Бурят эл жомогу: Болушунча тойгуз

Абдан сараң бир бай болуптур. Өмүрүндө бирөөгө бир нерсе берип көрбөптүр. Бир күнү Будамша деген эпчил жигит досторуна: “Керек болсо мен сараң байдыкына кирип тоюп чыгам”, — дейт. Достору ишенбей мелдеше кетишет. Будамша ошол эле күнү сараң байдын үйүнүн артындагы эски ийиндин үстүнө келип таягын чапчудай белен кармап отуруп калат. Аны көргөн бай басып келип сурайт: — Эмне отурасың? — Менин атым Болушунча тойгуз. Мына бул ийинге бир калтар түлкү кире качты. Чыкчу болсо чаап алып пайда табайын деп аңдып […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын материалдык маданияты

Чарбачылыктын үстөмдүк кылып турган укладынын мүнөзү — көчмөн малчылык — анан тиричиликтин патриархалдык-уруулук жагдайы кыргыздардын материалдык маданиятына терең из калтырган. Турак-жайынын, кийим-кечесинин тиби, тамак-ашынын жана эмеректеринин мүнөзү, транспорт каражаттары ж. д. у. с. баарысы — алыскы аралыктарга тез-тез көчүп-конуп жүрүү зарылдыгы, бекем отурукташпагандыгы, чарбалык иш-аракетинин сезондук мүнөздө болушу менен аныкталган. Тянь-Шань түндүк бөксө тоолорунан түштүктөгү Куэнь-Лундун жана Гиндукуштун тоо кыркаларына, батышынан Ура-Төбөдөн чыгыштагы Күчө оазисине чейинки кеңири территорияны мекендеген кыргыздардын материалдык маданияты да (анда ар кандай себептер менен шартталган жергиликтүү […]

Чоңдор үчүн жомоктор

Балдардын көйгөйү – Кызың кандай, жашоосу жакшыбы? – деп сурашты бир аялдан. – Кудайга шүгүр! Барган жери жакшы, күйөөсү алтын бала! Ал ага машине сатып берген, алтын шакек, сөйкө каалашынча алып берет, үй кызматчыларын да жалдап берген. Кааласа түшкө чейин уктайт. Бизге да жардамын аябай берип турат. Күйөөсү жигиттин гүлү! – А уулуңдун иши кандай? – Ох, байкуш балам кор болду! Эмне деген аял алганын билбейм! Ага каалаганын алып берди: машине, алтын буюмдар, үйү толо кызматчылар. Тиги шерменде тапкан ташыганын […]

Салижан Жигитов: Көркөм сөздүн шаасы

Жер жүзүндөгү бардык пенделер жана элдер табиятка карата мамилеси, биологиялык заты, коомдук маңызы, өндүрүштүк кызматы, тарыхый өсүш багыты, маданий чыгармачылыгы жагынан түпкүлүгүндө бири бирине өзөктөш, киндиктеш, жарнакташ. Мүлдө адамзат жаратылыштын койнунда, объективдүү дүйнөнүн кашында, тиричилик закондорунун алкагында бүт дүйнөлүк тарыхый өнүгүштүн бириккен субъекти катары аракет кылат. Ошентсе да бүгүнкү конкреттүү тарыхый кырдаалда адамзаттын биримдигине доо кетирген карама-каршылыктар абдан көп. Адам ата-Ава эненин балдары эң оболу расалык белгилери боюнча ич ара кескин жиктелип кетет. Өң-ырайынын ак, кара, сары түстө болушу жамы […]