АҢГЕМЕ

Иңир. Машиналардын, арабалардын издери толгон чаңдуу жол. Жолдун ар тарабында куураган чөптөр. Андан ары ошондой эле көрксүз бозоргон талаа. Атам замандан бери бул кунарсыз бозоргон талаага адамдын колу тийбесе керек. Түлөгөн тайлактай болуп көңүлсүз бозоруп жатат. Мына ошол жалгызсыроонун, көңүлсүздүктүн белгиси окшоп, жолдо эки ат тарткан араба келатты. Арабанын ичинде бош флягалар бири-бирине урунушуп баратты. Арабаны башкарган – Бурма. Гүлдүү жоолугу бүкүрөйгөн ийинин жапкан, өзү уктап бараткансыйт. Аны жаңдап бу жолдун чаңын асманга көтөрө грузовой машина чукул өттү. Араба көрүнбөй калды. Араба чаңдын арасынан чыкканда Бурма баягы калыбында отурган эле. Ал жарылган эриндерин тили менен жалап койду. Чаң абага сиңип кетти. Кайрадан ээн, бозоргон жол…

Бурма арабасын токтотуп, кап алып, талаадан кургак тезек чогулта баштады. Анан тезек салынган кабын көтөрүп арабасына жүктөдү. Артта, асманга сунулган жомоктогу колдорго окшоп, кош теректин баштары гана көрүнөт. Бурма өзүнчө күңгүрөнүп ичинен бирдемелерди ырдады. Үнү муңдуу, коогалуу чыкты. Аттар да тизгиндин бошой түшкөнүн сезишип жайлап калды.

Алыста жол боюнан бир бала көрүндү. Флягалары калдыраган араба балага жакындады. Аттар жолду кесип өткөн шар суунун ортосуна келишти да, суу иче башташты. Аттардын тизгини серпилип, буттарынын алдында таштар кычырады. Бурма ырдаганын улантты. Бала ырды кызыга тыңшап, аялга жалдырап тиктейт. Бурма болсо балага кайдыгер көз жүгүрттү. Бала ала-була дарбыздын кабыгын жипке өткөрүп сүйрөп алыптыр. Араба улам алыстап, бала башка тарапка басып кетти.

Арабаны сарайга жакындаганда тиштери жок, жүндөрү самсаалаган жүдөө дөбөт тосуп чыкты. Жолдун таманында балдар чүкө ойноп жатышты. Бурма жолдогу жыйылган тезекти айланып өтүп баратканда арабанын дөңгөлөгү тийип, үймөк урап калды.

— Эй, Бурма, абайла,— деди боз үйдүн алдындагы кемегеде оокат жасап жүргөн аял. Бурманын ачуусу келди. Үнү да чарчаңкы кирилдеп чыкты.

— Албайсыңбы буларыңды. Эй, макулуктар, тургула жолдон…

— Аэй!— деп заңылдады боюнда бар аял эки колун бооруна таянып,— тууп алып жиниңди өз балдарыңан чыгар.

— Рахмат сага, — деди Бурма,— сеникинин ызы-чуусу деле жетишет!

— Тү-ү, уяты жок!— Боз үйгө жөлөнүп отурган киши түкүрүнүп койду.

— Ой, сага эмне жок, бекерпоз! Аялыңдын ордуна жылына төрөсөң көрөр элем «чийт» түкүргөнүңдү…

…Бурма аттарды арабадан бошотту. Анан басып келип:

— Андан көрө аттарды кара,— деди ал тиги кишиге,— мен аябай чарчадым. Бир флягада ачыган сүт бар. Кабыл алышкан жок. Айран жасап ичкиле, жерге төккөнчө.— Ушул сөздү айтты да, Бурма эркектерче чоң-чоң аттап боз үйгө кирип баратып кош бойлуу аялга кайрылды:

— Унутпай жүр, мен бардык балдарыңдын киндик энесимин,— деген сөздү айтты.

…Бурманын боз үйүнөн түтүн чыга баштады. Ал очоктун жанында тезек калап отурат. Ышталган чайнекте суу кайнап жатты.

— О, жараткан, суу да кайнады. Эми чай салыш керек, чай кайда эле? Сүт бар… туз, туз тузчу?… Туз жок. Же тузум түгөндүбү? О, кудай, алакчы кудай. Анан дагы узун түн келет, түгөнбөс түн келет. Жамбаш талыйт. Же сүйлөшөргө бирөө болсочу, мышык да качып кетиптир. Куу мышык.

