Чарбачылыктын үстөмдүк кылып турган укладынын мүнөзү — көчмөн малчылык — анан тиричиликтин патриархалдык-уруулук жагдайы кыргыздардын материалдык маданиятына терең из калтырган. Турак-жайынын, кийим-кечесинин тиби, тамак-ашынын жана эмеректеринин мүнөзү, транспорт каражаттары ж. д. у. с. баарысы — алыскы аралыктарга тез-тез көчүп-конуп жүрүү зарылдыгы, бекем отурукташпагандыгы, чарбалык иш-аракетинин сезондук мүнөздө болушу менен аныкталган.

Тянь-Шань түндүк бөксө тоолорунан түштүктөгү Куэнь-Лундун жана Гиндукуштун тоо кыркаларына, батышынан Ура-Төбөдөн чыгыштагы Күчө оазисине чейинки кеңири территорияны мекендеген кыргыздардын материалдык маданияты да (анда ар кандай себептер менен шартталган жергиликтүү бөтөнчөлүктөр байкалып келсе да) алардын рухий маданиятынын көп жактары сыяктуу эле өзүнүн башкы бардык белгилери жагынан бүтүндөй алганда бирдиктүү болгон. Алардын ичинен башкысы кыргыздардын кээ бир топторунун мурдагы уруулук бөтөнчөлүктөрүнүн сакталып калышы жана кошуна элдер менен маданият жактан өз ара аракеттенишүүсү болгон.

Материалдык маданияттын көп элементтерине мүнөздүү жергиликтүү бөтөнчөлүктөрдүн болушу анын негизги үч комплексин бөлүп көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди:

а) түндүк комплекси (Борбордук Тянь-Шань аймагы, Көл кылаасы, Чүй өрөөнү жана Нарын дарыясынын төмөнкү агымынын боюндагы райондордун бир бөлүгү);

б) түндүк-батыш комплекси (Талас жана Чаткал өрөөндөрүнүн жана аларга канаатташ райондордун аймактары);

в) түштүк комплекси (Ош областынын түштүк-батыш райондору, Алай өрөөнү, Каратегиндин чыгыш бөлүгү — Жергетал району, Чыгыш Памир).

Түндүк жана түштүк, түндүк-батыш жана түштүк комплекстери тараган территориялардын ортосунда — материалдык маданиятына коңшу эки комплекстин белгилери аралашып кеткен кыргыздардын топтору жашайт. Материалдык маданияттын жергиликтүү мүнөз алып калышы — кыргыз урууларынын тигил же бул топторунун өткөндө белгилүү бир аймактарда жайгашышынын натыйжасы болуп саналат. Мына ошентип, аталган комплекстер менен кыргыздардын этностук тарыхынын түздөн-түз байланышы бар.

Анткен менен материалдык маданияттагы айырманы белгилүү социалдык себептер, баарынан мурда — кыргыз коомунун таптык түзүлүшү да пайда кылган. Тарых далилдери, ошондой эле Түштүк Сибирде, Жети-Сууда, Тянь-Шанда жана Памир-Алайда кеңири масштабдарда жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр кыргыз урууларынын материалдык маданиятында сактардан, усундардан жана гунндардан тартып түрктөргө жана моңголдорго чейинки көчмөндөрдүн материалдык маданиятынын традициялары тигил же бул даражада улантылып келген деп ырастоого мүмкүнчүлүк берет.

Боз үй тибиндеги которулуучу турак-жай усундарга да, ошондой эле байыркы кыргыздарга да белгилүү болгон. Гунндардын Кыргызстан аймагындагы эстеликтерин биринчи болуп изилдеген А. Н. Бернштамдын пикири боюнча «Кеңкол тибиндеги маданият өзүнүн негизги бардык белгилери менен кыргыз уруулары тарабынан кабыл алынган»

Бул пикир Кеңкол көрүстөнүнүн материалдары менен бөтөнчө ынандыраарлык ырасталып олтурат, андан табылган кийим-кечелердин тигилиши бут кийимдердин тиби, олуттуу өзгөрүүсүз кыргыздарда гана эмес, ошондой эле Орто Азиянын башка элдеринде да, биздин убагыбызга чейин сакталып келди. Түрк мезгилиндеги нукура көчмөндөрдүн таш балбандарга чегип түшүрүлгөн кийим-кечелери, Жети-Суудагы (Сюань цзянь VII к.) байыркы түрктөрдүн кийизден жасалган кийим-кечелери жөнүндөгү маалыматтарды жана байыркы кыргыздардын (хягастардын) кийим кечелеринин (кийизден жасалган ак калпактарды, койдун терисинен жасалган жана жүндөн токулган кездемеден тигилген кийимдерди) «Тан-Шудагы» сүрөттөлүшүн азыркы кыргыздардын кийим-кечелери менен салыштырып көрүү кийим-кечелердин типтери бери эле болгондо 1300—1400 жылдан бери өзгөрбөй келе жаткандыгына шектенүүгө негиз калтырбайт.

