ЖАНДАНУУ

Өчкөн күн кайрадан жаналбай,
Өзүмдү жүргөн кез табалбай.
Уурдатып баардыгын бир паста,
Учурдум ырыскым шамалдай.

Сезимим чытырман гүл өнбөй,
Санаалар уламдан түгөнбөй…
Ызамды ысытпай басканга
Ыр менен бир гана күүлөнмөй…

Кайратым күчөгөн чагында,
калдымбы турмуштун чаңында…
Бир бутум чырмалса азапта,
Бир бутум бакыттын жанында…

Карабай артымды, астымды,
Кубалап жүрөмүн закымды.
Кыялбай чындыктын өмүрүн
Кас кылып алганмын жакынды…

Жылыбай көңүлүм үшүгөн,
Жан барбы жашоону түшүнгөн.
Тааныбай өзүмдү кетсем да,
Тайбадым, а бирок күчүмөн…

Замандын талабын карасам,
Заматта каптады кара чаң…
Аруулук дүйнөмдү жоготпой,
Алдастап жолумда баратам!!

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.