Кыргыз эл жазуучусу А.Стамовдун «Жортуул» китеби тарыхый темада жазылган повесттерден куралып, роман деп аталып, бир өзөктүү, тарыхый окуялуу сюжеттерге негизделгендиктен жана кызыктуу, көркөмдүүлүгү бийик деңгээлде жазылгандыктан, бир дем менен окулат. Мурда лирикалуу повесттердин чебери катары таанылган автор бул сапар талантынын башкача бир кудурети менен көрүндү — элибиздин тарыхынын мерчемдүү учурларын көркөм талдоого алып, ойчул даанышман катары өткөндүн көйгөйлүү проблемаларын бүгүнкү күндүн да чалкеш турпатына айкалыштыра алгандыгы жазуучулук чеберчилигинин жаңы баскычка көтөрүлгөндүгүнүн ачык далили.

Китепти окуганда жөн эле санжыра окуп жаткансып кызыгуубуз артпастан, элибиз башынан өткөргөн не бир азап-тозоктуу окуялар, ошол учурда баш-көз болгон акылмандар, элине калканч болгон баатырлар көз алдыбызга тартылып, алардын элесинен улам элибиздин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу да ой түйшөлтүүгө аргасыз болобуз. «Эл башына күн түшсө, эл тилеген эр келет, эр убайын эл көрөт». Мына ошондой «эл тилеген эр катары» кезинде бир келген Атаке баатыр атабыздын образы масштабдуу, колориттүү, элестүү тартылган.

Ал мезгил элибиздин башына мүшкүл артынан мүшкүл түшүп жаткан кез эмес беле — калмактар менен кармашып кансырап чаалыккан элди эми Кокон хандыгы да, Цин империяда тооруп, баарыдан кордугу — колтугубуздагы казактын султаны Абылай да кыргызга кызыл кыргын уюштурбадыбы! Мына ушундай от менен чоктун ортосунда калган абалда арга издеген Атаке алыксы орус падышачылыгына кол сунуп, 1785-жылы элчилерин жибергени тарыхтан маалым эмеспи. Ошол эки элчинин бири Абдыракман Күчүковдун буга чейинки өмүр таржымалы «Каргабай каракчы» повестинде көркөм иликтөөгө алынат. Чыгармада ошол доордун элеси, андагы адамдардын психологиясы, турмушка, жашоого болгон көз карашы, көзү ачыктыгы, амалкөйлүгү, акылмандыгы куду экранда чагылып жаткансып, элестүү, даана тартылган. Буга жазуучу чыгарманын сюжеттик элементтерин, композициялык түзүлүшүн кылдаттык менен чебер монтаждоо аркылуу жетишкен.

Баш каарман Каргабай туугандары Козуке жана Келдибек менен Анжыян тараптан Үрүмчүгө сулуу кыздарды артынып барып сатканы (ал ошол «кыз карактамай» кесибинин кесепетинен «Каргабай каракчы» атка конгон эмеспи), тапкан пулун «дартдикем» ойноп уттуруп, өзү аз жерден ажал таап кала жаздаганы, кайра эптеп качып келатышканда ээн талаада эки жолдошу ач карышкырларга жем болуп, араңдан-зорго аман калган өзү жоон топ атчандарга туш болуп, алардын ичинен Абдырайман-Кара жаакты ээрчип, андан аркы тагдыры ошол тунук акыл көзү ачык адам менен байланышкандыгы, акыры тагдыр ал экөөнү да ажыратып, кийин баякы «кыз карактамай» кесибинин саатынан Анжыян тарапка батпай калгандыктан (аны билип калган сарттар кармап алышып, таш бараңга алышмак), санаалаштары бул чөлкөмдөн баш-оту менен кетүүнү эскертишкендиги — повесттеги негизги сюжеттик сызыктар.

