Калың токойдун четинде бир короо уй жайылып жүрчү. Алар дайыма бирге, биринен бири алыс ажырабай чогуу жүрүшчү дейт. Ошол эле токойдо арамза жолборс жашаган, анын эсинен кетпей, эптеп уйдун этине тойсом деген ою орундалбай келди.

Уйлар бирге таш дубалдай бекем, эч кандай жырткыч жакын жолой албайт. Жолборс көпкө ойлонуп бир амал тапты, уйлардын ынтымагын ыдыратмак болду. Ошентип бир күнү бир уйга жакын келип шыбырай баштады: Мени уксаң, ийри мүйүз! Тетиги капталы карала, кыска мүйүз сени жөн эле сүзүп салам дейт ко?   Анан башка бир уйга барып ага да күбүр-шыбырын баштады:

– Эй, узун куйрук! Эчтекени укпай-көрбөй жайбаракат жайылып жүрөсүңбү? Тетиги жүнү жылтыраган тик мүйүз сени жара сүзөм дейт ко.

Уйлар жолборско ишенип калышты. Алар бирине-бири шектенип, күмөн санай баштады, акырында уруша да кетишти. Мурункудай бирге жайылбай, ар кими өздөрүнчө оттойт, өзүнчө сууга барат. Ар ким өзүнө дарак тандап, өзү ошонун жанында жүрөт. Жолборс максатына жетти, эми ага жалгыз жүргөн уйду жара тартуу оңой эле болду. Адегенде ийри мүйүздү, артынан узун куйрук уйду алды, жүнү жылтыраган тик мүйүз да, карала каптал кыска мүйүз да андан кутулган жок. Акырындап уй калтырбай түгөттү.

«Ынтымаксыз ырыскы болбойт», – деген сөз ошондон калган дешет.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.