Бурят эл жомогу: Кедейдин букасы

Бир кедейдин жалгыз букасы бар экен. Бир күнү ал токойдо оттоп жүрсө жети карышкыр кол салат. Бука качкан бойдон келип кедейдин кепесине кире качканда, карышкырлар кошо кирет. Кедей чуркап жетип, эшигин жаба калат. Бука жети карышкырды жети жакка челип сулатат. Кедей алардын терисин сыйрып пайдага туйтунат. Кедейдин жалгыз букасынын эрдиги элге дүңгүрөйт. Көп букасы бар бир бай муну угуп арданат: “Кедейдин жети букасы жети карышкыр сүзүптүр. Менин жети букам бир да карышкыр сүзө элек. Кой, кечке эле бордой бербей букаларымды […]

Дилазык: Жалкоо аял

Бир аялдын түшүнө кудай кирет, ал дүкөндө сатуучу болуп иштечү экен. — Кудайым, бул сенсиңби? — аябай сүйүнүп кетти аял. — Ооба, бул менмин — деди кудай. — Сенин дүкөнүңдөн эмнелерди сатып алууга болот? — деп кызыга сурады аял. — Менде баары бар, — деп жооп берди. — Анда мага бакыт, ден соолук, сүйүү, ийгилик жана кө-өп акча берчи… Кудай табышмактуу жылмайды да, буюмдарды сактоочу жайга кирип кетти. Бир аз убакыттан кийин колуна кичинекей кагаз баштык кармап келди. — Ушул […]

Антон Чехов: Тергөөчү (конкурска № 47)

АҢГЕМЕ Ажайып бир жаздын түшкү чээнинде өлүктү талдоо үчүн округдун доктуру менен соттук төргөөчү жолдо баратышты. Отуз беш жашка барып калган тергөөчү аттарды саамайы менен сыдыра карап олтуруп, сөз салып калды: — Табиятта билинбеген нечен сырлар жатат, бирок кадимки турмушта да акылга сыйгыс окуяларга байма-бай кабылат экенбиз. Дегеним, бир гана көз ачык же спириттер гана түшүндүрүүгө чамасы жетчүүдөй бир канча табышмактуу, кызык өлүмдөргө күбө болдум. Мындайга жөнөкөй адамдар акыл калчап, түшүнүк бере албас. Мисал кылып бир интеллигенттүү аялды сөз кылайын. […]

Азиз Несин: Айтендин күйөөсү

АҢГЕМЕ Медицина факультетин бүткөндөн бир нече аптадан кийин жакшы жолдошумдун үйүндө Айтен менен таанышып калдым.  Мен ага дароо эле көңүлүм түштү. Ал деле мага көңүл кош караган жок. Биздин тааныштыгыбыз жеңил оюн сыяктуу эле башталган. Анан бат-бат жолуга баштадык, бирок экөөбүз тең мамилебизди так аныктай алган жокпуз. Бул жөн гана сынашуубу же сүйүүбү, азырынча айтуу кыйын эле. Бир күнү достор баягы таанышымдын үйүндө кайрадан чогулуп калдык. Ичкен вино башыма чыгып, кызый түшкөм. Айтендин маанайы да ачык болчу. Экөөбүз бирге бийлеп […]

Сиаңүнүн «Гайся жөнүндөгү ыры»

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан кытай ысымдары тууралуу баяндаган “Жүз аты-жөн” аталышындагы  кызыктуу китеп кыргызчага которулуп, жарыкка чыгуу алдында турат. Биз “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн кызыктуу болот деген ойдо бул китептен үзүндү бермекчибиз. Сиаң Ү Гайсяда Лү Баңдын кошуундарынын курчоосунда калганында бир нече жолу аны жарып чыгууга далбастаган, бирок жолу болбогон. Бир ирет ал туш тараптан угулган чулуктардын ырын угуп, абдан капаланган да, эч даярдыксыз эле көңүлүндө турган муңдуу обонду созуп жиберген. Бир нече жолу кайталап ырдаган соң […]

Үсөн Касыбеков: Фольклорго жаңыча мамиле же көркөм ойлоодогу көнүмүштөр[1]

Конкрет сөзгө киришерден оболу адабий көркөм ой жүгүртүүнүн азыркы учуру үчүн илимий—теориялык, адабий—практикалык жагынан эриш—аркак, өз ара тутумдаша келген төмөнкү үч жагдайга кыскача токтоло кетүүнүн жөнү бар. Кыргыз адабий илими менен сынынын өнүгүү жолунда элдик оозеки чыгарма менен жазма адабияттын ортосундагы тарыхый-көркөм карым-катыш проблемасы борбордук орунда туруп келгендиги жалпыбызга маалым. Асыресе, задисинде кыйла татаал, аяр диалектикалык мамилени талап эткен бул маселеге болгон көз караштар, тилекке каршы, бир беткей эки уюлга ажырап, кез-кези менен элдешпес кызуу кандүу талаш-тартыш жосунун алып, айрым […]