Калыбы, кооздук жасалгалары жөнүндө деле мына ушуну айтууга болот. Мындан тышкары, үй эмерегинин жана үй тиричилигинин көп буюмдары (түбү жайпак тегерек жыгач чаралар жана табактар, чыны каптар, шамдар, жыгач бешиктер ж. б.) кыргыздарда биздин мезгилибизге чейин жашап келди жана колдонуудан жакында эле чыгып калды, ал буюмдар өзүлөрүнүн формалары жана ал тургай, жасалган материалы (мисалы, арча жана Тянь-Шань карагайы) жагынан да Тянь-Шандагы гунндардын, усундардын жана түрктөрдүн көрүстөндөрүнөн табылган тийиштүү буюмдарга дээрлик окшош болгон. Ат жабдыктары жана анын жасалгалары  жагынан да ушундай эле окшоштук байкалат. Бул жерде келтирилген кээ бир маалыматтар эле кыргыздардын материалдык маданиятынын татаал мүнөздө экенин жана Борбордук Азиянын, Орто Азиянын байыркы мезгилдеги жана орто кылымдардагы көчмөн урууларынын кеңири чөйрөсүнүн маданияты менен анын генетикалык байланышы бар экенин дапдаана эле көрсөтүп турат.

Кыргыздардын материалдык маданияты жөнүндөгү алгачкы даана маалыматтар XVIII кылымдагы кытай даректеринде камтылган. Алар: Чунь Юандын: «Сиюй вэнь цзянь лу», 1977-ж. (Батыш жергесинен көргөндөрүмдүн жана ал жөнүндө уккандарымдын сүрөттөлүшү), анан «Циньдин хуанчао вэньсян тункао» (Классикалык тексттерден жана Цинь династиясынын тушунда түзүлгөн эң соңку түшүндүрүүлөрдөн эркин баяндоо) деген эмгектери. Бул эмгектерде турак-жайдын (кийиз алачык), тамак-аштын мүнөзү белгиленип, күрмөлөр жана баш кийимдер кыскача сүрөттөлөт. Бул маалыматтар XIX кылымдын орто ченинде Кыргызстандын территориясына белгилүү окумуштуулар П. П. СеменовТян-Шанский жана Чокон Валиханов келип кетишкенден кийин кеңейген жана документ жүзүндөгү биринчи маалыматтар пайда болгон.

П. П. Семенов-Тян-Шанскийди узатып жүргөн сүрөтчү П. М. Кошаров этнографиялык эң сонун альбом калтырган, анын таблицаларында жана сүрөттөрүндө Көл кылаасындагы кыргыздардын материалдык маданияты дээрлик толук түрүндө көрсөтүлгөн. Бул альбом Ч. Валихановдун кыскача, бирок таасын жазып алгандарын жана сүрөттөмөлөрүн эң сонун толуктап турат.

XIX кылымдын 60-жылдарында кыргыздын бугу жана сарбагыш урууларында болуп кайткан академик В.В. Радлов да баалуу маалыматтарды билдирген. Мындан кийин жазып алынгандар жана СССРдин музейлерине чогултулган коллекциялар кыргыздардын материалдык маданияты жөнүндөгү биздин түшүнүктөрүбүздү көп жагынан байытты. Кыргыз археологиялык-этнографиялык экспедициясынын этнографиялык отряды да ал маданиятты изилдөөгө олуттуу салым кошту. Кыргыздардын материалдык маданиятында Орто Азиянын башка элдери менен казактардын маданий традицияларына өтө жакын көрүнүштөр басымдуулук кылары аныкталган. Муну менен бирге аны Түштүк Сибирдин жана Борбордук Азиянын элдеринин маданияты менен жакындаштырып турган бүтүндөй бир катар элементтер ачык-айкын табылып отурат.

КОНУШТАР ЖАНА ТУРАК-ЖАЙ

Кыргыздардын конуштары жана турак-жайынын тиби түзүлгөн тарыхый шарттарга жараша өзгөрүүгө учурап келген.