Ошентип, Каргабай каракчы акылман атасы «Күчүктүн кеңеши боюнча бир жагынан тууганы, ары кетсе жездеси Тынай бийдин айылын издеп, Сары-Өзөнгө Абдыракман деген жаңы ысымга жамынган бойдон жөнөп кетти. Бул окуя 1756-доңуз жылына туура келиптир… Мурдагы Каргабай каракчынын, кийинки Абдыракмандын бактысы ушу жерден ачылып, кийин алыскы Петербургга ардактуу элчилик милдетти аткарганы жөнөгөнү мындан 29 жылдан кийин болот экен… Бул жылдар аралыгындагы анын өмүр дарегинен анча-мынча кабар «Жусуп адилет» повестинде берилет.

Биз пружинадай кысып айткан жагорку сюжеттик линиялар көркөмдүктүн түпкүлүктүү мыйзам ченемдерине ылайык каармандардын ички дүйнөсүн, ар биринин өз алдынча кулк мүнөзүн, ой жүгүртүүлөрүн, турмушка болгон көз караштарын таасын, элестүү чагылтуу аркылуу шөкөттөлүп, окурманды толкундатуучу көркөм-эстетикалык информациялар менен ширетилген.

Кийинки «Сарытай мырза» повестинде так ошол мезгилдеги башка кырдаалдар, башка тагдырлар сүрөттөлсө да биринчи повесть менен логикалык жактан үндөшүп, аны идеялык-тематикалык жактан улантып, ары толуктап турат, башкача айтанда, Абдыракман элчиликке кеткен 1785-жылдан бир жыл кийинки окуя — Атаке баатырдын кызы Сыргага Сарытай мырзанын үйлөнгөнү келгендеги эрдиги сүрөттөлөт. Повесттин сюжеттик сызыктарын калмак-кыргыз кармашы, казак Абылай хандын кыргыны, Кокон хандыгынын Кетме-Төбөгө жасаган чабуулу жөнүндөгү маалыматтар, Сарытай мырзанын калмак жерине барып жасаган эрдиктери, казактын Теке баатырынын кыргыздарды камап кириши жана анын Сарытай баатырдын колунан башы кесилиши жөнүндөгү тарыхый окуялар түзөт да, алар жандуу, элестүү түзүлгөн образдар аркылуу нукура көркөм чындыкка айландырылган.

Мында жазуучуну көркөм ойлоо маданияты, турмуш чындыгынан экинчи бир эстетикалык чындык жарата алуучу күчү даана көрүнөт. Ошентип, жазуучунун көркөм деталдар, штрихтер, каражаттар, кырдаалдар аркылуу көркөм образдарды таасын түзө алчу чеберчилиги бу сапар да өз жемишин бериптир. Окурмандар куду ошол мезгилдин өзүнө барып жашап жаткандай болуп, элдик нускалуу үрп-адаттар, тунук салттар, накыл кептер, даанышмандык жосундар менен аралашып, өзгөчө бир ыракаттануу сезимине чулганышат. Эли-жерин жат жоолордон коргогон, эл камын ойлогон ата-бабаларынын арбактарына таазим этишип, бүгүнкү кыргыз «атка минерлери» («Вольво минерлери») да ошолордой ыймандуу, абийирдүү болушса кана деп алакан жайышат…

Повесттин аягында Атакенин эки жылдан бери элчилерин зарыгып күтүп жаткандагы психологиялык абалы, элинен бир аз обочолонуп сарысанаага баткандагы турпаты, элинин, келечекки муундарынын тагдырын ойлоп, кытайына да, Коконуна да, казагына да ишенбей, тээ алыскы чоң оруска чоң ишеним менен кол сунганы тууралуу ойлорун сапырыштырып түйшөлүп жүргөндөгү жүдөңкү абалы эң күчтүү чыңалуу менен берилген.

