АҢГЕМЕ

Жигулиде экөө баратты. Бири — алдыда, ал рулду башкарып баратат. Экинчиси — артта, ал алдыдагы кишини улам-улам таңдана карап коёт. Рулдагы — курагы элүүлөргө таяп калган, сары чийкил жадыраган киши. Көбүнчө күлүп сүйлөчү. Бүгүн өзгөрүп кеткендей. Күлүмүш болот, бирок мурункуларына таптакыр окшобойт, Булар капысынан эле жолугуп калышты. Жигит аялдамада турган. Бир маалда көзгө тааныш бир жеңил машина токтоду да, андан бирөө башын чыгарып кыйкыра баштады.

Үнүн угары менен тааныды.

— Ойлонуп туруп калганыңдан атайы токтодум,— деди тиги. — Кандай санаа саргайтып жатат деп…

— Ойлонгон деле жокмун… — Жигит негедир уялып кетти. — Мен жөн эле… Үйгө кетейин десем, автобус жок.

— Кел, отур! — Тиги буйра сүйлөдү. —Атасынын көрү, ырас жолуктуң, эмне кыларды билбей, карайлап турдум эле. Бир жакка барып келели…

Жигит кыйылды:

— Каякка?

Тиги колун шилтеди:

— Өзүм да билбейм.

Экөө тең күлүп калды.

— Көп деле кармалбастырбыз,— деди жигит отуруп жатып ыңгайсыздана. — Бир иш бар эле…

— Иш кайда качмак эле! — Күлдү. — Көп болсо кечке чейин.

— Кечке чейин?! — Жигит секирип кетти. — Бир күн өлөт тура!

— Бир күн эмне?! — Дагы күлдү. — Бир күн эмес, бир айга, атүгүл бир жылга түкүрүп койчубуз… — Ойлуу туруп калды да. — Ошондо жыргап жүрөбүз дечүбүз, жыргабай эле жылас болуп жүргөн турбайбызбы! Ошондуктан минтип эчтекеге жарабай…

— Коюңузчу! — Жигит сөздү толук укпай туйлады. — Сиз ушинтсеңиз… Эмне арманыңыз бар: кандидатсыз, чоң окуу жайдын бакыйган доцентисиз. Бир туруп илимий эмгегиңиз чыгат, бир туруп ырларыңыз. Анан…

— Аа-ай!.. — Нааразылана колун шилтеди. — Бир нерсе дейин деп оозун эптел келатып, негедир үндөбөй калды.

Жигит таңдангандай башын чайкады. Тиги да кеп улаган жок. Жигиттин оюна бул адам мындан эки-үч жыл мурун эле өзүнүн агайы экени, эми минтип чогуу иштешип калганы түштү. Бул агайын төртүнчү курстан бери жакшы билет. Сабакка да күлүп кирип, күлүп чыкчу. Ошондуктанбы, кээде анын сабагына катышышпай, жылт коюшар эле. Агайы да көбүнчө жокточу эмес, жоктосо да эмне үчүн качып кетесиңер деп жемелечү эмес. Зачёт тапшырышты беле, же экзаменби? Жигит эстей албай койду, анан таңдана башын чайкады. Ооба, баары суктанышчу эле. «Агай ойлонобу, же ойлонбойбу,— дешчү өздөрүнчө шыбырашып. — Эчтеке ойлонбойт ко, ойлонсо кичине капаланат эле да. Дайыма эле күлүп жүргөнүн көрөсүң…» Кафедрада деле ушул экен — көбүнчө күлүп жүрөт. Кафедрадагылардын баары менен дайыма күлүп учурашчу. Жигит биринчи күндөн тартып эле бул агайы менен жакын болуп кетти. Негедир тигил өзүнөн өзү эле бооруна тартат. Бүгүн башкача. Албетте, күлгөнүнөн жазбады дечи, бирок мурункуларга окшошпойт. Жигит думугуп кетти.

— Диссертация дегениң тозок экен,— деди мойнун созуп. — Мурда ушу эки жүз бет деп да үч-төрт жыл коротушабы, эки-үч айда эле шилтеп салышпайбы дечү элем. Эми жаза келгенде…

Тиги жактагандай башын ийкеди да, кайра:

— Эмнеси кыйын?!— деди өзүнө өзү каршы чыгып.

— Диссертациябы!.. — Колун шилтеп койду.

Жигиттин деми сууй түштү:

— Эмне оңойбу?!

