35 жашында «кызыл профессор» атанган Тыныстанов

Айтылуу агартуучу, кыргыздын кыраан уулу Касым Тыныстановдун 118 жылдыгы айылында белгиленди. 14-майда кыргыздын кымбат уулу Касым Тыныстановдун 118 жылдыгы киндик каны таамп, туулуп-өскөн айылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында өткөрүлдү. Эскерүү жыйыны Чырпыкты айылындагы К.Тыныстановго тургузулган эстеликтин алдында “Жарыгы өчпөйт жакшынын” аталышында башталды. Жыйын адегенде Касым Тыныстановго, анын жаркын элесин өчүрбөй сыймыктуу алып келаткан “Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинде» эмгектенип, бирок көзү өтүп кеткен мугалимдердин ар бирине куран окуудан башталды. Касым Тыныстанов дегенде акылы заманынан алдыга озгон, […]