Жаллпы фактурасы боюнча бул-эки повесть менен үндөшүп турган кийинки «Жусуп адилет» повестинде ачык асман астын, төшү түктүү жер үстүн мекендеп келаткан адамзат эзелтен бери эле алда канча азап-тозокту да, ыракат-кубанычты да башынан өткөрүп, бу куу турмуш менен ит жыгылыш болуп келатканы Библияда жана Куранда айтылып келаткан Жусуп менен Зулайка жөнүндөгү айтылуу сюжеттин фонунда Атакенин заманындагы тынчы жок мезгил менен тогоштуруп сүрөттөлөт. Эзелки сюжетте кантсе да илгеркилердин адалдык менен арамдык, тазалык менен ыпластык, зомбулук менен эркиндик, кара өзгөйлүк менен боорукердик сыяктуу түбөлүк түртүшүп, жөөлөшүп келаткан карама-каршылыктуу категориялар туурасындагы турмуштук философиясы, ой калчоолору чөгөрүлүп, нечен мезгилдерден бери дүйнөлүк чеберлердин ышкы отун жандырган материал болуп келатпайбы.

Бул ыйык сюжетти кыргыз жазуучуларынын ичинен эң биринчи болуп А. Стамовдун колго алышынын өзү эле ар тараптан колдоого алынып, кубаныч тартуулоочу көрүнүш болуп калды. Жазуучу ал сюжетти карапайым санжырачыларча куру бекер сайрап кайталап айтып бербестен, өзүнүн эстетикалык мүдөөсүнө, идеалына маш келтирип, Атаке, Шергазы жана Абдракмандын эл үчүн иштеп жаткан иш-аракеттерине ашташтырып, турмушка, мезгилге болгон сүрөткердик көз карашын чагылдырган.

Жусуп менен Зулайканын армандуу баянын Атакени курчап бастырып келаткандарга айтып берген Берик олуя өзү андан момундай жыйынтык чыгарып атпайбы: «Ата-журтка ээ болдук, бейпил жашайлык десек, бүгүн кайра кыргызга өз көзүндөй көргөн дини бир тууган сөрөйлөрү өчөтүшүүдө. Кыргыз бу күндө туш-тушунан бөрү камап, аскага кептелген кийиктей калтырады. Тирүү жанбыз, биз дагы элбиз — жатып өлгөнчө атып өл. Эмитен айла-амал издебесек — эл-журт тукум курут болбойбу? Мындайда баатыры кол баштайт, акылманы жол көрсөтөт… Ата конуш, жер суубуз жана мал-жандын, эл-журттун тагдыры бүтүн баатырдын мойнунда, жигиттер».

Акылман карынын Курандын он экинчи сүрөөсүндө айтылган Жусуп менен Зулайканын таржымалына байланыштуу сюжеттен сыгып чыгарган ушундай философиялык ой жоруулары — бүгүнкү күнгө байланыштырылып айтылган бүгүнкү күндүн жазуучусунун да өзөгүн өрттөгөн, жүрөгүн булккан ойлору эмес бакен?! Ошентип, жазуучунун бу сапаркы ийгилиги — ошол белгилүү сюжеттин идеясын, маңызын тарыхта болуп өткөн окуялардын чордонунда турган тарыхый инсандардын жан-дүйнөсүндөгү бурулуштарга, түйшөлүүлөрүнө үндөштүрүп, жалгаштырып, жуурулуштуруп өз алдынча көркөм-философиялык концепция жарата алгандыгында. Турмуш жана инсан концепциясы терең чагылдырылган мындай чыгармалар окурмандарга жөн эле эстетикалык ыракат тартуулап тим болбостостон, аларды өмүр, жашоо, турмуш жөнүндө адамдык парз, абийир, ыйман жөнүндө терең ойлонууга мажбурлаганы менен да артыкчылыктуу келет эмеспи.