Өзүлөрүнүн феодалдары тарабынан өз ара чабышууларга тартылып, коңшу өлкөлөрдүн феодалдарынын кол салууларына кабылып турган кыргыз калкы XIX кылымдын 50-60-жылдарына чейин негизинен уруулук белгилери боюнча түзүлүүчү чоң-чоң айыл-жамааттарга биригүүгө жана ошондой жамаат болуп жашоого аргасыз болгон. Академик В. В. Радлов кыргыздарда өзүнчө бир түрдөгү «көчүп-конуп жүрүүчү уруу» бар экени жөнүндө жазган, алар айыл-айыл болуп эмес, «бүтүндөй уругу (уруусу) менен өзөндөрдүн жээгин бойлото кырка тарта тигилген боз үйлөрдө турушаарын, алардын катары кээде 20 жана андан да көп чакырымга чейин созулуп кетээрин көрсөткөн.

Г. С. Загряжскийдин билдиргенине караганда, XIX кылымдын орто ченине чейин «кыргыздар 200 жана андан да көп түтүндөн турган чоң-чоң айыл болуп жашаган». Көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашагандыктан, кыргыздарда XIX кылымдын орто ченине чейин кандайдыр-бир бекем отурукташуу деген болгон эмес. Түндүк Кыргызстанда мына ушул мезгил ченде гана феодалдар катмарында анын түйүлдүктөрү пайда боло баштаган. Бугу уруусунун жол башчысы Боромбайдын Жууку (Заука) капчыгайында мына ошондой чарбагы болгон, ал чарбалык сокмо тамдардан, кампадан жана тегирменден турган. Г. Бардашевдин маалыматтары боюнча Боромбай бул жерге кербендерди талап-тоноодон жана касташып жүргөн сарбагыш уруусу кол салып калса мал-мүлктү коргоп калуу үчүн 1843-жылы эле сокмо дубалдардан тургузулган чакан чеп курдурган, анын мылтык атуучу тешиктери болгон.

Чептин ичине онго чейин боз үй тигилген, аларда, атап айтканда, белен аштык сакталган. Биздин билишибизче бул кыргыздарда колдон тургузулган чептердин болгондугун айгинелеп турган бирден-бир анык далил.

Кыргыздардын отурукташкан конуштарынын түзүлүү процесси Фергана боюндагы райондордо мурда башталган жана ал Ферганада көбүрөк өнүккөн экономикалык мамилелердин жана отурукташкан жергиликтүү өзбек жана тажик калкы менен карым-катыштын таасирлери менен шартталган. Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда андай кыштактар XIX кылымдын эң аягында, анын үстүнө өтө аз санда гана пайда болгон. Алардын пайда болушу Түндүк Кыргызстандын Орусиянын составына кошулушу пайда кылган социалдык-экономикалык жаңы шарттардын гана эмес, ошондой эле бул жерде жашай баштаган орус келгин дыйкандарынын тийгизген оң таасиринин да натыйжасы эле.

Кыргыз калкынын негизги эли көчмөн жана жарым көчмөн типтеги конуштарда — айылдарда жашоосун уланта берген. Жайлоого көчүп кеткен мезгилде айылдардын саны азайып, ал эми кыштоого келген мезгилде көбөйүп турган. Бирок андай айылдар кышында деле жыш жайгашкан эмес. Алар чакан, бири биринен кыйла алыс жайгашкан турак-жайлардын топтору болгон. Бул айылдардын көбүнүн тургундары эң жакын туугандардан болгон. Ал айылдарды жайгаштырууда да туугандык жана уруучулук принциби сакталган.

Боз уй, кара уй, кыргыз уй — Октябрь революциясына чейин турак жайдын үстөмдүк кылып турган тиби болгон. Тоолуу шарттарда эзелтеден эле көчмөн малчылык менен кесиптенип келишкен кыргыз уруулары турак-жайдын өтө ыңгайлуу тибин жасап алышкан, андай турак-жайды чечүү, унаага артып ташуу жана кайра тигүү оңой болгон. Талаа-түздөрдү мекендеген көчмөндөрдүн арасында Орто кылымдарда тараган турак-жай бул шарттарга ылайык келмек эмес, анткени ал арабага жүктөп ташылган.

Боз үй негизинен бир нече бөлүктөн, керегеден, ууктан, түндүктөн, анан босогодон турат. Түндүгүнөн түтүн чыгып, жарык түшөт. Босогосуна кош канаттуу эшик орнотулат же кийиз капталган чий тартылат. Капталдарына ошондой эле чийлер каланып, үстүнө ар кандай формадагы жана чоңдуктагы жабуулар жабылат. Түндүгү түнкүсүн жана жаан-чачындуу күндөрдө түндүк жабуу менен жабылат.

