Мамат Сабыров жаңы чыккан «Үка» аттуу китебинде мурдагы китептериндеги стилдик өзүнчөлүгүн улантып, традициялык индивидуалдуулугун андан ары тереңдетет. Буга чейин адегенде «Жол», андан соң «Балалыктын теректери», “Дублер палван”, “Арзыкан”, “Акыркы сапар” деген жыйнактары удаалаш чыгып, кыргыз прозасына кызыктуу бир автор келгендигин көрсөткөн.

«Үка» “чү” дегенде эле тарыхый ретроспекция менен башталып, биз буга чейин «Басмачылар» деп атаган темага башкача өңүттөн көз чаптырат. Ырас, советтик адабият жана көркөм өнөр өткөн кылымдын 18-жылдарынан башталган жана жыйырма жылга жакын созулган большевиктерге жана кызылдарга каршы жергиликтүүлөрдүн, өзгөчө борбор азиялыктардын күрөшүн белгилүү бир схема менен чагылдырып, бир тараптуу көрсөтүп келди. Ал эми жазуучунун «Достор» деген жаңы аңгемесинде кырдаалга бир топ башкача карайт.

Мында эки дос – бир кезде эч ким ажырата алгыс Осмон менен Бөрүбек жүрүп-жүрүп отуруп, бири корбашыга, бири жүзбашыга өсүп жетти. Алар аргасыздан курал алып, эл коргоп чыгышты. Анын себебин автор мындай түшүндүрөт: «Мындан эки жыл мурда алар жашаган айылга күтүүсүз кирип келген дашнактар эркектерди четинен атып, баштарын кылыч менен кыя чаап, келин-кыздарды зордуктай баштаганда Осмон каны кайнап, эң оболу ушул Бөрүбек досуна чуркап барган. Досу чөп үйгөн бешилигин шап колуна алып, эч ойлонбой ага шерик болгон». Анан өч алуу башталат да, булар тоо таянып качып, акыры миңдей жигит топтолот. Ошолордун башчылары мурдагы эки достун ортосунан бара-бара жик кетет: Осмон динге, шариятка оойт, Бөрүбек байлык топтоого, бирөөлөрдүн мал-мүлкүн, аялдарын тартып алууга оойт. Бул достордун ажырымы акыры экөөнү эки жакка ажыратып гана калбай, экөөнүн кыска өмүрүнүн түгөнүшү, эки тагдырдын трагедиясы менен аяктайт.

Автор аңгемеде тарыхый доордун жана сүрөттөлүп жаткан аймактын өзгөчөлүгүн ачып берүү үчүн диалектилик-говордук речти, кырдаалдык колоритти ыктуу пайдаланат. Каармандары да «казы болсо өзүгө! Онун заманы бүттү. Азыр биздин заман. Салласин башы менен кошо тоголотуп ийсек бизди ким ниме кыла алат?» деп, мындан жүз жыл мурдагы ноокаттык ичкиликтердин тили менен сүйлөйт.

«Гайыпберди» аңгемесинде жазуучу аскер турмушун кылдат өздөштүргөнүн көрөбүз. Оогандагы «максатсыз согушта» ар бир «тревога» кимдир бирөөлөр үчүн өлүм менен аякташы толук мүмкүн болсо да, согушта эч ким тирүү калбашы толук мүмкүн болсо да, Гайыпбердини бүт взвод сактоого аракет кылат, себеби, ал кадамжайлык кемпир-чалдын карыганда көргөн жалгыз баласы. «Рейдге» чыгышканда Гайыпбердинин ордуна кимиси болбосун автоматын алып чыгып кете берет. Кийин башка командир келип, ал мурдагы тартипти жокко чыгарып, Гайыпбердини да согушка алып чыгат, дал ошол күнү ал окко учат. Буга ким күнөөлүү? Жоокерлердин ынтымагы, согуш талаасында, ок менен оттун арасындагы бир жигитке болгон гуманизм «Көкөй кестинин» ыргагындай кайгылуу берилет.

Автор аңгемени абдан ойлонулган, таасирдүү, ошол эле кезде башкача кылууга мүмкүн болбогон концовка менен бүтүрөт. Бул анын автордук чеберчилиги, жазуучулук гуманисттик пафосунун бийиктиги.

Бир кездеги бир туугандардын жылуу мамилеси, ошол мамиленин эки башка чөйрөгө түшүп, эки башка тагдыр күтүп калышына карабай жаңы шартта уланышы, бирок, жаш өйдөлөгөн сайын аларды ажыратып коёр турмуштук кырдаалдар болору «Үка» аңгемесинде сезимди селт эттирер маанайда берилсе, мурдагы китептеринде системалуу образга айланган шукшиндик «чудик» каармандары бул жолу «Пиво» менен «Шедевр» аңгемесинин көркүн чыгарат. Адам тагдырлары, качандыр бир башкача болгон учурлар кийин башкача болуп калышы «Кабылан», «Өкүнүч», «Экөө» деген аңгемелердин негизги мотивин түзүп, автор бул аңгемелерде «адам жанынын инженери» экендигин дагы бир жолу тастыктайт.

«Муслихиддин» аңгемеси Мамат Сабыров гана жаза ала турган темада, адамдын жашоосунун маани-маңызы, дүнүйө-мүлк жана дервишчилик, заман жана сопучулук, таңгаларлык терең гуманизм, «Машакат тартпаган таппайт казына, түн артынан аппак таң атат дайыма» деген саптарды жараткан устаз Саади тууралуу философиялык-дидактикалык чакан притча формасында жазылган. Айланган дүйнөдөгү тегеренген тагдырлар ордунан жылбаган Оштогу сай боюндагы бир чайканын фонунда окурманды толкундата турган деңгээлде чагылдырылат.

Куласа кылганда, Мамат Сабыровдун «Үка» деген ат менен чыккан жука, гезит кагазына басылган полиграфиялык жагы көрүмсүз аңгемелер жыйнагы кыргыз адабиятында олуттуу сөзгө арзый турган жаңы аңгемелерден куралган жыйнак болуптур.

Абдыкерим МУРАТОВ, жазуучу, педагогика илиминин доктору

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.