А. Стамов «Жортуул» китеби менен чыгыш ойчулдарынын салттуу наркын улантып, притча, миф сыяктуу объективдүү дүйнөнү көркөм чагылдыруунун өзгөчө ыкмаларын март колдонуу менен жазуучулук ой жүгүртүүсүнүн жаңы кырын ача келди. Каргабай каракчынын өмүр жолун далысынан билгенсип, ийне-жибине чейин айтып берген, атүүгүл эч кимдин оюна келбеген алтын казына кай жерде көмүлгөнүн табият кубулуштарынан улам баамдап таба билген каражаак, ачык күндү борошого айланткан жайчы, көзү ачык, олуя Берик, анын өнөрүн үйрөнүп, баскынчыларга каран түн түшүргөн кадыр жайчы, «Мээримдеги» Бакалбай куучу-булардын айткан-дегендери, жорук-жосундары реалдуу турмушта кездешпегени менен (кездешсе да гипнозчу катары өтө сейрек кездешээр) адам баласынын таанып билүү мүмкүнчүлүгү чексиз экендигин күүгө салган шаңдуу гимн катары таасир калтырат.

Баса, «Мээрим» повести сюжеттик табияты жагынан берки повесттеринен айырмаланып турса да, алар менен жалпы идеялык-тематикалык багыты боюнча бир тегиздикте жатат. Анда да адамдын улуулугу, сулуулугу күүгө салынат, адамдагы улуу үч сезим-мээрим-махабат мээрими, энелик мээрим, эне-баланын ортосундагы сүйүү мээрими тууралуу гимн ырдалат. Бул чыгармасында да өз фантазиясына кеңири чабыт жасоого мүмкүнчүлүк берип, шарттуу ыкмалар аркылуу өзүнүн турмуштук концепциясын, адамдарга болгон сүйүүсүн, алардын ортосундагы мээримдүүлүктөрдүн улуу жаратылыш-табиятын токсон толкун күүгө салып, кара сөздөн поэзия жараткан.

Повести окуп чыккандан кийинки алынган алгачкы таасир — ал жеке эле жазуучунун чыгармачылгында эмес, жалпы эле азыркы кыргыз повесттеринен кыйла өзгөчөлөнүп тургандыгы.

Чыгарманын эстетикалык сапаты социалдык мазмундуулугунан ажырагыс тыкыз бирдикте карала тургандыгын эске тутсак, жазуучунун жаңы повестинин ийгилиги баарыдан мурда ошол чен-өлчөмгө дал келгендиги менен утушка ээ: адам баласын бүгүн эле эмес, тээ атам замандан бери нечен алекеттен өткөрүп, соңку-кийинкилерди да толгон-токой толгоодон өткөрө берчү, тикирейип тиктешип турушкан турмуштук карама-каршылыктар туурасында чыныгы искусствонун бийик деңгээлинен туруп, жалган-жасалма нотасыз, ыйманы ысык көркөм образдардын кудурети менен жан-дүйнөңө жаңы дем киргизе айта алган. Чачылып жаткансыган жөнөкөй, майда «бөлүктөрдөн» курап отуруп, жашоонун маңызы жөнүндөгү көкүрөгүндө уялатып жүргөн ой-тилегинин көркөм моделин жаратууга жетишкен.

Айтмакчы, чыгарманын турпатын автор «Повесть-легенда» деп атаган экен. Легенданын негизине көпчүлүк учурда чыныгы турмушта жашап өткөн реалдуу адамдардын өмүр-жашоосу алынып жүргөндүктөн, ал эми «…Мээримде» андай учур кездешпегендиктен: аны «Повесть-притча» же «Повесть миф» деп атап көрсө болмок окшойт. Анткени, повесттин уңгусун парабола, жазуучу өзү жараткан бүгүнкү күндүн мифи — жыландын кызы Арзыгүл жөнүндөгү баян түзүп, ал миф — автордун көркөм ыкмасы, көкүрөгүн тытмалаган идеясын жүзөгө ашыруучу эстетикалык курал- табылгасы.

Эми ошол бүгүнкү күндүн жазуучусу жараткан миф канчалык деңгээлде эстетикалык табылга боло алды да, автордук идеяны жүзөгө ашырууда канчалык көркөм жүк көтөрүп, чыгарманын сапатына кандайча түс бере алды? Ирреалду-болмуш аракет-жоруктар (алар куучу чал Бакалбайдын баяндарына байланышкан) реалдуу көрүнүштөрдөн бетер жогорку чыңалуудагы көркөм эффекттерге кантип жетише алды? Дегеле бул повесттин «сыры» эмнеде?

