АҢГЕМЕ

Кадимки кыргыз аты. Аны минтип атоо шарттуу. Биздин түшүнүгүбүздөгү турпаты тукур, ой-тоого, ысык-суукка жана ач-токко муңбаган нукура кыргыз жылкысынын тукуму азыр аз же жокко эсе. Ал эми биз сөз кылган күрөң ат кайсы жылкынын тукумуна таандык экенин ким билсин.

Күрөң — аргымак чалыш, же тукур эмес, чулусунан келген, кулжа моюн, ар түрдүү тукумдардын аралашмасынан пайда болуп, чыдамкайлыгы жагынан гана кыргыз жылкысынын касиетин сактап калган мал. Дайыма этинен түшпөй, жүндөрү жалтылдап, жал-куйругу төгүлүп, кай убакта көрсөң табында.

Жайлоого келгениме аз гана күндөр өттү. Баягы өзүмө тааныш кишилер, тааныш тоолор, жер жайнаган мал. Менин көзүмө эмне үчүндүр кишилер жана мал көбөйүп бараткандай. Бала күнүмдө, так айтканда, отузунчу жылдарда, тескерисинче, жер кенен, кыбыраган тири жан аз сыяктуу байкалчу. Анда малчылардын баары картаң көрүнчү, эгерде жаш жагынан болбосо, кийими, жүрүм-туруму жана кебетеси жагынан. Азыр кишилер жаңырган, жашарган, улгайгандары да жаш көрүнөт.

Ушул тоолуктардын аксакалы жетимишке таяп калган Райымкан. Кебетесине карап, аны да карылардын катарына ыйгара албайсың. Бетинде бырышы жок, көз курчу кайтпаган, кыйкырыгы таш жарган, сакал, муруту дайыма кырылуу сыпайы адам. Кийгени да өзүнчө: башында шляпа, бутунда офицер өтүгү, үстүндө шырымал чапан. Тартканы сигарет.

Дайыма мал менен жүргөндүктөн аны малчы экен деп да ойлоого мүмкүн. Бирок анын калбет орто боюна шайкеш келбеген борпоң денеси жана сыпайкерчиликтүү жүрүм-туруму пенсиядагы эски кызматчы экенин айгинелейт.

Күрөң аттын ээси — ушу Райымкан. Кош тартмалап токулган күрөңүн минип, аралашма киймин кийип, Ракең бастырып жөнөгөндө аны Чүй боюндагы кайын-журтуна барабы деп ойлойсуң. Бирок ал айылдын тегерегиндеги малды жайытка беттетип коюп, кайра тартат.

Күрөң минилсе, минилбесе да күндө бир маал таралып, чыкыйта токулуп, мамыда байланып турат.

Райымкан мүнөзү жумшак, ак көңүл адам. Бирок атка келгенде ал өзүнө окшобойт, таптакыр өзгөрүлөт. Ишенбесең күрөңдүн күчүн бир күн-жарым күнгө сурап көр. Бермек түгүл, куйругун карматпайт, ыйласаң да ийикпеген кара таш! Ошону үчүн бул айылдагылар андан ат сурашпайт. Эгер аны карыганда карик болгон экен деп эсептейин десең, мейманга баштагыдай эле эшиги ачык, дасторкону берекелүү, кой, козуну коноктон да, сурагандан да аябайт.

Анын атка эмне үчүн сараң болуп калганы гана белгисиз. «Мурда мындай эмес эле, кийинки жылдардан бери ушундай илдетке жолукту» деп кеп кылышат айылдаштары.

Мен өзүмчө ойлоном: анысы күрөңүн жакшы көргөндүктөн го. Кээ бир адам жакшы көргөн нерсесин кысканчаак келет эмеспи.

Ушул бир сырдуу калбат аксакалды күйгүлтүккө түшүргөн бир окуяга күбө болдум. Бул окуя жаңы зоотехник Ботобайдын айылга келишине байланыштуу.