Боз үйдүн эшигин кай жакты каратуу жөнүндөгү маселе — кыйла кызыгууну туудурган маселе болуп саналат. Бизге белгилүүдөй, байыркы түрктөр өзүлөрүнүн турак-жайынын эшигин чыгыш жакты гана каратып чыгарышкан. Эшикти мындай чыгаруу Саян-Алтай элдеринде, айтсак, Батыш туваларда ушу кезге чейин колдонулуп келе жатат. Кыргыздардын көп бөлүгүндө ал каада бул күндөрдө сакталбай калды, боз үйдүн эшиги аларда жердин шартына (айылдын тоого, сууга карата жайгашканына) жараша жана шамалдын кай жактан көп болоруна карап (ал эшиктин бет маңдайынан уруп турбашы үчүн) чыгарылат.

Жайлоолордогу айылдын боз үйлөрүн кыйла көп учурда тегерете тигишкен, анан бардык боз үйлөрдүн эшиктери ортого карай чыгарылган. Бирок кээ бир жерлерде (мисалы, Т. Баялиеванын билдириши боюнча Тоң районунда), боз үйдүн эшиги ошондой болсо да, чыгыш жактан чыгарылгандыгы байкалган.

Чыгыш Памирдеги кыргыздарга келсек, Ю. А. Шибаеванын кызыгууну туудурган бир мисалы бар, ал мындай дейт: «Биз Мургабдан көргөн бардык боз үйлөрдүн эшиги чыгыш жактан гана чыгарылган». Мүмкүн, бир аз карым-катышсыз калуунун натыйжасында турак-жайдын эшигин чыгаруунун байыркы түрктөр колдонгон тибин дал ушул памирдик кыргыздар сактап калышкан болсо керек. С. И. Руденко казактардан мындай законченемдүүлүктү байкабаптыр. Ал адайлар өзүлөрүнүн үйлөрүн көп учурда тептегерек кылып тигишкенин, бирок ал өзү изилдеген уруктардын казактары, Карутцтун билдиргенине карабастан, өзүлөрүнүн үйлөрүнүн эшигин эч качан түштүк жактан чыгарышпагандыгын көрсөтөт. Бирок өзбек-карлуктар боз үйдүн эшигин түштүк жактан24, б. а. моңголдорчо чыгарышкан.

Кыргыздар туурасында, боз үйдүн эшигин түштүк жактан чыгарууну жакшы көрүшкөнү жөнүндө бизде маалымат жок, бирок айрым учурларда ушундай болуп калган учурлар дагы кездешет.

Өткөндө кедейлер жыртык кара туурдук жабылган, ыш баскан кичинекей боз үйлөрдө жашаган. Байлардын жана манаптардын боз үйлөрү чоңдугу жагынан гана эмес, ошондой эле жабууларынын сапаты боюнча айырмаланган; алар жүндөн жука бышырылган кийизден жасалган оймолуу үзүк-туурдук, көп сандаган көркөм кооздолгон боолору менен да айырмаланчу. Боз үйлөрүнүн жыгачтары да бөтөнчө жасалгаланган. Азыркы учурдагы боз үйдүн типтери кыргыздардын бардык топторунда бирдей эмес. Негизги айырма — боз үйдүн түндүк бөлүгүнүн формасынан көрүнөт. Түндүк Кыргызстанда (Талас өрөөнүн кошпогондо) боз үйдүн түндүгүнүн формасы конус түрүнө жакындап барса, Түштүк Кыргызстанда, Талас жана Чаткал өрөөнүндө бир аз чамгарагы түзүрөк келип, жалпагыраак келет.

XIX кылымдын орто ченинде боз үйдүн бул формасы Түндүк Кыргызстанда да тараган. Бул жөнүндө көзү менен көргөндөр бир ооздон айтып жүрүшөт. Бул форма өткөн жарым көчмөн турмушта жашаган өзбектердин кээ бир топтору үчүн да мүнөздүү болуп, сыртынан караганда моңгол боз үйүнө бир аз окшошуп турган. Боз үйлөрдүн түрүнүн айырмачылыктары алардын түндүгүнүн формасы менен чектелген эмес. Алар туурдук жабууларынан да байкалган. Кыргыздардын көпчүлүгүндө боз үйдүн төмөн жагын — керегесин жапкан туурдук жана өйдө жагын — ууктарын жапкан үзүк) деген эки бөлөк жабуудан турса, айрым жерлерде (Талас дарыясынын өрөөнүндө, түштүктүн кээ бир райондорунда) үстүнөн этек жагына чейин жерге 20—25 см жеткирбей гана баштан аяк келки үч-төрт туурдук менен жабышкан. Боз үйдү жабуунун бул ыгы — түндүгү шуңшуюңку боз үйлөр колдонулуучу зоналарда, бул үйлөр жайлоого көчүп барганда кеңири пайдаланылган.