Мына ушул сыяктуу суроолор чыгарманы окуп чыккандан кийин кыйлага тушап туруп алган соң барып-келип, баякы «Турмуш-жазуучу — чыгарма-окурман» проблемасына кабыласың. Дегеле көркөм дөөлөттөрдүн бу дүйнөгө келгенден кийинки жашап калышы-калбасы ошол биримдикке байланыштуу эмеспи. Анда болсо башкы милдет чыгарма жаратуучуга жүктөлгөн — турмуштун да, элдин да алдында жоопту ошол өзү берет. Ошондуктан өнөр ээлерине коюлган талаптын өктөмдүгү бүгүнкү күндө өзгөчө. Ошондуктан өнөр ээлери бүгүн адамдык абийир-адеп, ыйман маселелерине айрыкча көңүл буруп, аны ыпластабай таза сактоо зарылдыгын кабыргасынан коюшууда. А. Стамовдун жаңы повести көтөргөн маселе да мына ошол жаңы кыры менен гана ачылган «эски» маселе.

Повесть балдарына жомок айтып баштаган атанын аңгемеси менен башталат. Ал жомок ата-баланын нечендеген муунуна өтүп келаткан экен, азыр да ата балдарына атайын кайрылып, анын эч качан эскербесин баса белгилейт. Экспрессивдүү башталган мына ушу жаагдайдан улам окурман да сөз барып-келип адамдык ыйман-абийир маселесине такаларын боолголой баштайт. Деги жазуучу бу повестин эмнеси болсо да каламдаштарынан калышпай, жаза коёюн деп жазбастан чыныгы чыгармачылык натурасы, тынч турбаган ышкысы делебесин козгогондон жазганы сезилип турат.

Табиятынан лирик прозаик куучу чалдын образын, анын башында сакталып келаткан легенда-мифтерди аң-сезимдүү түрдө көркөмдөштүрүү аркылуу турмуштук ой жорууларын жаңы бийиктиктен туруп айтууга жетишкен. Алдыңкы планга автордук позиция чыгып, жалпы эле чыгарманын публицистикалык-философиялык деңгээлин жоторулатып турат. Жада калса а деген эле жердеги «Жашыл көл», андан кийинки «Ой Кайың», «Аңыр-Көл» жөнүндөгү баян жаратылышты кандай сактоо керек экендигибиз жөнүндөгү «ички кыйкырыгы» катары угулат.

Ошентип, повесть көтөрүп турган идеялык жүк — башка жандыктардан адам тукумун айрымалап турган анын акыл күчү, кудурети, ошол табият марттык менен тартуулаган сапаттарды туура уруна албасак ар кандай кырсыктарга дуушар боло тургандыгыбыз жөнүндөгү автордук ой толгоолор. Бул ой негизинен Бөрүбай жигитке Бакалбай куучу чалдын чоор жөнүндөгү уламышы аркылуу эң күчтүү поэтикалык илеп менен берилген. Жер, суу, от, жан-жаныбарлардын, Адам ата менен мама Хаванын жаралышы жөнүндөгү этимологиялык, антрапогонисттик мифтерге үндөшкөн Бакалбай чалдын уламыштары аркылуу жазуучу адам баласынын бүгүнкү күндөгү дүйнөнү күм-жам кылып салчу кудуретине кулдук уруп, ошол көптү көргөн көзү ачык карынын: «- Өлүмдү ойлобогондук – жашоону урматтабагандыкка жатат. Жаман айтпай жакшы жок, уулум. Кузгундун жашына келген карынын тилин албай, чоордо ойногонду токтотпой, өз билгениңди кылдың. Мейли эми, айла жок» — деген сөзү менен бүгүнкү терс аяктарга кайрылып жаткансыйт.

