АҢГЕМЕ

Жайдын ажайып бир күнү… Батур рогаткасын көтөрүп алып, үйүнүн жанындагы бакчага куш аңчылыгына чыгат.  Көздөрүн үкүнүкүндөй кылып алып, тегерегин баш оту менен көз сала баштайт. Бираз болбой эле аркасынан үн чыгат:

— Атпа куштарды.

Аркасына бурулуп караса, ал адам бейтааныш  эмей, бир көчөлүк досу Сарпер экен:

— Бул алсыз жандуулардан эмне каалайсың, деги билбейм? Алардын сага кандай зыянчылыгы бар? Кой бер, кетишсин,  канаттарын кагып учушсун, — деп калды ал.

Батур:

— Сарпер кайра эле сенсиңби? Неченчи ирет? Ишиме кийлигишпе дебедим беле? Карачы, куштарды үркүтүп салдың, учуп кетишти.  Деги куш аттууга тыюу салынганбы өзү?

Сарпер:

— Албетте, тыюу салган. Азыр куш балапандарынын чоңоюу маалы.

Батур:

— Сүйлөгөнүн ай, тыюу салынган имиш. Тыюу салынса, тыюу салынсын. Менин куш атып жүргөнүмдү ким билмек эле? Тегеректе миңдеген куш бар. Бир кушту атып, куш тукумун кырып ийбейм, куштардын тукуму да түгөнүп калбайт. Мага кулак сал, Сарпер, сен экөөбүз жакшы достордонбуз, бирок куш ишине кийлигише бербечи, — деди да Батур Сарперге үн чыгарба дегендей түр көсөтүп, акырын-акырын жылып баштады.

Жыйырма кадамдай жылгандан кийин, бир бактын алдына токтоду. Рогаткасын өйдөнү каратып, бир нерсеге көздөдү. Жакшылап мээлеп алган соң, рогаткасындагы ташты коё берди. Таш максатына жетти. Куш экен. Куш жерге түшүп жаткан учурда, канатын кагып, көк алган башка куштун үнү угулду. Батур дароо жерге түшкөн кушту кармай салды. Куш тыбырчылап атып, жаны бүттү. Байкуш кичинекей куштун жаны дымыганда, башын үзүп салды. Аны көздөй келаткан Сарперге бурулуп:

— Кандай экем? Бир атыш менен, түшүрдүм, — деп мактана түшсө, досунун сөздөрүнө ичи жылыбаган Сарпер:

— Эмне десем да, эмне деп айтсам да, сага жетпейт. Башкалардын сага караганда жакшыраак ойлонорун да кабыл алгың келбейт. Атканың бир байкуш көгүчкөн баласы.  Жыйырма грам эт деле чыгар эмес. Ансыз да ойлонбогон нерсең көп. Балапан жерге түшөрдө, канаат кагып учкан куштун үнүн уктук ко. Менимче, учкан куш көгүчкөндүн энеси чыгар. Жапайы куштар билишимче катуу кек сакташат. Балапанын өлтүрүп, туура иш кылбадың, — деген бойдон Сарпер артка бурулуп, тез кадамдары менен алыстап кетти.

Батур дароо бактын бир жагына от жага салды. Буга чейин көгүчкөн балапанынын түктөрүн жулуп, ички органдарын тазалап алган болчу. Көгүчкөндү бышыра баштады. Бирок ушу учурда аркасындагы бактардын биринде бактысыз, карыган куш заардуу көздөрү менен аны ушундай тиктеп турду. Ал тууралуу бала  ойлонгонго бейгам эле.

Көгүчкөн эне балапанын аткан баланы карап жатып, ойлонуп кетти: “Негизи колубуздагы балдарыбыздын, бизге карай келатканын көрбөсөк да, укпасак да сезебиз. Бирок биз куштар, бактын үстүндө конуп отуруп, жайылып кетебиз. Өткөндү жоруйбуз. Эскерүүлөр каректин алдынан сызат. Туура иштерибиз, каталарыбыз акылыбызга келет. Кээде бир топко кыялданып калабыз. Аныгында кыялдардын даамы тамагыбыздан өтүп, бөйпөлөтөт эмеспи. Негизи эле кыялдануу кандай таттуу. Мына ушундай таттуу учурларда, бир рогатканын же бир мылтыктын бизди көздөй мээленгенин көрбөй, жакындап келген бирөөнүн кышылдаганын, буттарынын карч-курч үндөрүн сезбей калабыз. Жалгызыма учканды үйрөтүп жаткам. Балапаным ушунча чарчаган болчу. Бир бактын бутагына конуп, эс алып калдык.  Тегеректеги бактар кушка толуп, куштардын баары мага окшоп кыялдарга кирип кетишкен. Бир убакта “түк” деген бир үн уктум, анын артынан айкырык үн чыкканда гана эсиме келдим. Карасам — балапаным окко учуп, жерге түшүп баратыптыр. Канатымды кагып, өйдө көтөрүлдүм. Көктөмдө бираз оволоп барып, окуя болгон жерге кайра ылдыйладым. Тегеректе куш жок экен, баары учуп кетишиптир. Окуянын кандай болгонун куштардан сурап, билермин. Баары өттү, азыр эми бул тууралуу ойлонбой турайын. Балапанымды аткан бала ордунан турду, кетип баратат. Көзүмөн качырбай, артынан аңдыйын. Жок дегенде үйүнүн кайда экенин билип калайын.”