— Эмнеси кыйын? Отурсаң — бүтөсүң. Баш болсо бар, китеп болсо — толтура. Эмне?!

Жигит ызаланды. «Өздөрү бүтүп алгандан кийин эле ушул да,— деди өзүнчө шыбырап. — Баары эле олуя. Дайны жок эле мактана беришет. Бири жарым жылда бүткөм дейт, бири ойноп жүрүп эле жактап таштагам дейт. Бүтүп алышып… Андай эле кыйын экен докторлугун деле бүтүп салышпайбы!..» Жигит ызалангандан ызалана баштады. Акыры экинчи главасын жарым айдан бери баштай албай келатканы эсине түшүп, туталана кетти. Бүгүн баштайын деп турду эле, карачы минтип…

— Диссертациянын кыйыны кыйын дечи,— деди аңгыча тиги жигиттин чайналып жатканын туйгандай. — Бирок миллион диссертацияң да тушарына тең келбеген нерселер да көп болот тура. — Жигитти карап, жылмая кетти. — Айтпадымбы, отурсаң диссертацияң бүтөт, а отурмактан жаныңды кыйсаң да бүтпөгөн нерсе бар…

— Ал эмне? — Жигит толук сүйлөтпөдү.

Тиги башын буруп, жигитти тике карады да:

— Жүрөк!.. — Титиреп кеткенсиди. Жалт бурулду.

Жигит селт эте түшүп, кайпастап калды. Анан биресе таңдангандай, биресе ишенбегендей:

— Жүрөк?! Кандайча?

Жооп бергиси келбедиби, үндөгөн жок. Жөн гана башын ийкегилеп койду. Жигит эчтеке түшүнбөй элейди. Бирок бат эле унутуп калды. «Кайда баратабыз? — деди кыжына. — Баштайын деп атайы чыгынганда… Кычашып… Өздөрү кандидат болуп алгандан кийин эле…» Жигит өзүнчө кобуранып бара берди, бир маалда башын көтөрдү. Шаардан эчак чыгып кетишиптир. Чый-пыйы чыкты: «Кудай урбадыбы, эми кайда барабыз?! Айылгабы? Диссертация…» Жок, тиги машинаны айылга эмес, бакка бурду. Андан өтө бергенде токтотту да, рулга башын жөлөй үшкүрүнө кетти. Анан жигитти карап, күнөөлүү күлүмсүрөдү::

— Мындан ары айдай ала турган эмесмин…

Жигиттин жүрөгү шуу дей түштү. Бул жерде биротоло кармалып, кара баскан экинчи глава бүгүн да башталбай калчудай сезилип кетти. Бул оюн билдирбөөгө аракеттенип:

— Кандайча? — деди сыр бербегендей. — Сизди дайнын таппай калганда деле рулга отургузуп койсо, ышкыртып кете берет деп макташат ко…

— Андай күндөр көп эле болду.

— Анда…

— Диссертацияң эмне?! — деди жигит менен таптакыр иши жоктой сөздү бөлө-жара. — Отурсаң… — Сөзүн бүтпөй, кайра башкага өттү. — Канча балаң бар?

— Эки. — Жигит эч нерсе түшүнбөй элейди.

— А меники— жетөө. — Жигитке назар бурбай, кобурай баштады. Кандидат боло электе эле жетөө болчу. Отурдук — бүттүк. Диссертацияң эмне?!:

— Сиз докторлукту деле эчак…

Тиги сөздү уккусу келбегендей колун шилтеди:

— Ай-ай!..

Жигит сөзүн улай албай, бозоруп калды.

Тиги рулга башын жөлөп, өзүнчө күбүрөнүп жатты. Жигит анын бир да сөзүн уккан жок. Акыры ал рулду эки колу менен мыкчый катуу кармап, башын көтөрдү. Айтсамбы-айтпасамбы дегендей жигитке суроолуу тигилди. Жигит коомайсыздана кетти. Тиги башын ары буруп баратып, кайра жалт бурулду.

— Бир кыз бар эле! — деди анан чочугандай. Өз сөзүнөн өзү да селт дей түштү.

Жигит үндөбөй элейе тиктеп калды.

— Бир кыз бар эле, — тиги кайра. — Жакшы көрчү. Мен дагы. Анан… — Үндөбөй калды…

Жигитке ого бетер ыңгайсыз боло баштады. Муну билдиргиси келбей:

— Азыр барбы?

