Бир аялдын түшүнө кудай кирет, ал дүкөндө сатуучу болуп иштечү экен.

— Кудайым, бул сенсиңби? — аябай сүйүнүп кетти аял.

— Ооба, бул менмин — деди кудай.

— Сенин дүкөнүңдөн эмнелерди сатып алууга болот? — деп кызыга сурады аял.

— Менде баары бар, — деп жооп берди.

— Анда мага бакыт, ден соолук, сүйүү, ийгилик жана кө-өп акча берчи…

Кудай табышмактуу жылмайды да, буюмдарды сактоочу жайга кирип кетти.

Бир аз убакыттан кийин колуна кичинекей кагаз баштык кармап келди.

— Ушул элеби? – деп таң калган аял кыйкырып жиберди да, нааразы болгонсуп калды…

— Ооба, ушул эле, — деди кудай.

— Сен эмне, менин дүкөнүмдө урук гана сатылаарын билгениң жок беле?

— Аракет кылсаң, берекет болот. Эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң. Жалкоолук жакшылыкка алып барбайт, — деди.

Которгон Эркеайым БОТАЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.