Батур жолдон  бир досу менен кезигип, кичине сүйлөшүмүш болгон соң, көп кабаттуу бир имаратка жетип, каалгасынан кирип кетти. Негизи Батурлар төртүнчү кабатта турушар эле. Көгүчкөн эне көчөнүн аркы жагындагы көп кабаттуу имаратка конуп, анын чатырында бир нече саат күтүп тиктемекчи болду. Кеч кирип, бөлмөлөрдүн, залдардын жарыктары жана баштады. Чүрпөсүн аткан бала жашаган имараттын бөлмөлөрүн, саландорун карай баштады. Парда менен жабылбай же жакшы жабылбай калган терезелерден бөлмөлөрдүн ичин карап жатты. Аз өтпөй, төртүнчү кабаттагы балкондун кооптуу темирлерине барып конду.

Коркунуч туудурган эч нерсе жокпу деп, эки жагын каранды да, терезе жакка башын салып карай баштады. Пардасы бекитилбеген терезеден бөлмө ичи жакшы көрүнүп турду. Мынтип баягы бала көзгө урунду. Так алдында отуруп, тегерегиндегилерге бир нерсе айтып берип жатыптыр. Колдору менен жаңсап алган… Кыткырып күлүп алып, башкаларды да күлдүрүп жаткан экен. Анын мынчалык бактылуу болгону көгүчкөндүн ушунча ичин ачыштырды. Бу көрүнүштү дагы көрүүгө чыдай албай, канатын какты да, асманды көздөй учуп кетти.

Кийинки күндөр да Батур үйүнүн жанындагы бакчага куш аңчылыгына тез-тез чыгып турду. Бирок таң калычтуу! Бу күн буга чейин ар күн кушка толгон бакчада бир куш көрүнбөйт. Батур, эртеси да рогаткасы менен келди. Тегеректе “чыт” деген бир куш жок. Баягы балапан конгон бактын алдына бара калды эле, аз өтпөй канаттын кагылган үндөрүн укту. Таң калды. Түз аркасынан учуп келаткан кушту жакындап келгенинде гана байкап калды. Колдору менен жүзүн жаба салышы анын жүзүнүн жабыркап калуусунан сактады. Куш ышкырык, ачуу үндөрү менен экинчи ирет чабуул жасады. Бу чабуул биринчи чабуулдан да зор болду. Куштун канаты менен жаңсаган соккулары Батурдун жаагына, башына тийип, куламакчы кылды. Далы менен тоголонуп бараткан Батур, көгүчкөнгө сокку узатканга жетишти. Куштун алдыдагы чытырман чөпкө түшкөнүн көрүп, аркасын карабастан Батур безип жөнөдү. Ал түнү Батур уктай албай чыкты. Керебетте ал уктабастан ары оодарылып, бери оодарыла берди. Таң эрте жарык түшкөндө гана ал куш ким экенин, эмне үчүн ага чабуул жасаганын билди.

Ал куш көрсө өткөнкү күнү өлгөн балапандын энеси экен. Көрсө куш, баласын өлтүргөндү унутпай, артынан из салыптыр. Куштарга аңчылык кылууга бакчага келгенде, көгүчкөн бакчадагы куштардын учуп кетишин камсыздаган туура. Куштардын жок болушунун себебин, ал ушинтип жоруду. Анын изине кооптуу куш түшкөн болчу.  Эгер куштарга аңчылык кылууну уланта берсе, ал куштан залака келерин бала түшүнүп турду. Балага залака кандай келсе да, өтө опурталдуу эле. Мындан кийин эч качан аңчылыкка чыкпачу болсом, көгүчкөн менин изимен кетип калар деди. Ансыз да куш менен алышып жатканда рогатка түшүп кетип, ошол жакта калган. Мындан кийин куш өлтүрбөйм деп Батур өзүнө сөз берди.

Куш эне болсо Батур менен болгон күрөштөн кийин жерден таап алган рогатканы тумшугуна илип, узактарга, эч ким аны таап, дагы куштарды атууга мүмкүн болбогондой жерге алып барып, бир чуңкурга таштады. Анын үстүнөн топурак, жалбырак, канатына эмне тийсе, ошонун баары менен жакшылап көмдү. Көгүчкөн кийинки күндөрү да бакчанын бир жагына конуп алып, байкоо жүргүзүп турду. Ким бул жакка келсе, уйкуга, кыялдарга баткан куштарды ойготот болчу, тагыраагы эч кимге куштарды атууга жол бербейт эле.

Мынтип арадан жумалар өттү. Күздүн келиши менен аба ырайы сууктай баштады. Бардык көчмөн куштар менен көгүчкөн эне да тобу болуп ысык жактарга учуп кетти. Кийинки жылы апрелде  көгүчкөн эне тобу менен  бакчага кайрадан көчүп келди. Күндөр тынч болуп, ызы-чуусуз өтүп турду. Көгүчкөн эне мындай тынч күндөрдөн пайдаланып, үч жумуртка басты. Жумурткалардын үстүндө бир нече күн басып жатты. Акырындап жумурткалар жарылып, көгүчкөн эне үч балапандуу болду. Жаз айы бою балапандарын өстүрүп, аларга учканды үйрөттү.

Жашоодо болуп калчу коркунучтарга ар дайым сак мамиле кылышын туйгузду… Батур бирок чындап эле сөзүнө турду. Кийин бир да жан анын куш атып калганын көрө албады…

Түрк тилинен которгон Аман Самагатов

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.