Кээ бир жерлерде боз үйдүн тышкы көркөмдөп жасалгалоосу да өзүнүн бөтөнчөлүктөрү менен айырмаланат. Айтсак, Ош облусунун түштүк-батыш райондорунда (кесек жана жоо кесек топторундагылар) жабдууларды байлоо үчүн жазы ак сызмалар колдонулат; алар түндүктүн маңдайкы жана туш жактарын бир нече жолу айланта курчай тартылат жана боз үйдүн жасалгасы болуп турат. Боз үйдү мындай жасалгалоо кара калпактарда, жарым көчмөн өзбектерде да учурайт. Түштүк Кыргызстандын райондорунда боз үйдүн башка жасалгалары да, эшигинин тышкы бети да башкача келет.

Боз үйдүн ичинде жүк-эмеректерди жасалгалоодо да, ошол жасалгалоо элементтеринде да, ошондой эле аларды жайгаштыруу тартибинде да жергиликтүү кээ бир айырмачылыктар мурда эле байкалган жана биздин убагыбызда деле учурап жатат. Түштүк Кыргызстанда ар кандай көлөмдөгү жана ар кандай максаттарга арналган килемдер жасалгалоонун сөзсүз керектүү элементи болуп саналат. Кыргыздардын ичкиликтер деп аталган кээ бир топторунда шырдак же шырдамал, ошондой эле калган топтордун көпчүлүгү үчүн мүнөздүү туш кийиз дегендер болбойт.

Ички жасалгалоо буюмдарынын жана эмеректеринин жайгаштырылышы боз үйдүн аянтынын тигил же бул бөлүгүнүн тиричиликте жана чарбачылыкта эмнеге арналгандыгы менен шартталган. Боз үйдүн чок ортосуна — от жагуучу жерге — коломто жайгаштырылат. Анын төр жагындагы керегенин жанына жыгач тактай, таш, ээр, ж. д. у. с. коюлуп, аларга сандыктар, жууркан-төшөктөр, таңгактар, кийиздер жана килемдер, жумшак буюмдар, териден жана башка материалдардан жасалган тыш кийимдер салынган өзүнчө бир түрдөгү каптарды жыйышат. Бир нече катар кылып жыйылган мындай буюмдар жук деп аталат. Жүктүн жанындагы орун — төр ардактуу орун деп эсептелет.

Мында конокту кабыл алышат, түнкүсүн төшөк салып жаткызат. Эшиктин кире беришинин оң капшытында көпчүлүк учурларда эпчи жак (эпчи — байыркы түркчө аял дегенди билдирет) жайгашат. Бул жер саймалуу чий каланган чарбалык бурч болуп, анда тамак-аш сакталат. Анын тушуна идиш-аяктар жана чарбачылык эмеректери илинип же жөн эле иреттелип коюлат. Боз үйдүн буга карама-каршы тарабы эр жак деп аталат. Бул жерге ээр токум, аркан, мылтык, ат жабдыктары, мал багууга керек буюмдар коюлат. Мурда бул жерге жаңы төрөлгөн козулар жана улактар да көгөндөлүп коюлган. Бирок мындай жайгаштыруу бардык эле жерде байкалбайт. Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Чыгыш Памирдин кээ бир жерлеринде, ичкиликтер деп аталгандардын кээ бир топторунда эпчи жак боз үйдүн кире беришинин сол, эр жак — оң тарабынан орун алат.

Боз үйдүн ичине жерге кийиз, анын үстүнө көлдөлөңдөр, талпактар жана төшөктөр салынат. Ардактуу орунга мурда көп учурда шырдак төшөлөт. Бай мал кармоочулардын боз үйлөрүнө мурда түктүү килемдер, аюу же карышкыр талпактар салынган. Кээде кездеме жабылган жыгач керебеттер жана жапыз үстөлдөр да боз үйдүн жасалгасы болгон. Мурда боз үйдүн жасалгасынын саны жана сапаты бүт бойдон боз үйдүн ээсинин кайсы таптан экенине байланыштуу болгон.

Мурда боз үй менен катар көчүрүлүүчү турак-жайдын башка типтери да учураган. Алардын байыркысы — шыргыйлардын башын тийиштирип байлап, үстүнө кийиз жабылган конус түрүндөгү алачык. Чыгыш Памирдин кыргыздары мындай алачыкты илгери жырткычтардын терилери менен жабышканы жөнүндө маалыматтар бар. Мындай үйлөр сайма алачык деп аталган.