Малчылар зоотехникти жакшы тосушту. Мен анын канчалык ишкерлигин, өз кесибин мыкты өздөштүргөнүн билбейм, айтор кичипейилдигин жана кишилерге мамиле жасоо жагынан ыктуулугун гана байкадым. Аны жалгыз гана Райымкан жактырган жок. Бир көргөн кишиге абышка эмне үчүн тырчыганын түшүнө албай отурдум. Райымкан кепке кошулбай, зоотехниктин айткандарына кулак салбай, өзүнчө дулдуят. Мейман жигиттин шагы сынбас үчүн Райымкандын кулагына шыбырадым: «Эмнеге кыртыштайсыз?.. Ушундай мамиле кылганыңыз уят эмеспи!»

Райымкан «көрдүңбү!» дегенсип, эшик жакка колун шилтеди. Боз үйдүн эшиги түрүлүү эле. Мамыга байланган кара ат көзүмө урунду. Анын эмнеси бар экен? Аттай эле ат, арыктыгы эле болбосо. Мен аны тиктеп, ийнимди куушуруп койдум.

— Сен малдын жайын билбейт турбайсыңбы!— абышка мага карап сүйлөдү.— Кайран ат мал сыягынан чыккан турбайбы.

Мен ошондо гана кара аттын ичи ичине катып, жүндөрү үрпөйүп, чымын-чиркейден коруна албай башын жерге салып, үргүлөп турганын байкадым. Райымканга окшоп, ага менин да кыжырым кайнады. Зоотехниктин сөзмөрлүгү, жөн билгилиги, малчыларга жаккандыгы эмне үчүндүр жасалма сыяктуу учурады.

Биздин пикирибиз менен жумушу жок зоотехник сөзүн токтото коюп, Райымканга бурулду:

— Аксакал, атым жүрбөй калды. Башка жайлоодогу малчыларга бара турган зарыл жумушум бар эле.— Ал кадыр-көңүлү сиңишкен адамына кайрылгансып, эч нерседен күнөм санабайт, көңүлү бириңтай. Адатта колхоздун жетекчилери айрым кишилерге бекитилип берилген аттарды каалаган убакта ооштуруп кете берүүгө акылуу. Бирок кичипейилдик кылып, убактылуу болсо да ээсинен суроо парз.

Отургандардын баары нымтырашып унчугушпай калышты. Алардын кебетелерине караганда «шагы бөөдө сына турган болду» — дегенсишип, Ботобайды аяшкандай.

— Ат минүүнү билбесең, албетте жүрбөй калат, — деген жооп аксакалдын оозунан чыкканда гана зоотехник оңой-олтоң кишиге урунбаганын түшүндү. Ошо замат ага татыктуу жооп берерлик сөз таппай мукактанды. Бирок катуу каяша айтуудан айбыгып, кежир чалга иштин жайын түшүндүрүүгө аракеттенди:

— Малдын жайын билбейм деп, айтсам жаңылыштык болор. Беш жыл бекер окуптурмунбу?

Райымкан анын сөзүн бөлдү:

— Китеп деген китеп. Чоң окууну бүтүп, астындагы атын, койнундагы катынын кадырлай албаган эркектер толуп жатпайбы!

Күтүлбөгөндөй катуу сөз… Отургандардын баары оңтойсуз абалда. Эми эмне болор экен?— деп менин чыйпыйьш чыгат. Атка кароо кежир чалдан тил уккандан көрө бечара зоотехник атты чабандардын биринен сурабайбы же болбосо, колхоздун өзүнөн ооштуруп албайбы! Мүмкүн ал Райымкандын мындай экенин билбей кагуу жеп, эми томсоруп кайтпастан, максатын кандай да болбосун орундатуу үчүн аракеттенер же унчукпай кете берер бекен? Мейман жигит бир жолку кагууга шылкыя турган ызакор неме көрүнбөйт.

— Колхоздун жалпы малынын камын ойлоп, чапкылап жүрүп, астындагы атыңды унутат экенсиң. Ал түгүл, ишенсеңиз аксакал, аял алууга чоло жок.