— Ким?

— Ал кызчы?

Тирүү болсо бар да. Кемпир болуп калды да.

Жигит чочуп кетти:

— Кандайча?!

— Мен минтип абышка болгону калсам, анан ал… — Күлдү.

Жигит да башын ийкегилеп күлдү. Маңдайындагы киши элүүгө келип калганын, кыз да муну менен тең болсо, элүүгө чыкканын ал эми араң билди. Кызык, ошентсе да, ага кыз эч бир карыбагандай, баягы эле кыз бойдон калгандай туюлуп туруп алды. Таңдана башын чайкады.

— Бир да сүйлөшкөн жокпуз! — деди тиги биресе өкүнгөндөй, биресе таңдангандай. —Жанталашып.—

— Ишенсең, бир ооз да сүйлөшкөн жокпуз!.. Кат да жазышпадык. Жигитке жакындап, кысынгандай шыбырады.— Ишенсең, өпмөк турсун колунан да кармаган жокмун.

Жигит дендароо болуп турду. Ишенген жок. Ишенсе да, кошулгусу келбеди.

— Анда кантип? — деди акыры өзүн жыйнай албай.

— Өзүм да билбейм. Бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү кантип билчү элек деп кечээ керээли кечке мээмди эзип жүрдүм десең. Ишенесиңби, таппай койдум. — Негедир жанталаша кетти. — Билчүбүз. Ал да билчү, мен да билчүмүн. Бирок кантип?.. — Башын чайкап, ийнин куушурду. — Билбейм…

Жигит дале өзүн жыйнай албай жатты. Тигинин сөзүнө же кошуларын, же кошулбасын билбей турду.

— Бүтөр жылы ал башка мектепке кетти. Мен жер сыйпап эле кала бердим. Бүттү деп жүрөм. Эстесем эле каңырыгым түтөйт. — Актана. — Көзү алыстын көңүлү алыс деген чын. Анын үстүнө мезгил дегениң да душман болот экен, жылган сайып эле баарын унуттура берет тура. Жарым жыл жаман болуп жүрдүм да, анан бара-бара эстен чыга берди. Бирок… — Жадырады. — Бир күнү эле бир кыз кат сунат. Таңдандым. Ичин ачсам — сүрөт. Кимдики дебейсиңби, баягы кыздын сүрөтү. Эчтеке деп жазбаптыр. Сүрөтүн эле берип жибериптир… — Өзүнчө кобурап, жерге батпай сүйүнүп турду. — Тула боюм чымырап, көзүм тунарат. Сүрөткө колумду тийгизсем эле, денем дү-үр дей түшөт да, титиреп кеткенсийм…

Жаш баладай божурап, өзүнчө эле сүйүнүп жаткан бул адамдын сөзү менен курагы келишпей турду. Негедир жигитке ушундай туюлду. Аңгыча тиги да кобураганын токтотуп, томсоруп калды. Аянычтуу көрүндү.

— Анан?.. — деди жигит тынчсыздана.

— Итмин да! — Тиги нааразылана колун шилтеди. — Ит болбосом, ошо карыш турган жерге бир барбайт белем! Көп болсо эки сааттык жер. — Башын чайкап, өзүн өзү ашатып кирди. — Итмин!.. Ошондо он сегизге чыгайын деп калгам. Эмне, он сегиздеги бала жашпы?! Итмин да!.. — Өзүн өзү күнөөлөп, сыздап турду.

Жигитке ого бетер аянычтуу көрүндү. Үндөй албай, өзүнчө эле шыпшынып, башын чайкай кетти.

— Эмне үчүн барган жокмун, ыя?! Ошол кыйын беле, ыя?! — деди тиги чочугандай жигитке тике карап. Жигит мен кайдан билем дегендей күлүмсүрөй элейди. Тиги айыптуудай ийнин куушурду. — Өзүм да билбейм!.. — Өзүнчө шыбырай кетти. — Итмин да…

Дымып калышты. Жигит кеп баштайын дейт, бирок эмне дээрин билбейт. Берки болсо жигит менен иши жоктой өзүнчө мелтирейт. Кыйлага үндөшпөй турушту.

