Китеп – жан дүйнөнүн азыгы

Дареги: Бишкек шаары, Б. Юнусалиев көчөсү 166/3, Тел.: (0709), (0559), (0776) 501509, www.bookhouse.kg “Book House” тармактык китеп дүкөнүнүн АЧЫЛЫШЫ “Book House” тармактык китеп дүкөндөрүнүн экинчиси Бишкек шаарынын 7-кичи районунда ачылды. 24-май күнү саат 12:00дө дүкөндүн расмий ачылыш аземи болмокчу. Китеп дүкөндө кыргыз тилинде жарыяланган көркөм-адабий китептерден баштап, илимий-публицистикалык жыйнактар, орус, англис тилдериндеги дүйнөлүк бестселлер китептерге чейин ар кандай тематикадагы китептерди табууга болот. Дүкөн заманбап стилде жасалгаланып, жагымдуу маанай тартуулайт. Окурмандар кофе ичип олтуруп, китептерди барактап таанышуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Китеп […]

Амброз Бирс: Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя (№49)

АҢГЕМЕ 1 Алабаманын[1] түндүк бөлүгүндө жайгашкан темир жолдун көпүрөсүндө бир киши алты-жети арыш ылдыйда шар аккан сууну карап турду. Колдору аркага, билегинен байланган эле. Моюнуна куушурула аркан салынган. Аркандын бир учу тиги кишинин баш жагындагы туурасынан турган устунга бекитилип, калганы бутуна чейин салаңдап турду. Шпалдарга бир канча тактай коюлуп, анын өзүнө да, желдеттерине да – тынч убакта шерифтин[2] жардамчысы кызматын аркалагандай түрү бар – сержанттын кол астындагы федералдык армиянын[3] эки аскерине секи катары коюлган. Арыраак жакта, ошол эле убактылуу коюлган […]

Юрий Никулиндин көңүл көтөргөн ой жорууларынан

Мени “Ал ак көңүл адам эле”деп айтышса бактылуумун. Бул мен дайыма эле мен ак көңүл болгонумдан кабар бербейт. Бирок, ак көңүлдүүлүгүм – ар дайым биринчи кезекте болгон. Адамдарга күлкү тартуулаганда дайыма кубанам. Кимде ким тунук күлкү менен күлсө, ал тегерегиндегилерге жарык нур чачып, алардын көңүлүн тазартат. Мындай күлкүдөн кийин дем алып жаткан аба да башкача таза: жашоонун оош-кыйыштары унутулат. Маанайың жакшы болсо, көп жакшы иштерди бүтүрөсүң. Жашоонун сабактарын күтпөй, өзүңөрчө окуганды үйрөнгүлө. Кубангандан секирип жатканда, бут алыңдагы жерден айрылып калгандан […]

Өмер Сейфеттин: Сүйүү толкуну (конкурска №48)

АҢГЕМЕ Кеменин ичи кишилерге толуп, акыркы ышкырык жаңырды. Кеменин эки тарабындагы якорлор (токтотуучу жөлөөчтөр) көнүп калган кууш короосунан ойгонгон олбурлуу деңиз айгырларындай катуу үн салып ордунан козголду. Кеме жеңил гана термелди. Аба ырайы да жанга жагымдуу болуп турган эле. Кадыкөйгө бара жатканбыз. Аягы кадимки сирень гүлүнө түспөлдөш тумандарга чулганган Мармаранын чамгарактуу, ичке мунаралуу кең мейкиндигинде аппак булуттар ажырап бөлүнгөн көбүктөй акырындан жайылып, анын терең чуңкурларындагы, бийик дөңдөрүндөгү көгүш сыя көк өңдөрдү уламдан улам азайтып каптап бара жатты. Июнь айынын аптаптуу […]

Абдыкерим Муратов: Мен баратам Бомбейге…

АҢГЕМЕ Самолёт көпкөк асманда бир чекит болуп көпкөк деңиздин үстүнөн кургак жерге өтө берерде Имаштын баятадан бери түйүлүп, куушурулуп келген жүрөгү бир аз жеңилдегендей бошошо түштү. Негедир океан үстүндө аны бир ой чырмап, такыр жанын тынч койбой, эстебейин десе да, түрмөктөлүп, дилин жанчып кайра-кайра эсине келе берди. Жүрөгү ошондон го, айтор, ээсине баш бербей, өзүнчө туйлап туруп алды. Ал ой – кокус самолёт бир нерсе болсо, ушул чексизден чексиз, орду-түбү жок мухиттин ичинен анын сөөгүн ким издейт, анан ким табат […]