Тарыхчылар белгилегендей 1943-жылы Кызыл Армиянын Сталинграддын алдындагы, Курскидеги жеңишинен кийин  Улуу-Ата-Мекендик согуштун бурулуш жылы башталган. 1943-жылдын күз айларынан баштап согуштун акырына чейин бардык фронттор боюнча Кызыл Армиянын үстөмдүгү орноп, гитлердик германия  стратегиялык демилге, басым жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ушундай жагдайда мамлекеттин жетекчиси И.В.Сталиндин демилгеси менен урушта айрыкча жеңиштерге жеткен аскер башчы-полководецтер үчүн, 8-ноябрь 1943-жылы, СССРдагы эң жогорку аскердик орден “Жеңиш” ордени негизделген.

Ордендин салмагы 78 граммды түзүп, 47 грамм платина, 19 грамм күмүш, 2 грамм алтындан жасалып, 16 карат брилиант жана 25 карат рубиндер менен шөкөттөлгөн наркы кымбат орден болгон.

Тарыхта бул орден менен 17 гана адам сыйланып, 3 адам эки жолу алышкан.

Биринчи  жана экинчи  ордендер 1944-жылы 10-апрелде  Советтер Союзунун маршалы, ошол кезде 1-Украина фронтунун командачысы Георгий Константинович Жуковго, Кызыл Армиянын Генералдык штабынын башчысы, Советтер Союзунун маршалы Александр Михайлович Василевскийге тапшырылган. Үчүнчү орден менен ошол эле жылы 29-июлда Жогорку Башкы Командачы, Советтер Союзунун маршалы Иосиф Виссарионович Сталин сыйланган.

Сыйлоо “Днепрдин оң жээк бөлүгүндөгү Украинаны немистик баскынчылардан бошоткондугу үчүн” деген негизде тапшырылган. Ушул эле аскер башчыларына экинчи жолу 1945-жылы 30-мартта “Жогорку Башкы командованиянын тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн”  1-Беларусия фронтунун командачысы Г.К.Жуковго, 19-апрелде 3-Беларусия фронтунун командачысы А.М.Василевскийге, 26-июлда “Германиядагы жеңиш үчүн” И.В.Сталинге тапшырылган.

1945-жылы 30-мартта “Польшаны бошоткондугу учүн” Советтер Союзунун маршалдары И.С.Конев (1-Украина фронту), К.К.Роккосовский (2-Беларусия фронту), 26-апрелде “Австрия жана Венгрияны бошоткондугу учүн” Советтер Союзунун маршалдары Р.Я.Малиновский (2-Украина фронту),  Ф.И.Толбухин (3-Украина фронту), 31-майда “Ленинграддын алдында жана Прибалтикада немистерди талкалагандыгы үчүн”  А.Н.Говоров (Ленинград фронту), 4-июнда  дагы эки аскер башчылары   Жогорку Башкы командалыктын  өкүлү маршал С.К.Тимошенко жана Генералдык штабдын башчысы,  Армиянын генералы  А.И.Антоновдор “Согуш опперацияларын пландоо жана фронттордун иш аракеттерин координациялагандыгы үчүн  сыйланган. Японияда согуштун жыйынтыгы менен 8-сентябрда Ыраакы Чыгыш фронтунун командачысы, Советтер Союзунун маршалы К.А.Мерецков ээ болгон.

Согуш жеңиш менен аяктагандан кийин чет элдик союздаштардын аскер башчыларын  сыйлоо тууралуу чечим кабыл алынып, АКШ аскерлеринин кол башчысы, армиянын генералы Дуайд Эйзенхауэр (кийин, 1953-1961-ж. АКШ президенти), Англиянын фельдмаршалы Бернард Монтгомери, Румыниянын королу Михай I, Польшанын маршалы Михал Роля-Жимерский, Югославиянын маршалы Иосип Броз Тито ушул ордендердин ээси болуп калган.

Бирок бул сыйлоолор орден менен сыйлоо эрежесине ылайык келген эмес, анткени ордендин эрежесинде “Жеңиш” ордени менен аскердик эң жогорку орден катары  бир  же бир нече фронтторду жетектеп, олуттуу жеңишти камсыз кылган Кызыл Армиянын жогорку аскер башчылары сыйланат деп көрсөтүлгөн. Чет мамлекеттин аскер башчылары арийне Кызыл Армияга тиешеси жок эле.

Ушундай эреже бузуу 1978-жылы ошол кездеги КПСС БК генералдык секретары, СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы, СССР Коргоо Кеңешинин төрагасы Советтер Союзунун маршалы Л.И.Брежневдин орден алуусуна мүмкүндүк берген. Бирок 1989-жылы ошол кездеги СССР Жогорку Кенешинин төрагасы М.С.Горбачевдин жардыгы менен Брежневди орден менен сыйлоо тууралуу жарлык жокко чыгарылган.

1966-жылы Франция президенти Шарль де Гольдун СССРга расмий сапары учурунда орден менен сыйлоо демилгеси көтөрүлгөн, бирок орден тапшырылган эмес.

Ордендин эрежесине ылайык ээси каза болгондо орден мамлекетке кайтарылууга тийиш болгон. Учурда СССРдын аскер башчыларына берилген бардык ордендер Россиянын казналары же музейлеринде. Эйзенхауэр, Монтгомери, Тито, Жимерскийлердин ордендери да АКШ, Англия, Польша, Сербиянын музейлеринде. Бир гана Румынянын королуна тапшырылган ордендин дайыны белгисиз. Орденди 4 млн. долларга сатып жиберген, Швейцариядагы король Михайдын имениесинде сакталуу деген имиштер бар.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.