— Анан бүтүп кеттик,— деди тиги жеңилдене. — Мен окууга кеттим. Өтүп, окуп калдым. — Ызырына кетти. —Мээ жок да, өлүп бараткансып биринчи курсту бүтпөй эле үйлөнүп алдым. — Алаканын жайды. — Анан. Турмуш. Балдар. Биринин артынан бири. Диссертация… — Түшүнөсүң да дегендей жигитти карап койду.

Жигиттин оюна мунун аялы түштү. Ал да ачык-айрым, жадыраган аял эле. Жапакеч. Бир көргөндө эле эски таанышындай ичи-койнуңа кирип кетет. «Сенин аялдан арманың деле жоктур,— деп ага жолдошторунун суктанып жатканын жигит далай жолу уккак. —»Сени жадыраткан — ошол…» Жигит аны адеп көргөндө эле экөө бири-бирине бап келет экен деп ойлогон. Үйүнө да далай жолу барды. Дайыма жадырап-жайнап тосуп алат. Эми минтип… Жигит түшүнбөгөндөй, башын чайкап койду.

Тиги үшкүрүнүп алды да, рулга башын жөлөгөн бойдон кыйлага отурду. Башын көтөрүп, жигитке бурулду:

— Көптөн бери ичейин деп эле иче албай койдум,— деди муңайым күлүмсүрөй.

Жигит элейди:

— Эмнени?

— Эмнени болмок эле, ак сууну да!..

Жигит түшүндүм дегендей күлдү.

— Кээде жөндөн жөн эле өкүртөсүң. Бүгүн айда бир ичейин деп атайы чыгынып чыктым эле, иче албай койдум. Ичишчү кишилер деле табылды. — Негедир жалооруй кетти. — Ишенесиңби, иче албай койдум. Жүрөгүм даабай туруп алды… Анан сени көрүп калдым. Эмне экенин билбейм, негедир токтогум келди.

Жигитке табышмактай туюлду. «Ичкиси келбесе, ичпейт да,— деди шыбырап. — Мунун эмнесин… — Диссертациясы эсине түшүп, туталана кетти. — Бир күн өлдү!.. Мен да бир зарыл иши бар экен десе. Токтогум келди деп…»

— Эми,— деди аңгыча жигиттин оюн туйгандай. Бирок сүйлөөгө дарманы келбегендей, кебин улай албады. Дайыма күлүп турчу көздөрү ого бетер жайнап, жалжылдап чыкты. —Эми,— деди кайра,— эми… —Чымыркана. —Эми ал сүрөт да жок!.. — Жалтангандай жалт бурулду.

Жигит чочуп кетти:

— Кайсы?!

— Баягы,— деди тиги жай гана.— Кыздын сүрөтүчү. Альбомдо жүрчү. — Кыжына. — Тытып салды. Баягүнү… Оомийин!..

Жигит башка жегендей кеңгирей түштү.

— Ыя?!— деди кетенчиктей. —Тытып?! Ким?..

— Ким болмок эле! — Тиги ызырына алаканын жайды. — Күйөөсүндө жүргөн аялдын сүрөтүн ким тытмак эле?! — Түшүндүңбү дегендей жигитти суроолуу карап калды.

Жигитке жеткен жок, ал да суроолуу элейди.

— Жанагы да!— деди тиги кыжырдана. — Катын да!..

Жигит далдырап калды. Аялынын жадыраган элеси көзүнө таргыла түшүп, кайра жок болду. Башын чайкап-чайкап алды.

— Үй-бүлө деген үй-бүлө да,— деди тиги жайлана. — Баягүнү эжең (бала мунун аялын эже дечү) экөөбүз кичине кер-мур айтышьш калдык. Анан… Анан жүрүп-жүрүп отуруп эле сүрөткө жетти. Тытып таштады. Тытканда да кандай — тим эле бырчалады. Өзү деле эскирип бүтүп калган. Бырчаланды. — Үшкүрүндү. — Эчтекеси калган жок!.. — Үндөбөй турду да, күлүмсүрөп. — Ошондон бери киши таппайм десең.

— Киши? Эмнеге?

— Айткангачы. — Күнөөлүүдөй күлдү. — Кимге айтам? Өзүң теңдүүлөргө айтуу… — Башын чайкады. — Айтсаң да ишенишеби… Күлүшпөйбү. Жаш болсоң бир жөн… — Өзүнчө күбүрөдү. —Элүүгө келгенде тытып…

Жигит кубаттагандай башын ийкегиледи.