— Узун, узун, узун түн, дагы уктай албайм. Төшөк салбай эле койдум. Баары бир уктай албайм, — деди өзүнчө кобурап. Ал очоктун жанына жата кетти. Чылым чегип отуруп өчүп бараткан отко карады…

…Эртеси Бурма арабасын айдап дагы жолго чыкты. Бала арабаны ээрчип бир кыйлага басты да, анан асылып үстүнө чыкты. Бурманын кайдыгерлиги калп болуп чыкты. Балага кыйкырып коё берди.

— Ушул эле жетишпей жаткансып, бекерпоз.

Бурма чынында балага калп эле кыйкырымыш болду.

— Түш, көрбөйсүңбү аттар араң баратат. Алардын да экөөбүздөй эле жаны бар. Артынан бөөдө учуп кетесиң. Түш, эмне мага чекчээсиң?!

Бала арабадан секирип түштү да, артынан басты. Кулакты, мээни «жеп» кыйчылдаган арабанын бир дөңгөлөгү айланбай калды. Бурма арабадан түштү да, оңдоого киришти.

— Та-аак, таа-ак дейм, өлөттөр!

Бала арабага секирип чыкты да, тизгинди тартты.

Бала Бурмага пайдасы тийгенге курсант. Бурма арабаны оңдоп, баланын жанына отуруп, тизгинди колуна алды. Аттар козголушту.

Экөө унчугушпады.

Бала брезент плащка жааган жамгырдын үнүн тыңшады.

*      *      *

…Бурма үйүнө ардактуу конок келгендей күйпөлөктөп жүрдү. Кемегеде от, тулгада чайнек асылуу турат. Бурма суу болгон Кубатты сүрткүлөп кургатты.

— Таманың кесилип кетиптир го. Дайым жылаңаяк жүрө берип.

— Ооба, чеснок сатып, анан мага ботинка алабыз деген,—деди Кубат. Бурма Кубатты пахта шырмалга ороду да, ала кийизге отургузду. Алдына дасторкон жайды.

— Отур, отура бер. Сен менин мейманымсың. Чайды сүт менен ичесиңби?— Кубат башын ийкеди?— Каймак же,— Бурма мейманды унутуп калганына уялып жаткандай болду,— ич чайдан. А мен чылым чегем.

Ал чылым орой баштады.

— Бизге келип тур. Бул жерде балдар көп, кошулуп ойнойсуң. Дагы сүт ичесиңби?

— Болду, көп ичсем ичим ооруйт.

— Айранчы?

— Уктагым келип жатат.

— О-о, эсимди алган кудай, чын эле укта. Азыр төшөк салып берем.

Бурма Кубатты жаткырып, чапан менен жаап койду.

— Укта, уктай бер, көлөкөм, анан тезек калап коёюн, сага жылуу болот.

— Илгеркиден айтып бер,— деди бала.

— Илгеркиденби? Угуп тур анда, сен кара кемпирди билесиңби? Жакында жүзгө чыгат, биздин темир устанын энесичи?— Кубат башын ийкеди. — Эмесе илгери мен аны колума көтөрүп, саамайын өрүп берчү элем. Ал эми молдо чалды да көрсөң керек, дайым эле балдарды кубалап жүрөт…

Кубат ордунан турду.

— Мен сенден корком. Жез кемпир болуп жүрбө?

— Жез кемпир болбой жемирен калайын. Тамаша кылам, көлөкөм.

— Жомок айтып бер.

— Сага эмнени айтып берсем? Эстей албай жатам. Сендей кезимде көп жомок билчү элем… Мейли, ук анда…

Илгери бир кемпир менен чал жашаптыр… Чалы жылкычы болуп, а кемпири күндө айылга араба менен сүт ташуучу экен. Ал дайыма эле жолдон дарбыздын кабыгын сүйрөгөн балага жолугат дейт…

— Бул жомок эмес,— деди бала.

— Жомокко окшош. — Бурма актанды. Бирок Кубат аны уккан жок, уктап калды. Бурма аны жакшылап кымтыды да, жанына өбөктөй жатып чылымын сорду.

— Э-ээ, Жамал!— деди сырттан аялдын тааныш үнү, – жер соруп кеттиби сени, кайда жоголдуң?.. Суу кана, суу?..

*     *     *

… Бозоргон жол. Жолдун бир тарабында футболдук талаа. Бурма бул сапар бош баратты. Ал ойноп жатышкан балдарга карады да, жанындагы гүлдүү жоолугу менен таңган буюму бар түйүнчөгүн кармалап койду.

Жолдо жалгыз ат, анын жалын кучактап бир карыя турду. Карылыктанбы, же майыптыгыбы? Айтор карыя үзөңгүгө бутун таптакыр сала албады. Ат карыяны аягансып, жанында тынч турат. Бурма тиги карыяны бир тынымга байкап турду да, анан басып барды.