Баамыбызда повесттин конструкциясындагы жомокчу атанын балдарына улам кайрылып, реплика берип, ой бөлүшүп турганы жөн эле баянды алып баруу үчүн колдонулган жыңалач диалог эмес, идеялык-эстетикалык жүк артынып турган өзгөчө стилдик ыкма. Мында балдардын сөзү айтылбайт, а бир темпинен жазбаган жомокчу карынын айткандары болсо, балдарга эмес эле окурмандарга айтылып жатпайбы! Ошондой учурлардын бирөөнө кулак төшөй кетели: «Жашырганда эмне, эринчээкпиз, жалкообуз. Моюнга алсак, ал жаман адат менде, атаңарда да бар. Силер менин ыкшоолугумду тартпай чечкиндүүрөөк, өкүмүрөөк болсоңор экен деп тилейм. Өмүр барда, билектен каруу кайта электе жер кезип, көз кумарды кандырууга не жетсин. Азыркылар жер көрүү, саякатка чыгуу дегенди чет жер, чет элди аралоо деп түшүнүшөт тура. Өз жер, өз элин таанып билбеген адам бөтөн жер, бөтөн элдин кадырына жетеби?» Карыянын оозу менен балдарына айтылып жаткан бул сөздөр так бүгүнкү бизге – окурмандарга айтылып жаткан автордун ыйман сыры, көкүрөгүн өйүп жүргөн ички бук, күйүтү эмес бекен.

Повесттин өзөгүн түзүп турган окуя — Бөрүбай жигиттин алгачкы арзып сүйгөн кызы Арзыгүлгө жете албай жер безип жүрүп, чоорчулугунун айынан кайрадан ошол Арзыгүлдүн өзүндөй бир сулууга туш болгондугу жөнүндөгү жомок. Жазуучунун учкул фантазиясынан жаралган бул жомоктун негизинде реалдуу турмуштук көрүнүштөр төшөлгөн — андай болбоско да мүмкүн эмес эле, анткени бул жомок жазуучун идеясын жүзөгө ашыруу үчүн кыюуланган көркөм ыкма катары гана кабыл алынууга тийиш. Анда адам ишенбей турган укмуштар айтылганы менен барып-келип, турмуштук көрүнүштөр, адамдагы оң-терс сапаттар, анын дээринде кантсе да жакшылыктын тамырынын бекем орногондугу, ал канчалык обочолонбосун айлана-чөйрөсүз, ымала-алакасыз адам боло албастыгы миф-жомоктун поэтикасы менен таасирдүү берилген.

Белгилей кетчү нерсе — мында миф-жомок байыркы адамдардын аң-сезиминен жаралган катары эмес, бүгүнкү күндүн жазуучусунун көп кырдуу турмуш көрүнүштөрүн чагылдыруудагы изденүүлөрүнөн келип чыккан көркөм шарттуулук.

…Ошол жыландын «ышкындай ийилчээк, табыттай жумшак колдуу» кызы Арзыгүл менен чоор тартып, боз үйдүн сөөгү үчүн тал кыркып жүргөн Бөрүбайдын жолугушуп, никелешүүсүн, Арзыгүлдүн боюна болуп, балалуу болушун, ошол таалайлуу болдум деп жүргөн күндөрүндө Бакалбай чалга жолугушуп калып, жары койгон шартты бузуп алган соң Арзыгүлүнөн ажырашын (ал жыланга айланып кетет), баланын бой жетип, кайра баякы Бакалбай чалдын айынан жылан энесине кез болушун, кайра жыланга айланып кетээринде баласына азык болсун деп, эки карегин тең сууруп берип кеткен соң сокур болуп калган жылан апакелеп ыйлаган баласынын көз жашы ошол сокур көздөрүнө тамганда кайра көз бүтүп адамга айланышын, бая адамдан жыланга айланып баратканда жыландар дүйнөсүндөгү турмушту, өзүнүн жаштык чагында айтып бергенин жазуучу чеберчиликтин мыкты үлгүсү менен таасын жеткирген.