— Туура!— Отургандар күлүп калышты. Жигиттин күнөөнү мойнуна ала сүйлөгөнү Райымканды жумшартты бейм, ал да жанагинтип катуулабастан, жай сөзгө өттү:

— Мүмкүн аныңдын жөнү бардыр. Бирок зоотехник болуп туруп, ат күтүүнүн жайын билбөө уят.

— Сизге чынымы айтпасам болбойт экен!— Ботобай жанагыдан ачыла сүйлөдү.— Кара атты алты ай бою ыргыштатып сонун эле минип жүрдүм. Эмнеден бузулганын билбейм, аз эле күндүн ичинде өзүнөн өзү жүдөп, акырында жүрбөй калды.

— Атың ысык кетүүдөн бузулган,— деди абышка аны көрүп жүргөнсүп — Жонунда жоору барбы?

— Бар.

— Тоютка бордоп байласаң да иреңине чыкпайбы?

— Ооба.

— Айтпадымбы, табынан бузулган. Семиз кезинде кызылмай кылып, кыйнап минип, чала суутуп, отко койгонсуң. Ошонун балаасы. Бул эч нерсе эмес. Келерки жазда көрүнгөн жыгачка, дубалга сүйкөнүп, жүндөрү жыдып түшүп, кырчаңгы болгондо анык тамашаны көрөсүң.

— Анда шерменде болбодумбу, аксакал!— деди Ботобай чочулап,— бирок ага жеткирбей дарылатам. Бизде күчтүү дарылар бар. Эми менин бул айылга келишимдин жөнүн угуңуз, аксакал!

— Айтыңыз!— Райымкан эч нерсени сезбегенсип койду.

— Күрөңдүн күчүн сурап келдим. Атыңызды бир айдан кийин кылын кыйшайтпай өз колуңузга тапшырам.

Райымкан ага жооп берүүнүн ордуна сигаретинин калдыгын жерге ныгыра өчүрүп, бет астын тиктеп мелтиреп отурат. Ботобай гана эмес, кишилердин баары жооп күтүшкөндөй жым-жырт. Эч ким ага унчукпайт, жооп талап кылбайт. Окус бирөө кыңк этсе эле, чоң чатак чыкчудай.

Бир оокумда кишилер тышка чыгышты. Райымкан элден бөлүнүп капталга барып жамбаштап, сигаретин кайрадан буркурата баштады. Бул айылга убара болуп келишине жана зыкым абышкадан ат сураганына уят болуп, Ботобай кетүүгө камынды.

«Зоотехникке чала болду»— дедим мен анын ат күтө билбегенине кыжырланып. Тигинде, жайкалган бетегенин үстүндө жамбаштап жаткан абышканын мамилесин өзүмчө жактырып отурдум.

Ботобай Райымкан эмес, бүтүн айылга таарынгандай бурк этти.

— Атымды алып келгиле кайтайын.

Бир бала чуркап барып, көк бетегени жакшылап оттой албай ыңкыйып турган кара атты жетелеп келди. Ошол учурда каптал жактан үн чыкты:

— Эй, жигит бери бас!

Биз баарыбыз Райымкан тарапты карап калдык. Ботобай да… Ал абышканы көргүсү келбесе да, уятынан, сыр билгизбес үчүн ошол тарапты көздөй басты. Кара атты жетелеген бала анын соңунда келатты.

— Ээриңди алчы! — деди Райымкан зоотехникке.

Ботобай ачуусу келгендей таноолору кыпчылды, бирок Райымканга каяша айтуунун ордуна кара аттын үстүндөгү ээр токумду шарак эткизе алып ыргытты. Ошо убакта эмне болот экен дегенсип, баарыбыз чогулуп калганбыз. Чынында эле кара аттын жонунда жоору бар экен, анысы токумга сүрүлүп, ириң-каны аралаш шүүшүңдөйт.

Райымкан ордунан туруп, ыңкайган аттын маңдайынан сылап коюп, баласына кыйкырды:

— Сасыке, керосин алып кел!

Жети жашар чамасындагы бакырайган бала чоң калай банкени сүйрөлтүп көтөрүп келди.

Абышка ээр токумду оодарып көрүп, анын ичинен тер менен жоорго шакмарланып бүткөн ичмекти сууруп, алыс ыргытты.

