“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз.

Ду Фу — Таң доорунда жашаган акын, анын төмөндөгү эң белгилүү төрт сап ыры кылымдарды карытып келет.

Кош саргалдак жашыл талдын арасында,
Ак кытан көк асманда барат каалгып.
Тоолор тоңуп качанкы бир санаасында,
Чыгыш жээкте кемелер тур тынч калкып[2].

Бул ырдын түп нускасында айлана-чөйрө чындыкка абдан жакын сүрөттөлгөн. Улуу акындын мындай чеберчилиги бизди суктандырбай  койбойт. Бул ырдын кандай жаралганын төмөндө баяндап бермекчибиз:

Таң династиясынын императору Су-Зуңдун[3] бийлиги учурунда улуу акын Ду Фу эс алууга чыгып, Кытайдын түштүк-батышындагы Чеңду шаарына камыш кепе тургузуп жашап калат. Бир жолу акындын ырларын угуп, талкуу жүргүзүш үчүн коноктор келет. Ду Фу аларды көрүп сүйүнгөнү менен айласы кете түшөт. Анткени үйүндө мейман сыйлай тургандай аш катык жок болчу.  Ду Фунун аялы бул кырдаалдан кантип татыктуу түрдө чыгарын билбей акынды карады. Жагдайды түшүнгөн Ду Фу ашканага кирди. Үстөлдө бир боо көк пияз, эки жумуртка жана бир табак буурчак гана бар экен. Бул азыктар өп-чап болсо да акындын көңүлүнө жакшы бир ойду түшүрдү.

Ичинен кымылдап, сыртынан жылмайган акын аялына шыбырап бирдемелерди түшүндүрдү да конокторуна кайтып барды. Адабий талкуу кызуу жүрдү. Бир убакта акындын жубайы тамак даяр болгонун билдирди. Дасторконго коюлган биринчи тамак — куурулган пияздын үстүндөгү жумуртканын эки сарысы болчу. Экинчи тамак дагы эле куурулган көк пияз болгону менен үстүнө жумуртканын агы узунунан жайгаштырылыптыр. Үчүнчү табакка эч нерсе кошулбаган буурчак ботко шоңшойто салыныптыр.  Төртүнчү идишке куюлган буурчак менен көк пияз шорпосунда жумуртканын кабыктары калкып жүрүптүр.

Алдыга тартылган көнүмүш эмес тамакты көргөндө меймандар түшүнө бербей бири бирин карашты. Акындын аялы шашкалактап жагдайды түшүндүрүүгө аракеттенди:

— Ардактуу коноктор, бүгүн биздин жупуну үйгө мейманчылап келгениңиздер үчүн чоң ыраазычылыгымды билгизип, атайын “поэтикалык даам” даярдадым, алып отуруңуздар.

Бирок коноктор кожойкенин бул сөзүнө түшүнө беришкен жок.  Ошондо акын колго таякчаны алып, биринчи тамакты көргөзө берип:

— Кош саргалдак жашыл талдын арасында, — деди да, кийинки сапты экинчи тамакка арнады: — Ак кытан көк асманда барат каалгып. Андан соң: — Тоолор тоңуп качанкы бир санаасында, — деп үчүнчү сапты үйө салынган буурчак боткого арнады. — Чыгыш жээкте кемелер тур тынч калкып, — деп шорподо калкыган жумуртка  кабыгын көрсөтүп ырын бүтүргөндө коноктор эмне дээрин билбей туруп калышты да, анан биринин артынан бири акындын тамшандырган таамай салыштырууларын мактап киришти.

Орус тилинен которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] Ду Фу (712-770ж.ж) – Таң доорунун улуу акыны. Анын өз тагдырын жана кытай элинин азаптарын жектеген ырлары өзгөчө таасирдүү жана баалуу. Ал замандашы, өзүндөй эле улуу акын Ли Бо менен көп жылдар бою ынак достордон болушкан. Алар кытай поэзиясынын генийлери катары дайыма эстелип келет. Салттуу кытай адабият таануусунда Ду Фуга  “шишен” (ыйык жана кеменгер акын) даражасы ыйгарылган.

[2] Кытай тилинен орус тилине Борис Мещеряков которгон. Ал бул ырга мындай түшүндүрмө берген: “Бул ыр Ду Фу Сычуаң провинциясынын борбору Чеңду шаарына аргасыз келгенинде жазылган. Анын үй-бүлөсү бул кезде алыскы Зянсу провинциясында жашап жаткан. Ырдагы тоолор – Чеңдунун батышындагы Миңшан тоо кыркалары. Чыгыш жээк – түпнускада б.з.ч VIII кылымда азыркы Цзянсу провинциясынын аймагында өкүм сүргөн байыркы У аталышындагы падышачылык. Акын турган Янзы дарыясынын боюндагы Чеңду шаарынан үй-бүлөсү калган Чыгыш Кытай деңизиндеги Зянсу портуна чейинки аралык он миң лидей (1 ли = 0,5 км) эле. Бул ырдын башка акын которгон дагы бир түгөйү бар. Ал болжолдуу мындай мааниде: “Жашыл бутак арасында саргыч куш, \ көгүш асман түпкүрүндө турналар. \ Ак баш тоолор алыс жакта турат суз, \ туулган жерге кандай гана болдум зар.

[3] Таң династиясынын (711-762) императору Су-зун  такка  756-жылы 12 августа отурган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.