Нукура көркөм чыгармада автордук ой окурмандын жан дүйнөсүн аралап өтүп, аны «арбап» алууга жетише алса, «материалдуу күчкө» айланары белгилүү. Соңку мезгилде, жаңыча ой жүгүртүү талап кылынып жаткан мезгилде, жыландын эрине кайрылып айткан мобул сөздөрүнөн: « — Баса, адамдар жөнүндө энемдин айткандары туура экен. Аны азыр түшүнүп отурам. Айткандай, адам али күнчө далай кемчиликтен арыла, тазара электигине көзүм жетти. Мисалга сени эле алалы. Убадага тура албай жалакайлык кылдың. Акыры минтип убалыма калган өзүңсүң. Шорум кайнап ара жолдо турам. Эмнеликтен силерде көктүк, чыдамкайлык аз? Ушак-айыңга тез ишенесиңер! Силерде көшөкөрлүк курулай акчылануу күчтүү. Боору таштык арамзалык да силерде. Күчтүүнүн алдында баш көтөрө албай: «Бийлик бар жерде кулдук бар», — деп ага жүгүнүү силер үчүн көнүмүш иш. Байкушка, бечарага бооруңар ачыбайт. Капа болсоң да айтайын: боору таштык, кара өзгөйлүк да силерге таандык. Душмандашкан адамыңар жеңилсе, ага ылайым кечирим берүү деген болбойт силерде. Тепсеп, жанчып, башын ийнинен бөлүп таштамайынча көксөңөр суубайт. Ушак айтуу жана бириңерди бириңерге көкүтүү да силерге таандык. Ыйманына камчы уруп, чын ишти жалган деген жандимилер да силерде», — деп жанын кейиткенинен жазуучунун өзүнүн аска жаңырткан кыйкырыгы сезилип жатат да. Ошентип, ар кимибиз күндөлүк ишибиз менен көрсөтүүгө билек түрүнүп киришкен жаңылануу процессине көркөм адабиятыбыз да өз табылгасы, акыл-сезимге таасир этип, көңүлдү тазалап сергитчү күчү менен жигердүү кийлигишип башташы кубанычтуу көрүнүш. Андан мурдараакта жылан Арзыгүл энесинин айткан дагы бир ушуга окшош насаатын айтып өткөн эле:

« — Адамдардагы дагы бир кемчилик — алар сүйлөгөндөн тажашпайт. Сөз көп жерде ушак чыгат. Ушакты уккан сайын дил бузулат. Ушак бар жерде жакшыга — жаман, акка — кара, акыйкаттыкка — кара ниеттик үстөмдүк кылат. Түшүнсөң, адамдардын турмушу татаал. Дагы айтам, алардын арасында жашоо сен үчүн өтө кыйын болор».

Жазуучу Асанбек Стамов

Бул узак үзүндүлөрдү келтирген себебибиз — алардагы айтылган автордун чыңалуусу бийик публицистикалык ойтолгоосу повестти кыл аркандай чыйрак, бышык кылып турган башкы күч экендигин белгилөө үчүн. Демек, табият бизге тартуулаган акыл-эсти, күч кудурет, дареметти барктап-таптап, пайдалана албасак, өзүбүз эле азап тартып, өзүбүз эле ошол Бөрүбайдын кейпин кийип калат ойшобойбузбу! Деген менен адамдагы дагы бир асыл касиет — анда жакшылыктын, мээрмандыктын угуту күчтүү өнүккөн турбайбы, Бөрүбай акыры азабынан да кутулуп, жыргалына да туйтунмай болду. Бирок, ошол жыргалына жеткенче курган неме канча бир азап-тозокторду тартпады! Өзү күнөөлүү. Убадасынан танып койбодубу! Жазуучу Арзыгүл-жыландын оозу менен айттыргандай, көп нерсеге адамдар өзүбүз күнөөлүбүз. Эмне үчүн тынч, ак пейил, мээрим төгүп жашай албайбыз?

