“Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” конкурсунун биринчи айлампасы калыстар курамынын жана уюштуруучулардын чечими менен аталган конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылып, жаштардын чыгармачылык атаандашуусунун мөөнөтүн кайрадан узартуу чечимине токтолгон элек. Арийне, калыстар курамынын мындай чечимине көркөм табитке жооп бербеген чыгармалар арбын түшкөндүгү себеп болгон эле.

Ал эми кийинки айлампадагы конкурска келип түшкөн чыгармалардын арасынан колго илинерлик алты автордун калемине таандык чыгармалардын төртөөсү буга чейин “Фейсбук” жана “Одноклассники” – интернет желесинде жарыяланып келгендиги анык болду. Аныгында аталган конкурстун Жобосунда буга чейин эч жерде жарыяланбаган чыгармаларды гана кабыл алынат” деген эскертүүгө карабастан мурда жарыяланган ырларын жөнөткөндүгү үчүн төмөндөгү номурлар менен жарыяланган төрт жазмакер конкурстан чыгарылды. Алар: Камчыбек Узакбай уулу №3, Дүйшөнбек Бектемир уулу №4, Юруслан Азимжанов №5, Кадырбек Аблабеков №6.

Ошондой эле бул авторлорго быйылкы жылы “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” конкурсуна катышууга жол берилбейт!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.