Балдардын көйгөйү

– Кызың кандай, жашоосу жакшыбы? – деп сурашты бир аялдан.

– Кудайга шүгүр! Барган жери жакшы, күйөөсү алтын бала! Ал ага машине сатып берген, алтын шакек, сөйкө каалашынча алып берет, үй кызматчыларын да жалдап берген. Кааласа түшкө чейин уктайт. Бизге да жардамын аябай берип турат. Күйөөсү жигиттин гүлү!

– А уулуңдун иши кандай?

– Ох, байкуш балам кор болду! Эмне деген аял алганын билбейм! Ага каалаганын алып берди: машине, алтын буюмдар, үйү толо кызматчылар. Тиги шерменде тапкан ташыганын ата-энесиникине ташыйт, түшкө чейин турбай жатат! Жада калса эрине тамак жасап бербейт!

Сүйүүнүн баасы

Бир жолу кечилден сурашты:

— Сүйүү деген эмне?

– Адамдар сүйүү деп жүргөн нерсе, чындыгында жөн гана келишим, – деп жооп берди кечил. – Ал жөнөкөй принципке негизделген: эгерде сен менин талабыма жооп берсең, мен күткөн нерселерди бере алсаң, демек мен сени сүйөм. Бул нерселерди бере албай калсаң, сүйүү да бүтөт, көңүл коштуктар менен уруш-талаштар башталат. Мисалы,  жумуштан кийин чарчап келген, үйүндө үч жашар кызы менен аялы күтүп жаткан адамды алып көрөлүчү:

– Атаңды өөп койчу, – дейт ал кызына.

– Жок! – дейт, кызы кытмырланып.

– Ой уяты жок! Атаң акча таап силерди багайын деп керээлдин кечке иштеп чарчап келсе, сен өптүрбөйсүң! – деп таарынган кишидей тамашалайт атасы, — кел эми атаңды өөп кой!

– А акчаң кана? – деп сурады кызы, атасынын жанына келип.

Окуучулардын арасынан бири үн катты:

– Мен өзүмдүн сүйүүмдү акчага сатпайм.

– А сүйүүңдү сүйүүгө саткан андан да жаман нерсе болуп жүрбөсүн? – деди кечил.

Ага мен эле керекмин

– Сен, менин кызымдын каалаган нерселерин орундатып, жакшы жашоону камсыз кыла аларыңа ишенесиңби? – дейт кыздын атысы кызынын колун сурап келген жигитке.

– Сөзсүз аткарам, кам санабаңыз, сэр. Ал сенден башка мага эч нерсенин кереги жок деп жатат.

Анын үй-бүлөсү жок

Үй-бүлө дасторкон үстүндө олтурушкан. Улуу уулу көчөнүн аркы бетиндеги кошуна кызга үйлөнмөкчү болгонун айтты.

– Ата-энеси ага бир тыйын да калтырган жок, – деп каршы чыкты атасы.

– Өзү да бир цент чогулткан жок, – деп кошула кетти апасы.

– Ал футбол жөнүндө түшүнүгү жок, – деди иниси.

– Аныкындай түйдөк чачты бир да кыздан көргөн жокмун, – деди карындашы.

– Ал романдарды окугандан башка эч нерсе билбейт, – деди таякеси.

– Анын табити начар, – деп кошумчалады тажеңеси.

– Баарыңардыкы туура, – дейт анда жигит. – Бирок, анын бир чоң артыкчылыгы бар.

– Ал эмне болгон артыкчылык? – дешти баары бир ооздон.

– Анын үй-бүлөсү жок!

Үнөмдөө

Бир адам тыгынга туш болгон автобуста чыдап олтура албай, калган жолду жөө эле кете бермей болду. Жолдон досуна жолугуп калды.

– Тигил адамдар тыгылышкан автобуста тыгылышпай, жөө басып, элүү центти үнөмдөйүн дедим, – деген ал досуна арт жакта келаткан автобусту көргөздү.

– Сен үнөмдөгөндү анча деле билбейт экенсиң! – дейт ага досу.

– А эмне үчүн?

– Үнөмдөгөнгө жараша, тигил таксинин алдында келбейт белең, он эсе ашык үнөмдөмөксүң!

Керез

Миллиардер өлүм алдында жатып мураскоруна керезин айтыптыр:

– Мен эми купуя сырымды ачышка убакыт жетти. Мени ийгиликке жеткизкен эки нерсе болду. Биринчиден сөзүңө бек болуп, чынчыл бол. Эмне кылсаң да, убадаңды так аткар. Бул мен кармаган негизги принцип эле, ошондуктан чоң ийгиликтерге жетиштим. Экинчиден, – эч качан эч кимге убада бербе!

Бут оору жана карылык

Кары адам бутунун ооруганын айтып, доктурга көрүнгөнү келет.

– Бул ооруңуз карылыктан, – дейт доктур аны карап көрүп.

– Сага жиндидей көрүнүп атамбы,  доктур! Экинчи бутум эмне тигинисинен жашыраак дейсиңби!

Эсепчил үлүл

Үлүл жай, бирок максатына жетиш үчүн тырмышып, жаздын шамалдуу күндөрүнүн биринде алча багына чыгып бараткан. Аны көрүп турган таранчылар шылдыңдап карап турушту. Анан алардын бири учуп келип ага мындай деди:

– Сен эмне жиндисиңби, бактын башында бир да алча жок экенин көргөн жоксуңбу?

Сапарын токтобой уланткан үлүл ага жооп кылып мындай деди:

– Мен сойлоп жеткиче болуп калат.

Мышык жана коён

Мышык айтып жатат дейт:

–Коёндор өсүп-өнүү менен иштери жок эл болот экен! Мен аларга чычканды кантип кармаштын жолдорун арзан эле окутуп, үйрөтөйүн десем, бир да коён кызыккан жок!

Арстан биз үчүн өч алат

Чөптүн жалбырактарында майда курттар жашачу. Алардын улуулары кичүүлөрүнө айтып жатышат дейт:

– Тигил жаткан арстанды көрдүңөрбү. Ал аябагандай ак көңүл, жакшы неме, ал бизге эч качан жамандык кылбайт. Ал эми кой – эң жаман жырткыч. Эгерде ал келгенде бизди чөп менен кошо жалмап салмак. Бирок, тиги арстан акыйкатты сүйөт, кокус бизди чөп менен кошо кой жеп кетсе, ал биздин өчүбүздү алат.

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.