Ортобуздан дайыма от чагылып, өрт чыгып турушу керекпи? Бул маселе адам алдында тээ илгертен эле курч мизи менен коюлуп келет, бирок ушу бүгүнкү күнгө чейин эле жообу да табылбай келет. Аң-сезимдүү ар кимибиздин алдыбызга коюлган ал маселе бүгүнкү күнү жалпы планетардык масштабда маршрутка чыкты. Адам, өзү ар балакеттерди ойлоп таап алып, анан акылынын азабын да тартып келет… Жазуучу мына ушулар тууралуу «Асан кайгы» болул, адамдык ыйман маселесине кайрылып, эгер адамдар бири-бирине мээрим төгүп жашабай, «адам — адамга карышкыр» боло беришсе, анда адам деген улуу атын актай албай калышы мүмкүн дегендей сырын бөлүшөт. Мына ошол ою жылан-келиндин адамдар жөнүндөгү баа берүүсүндө баса айтылат.

Повесттеги таасын тартылган образдардын бири — Бакалбай чалдын образы. Ал байыркы бабаларыбыздын учкул кыялынан жаралып, дегени дегендей, айтканы айткандай келген көзү ачык «олуяларга» окшош. Анын кызыктуулугу — бүгүнкү күндүн жазуучусунун каламынан жомоктогу каармандарга түспөлдөш болуп жаралса да, адам баласынын таанып-билүүчүлүк күчүнүн чексиздигинин үлгүсү катары көрүнөт да, повесттеги окуялардын логикалык ырааттуулугун цементтеп турат. Ал бир чети карасанатай болуп көрүнүшү мүмкүн. Анткени, Бөрүбай менен жылан-келиндин убалына калбадыбы! Бирок, бир жакшылык кылган жери да бар — балага энесинин жылан экенин, ал көлдө сүзүп жүрө берип, чоор тартып барган атасы менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып берип, ошондон кийин гана бала жылан-энесине кездешип, кездешкен соң ыйлаганда көз жашы апасынын сокур көзүнө көз бүтүрүп, кайра адамга айланткан. Бирок, деген менен шорлору каткан эки ашык сегиз жыл бою ушул Бакалбай чалдын кесепетинен шордоп жүрүшпөдүбү! Аны Бакалбай чал өзү да минтнп чечмелейт:

« — Эгер менде ошончолук кемчилик болсо, ал адам тукумуна таандык. Өзүң аткандай адам тукуму жакшырмайынча ал кемчилик башыбыз менен кошо жатар». Мына, бул жерде да адамдык ыйман жөнүндөгү автордук ой кайрадан кызыл сызык болуп аралап өттү. Ошентип, адамдык ыйман-абийир маселеси повестин башкы идеясы болуу менен окурмандарды да өз турмуштук тажрыйбасына жараша терең ойго салары шексиз.

« — Деги, адам тукуму андан (мыкаачылыктан — С. К.) качан арылат?», — деген жылан келиндин суроосуна Бакалбай минтип жооп берет:

« — Акыры келип арылары анык. Ал үчүн көп жыл бар…»

Бирок, көп жылга создуктурбай эле арыла албайбызбы? Эмне арылуу колубуздан келбейби? Буга повесттин аягындагы Бакалбай чалдын тамсили да кандайдыр бир даражада жооп берет.

А. Стамовдун «Жортуул» китебинин дагы бир артыкчылыгы – тилинин байлыгы, образдуулугу. Жазуучу сөз өнөрүнүн ички сырын туя билип, эне тилибиздин музыкасын, мукамын шириндигин жүрөгү менен угуп, сезе билип, ага образдуу ойлор менен элестерди коргошундай уюта билген чеберчилиги ушул чыгармасында айрыкча көрүндү.

[1] Санарбек Карымшаков Сын дүйнө жана көркөм нарк Б., 2002 81-90 беттер.

 

One Reply to “Санарбек Карымшаков: Стамов «жортуулга» чыкканда[1]…”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.