Бирма жомогу: Ынтымаксыз ырыскы болбойт

Калың токойдун четинде бир короо уй жайылып жүрчү. Алар дайыма бирге, биринен бири алыс ажырабай чогуу жүрүшчү дейт. Ошол эле токойдо арамза жолборс жашаган, анын эсинен кетпей, эптеп уйдун этине тойсом деген ою орундалбай келди. Уйлар бирге таш дубалдай бекем, эч кандай жырткыч жакын жолой албайт. Жолборс көпкө ойлонуп бир амал тапты, уйлардын ынтымагын ыдыратмак болду. Ошентип бир күнү бир уйга жакын келип шыбырай баштады: Мени уксаң, ийри мүйүз! Тетиги капталы карала, кыска мүйүз сени жөн эле сүзүп салам дейт […]

«РухЭшти» колдоо акциясы Азамат Арапбаевден Айбек Алтынбековго өттү

Бүгүнкү күндөгү окурмандарыбызга эски муундагы көөнөргүс чыгармаларды жайылтып, улуттук адабиятыбыздын аянтчасын негиздеген “РухЭш” сайтынын коом агартуу максатын колдоого алууга үндөгөн эл өкүлдөрү Айнура Осмонова жана Азамат Арапбаев өңдүү кесиптештерим менен бирге мен да аталган сайттын ишмердигине тилектештигимди билдиремин. Эне тилибиздин көркөм туюнтма каражаттарын элге жайылтуу аракети эч кандай коммерциялык багытты көздөбөгөндүгүн эске алып, өз салымын кошкон кесиптештеримдин мага өткөргөн эстафетасын улай мен да жеке өзүмдүн атымдан “РухЭш” сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине өз көмөгүмдү жөнөттүм. Гуманитардык багытта коом […]

Бекир Жошкун: Тар бут кийим (конкурска №45)

АҢГЕМЕ Ошол майрам күнүнө мага бут кийим алып бермей болушту. Шаарда даяр бут кийим саткан дүкөн жок эле. Бут кийим  тиккен жалгыз дүкөндүн тигүүчүсү жылаңаяк бутумду бир картон кагазынын үстүнө коюп, бекем басып турушумду айтты да оозуна тиштеген калемин колуна алып бутумду тегерете чийди. Бутум чийилген картон кагаз – менин бут кийимимдин өлчөмү эле. Күн сайын жаңы бут кийимимди кыялданам. Атамдын айтуусуна караганда бут кийимим кара анан боосу менен болот. Эшик такылдаса эле жүгүрөм. Бут кийимим майрамдан бир күн мурда […]

Марсел Исаков: «Жеңиш» орденинин тарыйкасы

Тарыхчылар белгилегендей 1943-жылы Кызыл Армиянын Сталинграддын алдындагы, Курскидеги жеңишинен кийин  Улуу-Ата-Мекендик согуштун бурулуш жылы башталган. 1943-жылдын күз айларынан баштап согуштун акырына чейин бардык фронттор боюнча Кызыл Армиянын үстөмдүгү орноп, гитлердик германия  стратегиялык демилге, басым жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ушундай жагдайда мамлекеттин жетекчиси И.В.Сталиндин демилгеси менен урушта айрыкча жеңиштерге жеткен аскер башчы-полководецтер үчүн, 8-ноябрь 1943-жылы, СССРдагы эң жогорку аскердик орден “Жеңиш” ордени негизделген. Ордендин салмагы 78 граммды түзүп, 47 грамм платина, 19 грамм күмүш, 2 грамм алтындан жасалып, 16 карат брилиант жана […]

Ду Фу[1] меймандарын кантип ыраазы кылганы

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз. Ду Фу — Таң доорунда жашаган акын, анын төмөндөгү эң белгилүү төрт сап ыры кылымдарды карытып келет. Кош саргалдак жашыл талдын арасында, Ак кытан көк асманда барат каалгып. Тоолор тоңуп качанкы бир санаасында, Чыгыш жээкте кемелер тур тынч калкып[2]. Бул ырдын түп нускасында айлана-чөйрө чындыкка […]