап, жал-куйругу төгүлүп, кай убакта көрсөң табында. Жайлоого келгениме аз […]