Тянь-Шанда жылкычылар урунган андай типтеги алачыкты отоо деп аташаарын бизге айтышты. Ф. А. Фиельструп өз отчётунда учтары буулган түз шыргыйлардан же түтүн чыгуучу тешик болуп кызмат кылган чакан ачакейге учтары аркан менен тизилген шыргыйлардан конус түрүндө тулкусу бар «кийиз алачык» жөнүндө жазган. К. И. Антипина да тулкусунун ортосунда шыргый тирөөч коюлган, түндүккө сайылган ууктар түзгөн алачыктын ушундай эле тиби жөнүндө эске салат.

Көчүрүп жүрүүчү башка типтеги турак-жай (алачык) — балаган менен боз үйдүн элементтерин камтыган дагы бир түрдүү алачык көбүрөк кеңири тараган. Анын тулкусу болуп түндүккө ашталып, экинчи учу жерге сайылган ууктар. Үстүнө бир-эки туурдук жабылат. Ф. А. Фиельструп жогоруда аталган отчётунда «жүк артуучу унаасы аз адамдар» мына ушундай типтеги турак-жай менен көчүп-конуп жүрүшкөнүн билдирет. К. И. Антипина анын башка: кепе, актигер, тегиртльек деген башка аталыштарын да келтирип, аны сүрөттөп жазат, К. К. Юдахин дагы ал жөнүндөгү маалыматтарды келтирет. Турак-жайдын бул тибине казактардын (алтай кылаасындагы наймандардын) «косу» өтө окшош, ал «ууктардан» жана «чамгарактан» турат, үстү бир-эки кийиз менен жабылат: тувалардын конус түрүндөгү эң эски боз үйү — «подей» да балагандын өзү болгон, анын «тулкусу» да боз үйдүн түтүн чыгуучу түндүгүнөн жана ага сайылган ууктардан туруп, кийиздер менен жабылган.

Л. П. Потаповдун билдирүүсү боюнча чыгыш (улагандык) алтайларда үстүнө кийиз жабылган, кыргыздын сайма алачыгынын тибиндеги «соольте» деп аталган конус түрүндөгү балагандар урунулган. Бул жерде баяндалган материал керегелүү боз үйдүн келип чыгышы жөнүндөгү маселени кароо үчүн маанилүү. Б. X. Кармышеванын пикири боюнча карлуктардын жарым сфера формасындагы боз үйү жөнүндөгү маалыматтарды талдоого негизделген, анан казак уездиндеги малчы азербайжандар мурда урунуп келген турак-жайдын көчүрүлүп жүрүүчү тиби жөнүндөгү маалыматтар менен бекемделген пикири боюнча, карлуктар менен башка өзбекке чейинки уруулар, азербайжан түрктөрү сыяктуу эле, түрк тибиндеги керегелүү боз үй үчүн алгачкы негиз катары карала алаарлык көчүрүлүп жүрүүчү турак жайдын формасын биздин күндөрүбүзгө чейин сактап калышкан. Ал карлуктардын үйлөрү иран тилинде сүйлөгөн байыркы көчмөндөрдүн турак-жайынын түрлөрүнүн бири бөлүп саналат деп да эсептейт.

Кыргыздарга, казактарга жана Саян-Алтай элдерине тиешелүү маалыматтар түрк жана моңгол боз үйү деп аталган керегелүү боз үйдүн эки тибинин адепки формасы конус түрүндөгү балаган болгону жөнүндө кеңири жайылган пикирден баш тартууга негиз бербейт. Анткени менен, бул маселелерди чечүү үчүн мындан ары да иликтеп-изилдөө талап кылынат. Арийне, көчмөндөрдүн жана жарым көчмөндөрдүн көчүрүлүп жүрүүчү турак-жайынын типтеринин И. Харузин тарабынан сунуш кылынган классификациясына байланыштуу негизинен таптакыр эскирип калган бир катар жоболорду кайра карап чыгуу зарылдыгы бышып жетилгенсийт, анткени ал жарыялангандан бери өткөн мезгилдин ичинде оригиналдуу көп материал топтолду. Аны жалпылоо жана турак-жайдын типтерин илимий билимдердин азыркы деңгээлине ылайык келүүчү классификациясын иштеп чыгуу милдети жетилди.

Көчмөн калктын басымдуу көпчүлүгү үчүн XIX кылымдын биринчи бөлүгүндө деле боз үй жайкы гана эмес, ошондой эле кышкы да турак-жай болуп кызмат кылган. Мындан кийин жаңы турак-жай курулуштарынын пайда болгонуна карабастан, жылы бою боз үйлөрдө жашаган кыргыздардын чарбачылдары өтө көп болгон. Боз үй өзүнүн маанисин ушул кезде деле жоготуудан алыс турат.