– Арбаңыз, аксакал. Арабага эле отуруп алыңыз.

– Бар бол, кызым.

Бурма аны колунан алды да, арабага жетелеп жөнөдү. Карыяны жакшылап отургузду да, атты арабага кошоктоп, Бурма абышканын катарына отуруп аттарды айдады.

— Бурма, арабаны токтот, мен түшөйүн,— деди карыя.

— Эмне болду?

— Мен атыма минип кетем. Ата-бабам түшпөгөн арабаңар өзүңөргө кут болсун. Атым кана?..

Азыр сизге ат жарашпайт.

— Жарашпайт?! Кыргызга ат эмес, араба жарашпайт… араба,— деди абышка.

— Сизге бир нерсе көрсөтөйүнбү? — Бурма аны алаксытууну ойлоп, түйүнчөгүн чечти. Түйүнчөктө кагазга оролгон конфет, оюнчук пистолет, китеп бар экен.

— Бул белектерди… Бирөөгө арнап алдым, ал ар күнү мени күтүп турат. Мени эч ким күтпөйт ко деп ойлочу элем.

Карыя кызыга Бурманын колунан китепти алды. Араба суунун боюна токтоду.

— Эмнеге турдук? Кеттик,— деди Бурмага.

— Сизге айтпадым беле. Бир адамды күтүп жатам.

— Ким ал?

— Күтүп туралы, аксакал,

Ушул кезде арабанын жанына тез-тез басып, узун бойлуу жигит келди да, атты чече баштады.

— Ата,— деди ал. Чал көзүн ачты.

— Атка миниңиз. – Уулунун акырын айтканы чалга таасир этти. Унчукпастан арабадан түштү да, атынын жалына асылды. Уулу жөлөп-таяп мингизди.

— Кечирип коюңуз,— деди ал Бурмага. Жигит учкашып, атасын кучактап алып ээн жолго түштү.

…Араба жолдун четинде турду. Дайыма ушул жерден Кубат баланы күтүп туруучу. А азыр ал жок.

Бурма түйүнчөгүн ары-бери оодарат, колун серелеп, бала келүүчү жакты карайт. Кубат көрүнгөн жок. Сүт ташыган машинанын шоферу ага кол булгады.

Бурма аны көрмөмүшкө салып койду. Анан саргарган чөпкө жармашкан элкайда көчөттү көрдү. Аны алып алаканына салды. Ал анын бырыштуу алаканынан, анан чор баскан манжаларынан жөргөлөп барып, сөөмөйүнүн учуна жеткенде учуп кетти. Бурма чор баскан алакандарына карап, өзүнчө сүйлөдү:

— Кээ бир адамдар алаканга карап жорушат, кейпи бырыштарды карап, бирдемелерди жоромолдошот ко.

Бурма ордунан араң козголуп, арабанын үстүнө араң чыкты, жанынан кызылча жүктөгөн машина өттү.

Үстүндө аялдар. Бурманын арабасы ордунан жылды. Ал түйүнчөгүн жылдырып койду. Баягы эле бозоргон жол.

Футбол талаасы. Эч ким жок. Тынч. Бурма арабасын токтотту. Түйүнчөгү дайымкысындай жанында. Азыр да түйүнчөгүн кармалап коюп, анан арабадан түштү.

Тезек тергени кабын алып талааны көздөй басты. Анын алдында бороздолгон талаа. Ар кайсы жерде сербейген куурайлар. Баягы көңүлсүз, кунарсыз бозоруп жаткан талаанын өңү өзгөргөн.

Те-е, алыста трактордун карааны көрүндү. Бурма талаанын четинде дагы эле кыймылсыз катып турат.

Алыстан Бурманын арабасы акырын баратканы, ага Кубаттын жакындаганы, экөөнүн сүйлөшкөндөрү угулат.

— Сага эмне болду, эмне кечиктиң?

— Тегирменден ун алып келдим.

Кубатты көпкө күткөн Бурма «Эми таптакыр жолукпайм го» деп түңүлө баштаган эле. Ал өзүн-өзү араң кармап турду.

— Күбүн!— деди ал. Бала кагына баштады. Бурма басып келди да, анын көйнөгүн чечти…

Экөө ээн жолдо келатышты.

Аңтарылып айдалган жерден суюк жөө тумандай булоо чыгат.

— Бул эмне, Бурма апа, жер күйүп атабы?— деп сурады Кубат.

— Ал жердин деми,— деди Бурма.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.