— Сасыке, тигини май куюп өрттөп ий!

Ботобайда каяша жок. Бул жерге келгенине өкүнгөндөй гана жер тиктейт.

Чирик ичмек өрттөлдү. Ботобайга өз ичмегин берип, Райымкан дале жемесин токтоткон жок:

— Токумду оңдомоюнча ат оңолбойт.

Ботобай аны менен сөз талашпай же жок деп айтпай, ичмекти кара аттын жонуна салмай болгондо Райымкан үн катты:

— А жигит, шашпа! — Ботобай дагы эмне шойконду баштайт дегенсип, токтоло калганда Райымкан уулуна бурулду.— Күрөңдү жетелеп келчи!

Бул сөздү уккан кулагыбызга ишенбедик. Баятан бери аябай жемелеп, эми ага өз атын чын эле бергени турабы? Райымканга эмне болгон? Же ал өзгөрүлдүбү? Биз ушундай суроолор менен алышып турганда уулу жетелеп келген күрөң атты ал Ботобайга берди.

— Ал, токуп, минип кет!

Бизден да Ботобай таң калды, ыза менен кубанычтын ортосунда кысталды. Биздин күлмүңдөгөн көз караштарыбыздан ого бетер уялып, бул жерден кетүү үчүн күрөңдү шашыла токуп, үстүнө секирип минди. Анан баарыбыз менен баш ийкешип коштошуп, Райымканга бир ооз сөзүн айтты:

— Аксакал, убадам убада. Күрөңдү бир айдан кийин кыйшайтпай өз колуңузга тапшырам. Кара атты эртеңден калтырбай жакага каттаган кишиден берип жибергиле.

— Жок, мунуң болбойт.— Райымкан дагы да тескерисинен кетти.— Антсең, атымды бербейм.

Ботобай эч нерсени түшүнө албай:

— Анан эмне кыл дейсиң? Деги сиздин эле айтканыңыз болсунчу!— дегенге араң жарады.

— Менин айтканым болсо, аттарыбызды алмашканыбыз ушул болсун: күрөң сеники, кара меники.

Бул сөздү укканда Райымкан бала болуп баратабы дегенсип биз күлдүк. Ботобай кара аттан кутулганына кубанычтуу башын ийкеди…

Абышканын дагы бир кежирлиги кармабасын дегенсип, зоотехник ылдамдап бастырып жөнөдү. Карааны үзүлгөнчө артына жылчайын карабады.

*     *      *

Мен Райымкандын жоругуна түшүнө албадым. Башкаларга куйругун карматпаган атын эмне үчүн ат кадырын билбеген жигитке ыйгарды? Анын жарамсыз атын эмне үчүн сурап алды?

Сүйлөшө турган сөз көп болсо да, маектешүүнүн ыңгайы келбеди. Ал күрөң атынын колдон чыкканына ичи ачышкандай далай күнү эч ким менен ачылып сүйлөшпөй, кара аттын жонун дарылоо менен убакытты өткөрүп, башкалардан оолак. Анын дарысы түркүн чөп.

Шайманы жок кара ат кыйкайып дайыма бир орунда. Үй ордундай жерден алыс жыла албай, тегеренип оттоп, ошол жерде эси оогондой суналып жатат. Өзөгү талыганда башын көтөрүп, бирок турууга кубаты жетпегендей жан-жагындагы бетегени чалып коюп үргүлөөгө кирет. Райымкан аны сүйөп тургузуп, сууга айдап барып, анан жайытын жаңыртат.

Кара ат каалаганда оттойт, каалаганда жуушайт. Анын ар бир кыймылында ашык нерсе жок, жадаганда ок тийгендей суналып жатышы да бекеринен эместей, кичине эле эс ала түшкөндө оттоого киришет.

Салкын жайлоо, көк жашаң дүйүм чөп аны акырындык менен кубаттандыра баштады. Эми ал башка аттарга окшоп, жайытты аралап, көк шиберди тандап оттоп, сууга өзү барып, чак түштө шаркыраган мээлүүн шардын илебине көкүрөгүн тосуп, ысыктан жана көгөн, чымындан коргончу болду. Арадан жыйырма чакты күн өткөндө Райымкан кара аттын жонуна ачык ичмек салып токуп, мезгили менен суута баштады. Анын ичи чыгып, үрпөйүп жүндөрү басылып, кадыресе мал катарына кошула баштады.