Кыргыздардын тиричилигинде анын анча-мынчалап сакталып калып жатышы мал өстүрүүчү тоолуу жерлердеги колхоздор менен совхоздордун чарбачылыгынын өзүнчө өзгөчөлүү бөтөнчөлүктөрү менен шартталган. Ал көмөкчү жайкы турак-жай катары урунулат. Кыргызстандын көп колхоздору алыскы жайыттарга колхоздордун малы менен кетүүчү жылкычылар жана башка малчылар үчүн сатып алышат. Алардын бир бөлүгү сырттарда кышташат жана жыл бою боз үйдө жашашат, калгандары аны жаз-жай мезгилинде пайдаланышат, кышында өзүлөрү үчүн курулган үйлөрдө жашашат. Боз үйлөр чарбалык муктаждыктар үчүн да кызмат кылат.

Боз үйдү көп учурда жайыттарда маданий-агартуу иштерди жүргүзүүчү жай катары да пайдаланышат. Аны той берүү жана табыт коюу сыяктуу үй-бүлөлүк окуялар болуп калышына байланыштуу сөзсүз тигишет. Колхозчулардын жана совхоздордун жумушчуларынын боз үйүнүн ички жасалгасы кээ бир өзгөрүштөргө дуушар болду. Соңку жылдарда бийик тоолуу жерлердеги алыскы жайыттарда колхоздордун малчылары үчүн алар дайыма жашоочу үйлөрдү куруу кеңири масштабдарда кулач жайды.

Отурукташуунун алгачкы очоктору кыштоолордо пайда болуп, алардын жанындагы аңыздын чакан участокторуна мал үчүн эң жөнөкөй жайларды курушкан. Түндүк Кыргызстанда XIX кылымдын экинчи жарымында келген орус жана украин калкынын чарбалык курулуштарынын тиби кабыл алынган. Бул калктардын оң таасири турак-жайдын жаңы түрү — адамдар туруктуу жашоочу үйлөрдүн тибинин өнүгүшүнө да тийген. Алар феодал ак сөөктөрдүн жана бай малчылардын орус усталарга курдурган үйлөрү болгон. Кедейлер жана орто чарбалар кыштоолордогу айрым жерлерде сокмо дубалдуу жапма, үстү дээрлик тегиз чакан үйлөрдү өзүлөрү куруп алчу болушкан.

Алайдын ортоңку жана төмөнкү бөлүгүндө (Маргалаң Алайы), өз көзү менен көргөн адамдын сүрөттөп жазып кеткенине караганда, XIX кылымдын 80-жылдарында эле кыргыздарда «мал үчүн да, ошондой эле өзүлөрү үчүн да кыйла жакшы жасалган кыштоолор болгон».

Памир кыргыздары боз үйдөн тышкары таштардан курулган жана шамалдан ылымта жерлерге салынган кепелерден да пайдаланышкан. Аларда малчылар катуу сууктардын убагында баш калкалашкан. Түштүк райондордогу кыргыздар өзүлөрүнүн өзбек жана тажик коңшуларынан турак үйлөрдүн архитектурасын жана алардын ички бөлүштүрүлүшүнүн бөтөнчөлүктөрүн үйрөнүшкөн. Бул райондордо пайда болгон кыштактар өзүлөрүнүн тиби боюнча коңшу өзбек жана тажик кыштактарын эске салып турган.

Түндүк Кыргызстанда кыргыздардын отурукташкан биринчи кыштактары эле жалпы турпаты жагынан коңшу орус жана украин келгин дыйкандарынын айылдарына окшош болгон. О. А. Шкапский көрсөткөндөй, Таш-Дөбө кыштагы кыркалата теректер тигилген, үстү көбүнчө камыш менен жабылган, терезелери чакан орустун тибиндеги чатырлуу үйлөр менен бир көчө кылып курулган.

Көчмөн кыргыздардын кыштактарга жана турак-жайлардын отурукташкан формаларына өтүшүнүн прогрессивдүү процесси Кыргызстандын аймагында бир кылка өткөн эмес. Ал түштүктө түндүктөгүгө караганда тезирээк жүргөн.

Кыштактардын жана турак-жайлардын тиби да бирдей болбой, Түндүк жана Түштүк Кыргызстандын калкынын тарыхый-маданий ар кандай байланыштарына ылайыктуу калыптанган.