— Сени, эмне, ушул жерге жыргаганымдан сүйрөп келди дейсиңби!.. — Актангандай жигитке кайрылды. — Мен да билем: диссертация дегениң — балакет. Баштан эч нерсе чыкпай, ыйлаган күндөрүң да болот. Анан мен минтип тоскоол болуп…

— Жо-ок,— деди жигит тигини толук сүйлөтпөй, ыңгайсыздана. — Бир күндөн эмне… — Күлдү. — Кыйратып иймек белең.

— Атасынын көрү, кээде ушул бир күнүң миң жылга татып коёт…

Муну кандай мааниде айтканын жигит түшүнбөдү. Өзү жөнүндө айттыбы, же жигитке карата айттыбы — муну да айра билбеди. Жөн гана башын ийкеп койду. Тиги болсо бир азга тунжурап калды да, улутунгандай:

— Ошондо бир эңшериле түштүм дейсиң…

— Качан?

— Сүрөттү тытып салгандачы. Көзүм тунара түштү. Ишенесиңби, жалгыз калгандай, атүгүл ушуга чейин да жапжалгыз жашап келгеңдей сезилип кетти. Аял да жок, балдар да жок — жапжалгыз жашап келгендей. Кызык… — Кайрадан тунжурап калды да, муңайым күлүмсүрөй. — Эмне кыларымды билбей калыптырмын. Бир мезгилде эсиме келсем, бырчаланган сүрөттү ого бетер бырчалап отурам… — Үнсүз мелтиреди.

Жигиттин көз алдына бырчаланган сүрөт тартыла түштү. Заманасы куурулду. Кандайдыр бир жылуу сөз айтып, тигинин көңүлүн жубаткысы келип жатты. Бирок эмне дешти билбей, чайналып калды. Анан:

— Эстечү белеңиз?— деди чочугандай.

— Кимди?

— Кыздычы. Аял алгандан кийин эстедиңизби? Азыр эстейсизби?

Мындай суроону күткөн эмес көрүнөт, жүзү жыйрыла түштү да:

— Аа-ай, — деди нааразылана. — Жанатан бери мен саа эмне үчүн какшап жатам?! Эгер эстебесем… — Үндөбөй калды да, жумшара. — Эстедим. Күн сайын эмес дечи. Бирок эстечүмүн. Билесиңби,— деди жадырай,— капысынан эстечүмүн. Капысынан эле оюма кылт дей түшчү… — Тынып алды. — Азыр болсо күн сайын. Айтпадымбы — мурда капысынан эстечүмүн. Азыр күн сайын эстейм. — Күнөөлүүдөй. – Эстегенде эми… — Айла жок да дегендей алаканын жайып койду.

Жигит ынанды, тигинин кейпин көрүп туруп, эстечүмүн дегенине да, азыр күн сайын эстейм дегенине да шек санаган жок. Ал күлсө ыйлап жаткандай, кайгырса күлүп жаткандай туюлду жигитке. Бул бири-бири менен келише албаган, атүгүл тап-такыр келишпей турган эки маалда тең ал аянычтуу көрүндү жигитке. Жигит да эңшериле түшкөнсүдү.

— Келесоомун да! — деди аңгыча тиги туңгуюк.— Айтпай койсом болмок.

Житит чочуп кетти:

— Эмнени?!

— Тигиничи. Жөн эле бирге окуганбыз деп койсом болмок. Төгүлүп жүрбөймүнбү.— Жигитке кайрылды, — Аял алдың беле?

Жигит тамашалап жатасызбы дегендей элейе карап калды.

— Эгер ала элек болсоң,— деди тиги жигиттин оюна түшүнбөй,— мен…

Сөздү толук угууга чыдамы жетпей, жигит кыйкырып жиберди:

— Эки балам бар дебедим беле!.. — Катуу кетип калганын сезип күлдү. —Анан аял дейсиз да…

— Аа… Күнөөлүүдөй күлүмсүрөдү. — Аялга көрүнгөндү эле айта бербеш керек экен.

— Эмнени?

— Баарын элечи… — Мукактанды. — Сени ала электе минткем, тигинткем деп… — Күлдү. —Айтасың да унутуп каласың. — Башын чайкай кетти. — А аялдар андай эмес. Алардын жүрөгү да, башы да магнитофонбу дейм. Чогулта берет экен, чогулта берет экен, анан баарын кошуп туруп бир күнү бурайт десең… — Башын чайкай берди. Бир маалда токтотуп, өзүнчө булдуруктап койду. — Сени сайратып алат да, өздөрү жөнүндө ооз ачып коюшпайт…

Жигит сырдуу жылмайды.