Кара ат жандангандан баштап, Райымкан кишилерден обочологонун коюп, баягысындай кепке-сөзгө кошулуп, кабагы ачык.

Мен кайта турган убакыт келди. Аз убакыттын ичинде биз Райымкан экөөбүз сырдаш болуп калган элек. Баштан өткөн далай окуялар айтылды. Бирок ал мага мен күткөн нерсенин четин чыгара элек болучу. Анын жашырын сыры бар экенин мен сезгендей, менин бир нерсени суроого оозум барбай жүргөнүн ал да билчү. Тоодон түшүүнүн алдында, капталда отурган абышканын жанына барып, аны сөзгө тарттым.

— Сизден бир нерсе жөнүндө суроого оозум барбай жүрөт. Эгер уруксат болсо, айтайын.

— Анчалык зарыл болсо, сураганың оң.

— Эмне үчүн кийинки жылдарда атка кароо болуп кеттиңиз? Башында мындай эмес элеңиз…

— Ээ, иним, анын тарыхы узун!— Райымкан адатынча сигаретин соруп, сөзгө кирди.— Сага ток этер жерин айтайын. Мен мурда жылкынын кадырын билчү эмес экемин… 1950-жылдардын биринчи жарымында колхоздо башкарма болуп иштебедимби. Ошондо бир чоң кеңешме болуп, азык-түлүктүү мал чарбасын өстүрүү жөнүндө маселе каралган. Кеңешип көрсөк; уйлар менен койлор азыктуу экен: эти, сүтү жана жүнү да пайдалуу; жылкы бечарада андай сапаттар жетишпейт экен. Биз жылкыны азайтууну, анын эсебинен башка малды көбөйтүүнү эп көрдүк. Мен жыйналышта сөзүмдү минтип бүтүргөнүм эсимде: «Жашасын уйлар, жоголсун жылкы!» Кишилер кол чабышкан. Анан жылкыларды азайттык. Бээни музоого, кунанды жыйырма тоокко алмаштырган учурлар болду.

Кийин ойлосом, аша чапкан экемин. Азык-түлүктүү мал чарбасын өнүктүрүү үчүн жылкыны жоготуунун эч кажети жок экен, айрыкча Кыргызстан менен Казакстан сыяктуу республикалар үчүн… Биздин жаңылыштыкты турмуш өзү оңдоду. Жылкыны жоюуну токтоттук. Ал түгүл, аны кайра көбөйтүү үчүн аракеттенип жатабыз.

Мен баарынан да бир нерсеге — өзүмдүн ойлобой сүйлөгөнүмө, жылкыны жоюуга чакырык таштаганыма алиге бушайманмын. Анда мени ошентип сүйлө деп, бир киши да үгүттөгөн эмес…

Мен башкарчу аппараттарга да узак жылдары иштедим, пайдалуу бир катар жакшы иштерди аткардым, жаңылыштарым да болду. Менин жаңылышымдын ичиндеги эң салмактуусу, кечиримсизи — жылкыны жоюуга бет алышым. Өкмөт менен, эл кенен экен, ал жөнүндө мени жоопко тартышпады. Ал түгүл, мени ардактап, пенсионер кылышты. Бирок мен өзүмдү күнөөлүү сезем. Пенсионер болсом да, өмүрүмдүн акырына чейин малды кошо багышып, мага окшоп, малдын кадырын билбегендерге кеңешими айтып, жалпы элдик ишке аз болсо да үлүшүмдү кошсом, күнөөм жеңилдээр бекен деген үмүттөмүн…

Райымкан сөзүн айтып болуп, пикирими билгиси келгендей мени тиктеди. Мен башымды ийкөө менен гана жооп кайтардым. Ал эми мени кызыктырган башка суроолор жөнүндө айгуунун зарылдыгы болбой калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.