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин туруктуу типтеги отурукташкан кыштактарды жана турак-жайларды түзүү процесси күчөй баштаган. Айыл чарбасын туташ коллективдештирүү бул жагынан баштан-аяк өзгөрүүлөрдү алып келген. Мурдагы көчмөндөр колхоздорго биригүү менен бир убакта жашоонун отурукташкан түрүнө өтүшкөн. Коммунисттик партия жана Совет өкмөтү көчмөндөрдүн отурукташуу проблемасына чоң маани берген. Бул максат үчүн ири каражаттар каралып, курулуш материалдары бөлүнүп берилген, техникалык жактан жардам көрсөтүү уюштурулган. Натыйжада үч гана жылдын ичинде (1932—1934) 34500 көчмөн жана жарым көчмөн кыргыз кожолугу отурукташууга өткөрүлгөн.

Турак үйлөрдү куруу калктын өзүнүн түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлгөн. Эми мурда адам жашабай ээн жаткан мейкиндиктерге көрктөндүрүлгөн жүздөгөн кыштактар орношкон. Алардын көбү Совет мамлекетинин жардамы менен тургузулган. Көчмөндөр отурукташуучу райондо 35 миңге жакын турак үйлөр курулган. Мурда чачкын жашаган үй-бүлөлөрдүн бир кыштакка биригиши турмуштун жаңы формаларын иштеп чыгууга, өндүрүштүк жана үй тиричилигин кайра түзүүгө алып келген.

Азыркы кездеги кыргыз кыштактары ар кыл мезгилде, тарыхый ар кыл шарттардын таасири менен пайда болгон ар түрдүү типтердин жана варианттардын чырмалышып калган татаал көрүнүшү болуп саналат. Эгерде республиканын түштүк бөлүгүндө азыркы кыштактардын мүнөзүнө коңшу өзбек жана тажик калкы менен алакада болуу сезилээрлик таасир тийгизген болсо, Түндүк Кыргызстандагы кыргыз кыштактарынан кыргыздардын орус жана украин калкы менен чарбалык жана маданий жактан жакындашуусунун тийгизген апачык таасири көрүнүп турат.

Кыргыз кыштактарындагы турак үйлөрдүн басымдуу көпчүлүгү коллективдешүү башталгандан кийин — 1930-жылдарда, кыргыз калкынын отурукташкан тиричиликке жапырт өтүүсү башталган кезде курулган. Мурда, ошондой эле соңку мезгилде тургузулган үйлөр аябай көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. Бири биринен алыс жайгашкан райондордо, алардын ар биринин өзүнүн жергиликтүү бөтөнчөлүктөрү мүнөздүү.

Соңку жылдарда Түндүк Кыргызстандан конструкциясынын өркүндөлүшү, кылдат жасалгаланышы ж. д. у. сыяктуулары менен айырмаланган турак-жайдын тиби улам көп таанылып жана жайылтылып жатат. Мындай типтеги үй 2—3 бөлмөдөн турат, анын шифер, карагай же камыш менен жабылган бийик чатыры, чоң терезелери, жыгачтан төшөлгөн полдору, террасасы же орустун үлгүсүндө жасалган крыльцосу бар, Түштүк Кыргызстандын кыргыз кыштактарында аралаш типтеги үйлөрдү кура башташты, аларда азыркы кездеги шаар үйүнүн белгилери Фергана архитектурасынын мыкты традициялары менен айкалышып турат.

Турак үйлөрдүн ички жасалгаларынан мурдагы көчмөндөр өзүлөрү үчүн жаңы турак-жайдын тибин өздөштүрүү процессинде пайда болгон улуттук тиричиликтин таптакыр жаңы белгиси көрүнүп турат.

Анда эски боз үйдүн интерьерине мүнөздүү салттык нерселер дүкөндөрдөн сатып алынган жасалгалоонун жана үй тиричилигинин жаңы буюмдары менен тыкыс жанашып турат. Жаңы интерьердин кээ бир элементтери коңшу элдер менен узак мезгил бою алакада болуу процессинде алардан кабыл алынган. Кечээки көчмөн кыргыздар кыска мөөнөттүн ичинде отурукташкан тиричиликтин эң маанилүү нерсесин — туруктуу типтеги турак-жайды курушту.

Өзүнүн ар кырдуулугунун көптүгүнө карабастан, бул турак жай кыргыз элинин ушу кезде эле мурдагысына окшобой калган, бирок өзүнүн улуттук формасы бар, азыркы кездеги тиричилик укладынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Жаңы турак-жай анда жашаган үй-бүлөлөрдүн чарбачылык адистешүүсүнө ушул кезде эле байланышпай калды жана бул алардын азыркы кездеги тиричилик керектөөлөрүнө жооп берип жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.