Тиги кайра өзүнчө шыбырап, өкүнө кетти:

— Мен келесоо айтпай койсом болмок экен!..

Өзүнө өзү кыжырдана кайрадан башын чайкай баштады. Аны карап туруп, жигиттин көңүлү чөктү. Тиги башын чайкап кыйлага турду да:

— Мен айттым!— деди ызырына. — Болуптур, муну тыттың, бырчаладың. Санааң тынды. А мобу жердегини — жүрөгүн нукуп-нукуп алды — эмне кыласың?!— Өчү бардай кайрадан көөдөнүн каккылай кетти. Ушинткен сайын жаны жай ала түшкөнсүп жатты.

Жигит эс ала түштү. Негедир сүйүндү. Эмнеге сүйүнгөнүн өзү да билбеди.

Тиги болсо оор жүктөн кутулгандай бир үшкүрүп алды да, рулга башын жөлөп отуруп калды. Кыйлага үндөшпөдү.

— Кой,— деди бир маалда башын көтөрүп. — Кетели…

— Кайда? — деди жигит чочугандай.

— Кайда болмок эле. — Жигитти карап күлдү. — Үйгө да.

Жигит үндөбөстөн башын ийкеди.

Шаарды көздөй жол тартышты. Жигит негедир кубанып баратты. Бир маалда ал мен эмнени ойлоп баратам деп өзүнөн өзү сурай кетти. Канчалык жанталашса да, эмне жөнүндө ойлоп баратканын таппай койду. Акыры мен эмнени ойлоп баратам деп ойлоп баратканын таап алды да, биресе таңданса, биресе сүйүндү. Анан башын чайкай кетти — кыздын кемпир болуп калганына негедир ишенген жок, кемпир болгонун билип-туюп турса да ишенбеди. Буга өзү да таңданды. Кызды элестетти. Ал дайыма кыпкызыл көйнөк кийип жүргөндөй элестеди.

Жоолугун элестете албады, ырайын да элестете алган жок. Кыпкызыл көйнөк кийген, ырай-пешенеси билинбеген, бирок ушунчалык жагымдуу, ушунчалык назик бирөө гана элестеп туруп алды. Мезгилге багынбаган, түбөлүк кыз бойдон калган ушул бирөө дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай туюлду. Машинаны токтотуп, кемпир болуп калды дегенине таптакыр кошулбай тургандыгын айткысы келди. Жана да сурагысы келди, чын эле кызыл көйнөк кийип жүрчү беле деп териштиргиси келди. Бирок бул оюнан кайра баш тартты. Сураса эле азыркы жан жыргаткан бейкапарлыктан кол үзүп калчудай сезилип туруп алды.

Көп өтпөй эле көз алдына жүрөк, ага сайылган канжар, андан тамган кыпкызыл кан тартыла түштү. Чочуган жок, ичин жыпжылуу нерсе өрдөп кеткендей болду, ого бетер жаны жыргап магдырады. Магдырай отургучка жөлөнө кетти. Таңданды — тигинин чачынын жарымы агарып кетиптир, мурда муну элес алган эмес тура. «Агара баштаптыр…» — деп шыбырады өкүнгөндөй. Бирок бул бир заматта эсинен чыгып кетти.

Кыздын дайыма кыпкызыл көйнөк кийип жүргөндүгү жөнүндөгү ой кайрадан эсине түштү, ушул ой жадына биротоло орноп калгансыды. Эстечүмүн дегенине, анан буга өзүнүн ынанганына, азыр да ынана турганына ушунчалык сүйүнүп баратты. Аңгыча сүрдүгө келип токтогон машина жигиттин оюн бузуп жиберди. Тиги киши рулду күрс эттире бир муштады:

— Итмин да!.. Келесоомун да! Болбосо… —Жигитти күнөөлүүдөй карап күлүмсүрөдү.

Жигит, өзүнүн жан жыргаткан оюнан кутула албай, жылмайымыш болуп койду.

Тиги башын чайкап-чайкап алды да, машинаны айдап жөнөдү. Кайрылып үн катпады. Экөө мындан кийин таптакыр сүйлөшүшкөн жок. Үнсүз мелтиреген экөөнү тартып, машина шаарды көздөй зымыратып баратты…

1985-ж

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.