Бир тамчы бал!.. Аны үч жолу айт, төрт жолу кайтала, бирок бир тамчы – аз эле бирдеме! Эч нерсе жок десең да болот.

Чындыгында бир тамчы бал деген эмне?.. Кана, угуп койчу…

Алыскы бир айылда дүкөнчү жашаптыр. Ал бал сата турган. Ооба, жыты буркураган, янтардай, күнгө чагылышкан, кичинекей тамчысынан так ушул жомок башталган бал.

Дүкөнчү  маанайы жарык, көңүлү ачык болуп дүкөнүндө отурду. Күн жаркырап тийип турат, бакта чымчыктар сайрайт, жел согуп, бутактарды кыймылдатат…

– Охай! – деди дүкөнчү. Бул: «Ох, кандай жыргал!» – дегенди билдирген, анан жаңыдан тамакка тойгондой, шашпай капкара сакалын сылап койду. Ойлонуп көрсөм ушинтип жомок байкалбай эле башталып калды, силерге айта элек экем: так  кара сакал дүкөнчүнүн маңдай жагында  экинчи дүкөн – кызыл сакалчандыкы бар эле. Кызыл сакал жакын  башка айылда – тигине, тетиги көрүнүп эле турган айылда жашаган, күндө эртең менен келип дүкөнүн ачып соода кыла турган – жок, бал эмес, идиш аяк  менен карапа-кумураларды сатаар эле. Ии, баса, таң калам да – дагы айтпай унуткан турбайынбы, адегенде ошондон башташым керек эле, эки дүкөн тең базардын ортосунда жайгашкан. Кенен, дуулдаган шаңдуу, тиги айылдан да, бул айылдан, башка айылдардан  да келген эл толгон базардын ортосунда. Дайыма эле ушу, жөнөкөй эле бир тамчы бал жөнүндө баштайм дейсиң да  толгон адамдар, аңгеме, күлкү, базар деп – айтаарыңды унутуп коёсуң!.. Койлор маарап, буттары менен тебелеп, бирок дубалап койгонсуп бир жерден жылбайт!

А тиги жерде эшектер кулактарын тик кылып, кыйкырат: «Иа! Иа! Бул биз! Биз, бул деген! Кимге кыйкырып жаткандарын билип көр!..

Бул жакта көмүр чок болуп, шашлык шырылдап, түтөп өзү эле бышып жатат, шампур-таяктарды которуп койгонду эле унутпа. Текчелерде жемиштер: жүзүм, шабдаалы, алмурут, кара өрүк…

Анын катарында сатуучулар тизилген, көздөрү кудум кара өрүккө окшойт. Мунун баарын унутпай, айта да албайсың!..

Ошентип бул дуулдаган, шаттуу базардын ортосунда эки дүкөнчү шашпай сакалдарын сылап отурду, бирөө – кара, экинчиси – кызыл сакалын. Анан кайда шашмак эле? Күн жаркырап тийип турат, бакта чымчыктар сайрайт, жел согуп, бутактарды кыймылдатат…

– Охай!

– Ох, кандай жыргал!

Чындыгында укмуш сонун эле. Аңгыча бир киши келип кара сакалга бир аз бал тартып берүүсүн сурады.

Кандай киши эле? Жашпы же карыбы, зыкымбы же жоомартпы, ак көңүлбү же арамбы? Кеп анда эмес. Кара сакал жыты аңкыган балды карапага куюп жатып бир тамчы түшүрүп алды.

Болгону бир гана тамчы жерге тамчылап кетти. Кокустан… Мына, дайыма ушундай! Ушу «кокус» кайдан чыга калат десең?..

Кокустан кара сакалдын дүкөнүнө аары учуп кирди, учуп келди да жанагы тамчы балга конду. Аны кожоюндун мышыгы көрүп калды. Көздөрүн адегенде жумду, анан кайра ачты. Мыйыгынан жылмайгансыды. Анан жашыл көздөрү  сапсары боло калды. Акырын аарыга жакындап келди да… кармайм деп секирди. Бирок… Сен мышык болсоң, чычкандардын улугу болсоң да өзүңдөн күчтүү табылаарын унутпа!..

Мына, так ушул маалда, маңдайда идиш-аяк менен соода кылган кызыл сакалчандын дүкөнүнөн:

— Охай!

– Ох, кандай жыргал! —  деп отурган дүкөндөн ит чыкты да (ал, мага ишенип койгула,  мурунтан эле мышыкты аңдып отурган), анан мышыкка секирди. Мышык болгон үнү менен бакырды: Мяу! Мяу! Сактап калгыла! Жардамдашкыла! Өлтүрдү! Ит аны жулмалай баштады.

Аны көргөн кара сакал таягын көтөрө итке жулунуп калды. Туура! Ал мышыгын коргоп жатты! Өзүнүн мышыгын!  Ит каңшылап балга конгон аарыны кармайын деген мышыкты коё берди! Итин урганын көргөн кызыл сакал андан чоң таяк көтөрүп: «Өлтүрдү! Өлтүрдү! Менин итимди өлтүрүп салды!» – деп кара сакалга жүгүрдү. Мына, алар кездешти! Жоокерлер кылыч менен чабышкансып экөө таяк менен согуша башташты. Жек көрүү! Каардануу мен кыжырдануу көздөрүн сокур кылып койду! Пах! Пах! Пах! Тарсылдашып эле калышты!..

Бул кезде жүрөгү түшкөн мышык бакырган бойдон текчелерди аралап, столдорду тебелеп, кумарадагы сүттөрдү тоголотуп, каймактарды төгүп жин ургандай секирип келе жатты. Анын артынан текчеден текчеге алып уруп, бороондой зуулдап, жолунда туш келгендерди учуруп, жыты аңкыган алмаларды, бышкан алмуруттарды, назик шабдаалыларды, алтындай жүгөрүнүн сотолорун, күмүштөй балыктарды, айылдын колбасаларын… Колбасаны эмне дейсиң! Элди томолото жыгып! Себеттер колдон ыргып, сатып алган жемиштер, жумурткалар, жашылчалар баары ыргып көкөлөп, анан жерге түшүп жатты!

– Өлтүрдү! Өлтүрдү! – кыйкырып жатты кызыл сакал дүкөнчү.

– Жардам бергиле! Сактап калгыла! – Кыйкырды кара сакал дүкөнчү.

Таяктары тарсылдап, дүңкүлдөп жатты. Соку улам улана берди. Башка дүкөндөрдөн да дүкөнчүлөр жүгүрүп чыга баштады, аларга сатып алуучулары да кошулду.

– Чыдай тур, кызыл сакал! – кыйкырып жатышты.

– Алдырба, кара сакал! – башкалары өкүрөт.

Экөөнүн айланасында адамдардан айлампа түзүлдү. Ал башкаларды да өзүнө тартып, четте тургандар ага кошулуп, акырында бүт базар сакалчандарга каптай жайылып келди. Эми тиги айылдагылар бул айылдагылар менен, ал айыл бул айылдыктар менен кармашып согуша баштады. Башка айылдыктар бул эки айылдыктарды ажырата албай алышып жүрдү. Анан алар тиги жактан да, бул жактан да муштум жегенден кийин эки жак менен тең согуша беришти. Эми бүт баары чатышып калды, ким кимге каршы салгылашканын, ким кимди коргоп жатканы  билинбеген улуу согуш башталды.

Тарс-турс! Шаңгыр-шуңгур!

Идиш аяк талкаланып, карапалардын  сыныктары ыргып жатты. Бул кара сакалчан тараптар катуу аракет кылышты. Челектер дүңкүлдөп жатты.

Дүң! Дүң! Дүң!

Кызыл сакал жактагылар да кур калбаган экен. Жарылган челектерден акырын, добуш чыгарбай, шашпай коюу бал жылып жерге синип, агып жатты.

Ызы-чуу, кыйкырык, бакырык бүт айлананы жаңыртып жатты, муштумдар абада ойноп, таяктар тарсылдады, таягы жоктор колго эмне тийгени менен, а түгүл узун, салмактуу колбасалар келтектей каршылаштардын баштарына тийип жатты. Бир саат да өтпөй базарды тааныбас элең, адамдар ар кайсы жерде оонап жатат, текчелер менен столдор бош, андагылардын баары жерде  тебеленип жатат. Чачылган, сынган, жарылган, кабырылган, кыйшайган…

А дүкөнчүлөрчү? Карагыла, суктангыла! Кимге окшоп калганын көрсөңөр! Азыр экөөнү ажырата албайсың, тааныбайсың! Себеби кызыл сакал топуракка булганып кара болуп, кара сакал болсо чаңдан кызыл болуп калыптыр.

А мышык? А ит?

Мышык секирип бакка чыга качып, көзүн чекчейтип, куйругун үрпөйтүп отурат карап.

А итчи? Ит тилин салаңдатып, катуу дем алып бактын түбүндө отурат күтүп: балким мышык түшө качабы деген үмүттө.

А эки айылдын адамдары – эр жүрөк, ынтымакка бек эркектер? Баары согуш талаасында жатат. Салгылаш буларды бүт базарга чачып салган. Бытыранды сыныктардын арасында, каймак менен балга булганган, жей гана бере турган, эми тебеленген жүзүм, бышкан алма менен алмуруттун аңкыган жаты арасында жатышат! Жатат, бирөө эси ооп, бири уктап, дагы бирөө онтолоп капталын сыйпалап…

Мунун баары жанагы…  бир тамчы балдан!

Мына, жомок да бүттү. Кана, кандай экен? Эми түшүндүңбү, бир тамчы бал деген эмне экенин? Бир тамчы – аз эле бирдеме! – эч нерсе жок десең да болот. Ал барбы же жокпу билинбейт. Өзүң да жей албайсың, башкага да бере албайсың. А бирок карасаңар!..

А аары? Аары кайда? Өлдүбү? Ал жанагы бир тамчы балга конбоду беле? Так ошол аары конбоду беле, башка эч ким эмес! Дайыма ошондой. Бир жөнөкөй немеден, мисалы бир тамчы балдан баштайсың да, негизгисин, эмнеден башталганын унутуп каласың!

Ооба, аары жөнүндө. Мышык секиргенде эле аары учуп кеткен. Эчтеке болбой эле. Ал мышыктын тырмагына илинген да жок. Тырмагын бир аз жугуп калган балды айтпаганда. Бирок мышык аны байкаган да жок, себеби бал бир эле тамчы эмес беле!..

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.